, 04.12.09 - 17-бет: АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги
сынактын негизинде айдоочулук жумушка чакырат (2 бош орун)
Милдеттери:
- автомобилди коопсуз жана тыкан айдоо.
Талаптар:
- орто билими (аттестаттын көчүрмөсү);
- айдоочулук иш тажрыйбасы - 1 жылдан кем эмес;
- англис тилин сүйлөшүү деңгээлинде жана орус тилин мыкты билүүсү;
- Айдоочунун күбөлүгү В, С, Д категориясында (күбөлүктүн көчүрмөсү);
- автомобилди майда-чүйдө оңдогонго керектүү бардык зарыл жабдууларды жана аспаптарды пайдалана билүүсү.
Жумушка жалдоонун шарттары талапкердин кесипкөйлүгүнө жараша аныкталат. Бош орун, талапкерге коюлуучу шарттар жөнүндө, ошондой эле арыздын үлгү барагын элчиликтен алса болот. Дареги: Тынчтык проспекти, 171.
Бош орун тууралуу маалыматты http://bishkek.usembassy/gov сайтынан карасаңыздар да болот.
Толтурулган арыздарды 2009-жылдын 18-декабрында саат 17.00гө чейин элчиликке тапшыруу керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен арыздар каралбайт.
П-1133

Подразделение службы судебных исполнителей Жетиогузского района объявляет вторичные публичные торги с уценкой 10% от первоначальной стоимости на 4-х ком.жил. дом. распол. по адр. Ыссыккульская обл. с.Жети-Огуз, ул.Байсеркеева №35 принад. должнику Байсеркееву Бектургану.
Стартовая цена 266 580 сомов, покупная цена вносится в течение пяти дней после торгов.
Торги состоятся по указанному адресу 11.00 часов 30 декабря 2009 года.
Спр. по адр. Жетиогузский р-н, с. Кызылсуу, ул.Базарная, тел. 03946 21-2-36, 0777 22-89-96.
С-1114




"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы
Бишкек шаарынын калкына 2010-жылдын 1-январынан баштап ысык суу жана
жылуулук менен камсыз кылуунун жаңы тарифтери жөнүндө маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы №699 "2010-2012-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын жылуулук кубатына орто мөөнөттөгү тариф саясаты" Токтому бекитилген. Орто мөөнөттөгү тариф саясатына ылайык жылуулук энергиясынын тарифтерин этап боюнча жогорулатуу каралган.
2010-жылдын 1-январынан баштап жылуулук энергиясына салыкты эсептөө менен бирге жылуулукту керектөөгө жана ысык сууну пайдаланууга 1 Гкал үчүн 1050 сом тарифке киргизүү пландаштырылууда:
- керектөө нормасы боюнча 1 адамга айына - 325,55 сом,
- эсептегич аспабы боюнча 1 кубметрге - 67,82 сом.
Төмөндө Бишкек шаарынын ЖЭБинен борборлоштурулуп алынган жылуулук менен камсыздалган бир, эки жана үч бөлмөлүү квартиралардын болжолдуу эсебинин баасы келтирилди.
Эскертүү: Таблицада жылуулук берүү мезгилинде турак үйлөрдү жылытууга кеткен жылуулук энергиясынын көлөмү алынган: 1 бөлмөлүү квартирага 3,6 Гкал ; 2 бөлмөлүү квартирага 4,93 Гкал; 3 бөлмөлүү квартирага 6,31 Гкал. Жылуулук берүү мезгилинде турак үйлөрдү жылытууга кеткен жылуулук энергиясынын саны турак үйдүн курулуш көлөмүн, жылуулук берүү мезгилиндеги сырткы абанын орточо нормативдүү температурасын, имараттын курулуш материалын эсептөө аркылуу үй ичиндеги температураны +180С сактап турууда КРнын 23.02.00. "Курулуш климатологиясы" СНжЭге ылайык Бишкек шаары үчүн сырттагы абанын орточо нормативдүү температурасы +0,20С боюнча аныкталат. Квартираны жылытуу үчүн жылуулук энергиясынын эсептик саны ар бир үй үчүн бөлөк эсептелет, жана сырттагы абанын норма боюнча (ноябрь +3,80С; декабрь -1,10С; январь -3,80С; февраль - 2,60С; март +4,50С) орто айлык температурасын эсепке алуу менен жылуулук берүү мезгилинин ар бир айына бөлүштүрүлөт.
Сиз квартираңыздын жылуулук энергиясынын жылытууга кеткен эсептик санын жылуулук энергия жана ысык суу менен камсыз кылуу Келишиминде көрө аласыз.
Бишкек шаарынын Мэриясынын 2000-жылдын 19-майындагы "Турак үйлөрдөгү жылуулук үчүн төлөмдөрдү алуу жөнүндө" №387-Р Буйрутмасына ылайык жылуулукка көрсөтүлгөн эсепти калк 12 ай ичинде төлөй алат: жылуулук берүү мезгилинде эсептелген сумманын 50%ын, жылуулук берүү мезгилинин ортосунда акыркы эсеп менен кийинки жылуулук берүү мезгилине чейин, башкача айтканда 1-ноябрга чейин.
Баса белгилеп кетчү нерсе, квартираны жылытууда керектелген отундун башка түрлөрүнүн баасы борборлоштурулган жылуулук менен камсыз кылуудагы жаңы тарифтин баасынан жогору: таш көмүр 10%га, газ 111%га, электр менен (электр энергиясынын жаңы тарифи менен) 66,11%га.
Бишкек шаарынын калкы үчүн ысык суу менен камсыздоонун наркы тууралуу:
Бир айдын ичинде ысык суунун баасы 1 адамга норма боюнча керектөөдө суткасына 160 литр аныкталган. Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн норма боюнча ысык суунун чыгымы Бишкек шаарынын Мэриясынын 1996-жылдын 2-июлундагы "Бишкек шаарынын ЖЭБинен ысык суу менен камсыз кылуу чыгымдарын нормага келтирүү жана керектелген жылуулук энергиясынын эсеби боюнча керектөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" №319 Токтому боюнча 1 адамга суткасына 160 литр көлөмү бекитилген. Ушуга ылайык бир адамга айына ысык суунун чыгымы - 4,8 куб метрди түзөт. Сууну эсептеген аспап боюнча ысык суунун баасы, чыгымдалган ысык суу м3 менен эсептелип, аспаптын көрсөтүүсү боюнча аныкталат.
Төмөндө ысык суу менен камсыз кылуунун баасынын эсеби келтирилди.
Кошумча маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын Абоненттик бөлүмдөрүнүн төмөнкү телефондорунан алсаңыздар болот:
Борбордук райондун Абоненттик бөлүмү -
36-56-91, 36-56-06, 36-59-40, 36-59-39
Батыш районунун Абоненттик бөлүмү -
61-07-63, 61-07-54, 61-08-95, 61-08-14,61-06-19
Түштүк районунун Абоненттик бөлүмү -
38-65-13, 38-62-93, 38-66-32, 38-61-12,38-61-21, 38-63-53
"Бишкекжылуулуктармагы" ААК социалдык колдоого муктаж болгон калкка Турак жай субсидиясынын борборуна кайрылууга сунуш кылат, телефондору: 62-64-18, 62-64-04, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык жактан камсыздандыруу агенттигине, тел.: 62-45-21, 62-45-47.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКсы