, 04.12.09 - 12-бет:
  Балдар үчүн сынак

"Эгерде мен Аяз-ата болсом..."

Жаңы жылга карата уюштурулган "Эгерде мен Аяз-ата болсом... " аттуу акция 2-декабрдан баштап бүткүл Кыргызстанда өтө турган болду.
Айтмакчы, балдардын "Аяз атага каты" былтыр "Айданек", "Заман Кыргызстан" гезиттери аркылуу уюштурулуп, ортодо Кыргызпочтамт "көпүрө" болуп, Аяз атанын куржунуна 60 миңдей кат түшкөн.
Бул сапар "Аяз атага кат" иш өнөкөтүн Кыргызпочтамт өзү жалгыз мойнуна алып, балдарга эстетикалык ырахат, жаңы жылдык белек тартуулоону туура көрүштү.
Почтамт ЖМК өкүлдөрүнө бул тууралуу маалыматты 2-декабрда почтага жумуштап кирген ата-энелерге, балдарга арналып өткөрүлгөн чакан шоу-кечеде билдиришти.
- Быйыл белектер үчүн 120 миң сом бөлдүк, - деди Кыргызпочтамттын башкы директорунун орун басары Айнагүл Салиева. - Бирок, албетте, бул каражат биз менен байланышкан жалпы балдарды куттуктаганга аздык кылат. Андыктан өзүбүздөн башка да демөөрчүлөрдү караштырып жатабыз.
- Келген каттардын эсебинен (мисалы, конверт сатып алуудан, почта акысын төлөөдөн) канча каражат түшөт деп божомолдоп жатасыздар?
- Чынын айтыш керек, андан бизге каражат түшпөйт деле. Тескерисинче, өзүбүздөн чыгым жумшайбыз.
Ал эми почта байланыш тармагынын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекованын айтымында, эң мыкты деп табылган каттын ээсине (биринчи орунду алган балага) компьютер, экинчи орунду алган экөөнө телевизор, үчүнчү орунду алган балага велосипед, булардан сырткары мыкты кат ээлерине уюлдук телефондор каралган.
- Албетте, булардан башка 280 кат ээсине атайын сыйлыктарыбыз бар жана биз менен байланышкан ар бир балага 100 сомдон сыйлык карадык, - дейт М.Жээнбекова.
Ошондой эле балдардын каттары басма сөз беттеринде жарык көрүп, окурмандарга сунуш кылынаары айтылды. Дагы бир жаңылык - Кыргызпочтамт жаңы жылда ата-энелер үчүн да кызмат кылат. Башкача айтканда, балдары үчүн алар күн мурун макулдашып, өздөрү белгилеген мүнөт-саатта Аяз атаны белектер менен күтүп алышса болот.
Кабарчылар мына ушундай маалыматтарды алып жаткан учурда, маалымат берүү мүнөзүндөгү чакан шоу башталып, Аяз кыз чогулган элдин алдына чыгып, жаңы жыл тосууга саналуу гана убакыттар калганын айтып, ага алдын ала кам көрүү үчүн Аяз атаны бүгүн эле чакырып, "сырдашып" алууну сунуш кылды. Бирок, кыргыз Аяз кыз орус тилинде сүйлөгөндүктөн жана чогулгандардын бардыгы кыргыздар болгондуктан, кара тору кетирекей кыздар-балдар анын айткандарын түшүнүшкөн деле жок. Чоңдордун жардамы менен "Аяз аталап" кыйкырып атышып, уюштуруучулар кызыл чапан кийген, кызыл баштык көтөргөн, ак сакалы жайкалган Аяз атаны чакырып алышты. Бирок, баягыдан да
кыйыны, балдар күткөн Аяз ата кыргыз эмес болуп чыкты.
Чогулган балдардын ичинен бир гана кыз орусча түшүнөт экен, калгандары оймоктой ооздорун чөрмөйтүшүп, Аяз атаны аңкая карап, бир да суроолоруна жооп бербей, бечара Аяз атаны бир топ эле кара терге салып жиберишти.
Өз милдетинен кутулуп, "Эгерде мен Аяз ата болсом" долбоорунун жол-жобосун айтып бүткөн Аяз ата баары менен коштошуп бери чыккандан кийин, "маңыроо балдарга" нааразы болгондой башын чайкаган болду.
- Мен бир нерсеге таң калам, - деди аңгыча ошонун баарын байкап, кабарчылардын жанында турган түрк жигит. - Эмнеге өз өлкөңөрдө өз тилиңерде сүйлөбөйсүңөр? Бир заматта бечара балдардын заманасын тарытып жибердиңер. Уюштуруучулар да кыргыз экенине карабай: "Кыргызча жакшы сүйлөй албайм", - деп кыргыз тилдүү кабарчылардан оолактап жатышат. Алар анда кыргызча жазылган каттарды кантип окушат? Же акцияга орус тилде жазган гана балдар катышабы?
Ушундай эле суроо ошол жерде турган айрым ата-энелерди да кызыктыргандыктан, сынактын уюштуруучуларына кайрылдык.
- Албетте, андай эмес, сынакка орус тилинде болобу, кыргыз тилинде болобу, каалагандардын баардыгы катыша алышат, - деди А. Салиева. - Алыскы райондордо да бүгүндөн тарта акция башталды. Бул сынакка Кыргызстанда жашаган бардык балдар катышууга акылуу.
Эмесе, "катыбыз окулбай калат" деп эч чочулабай эле, алыскы айыл жерлеринде жашаган балдар да сынакка катыша берсе болот.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"