, 11.12.09 - 7-бет:
  Аруулукка, улуулукка жол издөө

Жан дүйнө Жан дүйнө катаклизмикатаклизми
Коомдун цивилизациялык жол менен өнүгүшү деген түшүнүк социалдык көрүнүш катары XX кылымдын экинчи жарымынан баштап ургаалданган ыргак менен өнүгө баштады. Билим алуунун массалуулугу, илимий чөйрөнүн тармагынын кеңейиши, тарбия берүүнүн жаңы принциптеринин пайда болушу коомдо инсандын калыптанышынын көптөгөн категорияларын шарттады.

Бирок, ошол эле мезгилде коомдук чөйрөдө өнүгүштүн прогрессивдүү бөлүгүнө дайыма терс таасирин тийгизген психологиялык аракеттер да кошо жашап жаткандыгын эч ким тана албайт. Маселен көрө албастык, кайдыгерлик, уурулук, зомбулук көрсөтүү сыяктуу социалдык көрүнүштөр бүгүн бизди өзгөчө ойлонтууга алып келди. Ошол эле мезгилде бул суроого коомчулуктун өзү да дайыма жооп издеп келет. Эгерде биздин өзүбүздүн бүгүнкү жашап жаткан коомдун алкагынан алып караганда мындай психологиялык абалдардын али таркабай жаткандыгы кимди да болсо өкүндүрбөй койбойт. Коомдук психология бул жалпы идеялардан тургандыктан, биз менен кошо жашаган жогорудагы антипотторду биз адамдын жан дүйнөсүндөгү катаклизм деп атайбыз.
Адамдын жан дүйнөсүндөгү катаклизм эмнеден улам жаралат? Бул үчүн биз кимди күнөөлөйбүз? Коомчулуктубу, мектептиби, үй-бүлөөнүбү же башканыбы? Чындыгында бүгүнкү шарттан алып караганда Кыргызстанда бул суроого жооп берүү өтөт кыйындыкта турат. Антейин десең батыштагы көптөгөн өлкөлөрдө, айталы Германияда, Финландияда ал турмак Сауд-Арабияда уурулук, адамды бекер жеринен кордоо, басмырлоо, бийликке чиренүү сыяктуу сапаттар өтө эле аз. Ал эми Американын аймагында сабырдуулук нравалык мамилелер жогорку деңгээлде экендиги белгилүү.
Ал эми бизде велосипед эмес жарыбаган буюмуңду мерчемдүү жерге 15 минутага таштап кете албайсың, уурдалат жана жок болот. Бул эмнеликтен келип чыгып жатат? Менин оюмча коомдук психологияны жакшыртууда биз үч нерсеге таяныч жасашыбыз керек.
1. Үй-бүлө
2. Мектеп
3. Жогорку окуу жайлары
Бир жолу немец психологу , Климент минтип жазган экен "Балага тарбия берүүдө мектеп гана коомдук турмуштун деградациясын токтотууга жана адамдардын сезимдерин өз ара ишенимге чакырууга жана ойготууга жөндөмдүү каражат " - деп. Клименттики туура мына ошондуктан, биз үй-бүлөнү тарбия берүүнүн субъекти катары кабыл алышыбыз жана үй-бүлөнүн
жоопкерчилигин жогору көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан граждандык коомдун негизин түзгөн үй-бүлө саясаты, үй-бүлө институту сыяктуу маселелер боюнча мыйзам менен бекемделген кодекс иштеп чыгылып, ал ар бир үйдө ыйык каражат катары сакталганда гана ал реалдуу чындыкка айланат. Бул жерде эң башкысы ата-эне жоопкерчилиги деген түшүнүк жогорку деңгээлде болуш керек, анткени бала эмнени көрсө эмнени түшүнсө ал ошого багыт алып калыптанат.
Эгерде биз мектепти тарбия жана таалим берүүнүн субъектиси катары карасак, анда аң сезимдеги ар кандай деградацияга алып келүүчү коомдук көрүнүштөрдү болтурбай коюу үчүн мектептин жоопкерчилигин жогору көтөрүү зарыл деп эсептейм. Андыктан мектеп психологиялык жактан алганда адамды тарбиялоонун башкы булагы катары өзүнө чоң жоопкерчиликти алыш керек. Себеби, биз азыр мектептеги социалдык көрүнүштөргө өтө эле маани бербейбиз. Жакында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү окуучулардын арасындагы айрым бир терс көрүнүштөр жөнүндө атайын талкуу өткөрүштү. Ошентип, биз мектептин тарбиялык философиясын жана психологиясын принцип катары окутуу менен балдарда этикалык функция, моралдык психология жана тарбиянын философиясы башкы орунга коюлушу зарыл. Ошондо гана биз жан дүйнөнүн катаклизминен арылууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Жан дүйнө катаклизми дегенде интеллект деген түшүнүктү бир гана жогорку окуу жай берет (интеллигенция эмес). Ошондуктан интеллект адамдагы улуу жетишкендик, коомдун башкы байлыгы катары кабылдасак, анткени интеллект гана коомдук маданияттын жана коомдук этиканын жаңы үлгүлөрүн иштеп чыгарат.
Жыйынтыктап айтканда адамдын жан дүйнөсүндөгү катаклизмди жок кылууга бизде шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби личность - бул абстракттуу продукт эмес, ал реалдуу объект катары өзүнө таандык социалдык психологиялык жана нравалык сапаттарды алып жүргөн коомдук чөйрөнүн активдүү мүчөсү. Жанагы биз сөз кылып өткөн психологиялык деградациялар личность аркылуу пайда болгондуктан биз анын тарбиясына көңүл бурушубуз керек. Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздүн тагдырын жана келечегин ойлосок, анда биз жан дүйнөбүздү каптаган ар кандай катаклизмден тазаланышыбыз зарыл.
Аким АКЖОЛОВ,
Жалал-Абад
мамлекеттик университетинин
доценти, жазуучу