, 11.12.09 - 3-бет: Мамлекет башчысына маалымат беришти
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Каныбек Жороевдин, облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары-губернаторлордун, анын ичинде, Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбековдун, Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевдин, Нарын облусунун губернатору Тынчтыкбек Чекиевдин, Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакировдун, Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масировдун, Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаровдун, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевдин жана Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешме учурунда губернаторлор менен шаар мэрлери мамлекет башчысына аймактардагы абал, облустардын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, кышкы жылытуу сезонунун жүрүшү туурасында маалымат берип, алдыдагы келечек пландарынын тегерегинде сөз кылышты. Ошондой эле кеңешме учурунда айрым күндөлүк иштерге байланышкан маселелер да талкууланды.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ(фото)


Бошотуу, дайындоолор
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 10-декабрдагы буйругу менен Ходжаев Дастанбек Бусурманович Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 9-декабрдагы буйругу менен Абжапаров Тенизбек Жусупбекович Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 9-декабрдагы буйругу менен Дуванаев Мамыраим Абдувапович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды.
Премьер-министр Данияр Үсөновдун буйругу менен Жунусов Болот Төлөгөнович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.




Ишинде кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 10-декабрдагы жарлыгы менен ишинде кетирген кемчиликтери үчүн Жумабеков Маратбек Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернаторунун кызматынан бошотулду.

Сүттү ташып чыгууга тыюу салынбайт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Данияр Үсөновдун төрагалыгында өткөн Өкмөттүн жыйынында сүттү облустун чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын буйругу жокко чыгарылды.
Жыйындын жүрүшүндө сүттү облустун чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Ысык-Көл обладминистрациясынын буйругуна байланыштуу сүт азыктарын кайра иштетүүчү жана башка облустардын аймагында жайгашкан ишканалар продукция коюучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелерин орундата албай калышкан. Ошондуктан жыйындын жыйынтыгы боюнча жогорудагы буйрук жокко чыгарылды.
Мындан тышкары жыйында "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле бир катар Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору каралды.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




Баткен облустук сотунун төрагасы жана Кара-Суу райондук сотунун төрагасы мөөнөттөрүнөн мурда бошотулушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 10-декабрдагы жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 84-беренесинин 1, 4-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяла-рынын кынтыксыз эмес жүрүм-туруму жөнүндө чечимдери эске алынып, Баткен облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Жусуба-лиев Табылды Кудайбердиевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Суранбаев Турдубек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушту.
Т.Жусубалиев боюнча түшүндүрмө
Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Кудайбергенович Жусубалиевге карата Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин 2009-жылдын 15-октябрындагы чечиминин негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу тартиптик жаза колдонулган. Мындай чечимди кабыл алууга Баткен облустук сотунун төрагасы Т. Жусубалиевдин Х.О.Бердиевдин иши боюнча сот курамын жана иш боюнча төраганы аныктоодогу туура эмес чечими негиз болгон. Иш боюнча төрагалыкка жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын төрагасы, ал эми мүчөлөрү болуп жарандык иштер боюнча адистешкен жарандык коллегиянын соттору дайындалган. Сот коллегиясынын компетентсиздигинен улам Баткен облустук соту андан кийинки баскычтагы сот бул иш боюнча объективдүү чечим кабыл алууга жол бербеген чечим кабыл алып койгон.
Буга чейин 2009-жылдын 26-июнунда Соттор кеңешинин чечими менен Т.Жусубалиевге эскертүү берилген. Табылды Кудайбергенович Жусубалиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин корутундусу менен колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине Т.Жусубалиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш киргизилген.
Т.Суранбаев боюнча түшүндүрмө
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Турдубек Суранбаевге карата Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин 2009-жылдын 15-октябрындагы чечиминин негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу тартиптик жаза колдонулган.
Мындай чечим кабыл алууга Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Т.Суранбаевдин соттук аткаруу өндүрүшүндөгү кылмыш иштери узак мөөнөт бою каралбагандыгы негиз болгон. Иштерди кароонун процессуалдык мөөнөттөрү бузулуп, негизсиз, ойдон чыгарылган негиздер боюнча иштерди кароо мөөнөттөрү созула берген.
Тактап айтканда, Б.Казаков жана Н.Иззатиллаевге карата козголгон кылмыш иштерин кароо мөөнөтү 7 айга чейин созулган.
Турдубек Суранбаевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешинин корутундусу менен колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине Т.Суранбаевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш киргизилген.