, 11.12.09 - 5-бет: Токтогул ГЭСи толук иштей баштады
Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө Нарын каскадынын башкы инженери Т.Толубаев билдирди. Анын айтуусунда биринчи агрегат 8-декабрда саат 14:30да, экинчиси саат 21:55те толугу менен оңдолуп, ишке кирген. Ал ошондой эле Токтогул ГЭСи мурдагыдай эле үзгүлтүксүз иштеп, кооптонууга эч кандай негиз жок экендигин кошумчалады.
Мурда маалымдалгандай, 8-декабрь күнү эртең менен Токтогул ГЭСиндеги эки агрегат иштен чыккан. Адистер тетиктердин иштөө мөөнөтү эбак эле бүтүп, эскилиги жеткендигинен улам ушундай абалга келгендигин айтышууда. Токтогул ГЭСи 1975-жылы курулуп, ага 19 млрд. метр куб суу батат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң, КМШ аймагындагы экинчи орундагы суу сактагыч. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 12 млрд. метр кубдан ашык суу бар.

Салык төлөөдө Токтогул району 1-орунда
Улуттук 1-долбоор болгон Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө камынууда чоң үлүш кошуп жаткан Токтогул району мамлекеттик казынага салык төлөөнүн 9 айлык жыйынтыгы боюнча республикада 1-орунду жеңип алды. Ал эми 11 айлык пландын жыйынтыгын салык төлөө боюнча Токтогул району 148 пайызга аткарган. Жакшылык иштерди улаган ий-
гиликтердин жаралышы жакшы жөрөлгө.
Райондо жашылдандыруу (көчөт олтургузуу) иштери да келечектүү пландардан. Бул максаттагы иш-чаралар дагы райадминистрация жетекчилиги тарабынан кызуу колдоого алынып, натыйжада Жалал-Абад облусу боюнча алдыңкы орунда болуп акчалай сыйлыгы менен Ардак грамотага ээ болушту.


Мал жана үй канаттуулары эсепке алынууда
1-декабрдан 30-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында мал жана үй канаттууларын эсепке алуу жүргүзүлөт. Тийиштүү токтомго шаар башчысы Н.Түлеев кол койгон. Буга ылайык бардык райондук администрация башчылары менен Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармалыктын жетекчилигине мал жана үй канаттууларынын санын эсепке алууну уюштуруу, ошондой эле аны сапаттуу жана өз убагында өткөрүүгө көмөктөшүү жоопкерчилиги артылды.


Таласта жолбун иттер атылды
Талас районунун Көк-Ой айылында жолбун иттер көбөйүп, балдарды тургай, чоң кишилерди тиштеп, ооруканага кайрылган учурлар болгон. Элдин арызы боюнча Көк-Ой айыл округунун башчысы А.Кадыркулов райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери жана ыктыярдуу мергенчилер кошууну менен биргеликте 2 күндүк рейд уюштурду.
Натыйжада 50 жолбун ит атылды. Аларды атуу да оңойго турган жок, жолбун иттерди токойлорду, ээн аңыздарды кыдырып атууга туура келди. Атылган иттер айылдын четиндеги таштанды талаасындагы атайын казылган чуңкурларга көмүлдү.

Баңгизат кылмыштары көбөйүүдө
Кыргызстанда он бир ай ичинде баңгизатка байланыштуу ачылган кылмыштардын саны 38ге көбөйгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, 37 контрабандалык жол менен ташуу, аны колдонуу боюнча 21 окуя жана милиционерлер аркылуу 294 баңгизатты кармоо фактылары ачылган. Мыйзамсыз айлантуудан 4 тонна 226 килограмм 576 грамм ар түрлүү баңгизаттар алынган. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында 5 тонна 404 килограмм 14 грамм наркотикалык зат конфискацияланган.

Болот Жанузаковду сабап кетишти
Шаршембиде кечинде экс-президент Аскар Акаевдин президенттик администрациясынын башчысы Болот Жанузаковду Бишкекте белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Б.Жанузаковдун жакындарынын билдирүүсү боюнча, ал ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу денесине тийген катуу соккудан эс-учун жоготуп койгон. 2005-жылдагы март революциясынын учурунда да Ак үйдөн качып кетпей калган Б.Жанузаковду жаалданган жаштар катуу токмоктоп, ооруканага жатып чыккан болчу.

Түнкү клубдарда өрт
коопсуздугу текшерилүүдө
Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын шаардык бөлүмү борбордогу эс алуу, сайрандоо борборлорунда, түнкү клубдарында өрт коопсуздугун текшерүүгө киришти. КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт кызматынын коом менен байланыш бөлүмүнүн маалыматтарына ылайык бүгүнкү күндө борбор шаарыбызда 150дөн ашык түнкү клубдар, сайрандоочу жайлар, кафе, ресторандар бар. Адистер 2007-2008-жылы пиротехникалык заттарды колдонгондон улам 27 өрт катталгандыгын, ал эми былтыр бир да кырсык болбогондугун белгилешти.

Дзюдо боюнча эл
аралык мелдеш
Кожомкул атындагы спорт ордосунда СССРдин спорт чебери Камиля Арсланованын элесине арналып, өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Турнирге килем ээлеринен тышкары Тажикстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан спортчулары мөөрөй талашты. Жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары жети салмак боюнча, Казакстандын дзюдочулары төрт салмак боюнча жеңүүчү аталышты. Бул мелдеш 2010-жылы өтө турган жаштар арасындагы олимпиада оюндарына даярдык максатында өткөрүлдү.


Кыргызстандык мушкерлер
мыкты боксчу аталды
Казакстандын Петропавловск шаарында Камил Сафиндин байгесине арналган 14-эл аралык мелдеш болуп өттү. Турнирде Кыргызстандын намысын коргогон Дени-Ислам Социалов күмүш медалдын ээси болсо, Адилет Бикеев алтын медалды жеңүү менен бирге турнирдин мыкты боксчусу аталды. Мелдешке Кыргызстандан тышкары Казакстан менен Орусиянын спортчулары катышкан.


Тай боксчулар
Бангкокту
багындырды
Таиланддын Бангкок шаарында өткөн тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын спортчусу Валентина Шевченко жеңүүчү аталып, бул наамга алтынчы ирет татыды. Ал финалдык таймашта белорус спортчусун оңой эле жеңип чыкты. Ушул эле чемпионатта өлкө намысын коргогон Рафаэл Физиев да финалдык таймашта белорус спортчусу менен мөөрөй талашып, упайлардын эсебинде жеңилгендиктен күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 48 кг. салмакта Шахриза Халилова коло медалдын ээси болду.


Мигранттар
коомдук транспорт айдабайт
2010-жылдын 1-январынан тартып Москва бийлиги жеке автоташуучуларга мигранттарды жумушка алууга тыюу салат. Москванын транспорт жана байланыш департаментинин башчысы В.Кичеджи "Мосгортранста" мигранттар үчүн квоталар кескин кыскартылып, ал эми коммерциялык ташуучуларга аларды ишке тартууга таптакыр тыюу салабыз", - деп билдирген.
Россиянын борборунда шаардык коомдук транспорттордун дээрлик 70 пайызынын айдоочулары мигранттар болуп саналат. Мындан мурун транспорт департаментинин начальниги мигранттар жолду начар биле тургандыгын, борбордун жол шарттарына жана социалдык-маданий чөйрөсүнө көнбөгөндүгүн билдирген.


Кытайда кысылыштан
сегиз окуучу өлдү
Кытайдын Хунань провинциясындагы Сянсян шаарындагы мектептердин биринде кысылышуудан 8 окуучу курман болуп, дагы 26сы жаракат алган. Бул окуя "Юкай" орто мектебинде болгон. Экинчи сменанын окуучулары сабактары аяктаган соң, тепкичтен шашыла түшүп баратканда алардын бири жыгылып кеткен. Анын артынан калган окуучулар да кулап, балдардын курман болушуна алып келген.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, курман болгондордун арасында - жети бала жана бир кыз бар. Алардын жашы 11ден 14кө чейин. Жабыркаган 26 баланын бешөөнүн абалы оор. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. "Юкай" мектебинде 3,5 миң бала билим алат. Мектеп Сянсян шаарынын алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарында.

Жаңы жылдык жасалгалар
мыйзамсыз сатылбайт
Бишкек шарынын мэри Н.Түлеевдин буйругу менен бардык райондук администрацияларга жана милиция органдарына балаты менен анын жасалгаларын, пиротехникаларды жана майрамдык буюмдарды көчөлөрдө мыйзамсыз сатууну ооздуктоо тапшырмасы берилди. Бишкек мэриясы билдиргендей, Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын шаардык бөлүмүнө да 2010-Жаңы жыл майрамын белгилөө күндөрү шаардыктарды жана шаар конокторун тейлөөчү соода жайларында өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү укуктук нормалардын сакталышына көңүл буруу тапшырылды.

Климаттын жылышы ден
соолукка зыянын тийгизүүдө
Климаттын өзгөрүшү планетанын калкынын саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө эле миллиондогон адамдар климаттын глобалдык жылышына байланыштуу оорулар менен табигый кырсыктардан каза болууда. Бул туурасында Копенгагенде башталган климат боюнча эл аралык конференцияга карата Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө айтылган.
Ысык аптапта шаарларда жүрөк-кан тамыр ооруларынын саны өскөн. Алсак, 2003-жылы Европада өтө ысык болуп, демейдегиден 70 миң адамга өлүмдөр көбөйгөн. 2005-жылы "Катрин" катуу шамалынан 1 миң 800 адам курман болгон. Температуранын жогорулашы, кургакчылыктын күч алышы жана суу каптоо дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө.