, 11.12.09 - 22-бет: Кыргыз Республикасынын премьер-
министри
Үсөнов Данияр Токтогуловичке,
Бишкек шаарынын мэри
Түлеев Нариман Ташболотовичке
Кайрылуу
Урматтуу Данияр Токтогулович!
Сиз Бишкек шаарын жетектеп турган мезгилде көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун аракетинде борбор калаабыздын аймагында "Бактылуу лотерея" акциясын баштагансыз. Кийинчерээк Сиз шаар башчылыгынан кеткениңизден кийин прокуратура мыйзамга туура келбеген жерлери бар экен деп бул ишти токтотушкан. Ага чейин утуп алган бактылуу билет ээлери өздөрүнө тиешелүү нерселерин колуна алышкан. Экономист катары мен бул идеяны экономика тармагындагы Нобель сыйлыгына татыктуу демилге деп эсептейт элем. Анткени, каражаттын басымдуу бөлүгү көмүскө экономиканын "көлөкөсүндө" жашы-
руун айланган биздин өлкө үчүн кадыресе көрүнүш болуп калган мындай терс көрүнүштү ачыкка чыгарып, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйткөнгө бир топ салымын кошмок. Демек, киреше көбөйсө албетте, бюджетке көп каражат түшүп, пенсия, айлык акы, жөлөк пулдарды жогорулатып, карапайым калк менен мамлекеттин финансылык абалын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Сиз ишке киргизген бул идея айрым түшүнбөстөрдүн бут тосуусунан токтотулуп, ошол кезге чейин ойнотулган лотереялардын гана утуштары берилген. Ал эми мен 2008-жылдын биринчи жарымында ушул "Бактылуу лотереядан" жер тилкесин утуп алгам. Мэрия алдындагы муниципалдык "Бактылуу лотерея" дирекциясынын эшигин каккылап жүрүп, алар улам жылдырышып отуруп, 2009-жылдын алгачкы күндөрүндө колума жер тилкесине болгон чечимди тапшырышкан. Бул иш чараны өлкөнүн негизги телеканалдары баштан аяк чагылдырышкан эле. Бирок, мага берилген жер тилкеси эптеп менден кутулайын дешкенби, же адашышканбы, мурда башка бирөөгө чыккан чечимди эске албай, мага дагы ошол жер лотереянын утугу катары берилсин деп чечим чыгарышкан. Ал жерге башка бирөө эбак эле үй салып, жашап жаткандыгын билдирип кайра мэрияга кайрылсам, "Ызы-чуу кылбай күтө тур, биз сага андан да жакшы жерден беребиз, ал болбосо балким квартира да берип калабыз", - деп токтотуп коюшкан. Туптуура бир жарым жылдан бери өз утушумду ала албай келем. Бул лотереяны жеке ишкерлер эмес, ушу менен шугулданган "шарлатандар" эмес, мамлекеттин бир бөлүгү болгон, өлкөнүн жүзү деп саналган борбор шаардын мэриясы өткөргөн соң, олуттуу мамиле жасап, жогорку деңгээлде өткөрүү керек эле. А биздин учурда бүт баары тескерисинче болууда:
Биринчиден: Мыйзам боюнча жер тилкеси утушка коюлбашы керек эле. Эгер мага туш келген лотерея Индиядан келип билим алып жаткан студентке туш келип калса, башка өлкөнүн атуулуна жер тилкеси берилмек эмес. Бул учурдагы мыйзамга туура келбеген карама-каршылыкты лотереяны уюштургандар эске алышпаган.
Экинчиден: Кандай гана лотерея ойнотулбасын, байгеге коюлган утуктар алдын ала алынып, алар лотерея алуучуларга көрсөтүлүүсү бул маркетингдин талабы. Элдер ошол утуктарды өз көздөрү менен көргөндө гана лотерея алууга аракеттерин күчөтүшөт. Бул учурду уюштуруучулар унутушуп, менин утушумду 1,5 жылдан бери бере албай келишүүдө. Ошондуктан, мэрия убактылуу алдоо үчүн эки чечим чыгарып, экинчи чыгарылган жалган, жок жерди бере албай, улам эртең деп убаракерчиликти тарттырууда. Жалпы коомчулук көңүл буруп отурган бул ишке мэрия кызматкерлери жакшы көңүл коюп, майда-чүйдөсүнө чейин изилдешип, өз иштерин тиешелүү деңгээлде аткарышы керек эле. Ушундай башаламандык болбосун деп ал адистерди мамлекет жумушка алат. Бул жумушу үчүн аларга бюджеттен айлык төлөнөт. Ошол мезгилде мага жазып берген чечимде көрсөтүлгөн жер тилкесинин баасы 15 миң АКШ доллары болсо, бүгүнкү күндө ал жер 2 эсеге арзандап кеткен. Ал учурда ал акчага бардык шарттары бар көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү үй келет эле. Мэриянын өз жумушуна жоопкерчилиги жок мамиле кылганынын айынан акчанын курсунан утулуп, убакытты өткөрүп, утукту ала албай, мэрияга алданган адам катары элге таанылып келем.
Үчүнчүдөн: Кабыл алууга жазып коюп, бир нече айлап "колу бошобогон" мэриянын калк менен кантип байланышып жатканын текшерген адам жок. Мэрдин кабыл алуусуна кире албай айлап күткөн адамдардын көптүгүн кезекке жазылууда көрдүк. Март айында берген жазуу түрүндө кайрылган катыма ошончо убакыт өтсө да жооп берише элек. Мыйзам боюнча бир айдан ашырбай, карапайым пенсионерби, мектеп окуучусубу, депутатпы, журналистпи, жообун бериш керек. Болбосо бул да жооп бере турган мыйзамдуу иш. Ал эми кабыл алууга жазып коюп, күттүргөнүнө 2 ай болду.
611166 деген мэриянын телефонун чала берип "тешип" ийдим окшойт. Шаар башчысынын жардамчысы Гүлшан деген кыз мени үнүмдөн таанып калган. "Саламатсызбы?!" дегенде эле, "биз мэрге айтып жатабыз, колу бошобой жатат" деген
жоопту угасың. Эшигин каккылап жүрүп, бир күнү мэрдин кабыл алуусуна кирдик. Маселени түшүнгөн соң, вице-мэр Филатовду чакырып, "Лохотронуңарды чечпейсиңерби, жер бере албасаңар, акчалай бергиле!" - деп катуу урушту. Көрсө, бул маселе азыркы мэрге тиешелүү эмес иш экен. Мурдагы мэрдин тушунда иштеген Филатов гана бул маселени чечет тура. "Канча убакта чечесиң?" деген Нариман Ташболотовичтин суроосуна Филатов: "Эки жумада точно чечебиз", - деп жооп берген. Нариман мырза: "Мына көрдүңүздөр, эки жумада чечем деп эркекче сөзүн берди, 2 жумада чечпе-
се мага кайра кайрылгыла",
- деген бойдон, эки жумадан жыйырмасы өтсө да кабыл албай келет.
"Агым" гезитинин журна-
листтери бул маселени унутушпай мага суроо узатышып, андан соң, мэрияга чалышса, шаар башчысы адатынча бош эместигин айтып, мэриянын коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Ирина Козлинская бул суроого жооп берип, эки жуманын ичинде бул ишти сөзсүз чечип берээрин айткан ("Агым" гезити, №45, Жума, 13-ноябрь, 2009-жыл). Абройлуу "Агым" гезитинин көптү көргөн журналисттери кыргыздын чоңдору эптеп эле ары жылдыра берээрин билгендиктен "Эки жума эртең эле болот" деген рубриканын астында бул макаланы чагылдырышкан.
Урматтуу Данияр Токтогулович!
Сиздин көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууну көздөгөн идеяңыз экономикадагы мыкты ачылыш десе болот. Өкмөттү жетектеп турасыз, бул иш-чараны бүткүл өлкөнүн аймагында өткөрүп, майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп туруп, ишке ашырсаңыздар көп жетишкендиктер болот эле деп ойлойм. Бирок, меникиндей болуп, карапайым калк "лохотрон да" деп шек санабай тургандай кылып, баарын өз учурунда өткөрүп, реклама жагына көп көңүл бурсаңыздар эл өзү эле көмүскөнү ачыкка чыгарышмак. Анткени, лотереяны уюштурууда менин окуямдай алдабай, уткан белектерди теле аркылуу кайра-кайра көрсөтүп, кардарларды товар алууда, кызмат көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрүн колдонушканда лотерея билетин талап кылуусуна стимулдашса, сөзсүз эффект берет.
Урматтуу Данияр Токтогулович!
Урматтуу Нариман Ташболотович!
Менин маселемди бийликке шек келтирбей, мамлекеттик түзүлүштү уят кылбай тез аранын ичинде чечип бербесеңиздер болбой калды. Себеби, карапайым калк "Бактылуу лоте-
реяны" өткөрүүдө, мэриянын кыйратпаганын менин мисалымда көргөн соң, көңүлдөрү сууп барат. Андан сырткары эл аралык телеканалдар бул маселе жөнүндө репортаж кылалы деп кайрылышууда. Мыйзамдуу ишти оң жагына чечип бересиздер го деген ишеничтемин.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, Бишкек шаарынын
карапайым тургуну,
журналист, экономист