, 04.12.09 - 6-бет: Өкмөт иш ыкмасын өзгөртөт
Мамлекеттин бюджеттик системасы бир катар принципиалдуу түрдө өзгөрүүлөргө дуушар болот. Экономикалык сектордун артыкчылыгын жогорулатуу үчүн бир топ иш-чаралар көрүлүп, өркүндөө жагына багыт алууга тийиш. Маселен, жаңы жылдан баштап кыймылсыз мүлккө жаңы салык киргизилери күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги күчөтүлүүгө тийиш.

Алып айтсак, жер-жерлердеги айыл өкмөт башчылары менен райондордун акимдери өздөрү башкарган аймакта канча ишкана иштеп, нече дүкөн, күркө, контейнер соода кылып жатканын жакшы билиш керек. Алардын товар жүгүртүүсүнүн көлөмүнүн такталышы менен жергиликтүү бюджеттин ачыктыгы жана өсүшү камсыз болот. Муну менен жергиликтүү борбордук бюджеттердин ортосундагы байланыштар калыпка салынып, олуттуу жылыштардын орун алышына өбөлгө түзүлөт.
Бул тууралуу мамлекеттик резиденцияда өткөн өнөктөш өлкөлөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык кадрларын даярдоо, кайра даярдоо боюнча үчүнчү эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзүндө КРнын Премьер-министри Данияр Үсөнов билдирди. Үч күн өткөрүлө турган бул форумду КРнын президенттик институту, КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясы жана Германия Федеративдик Республикасынын Ханнс Зайдел фондусу уюштурушкан. Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов ар бир айыл өкмөтүнүн башчысы, ар бир аким салык чогултуучу базаны жакшы билиши керектиги тууралуу мамлекет башчысынын тапшырмасын жыйындын катышуучуларына дагы бир ирет эскерте кетти. Жергиликтүү элдин ичинен кимиси салык төлөөдөн мыйзамдын чегинде бошотулганын, кимиси салык төлөөгө милдеттүү экенин билбеген жетекчи уяткарылып эле жөн болбой, ага катуу чара көрүлө тургандыгы да эскертилди. Салыктын бир нече түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин өсүшүнө шарт түзүлүп берилери күтүлүүдө. Д.Үсөнов эки деңгээлдүү бюджеттин артыкчылыгына жеке көз карашын билдирди.
Облус менен айыл өкмөтүнүн ортоңку бөлүгүндө турган райондук бюджеттин иштеши аймактын ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү органдын милдетин аткарат. Мындай учурда киреше менен чыгашанын көлөмүн эсептөө, көзөмөлдөө иши бир топ жеңилдемекчи.
Форумдун жүрүшүндө бюджет маселесине кеңири токтолуунун да жөнү бар эле. Себеби жакынкы күндөрдө Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилүүчү 2009-жылдын бюджетине эле өзгөртүүлөрдү киргизип жөн болбостон, келерки 2010-жылдын бюджетин да жаңы өзгөртүүлөр менен кабыл алынышы кажет экени маалымдалды.
Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик башкаруу реформасы Өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүшүнө гана эмес, анын иштөө, чечимдерди кабыл алуу функцияларына да принципиалдуу бир топ жаңыланууларды алып келүүдө. Айталы, буга чейин Өкмөттүн борбордук аппараты кайсы бир аймакка курулушту баштоо чечимин кабыл алып, тиешелүү министрликке тапшырма берип келсе, эми министрликтер өздөрү чечим кабыл алууга укук алышат. Себеби өз тармагына тиешелүү муктаждыкты ар бир мамлекеттик орган өзү жакшы билет. Буга чейин Өкмөттүн борбордук аппараты тарабынан калпыс кабыл алынган чечимдерге кээ бир министрлер нааразы болуп келгендери да бекеринен эмес экендигин Д.Үсөнов өз сөзүндө белгилей кетти.

Тактап айтканда, министр кайсыл бир маселе боюнча нормативдик
актыларды Премьер-министрге жөнөтөт, Өкмөт башчысы аны талдап, карап көрүп, кайра долбоорду министрдин даярдоосуна жөнөтөт. Бул мурдагыдай бир ай бою кагаз толтуруу бюрократиясы менен алпурушуунун ордуна үч гана күндүк убактыны ала турган натыйжалуу иш болмокчу.

Премьер-министр маселени тактап, кайра иликтеп чыгуу зарылчылыгын көрүп турса, анда өз аппаратынын тармактык тиешелүү эксперттерине тапшырма бере турган болот.
Мындай болгон учурда эсксперттер ишти иликтеп чыгышып, кайра Өкмөт башчысына сунуш кылышат. Ошондон кийин гана эксперттердин сунушун эске алып, чечим кабыл алуу боюнча министрликке тапшырма берет. Ушунун баарына карабай министрдин сунушун Өкмөт башчысы да, анын эксперттери да туура көрбөй туруп алса, анда атайын жумушчу топ түзүлүп, маселени иликтөөгө алат. Эгерде ал дагы өз натыйжасын бербесе гана аталган иш пландоодон чыгарылып ташталат.
Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу реформасы мурда кездешпеген улам жаңы өзгөрүүлөр менен коштолууда. Учурда Өкмөттүн жыйыны аптанын ар шейшемби жана президиумунун чогулушу жума күндөрү чакырылып жатат. Анда үч маселе болобу же отуз маселе коюлабы, баары бир жыйында карала тургандай болуп уюштурулат. Бул карала турган иштин ыкчам чечилүүсүнө өбөлгө түзүлөт деген кеп. Ал эми президиумдун курамына Премьер-министрдин өзү жана анын үч орун басары, Финансы, Юстиция жана Экономикалык тескөө министрлери киришет. Ал эми министрлер кабинетинин толук курамы өтө олуттуу стратегиялык маселелерде гана чогултулуп, ага кызыкдар тараптардын баары чакыртылат. Толук курамда чогултулган жыйын буга чейин дээрлик бардык Өкмөт мүчөлөрүнүн, губернаторлордун, тиешелүү тармактардын жетекчилеринин катышуусунда электр энергиясына жана жылуулук тарифинин саясатына караштуу чечим чыгарууда практикаланган. Эмки толук курамдагы жыйын бюджет маселеси каралган учурда чакыртылары белгилүү болду.

Мамлекет тарифтердин көтөрүлүшү менен бирге эле социалдык колдоолорго каражат табуунун жолдорун терең иликтеп туруп чечим кабыл алып жатканы баарыга маалым болсо керек. Бүгүнкү күндө өлкөдө 281 миң адам жөлөкпул алат. Андан тышкары 550 миң пенсионер бар. Буга кошумча болуп, 350 миң чиновник да мамлекеттин бюджетинен айлык акы алат. Аларга студенттер менен мектеп окуучуларын кошкондо ишке жарамдуу калктын эсебин чыгаруу кыйын эмес. Өлкөдөгү ушундай жагдайга байланыштуу салык төлөөчүлөрдүн катарын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Социалдык колдоолорду берүүнү тартипке салып, аны даректүү ишке ашырууну жергиликтүү жетекчилер колго алуучу учур келип жетти. Данияр Үсөнов буга бир нече турмуштук мисалдарды келтирип өттү. Социалдык колдоо системасы союз мезгилинен бери кайра жаңыртыла, өзгөртүлө элек экендиги тууралуу жыйында сөз болду.
"Биз социалдык жактан муктаж болгондорго колдоолорду көрсөтүп келгенбиз жана аны ырааттуу уланта беребиз. Бирок, ишке жөндөмдүү калктын иштешине, жумушчу орундарын ачууга шарт түзүүбүз кажет",- деди Д.Үсөнов.
Электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүн союз учурунан бери жаңыртылбай калган техникалык каражаттардан көрүп жатышат. Бирок, акыркы жыйырма жылдан бери газ он эки, мазут алты, көмүр үч эсе кымбаттаганын эмне үчүн эске албайбыз. Андай болсо тарифтер буга чейин эмне үчүн акырындык менен этаптуу көтөрүлүп келген жок деген суроо келип чыгат. Анын жообу баарыбызга белгилүү. Март ынкылабынан кийинки алгачкы эки жарым жылда биз экономиканы саясат менен алмаштырып туруп алдык. Бишкектин борбордук аянтынан митинг, пикеттер тыйылган жок. Эми гана мамлекет сарамжалдуу, чарбачыл, ишкер, жаратмандык иш менен алектенүүгө өттү.
Кыргызстандын калкынын 2,5 млрд. доллар карызы да сарамжалсыз долбоорлордун кесепетинен келип чыккандыгы тууралуу кеңири сөз болду. Буга чейин чет мамлекеттерден агылып келген ВИЧ/СПИДке, жугуштуу оорулардан коргонуу каражаттарына коротулган иштерден натыйжа аз болду. Саламаттыкты сактоо тармагына берилген акчалардан оорулар азайып кеткен жок. Мындан ары иштин натыйжасы тыкыр көзөмөлдөнөөрү дайын болду.
Учурда кышка даярдык жаман эмес. Республиканын эли көмүр менен 96 пайызга камсыз болгон. Ошого карабай мамлекеттин тариф саясатындагы өзгөрүүлөрдү жер-жерлерде туура, так түшүндүрүү иштери улантылууга тийиш. Себеби, ал экономикалык зарылчылыктан келип чыкканы бештен белгилүү. 1-январдан баштап электр энергиясына болгон тариф 1,5 сомго, ал эми 1-июлдан баштап 1 сом 90 тыйынга көтөрүлөт. Буга байланыштуу июнь айында жаңы социалдык колдоолордун көлөмү тууралуу Президенттин жаңы жарлыгы тууралуу маалыматтар берилет. Данияр Үсөновдун кабарлаганына караганда 2010-жылы со-
циалдык колдоолор боюнча иш-чаралардын январь, март, июнь, октябрь айларында өткөрүлөөрү күтүлүүдө.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"