, 11.12.09 - 10-бет:
  Адабият

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагын алып, даркан ойчул-жазуучунун мурда өзүм орусча окуган повесть-романдарын, макала-маектерин кыргыз тилинде окуганга шаштым. Ичимден бул сооптуу жана жооптуу ишти мойнуна алган Эл аралык "Руханият" ассоциациясы менен Ч.Айтматов атындагы эл аралык фондуга ырахмат дедим. Бирок да жыйнактан мен байкаган кем-чиликтер жөнүндө окурмандар, ошондой эле жыйнактын түзүүчүлөрү менен ой бөлүшөйүн деп чечтим.

Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
(Классиктин сегиз томдук жыйнагына
байланыштуу пикир)

Фрунзе, Ленинград өз доорунун шаарлары
Жетинчи томдун 72-бетинде ( "Бийиктик", Бишкек-2008) Фрунзе, азыркы Бишкек экени барактын этегинде жылдызча менен эскертилип кеткен. Анткен менен китептин кийинки беттеринде Чыңгыз Айтматовдун сөзү оңдолуп берилет. Жыйнактын түшүндүрмөсүнө караганда, азыр мисалга келтирчү оңдоолорду котормочу К.Өмүралиев киргизген сыяктуу. Улуу жазуучунун маектери али толук кыргыз тилине которула элек болгондуктан, болочокто да мындай "өзүм билемдиктер" болбоосу үчүн алардын айрымдарына токтоло кетейин.
"Партиянын Бишкек (анда Фрунзе эле) шаардык комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев чакырып алып, "үйүрмөнүн тобуна кошулуп Санкт-Петербургга (анда Ленинград болчу) жүр,аскер-суучулдарына сый-сыпатыбызды көрсөтүп кайталык", деген соң, кошо аттанып кеттим."(399-бет). Андан ары барактап, 400-беттеги үч сүйлөмгө кайрылалы: "Санкт-Петербургдун (Ленинграддын) ак түндөрүндө чөмүлүп, Нева бойлоп кыдырган, армансыз сырдашкан ошол кездер ай!"
"Акырында ишим бар эле, поезд менен кетем деп шылтоолоп, Санкт-Петербургда калып, Москвага эки-үч күндөн соң аттандым." "Кайра-кайра коштошуп, бири-бирибизди кыя албай, акыры кол кармашкан бойдон Бүбүсараны электричка менен Санкт-Петербургга узатып келдим". Кийинки 401-беттеги дагы бир түзөтүүнү окуп көрөлү: "Бүбүсара Санкт-Петербургда окуп, билим алган, театр, кино менен адабиятка келгенде өзгөчө бир сезимтал, керемет өнөрдүн ээси эле". "Акырында абалы бир топ оор болуп калган соң, Бүбүсараны Бишкектин ооруканасына которду"(404-бет).
Анан дагы 7-томдун 404-бетиндеги "Акыры 1973-жылы бугу (май) айынын 11де Бүбүсара түбөлүк көз жумду" деген сүйлөмдү окуп, эмне Ч.Айтматов сүйлөгөндө жана жазганда айлардын кыргызча аталышын айтчу беле деп ойлойсуң... Башка бир жерде да Ч.Айтматов "тогуздун айында"(49-бет) деп сүйлөйт.
Санкт-Петербург деген сөзгө улам-улам "жабышып" жаткан себебим, биринчиден, Ч.Айтматовдун жүрөгүнөн өчпөгөн кымбат махабаты - Бүбүйсара Бейшеналиева жөнүндө сүйлөгөндө Ленинградды Санкт-Петербург деп айтпасы турган иш. Анан ким да болсо Фрунзе же Ленинград шаары тууралуу укканда, же окуганда азыркы постсоветтик жылдарды эмес, тарых бүктөмүндө калган советтик доорду эстейт. Ошол мезгилди көз алдынан тизмектеп өткөрөт. Айтматов өзү да "Бир жолу Бүбүсара экөөбүз самолётко түшпөй, Москвадан Фрунзеге "Москва-Алматы" багытындагы тез жүрүүчү поезд менен кайттык"(402-бет) деп жазат. Ошон үчүн Ч.Айтматов "Аскада калган аңчынын ыйы" деп аталган адабий-публицтикалык диалогдун түпкү орусча нускасында (Айтматов.Ч., Шаханов М. Плач охотника над пропастью (Исповедь на исходе века): Перевод с каз./Алматы:Руан, 1996) эч качан Бүбүсара Бейшеналиева, Мухтар Шаханов жана башка замандаштарына байланыштуу окуяларга кайрылганда шаарларды окуя болгон кездеги аты менен атайт.
"Эсиңдеби, бир жолу экөөбүз сенин машинаң менен Ташкенттен Бишкекке келе жаттык" (403-бет) деп кайрылат Ч.Айтматов М.Шахановго. Эмне үчүн Ч.Айтматов бул жерде Фрунзе эмес, Бишкек деп сүйлөөдө? Себеби, 25 жыл мурда 1970-жылдын тияк-быягында "...так ушул жерден өткөндө, Бүбүсаранын өзгөчө бир кубанычка бөлөнүп, казактын эчен түрдүү кубулган улуу табиятынын ажайып бир көрүнүшүнө чексиз ыраазы болгонун" эстеп, Ч.Айтматовдун көңүлү толкуду. Мындай фактылар тарыхты, авторлордун сөзүн бурмалоодон башка да ошол өткөн доордун атмосферасын билбөө, элдин сүйлөө өзгөчөлүгүн бузуп-оңдоо го.
"Аскада калган аңчынын ыйы":
"желимделген жана кертилген сүйлөмдөр"
Плач охотника над пропастью"(Исповедь на исходе века) китебин "Аскада калган аңчынын ыйы" менен салыштырып окуп отуруп, китептин орусча түп нускасында бар, а кыргызча басылмасынан сөөктөн ажыратылган эттей шылынган сүйлөмдөрдү жана "желимделип жаңы кошулган" (орусчасында жок) бүтүндөй абзацтарды көп таптым. Эки калемгердин диалогунун "Кумурадан чыккан куу баш, же түркий тарыхына көз караш" деп аталган бөлүмү мындай балталоого айрыкча көп кабылган. Ошол алымча-кошумчалардын оркойгондорун ирети менен бул макалага кыстара кеткенди жөн таптым.
Шаханов "түрки тектеш" элдерди санап жатканда түп нускада жок "алтайлыктар жана шорс, гагауз жана ителги" (309-бет) пайда болот. Туурасы шорс эмес "шор". Бул Түштүк Сибирдеги 20 миң чамалуу этнос. Ал эми "ителги" деген элди ким билет?
Андан аркы "жаңы жамалган" тексттер: "Орто кылымдарда Шайбаниддердин урум-тукуму ордо көтөргөн аймак өзбек журтунун эмес, ошол сыяктуу курама, маңгыт, жүз, лолы (туурасы лөлү го!) уруулары менен бухара еврейлеринин да өсүп-өркүндөгөн борборуна айланды" (313-бет).
(Уландысы бар)
А.УСМАНОВ