, 04.12.09 - 13-бет:
  Улуттун улуу өнөрү

Бүркүтчү Султанкожо Сүтөнов - Түп районунун Бирлик айылынын тургуну, 80дин кырында. Жаштайынан мүнүшкөрлүк өнөрдү карманып келет. Эсеби боюнча бул жыйырма экинчи бүркүтчү. Ар бир бүркүттү эки жылдай таптап, анан кайрадан эркиндикке коё берет. Бүркүттүн өзгөчө касиеттерин, мүнөздөрүн айтып отурса, өзүнчө узак аңгеме.

Алгыр куштардын да аттары бар аттары

Мүнүшкөрлүк байыркы өнөр
Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында
туулган жетимиш төрт жаштагы
Алтынбай Онкенов саяпкер, мүнүшкөр жана санжыраны жакшы билген инсан. Бул өнөр ага атадан өткөн. Анткени, анын атасы Кебекчи уулу Онкен бүтүндөй Алайкуунун белгилүү саяпкери, мүнүшкөрү жана зергери болгон. Кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон көк бөрү, оодарыш, жорго салыш, бүркүт, куш салуу сыяктуу оюндарга толук кандуу көңүл бөлүнбөй, алар үчүн ойдогудай шарттын жоктугу жүрөгүн өйүп жүргөн Алтынбай аксакалдын байыркы оюндарды өнүктүрүүгө кызыккан эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлүк фирмаларга кайрылган долбоору тиешелүү жерлерге сунушталганы турат.
- Мүнүшкөрлүк - ата-бабаларыбыздан калган байыркы өнөр. Өкүнүчтүү нерсе, кийинки учурда көп аймактарда улутубуздун сыймыгы болгон куш, бүркүт салуу унутулуп баратат. Жаштар тургай, улуу муундардын арасында да бүркүт менен куштун айырмасын билбегендер бар. Чала мүнүшкөрлөр кээде китептерде, газета-журналдарда бүркүт, куш эмне алаарын чаташтырып жазышып, кыраандар жөнүндө туура эмес малымат берип жүрүшөт.

Бирок, уучубуз кур эмес, эл болгондон кийин арасынан чыгат экен мүнүшкөрлүккө кызыккандар. Кара-Кулжа районунда көк бөрү, оодарыш, жорго салыш, бүркүт, куш салуу сыяктуу улуттук оюндардын учугун улаган адамдар бар. Жакында көзү өтүп кеткен Табылды Казакбаев облустук, республикалык мелдештерге катышып, алдыңкы жана байгелүү орундарды ээлеп жүргөн. Бизде Беки аксакал куш кармайт. Жогорку жактагы Казакбай, Эркинбай жана Бектемир аттуу бүркүтчү, кушчулардын балдары ата өнөрлөрүн улантып келет. Ылайталаалык Абаз уулу Эстебес болсо куш да, бүркүт да салып жүрөт.

Каракулжалык мүнүшкөрлөр алгыр куштарды кара жана ак куштар деп экиге бөлүшөт. Кара куштар дегендин мааниси - куштардын бул тукумунун түсү, жүнү кара болот. Экинчиден, мүнүшкөрлөр аны кармоого тарпи кылган (кызыккан) эмес. Кара куштарга: буудайык, бүркүт, ителги, ылаачын (анын чоңдугу ителгиден кем эмес, ал ителгиден да учкул. Атактуу кыраан куу кумпай ылаачындан чыгат), жагалмай, күйкө жана турумтай кирет. Кара куштарга томого тартылат. Алардын ичинен айрыкча ителги менен ылаачындын томогосу жок болсо алса-албаса, жетсе-жетпесе деле көзүнө көрүнгөнгө жулуна берчү адаттары бар. Экөөнүн өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Жагалмайдын (ылаачындан кичине, турумтайдан чоңураак ) өңү да ылаачындай үч түрдүү: кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Жагалмай, турумтайлардын колунан чымчыктан башка эч нерсе келбейт. Мүнүшкөрлөрдүн байкоосунда карабайыр ителгилер жапыс аскаларга уя салып, жумурткалайт. Алар күнүнө эки жолу (эртең менен 7-10, кечки саат 17-18дин аралыгында) ууга чыгат.
Бүркүттөр
Сөздү бүркүттөрдөн баштасак. Алар чын куранда (мартта) үйүгүшөт. Бугунун (апрелдин) аягына жакын жумурткалайт. Кулжада (майда) жарат. Текеде (июнда) канат-куйругу чыгат. Элибиз бүркүттүн түрүн 60тан ашырышкан. Анын ичинен кыраандары 20га жакын. Кандай болбосун жогдорлуу бүркүт кыраан болот. Жогдордун учу ичке, андан аркысы учу жазы кырааны ушул. Уядан алынган бүркүттөн шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт. Жалтанбаган, коркпогон баатыр бүркүт, көбүнчө уя баладан (кол бала) чыгат. Кара түлкүнү бала бүркүт алат. Тор бүркүтү кыйпактап чыга берет.

Бүркүттөрдү өңү-түсүнө, алгырлыгына карата аны Баатыр чегир, Бай чегир, Куу чегир дешип үч түргө бөлүшөт. Баатыр чегирдин жүндөрү тыкыс келип, сыртынан караганда жылтырак, жылмакай көрүнөт. Канат куйруктары күнгө айнек сыяктуу чагылышып турат. Туурда да тынч олтурбай талпынып турат.

Томогосун тартканда көзүнө эмне көрүнсө алы жеткен, жетпегендигине карабай жулуна берет.
Байчегирдин жүнү узун, үрпөк баш келет. Тигиге окшоп, жулунбастан жоош болот. Туурда да, колдо да тынч олтурат. Илгеркилер анын ырыскылуу бүркүт деп эсептешкен. Ал салынса да, салынбаса да ээсине ырыскы алып келет деп эсептешкен.
Куу чегир да кыраан бүркүттөрдүн бири. Ал туурда отурганда тынч турбай кагынып, силкинип турат. Ошондуктан мүнүшкөрлөр "Куу чегирдин тууру, буттары, боочосу, кондурган ээсинин мээлейи майланышпай, куурап туурат" деп коюшат. Аны эң тажрыйбалуу деген мүнүшкөрлөр гана салат. Куу чегир ала турганын ала албай калган учурда кайра келип, ээсине да кол салган учурлар болгон экен. Илгерки убактарда куу чегир кармаган мүнүшкөрлөрдү айылдан кууп жиберишкен. Анын тилеги жаман болот деп мындай мүнүшкөрдүн үйүнө киши кирчү эмес.

Бүркүттү таптоо өзгөчөлүгү тууралуу да айта кетпесек болбойт. Түлөк бүркүттү 40-50 күндө салууга болот. Бүркүттү эт менен он күндө семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып, өпкө берет, коң (кыл) берет. Таптоо мезгилинде ар бир 3-күнү эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, катуу кылбай жумшартып берет. Кечкисин уйкусун бузуп турса бат арыктайт. Муну "ак жем" дейт.

Жылкы, кой, коен, кекилик - бул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Эчкинин эти анын көңүлүн карартат. Бүркүт ооруп калса, тажрыйбалуу мүнүшкөрлөр жылкынын жаш этин берет. Алар бүркүттү ысык жерге койбостон салкында асырашкан. Айрым учурда ашказанын кыл (коң) менен тазалап, андан кийин ичке түтүк аркылуу туздуу суу менен ичегесин тазалайт. Андагы жагымсыз заттар жоон ичеги аркылуу сыртка чыгып кетет. Ошондо бүркүттүн табити ачылып калат. Балтыр эти балкылдаганда 15 күндө салууга болот. Чырга менен үндөккө келтирет. Ар бир уудан кийин илбээсиндин мээсинен, андан кийин ысык канынан чокутат. Ал илбээсин аңды 8-9 чакырым жерден көрөт.
Шумкар
Элдик оозеки чыгармаларда жана эпосторубузда шумкарга өзгөчө орун берилет. "Манас" эпосунда Семетейдин Ак шумкары Атбашынын Арпасынан алынган деп айтылат. Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, 1206-жылы Енисей кыргыздарынын падышасы Урус-Инал бек Чынгызханга, анын баласы Жоочуга кыргыз ноендору Еди инал, Алдиер жана Алибек- дигин ак шумкар, ак боз ат, ак булгун ичик тартуулаган экен.
Шумкар ителги уругунан чыгат. Кыраандыгы бүркүттөн, балким кээ чакта туйгундан да ашып түшөт. Шумкар 6 урукка бөлүнөт. 1). Байнактуу шумкар, 2). Күйкө шумкар 3). Канды бүркөөр. 4). Кара шумкар 5). Ак шумкар 6). Ителги шумкар.
Ак шумкардын түсү - ак, кара шумкардын түсү кара тооктой эле болот. Аларды уядан алып тапташкан. Күйкө шумкар (мунусу эң
кыйыны, өтө учкул, көзү курч болот. Ал уясын эң бийик жайга салгандыктан, колго чанда түшөт. Булардын башы сыргак, кобулу мурунан саналат. Сөөк сыргак дегени кобулду сыртынан салат. Аны мүнүшкөрлөрдүн эң кыйынмын дегени гана таптап, салышкан.

Шумкар, ителги, ылаачындын кыраандары эч качан азга ыраазы болбойт. Жүзү болсо, жүзүн өлтүрө тебет. Ал эми туйгун, куш, чүйлү салганда бирди гана алып, олтуруп алат. Ак куштар тобуна кирген алгыр канаттуулар тамакка ынсаптуу, заңдаганда таза болот. Эч жерине жугузбайт. Ителги(шумкар), бүркүт ылаачын, турумтай сук жана ачкараак келип, булганч кара борчо болот. Таза шумкарлар анчалык болбостон, туйгун катарында болот.

Ак куштарга: карчыга (чоң куш), жонжору, чүйлү, кыргый, туйгун, тунжур, тынар кирет. Алар бүркүт, шумкар, ителги, ылаачын сыяктуу илбээсинди буту менен теппей, тырмагы менен илип кетет. Алар даракка уя салып, 2-4төн жумурткалайт. Ак куштарга томого салынбайт. Ак куштардын тутумундагы куш, чүйлүгө томого тартпагандын себеби, алар тигилерге окшоп жулунбай колдо тынч олтурат. Ала турганына көзү жетсе талпынат. Алы жетпегенин көргөзсөң, карап да койбойт. Куш, чүйлү, кыргый учкул, шамдагай болушат. Шилтегениңди алса алды, алалбай калса, оңтойлуу жерге барып, олтуруп калат. Үндөсөң кайра колуңа келип конот. Ак куш тукумундагыларды түшүм жыйналган мезгилден февралга чейин салышат. Кара куштарды кар бар мезгилде (ноябрдан февралга чейин) салышат.
Туйгун
Эл оозунда "Туйгун-куштун төрөсү" деген илгертен калган лакап бар. Бул сын анын келбети, кооздугу үчүн айтылып калган. Туйгун сейрек, чанда гана кезигет. Анын да чоңу, кичинеси болот. Ал көзүнө көрүнгөндү эле ала бербейт. Туйгунду тааныш оңой, анткени анын түсү, канат-куйругу пахтадай аппак болот. Эч жеринде так болбойт. Түлөгөн сайын тооктой агарып олтурат.

Туйгундун бир түрү - тунжур. Эл арасында "тунжур салсаң, тунасың" деген сөз бар эмеспи. Анын түсү тиги туйгундукундай текши аппак болбойт. Сырткы жүндөрү, канат-куйруктары бозала келет да, көкүрөк жүндөрү туйгундукундай ак болот. Бул жерде айтып өтчү нерсе, туйгундай өтө ак эмес. Туйгун түлөгөн сайын агарып кете берсе, тунжур жөнөкөй куштардай көкала тартып кетет.

Кара кашка тынар да куштун мыкты түрүнүн бири. Ал тууралуу элибизде "тынар салсаң тынасың" деген сөз айтылып келет. Тынар маңдайынан караганда даана таанылат. Анткени, анын эки көзүнүн алдынан тумшуктун башталыш түбүнө чейин ичке сызык сыяктуу карасы (кызыл кашка тынардыкы-кызыл) болот. Бул кара сызык түлөгөн сайын нугун жоготпой, капкара болуп кашкаят.
Мурда биздин аймакта алгыр куштарды так ажыраткандар көп болоор эле, алар асманда учуп бараткан канаттуунун эмне экендигин жерде туруп таанышчу. Кадимки Айти чечендин ортончу уулу Төлөнбай менен жакын жолдош болуп, өмүр бою бүркүт салып, тайган агыткан алайкуулук Такырбаш мүнүшкөрдүн асманда учуп бараткан бүркүттүн кандай экендигин аныктап бергендиги жөнүндө уламыш сөз ушул мезгилге чейин айтылып келет.
Жазып алган
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"