, 11.12.09 - 9-бет:
 12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Казак эл жазуучусу
Шерхан МУРТАЗАЕВ:
"Менин айылым Айтматовдун айылына маңдайлаш"
Казакстандын көрүнүктүү калемгерлеринин бири Шерхан Муртазаев экенин кыргыз окурмандарынын бардыгы биле бербес. Бул жазуучу менен Алматы шаарынын мамлекеттик телерадио корпорациясында 43 мүнөттүк маек куруп, ал дилдешүү кыргыз радиотелекорпорациясынын алтын корунда көздүн карегиндей сакталып турганына да чейрек кылымга жакындап калыптыр. Ооба, чейрек кылым дедик, аны дагы тактап айтсам, бул иш 1984-жылдын жаз айында болуптур. Ушинтип арадан ошончо жылдар чубап өткөнүнө байланыштуу бу маекте ошол доор, ошол учурдагы Шерхан Муртазаевдин ага чейин жана ошол жылдарда кандай чыгармаларды жазганы жөнүндө да учкай сөз болот. Ошол маектешүүбүздүн эң орчундуу бөлүгү элибиздин улуу калемгери Чыңгыз Айтматовдун "Ботокөз" баш болгон бир катар чыгармаларын казак тилине сүйлөткөнү жана ошол 1984-жылдары жазуучунун "Кылым карытар бир күн" романын "Бороондуу бекет" деген аталышта жаңыдан гана которуп бүтүп, өзүнчө китеп болуп, бирок, азырынча чыга электиги жөнүндө да сөзгө алынган.
Мен не себептен ушуну айтып жатам, бу да болсо ада-бият байланышы, үстүбүздөгү жылга чейин Чыңгыз Айтматов агабыздын чыгармалары дүйнөдө 164 тилге которулуп, башка тилдерге которулуусу жагынан андан 100 жыл мурда жарыкка келген орустун улуу калемгери Лев Николаевич Толстойдон да өтүп кеткенин бардык окурмандар биле беришпес. Ошонун бирин мындан чейрек кылым мурда боордош агабыз Шерхан жүзөгө ашырып жатпайбы. Бул да болсо адабият тарыхы, улуу калемгердин жазуучулук тарыхы деп билебиз.
Ал кезде 55-56 жаштагы калемгер агабыз жыл өткөн сайын тынымсыз бийик тоолордун үстүндө болуп, 80 жаштын сересине жетпей о дүйнө келгис сапарга кете берди. Эмесе урматтуу окурмандар, сиздерди алп жазуучунун дагы бир кыры, чыны өткөнү, келген жолу менен тааныштыруу максатында бул дилдешүүнү гезитке жарыялоону ылайык таптык.

О.ТЕНТИ: - Шерхан ага, сиз казак журтчулугуна белгилүү болуп калган жазуучулардын биринен экенсиз. Сиз өзүңүздүн чыгармачылык сапарыңызды журналисттиктен баштап, Казакстан ЛКСМ БКнын органы болгон "Ленинчил жаш" гезитинде бир топ жыл кызмат өтөпсүз. Чыгармачыл адам катары кыргыз жергесин да бир канча аралап көргөн чыгарсыз. Демек, эң жакын чыгармачыл жолдошторуңуз, калемдештериңиз дагы жок эмес чыгаар? Мына ошол кыргыз жеринде, кыргыз элинде болгон учурларыңызда сизге кандай нерселер көбүрөөк таасир этти? Адатта кыргыз жери менен элинен эмнелерди алып кайтасыз? Бүгүнкү маегибизди ушул суроодон баштасак.
Ш.МУРТАЗАЕВ: - Мен туулган үйдүн түштүк жак терезесинен айтылуу Манас атанын чокусу көрүнүп турар эле. Талас Ала-Тоосу дегенди сиз жакшы билет чыгарсыз. Кыргыз Ала-Тоосунан Талас Ала-Тоосу уланат. Ошол Талас Ала-Тоосунун эң бийик чокусу "Манас" деп аталат. Ошол мен туулган үйдүн терезесинен Манас атанын чокусу көрүнүп турган болсо, сиз мен кыргыз элин кандай биле турганымды элестете бересиз. Мен Жамбыл облусундагы Жоодан аймагы дей турган жерде төрөлүп өскөнмүн. Биздин айыл менен кыргыздын айылын бир гана өзөн бөлүп, аны Күркүрөө суусу деп аташат.
Мен кичине кезимден кыргыздар менен аралаш, мындайча айтканда, үйүбүз жамаатташ, корообуз короолош чоңойдум. Биз жакындашып, сырдашып, боордошуп өскөн калкпыз. Ошондуктан кыргыз элин аралоо, алар менен таанышуу мен үчүн үлкөн маселе эмес эле. Кыргыз эли менен мен өтө кичинемден таанышмын. Алар менен биз куда-сөөкпүз, ага-инибиз, кыз алып, кыз беришкенбиз. Менин апаларым, чоң эжелерим кыргызга турмушка чыгышса, жеңелерим кыргыздар болушат. Ошондуктан куда-сөөк дегендей алыш-беришибиз көп, бир тууган өскөн элбиз. Мен жогоруда айтып өткөн Күркүрөө суусунун бир жагында азыр дүйнөгө белгилүү Шекер айылы орун алган. Анын батыш жагында биздин Миң-Булак деген жерибиз бар. Дал ошол жерден 15 километрче жерде мен туулгам.
Кыргыз айылын Көк-Сай деп атаса, биздин айылды же болбосо биздин айылга келип такалган өрөөндү Ак-Сай деп аташат. Бул эки өзөн экөө катар жатат. Экөө тең Ала-Тоодон агылып, төмөнкү казак талаасына бой таштайт. Бул экөөнө көз жүгүртүп турсам Ала-Тоонун эки эмчеги сыяктуу, анын бири кыргыз, экинчиси казак. Мунун өзү өзүнчө символика. Биздин туугандыгыбызды, биздин тамырыбыздын эзелтеден бери бирге экендигин табигаттын өзү дагы өз келбети менен айтып турган сыяктуу.
Мындай байланыштар тууралуу санай берсе аз эмес. Сөзүбүз дагы бир топко узарып кетиши мүмкүн. Менин эң негизги бул жагдайда айтайын дегеним - Чыңгыз Айтматов. Ал жазуучу жөнүндө жаңылык ачайын деп жаткан ойдо эмесмин. Бирок, өзүмдүн ал киши менен чыгармачылык карым-катнашым тууралуу айрым пикирлеримди ортого салгым келет. Мен ал кишинин "Ботокөз" деген чакан повестин ка-зак тилине которгон элем. Андан
кийин ал жазуучунун "Гүлсарат" повестин котордум.
Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз жээктей жорткон ала дөбөт" повести. Мен акыркы жылдары которгонум, анын алгачкы романы, болгондо да Манастын ак кар, көк музундай бийик романы "Кылым карытар бир күн" деген чыгармасын которуудамын. Бул чыгарма бул күндөрү бүткүл дүйнө жүзүнө тарап кетти. Ал эң чоң жаңылыгы, эң чоң ааламдык маселени көтөргөн бийиктиги менен чоң сүймөнчүлүккө ээ болууда. Чыгармада сүрөттөлгөндөй, тек гана жети-сегиз үйдөн турган кичинекей бекетте жашашкан адамдардын турмушу, иш-аракети, ой-санаасы аркылуу азыркы мезгилдеги бүт жер шарындагы адамдардын ар биринин оюна түшө турган чоң маселени, ушул учурдун маселесин көтөрүп чыкты.
Мен ал чыгарманы казакча "Бороондуу бекет" деп атадым. Аманчылык болсо казак тилинде "Жылдыз" журналына жарык көрүп, андан соң өзүнчө китеп болуп басылып чыгат. Аны "Жалын" деген басмабыз ишке ашырат. Чыгармадагы кереметтер кайсылар? Ал бүтүндөй казак топурагынан алынган. Муну жакшы билет чыгарсыз. Андагы окуя Бороондуу деп аталган кичинекей гана бекетте жашашкан төрт-беш гана кишинин айланасында өтөт. Анын эң башкы
каарманы - Эдигей, Казангап жана ушу эки кишинин тегерегиндегилер. Кичинекей гана айылдагы адамдардын тагдыры аркылуу бүтүн дүйнөнүн бүгүнкү ой-санаасын камтыган ааламдык маселени көтөрүү деген бардык эле сүрөткерлердин колунан келе бербей турган нерсе, ал келсе да чоң жазуучунун колунан келе турган үлкөн дүйнө.
Тенти ОРОКЧИЕВ




Ч.Айтматов - ааламдык ойчул жана публицист
Шейшембиде И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган "Чыңгыз Айтматов - ааламдык ойчул жана публицист" деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Анын негизги өзөгү - дүйнөлүк жазуучунун туулган күнүн эскерүү менен көп кырдуу талантынын бири болгон журналисттик өнөрүндөгү чеберчилигин даңазалоо болду.
Университеттин биринчи проректору Ө.Козубаев, Казакстандын КРдагы Элчисинин кеңешчиси К.Кобландин, КРнын Билим берүү академиясынын вице-президенти С.Байгазиев, Ч.Айтматов атындагы адабият жана тил институтунун директору А.А.Акматалиев, физика-математика илимдеринин кандидаты Р.Айтматова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Матисаков, публицист А.Муратов, композитор Т.Казаков катышкан бул илимий-конференция жогорку деңгээлде өттү.
Ооба, Чыңгыз атабыз өлгөн жок. Ал ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт. Өзү жок болсо дагы сөзү калды көңүлүбүздө, дилибизде. Ошон үчүн бүгүнкү конференцияда да бирде кубаныч тартуулап, бирде көзүбүзгө жаш алдыра башыбызды аргасыз жерге ийилткен ары салмактуу, ары жандуу кептер козголду. Анткени, анда айтылган ар бир кебинен жаңыча ой-пикирлерди угуп, конференциянын катышуучулары чын жүрөктөрүнөн толкунданып отурушканын алардын тынчтык өкүм сүргөн ойлуу абалдарынан бай-коого болор эле.
"Айтматов дүйнөлүк журна-листиканын антологиясындагы номер биринчи адам. Анын адам, табият, рухий проблемаларды көтөргөн макалалары колдон колго өтүп, гезит колуна тийген адам абдан бактылуу болор эле. Биз агайыбыздын публицистикалык макалалары менен тарбияландык. Ошол макалаларын чогултуп китеп чыгарса жакшы болор эле", - деп А.Матисаков белгилегендей, Айтматовдун журналисттик жүк аркалап жүргөндөгү журналистика тармагына кошкон салымы тууралуу сөз конференциянын өзөгүн түздү. Карындашы Роза Төрөкуловна: "Эсимде, бир күнү бир байбиче келди ыйлап. Колхоздо кызы саанчы болуп иштеп жүрүп, кандайдыр бир шартта кыйынчылыкка кабылыптыр. Анын көз жаштуу арыз-муңун угуп отуруп түнү менен макала жазып, өзүнүн тааныш, жолдош болуп эле жүргөн жердештерине кайрылган. Ошентип биздин айылда абдан катуу чуу болгон. Ал макаланын таасиринен жолдош-тааныштарынын бардыгы жумуштарынан кол жууган. Бирок, ал чындыкты жазгандыгы үчүн эч кимиси таарынычтарын айтып келишкен эмес. Өткөндө Ата-Бейиттен ошол кезде парторг болуп иштеп жүргөн кишинин аялына жолугуп калып, "Правда" гезитине чыккан ошондогу макаласын эскердик", - деди Р.Айтматова.
Ал эми, анын чыгармаларын илимий изилдөөгө алуу маселеси дале алдыда экендигине басым жасап, А.Акматалиев Айтматовго кайрылган жаштардын санынын өсүп жаткандыгы демек, анын чыгармачылыгын изилдөө иштерине болгон кириш сөз гана экендигин баса белгиледи. "Ал адабиятка гана эмес, маданияттын бардык тармагына таасир берди. Ал турсун медицина тармагына дагы "Кассандранын көз жашы" өз таасирин бербей койбоду", - деди ал.
"Кайталангыс талантты кайталоо өтө кыйын", - деп профессор А.Матисаков белгилегендей, Чыңгыз Айтматовдун аты дүйнөлүк кайталангыс феномен болуу менен эч качан унутулбай, ар бир окурмандын жүрөгүндө кала бермекчи.
Азима АКУНОВА