, 01.12.09 - 8-бет: КМШ өлкөлөрү биригүү аракетинде
(Башталышы 1-бетте)
"Doing business" дүйнөлүк рейтингиндеги республикабыздын ийгиликтери бул багыттагы прогресстин көрсөтмөлүү жыйынтыгы болуп калды",- деп белгиледи К.Бакиев.
Президент мындан тышкары Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын Улуттук стратегиясы кабыл алынгандыгына, анын алкагында "Электрондук өкмөттү" ишке киргизүү, жогорку технологияларды пайдаланууга көмөктөшүүдө мамлекеттик башкаруу органдарынын ролун арттыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.
Бардык кызыкдар тараптардын, мамлекеттик жана жеке сектордун, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыл сайын өткөрүлчү конференция түрүндөгү жеке сектор менен өнөктөштүктүн формасы ишке киргизилди.
Маалыматтан жана билимден пайдаланууну камсыз кылуу үчүн элет жерлеринде жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы калк жашаган жерлерде маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жана кызматтарга калктын жетүүсүн камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү 500дөн ашуун борборлор түзүлдү.
"Ар бир айылда - интернет" программасы иштелип чыкты, анын шарапаты менен бардык жергиликтүү аткаруу органдары мамлекеттик органдардын маалымат ресурстарынан жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнөн кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Шаар менен айыл жерлеринин маалыматтык ажырымын кыскартууга жана 2015-жылга карата өлкөнүн цифралык берүүгө өтүшүн камсыз кылууга багытталган сынамык долбоор ишке ашырылууда. Негизги максаты маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын рыногунда Кыргызстандын позициясын чыңдоо, өзүбүздүн илимий-практикалык базабызды түзүү жана кадрлардын потенциалын өнүктүрүү болуп саналган Жогорку технологиялардын паркын түзүү боюнча инновациялык долбоор иштелип чыгууда. "Азыркы дүйнөлүк каржылык-экономикалык кризис келечектүү өнүгүү үчүн жаңы чөйрөлөрдүн багытын аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Менимче, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар дал ушундай багыт болуп эсептелет. Биз бардыгыбыз адамдардын кызыкчылыгына жана мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык коомду курууга умтулуудабыз",- деди К.Бакиев.
Президент маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди күчөтүү үчүн инновациялык иштеп чыгуулар жана тажрыйба алмашуу тармагында КМШ өлкөлөрүнүн илимий-практикалык мекемелеринин ортосунда байланышты күчөтүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи.
"Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Шериктештик өлкөлөрүнүн аракетин консолидациялоо өзгөчө мааниге ээ. Бул - мезгилдин талабы",- деп сөзүн жыйынтыктады К.Бакиев.

Бишкекте беларусь автобустарын
чыгарууга болот
26-ноябрда Минск шаарында (Беларусия) өткөн "КМШ өлкөлөрүн бириктирели" саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.
Кыргызстандын мамлекет башчысы кыргыз-беларусь соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы товар алмашуунун көлөмү ушул жылдын акыркы 9 айында 30 пайызга көбөйгөндүгүн белгиледи.
Президент ошондой эле "Автомаш-радиатор" ЖЧКсынын базасында "МТЗ" тракторлорун чыгарууга адистешкен биргелешкен ишкананын ийгиликтүү иштеп жаткандыгын айтты. Республиканын аталган тракторлорго болгон муктаждыгын канааттандырып, кийинчерээк аларды Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине, Ооганстанга экспортко чыгаруу пландаштырылууда. "Бул биздин келечеги кең кызматташтыгыбыздын айкын көрсөткүчү. Сөз болуп жаткан заводдун тажрыйбасын эске алуу менен Бишкекте беларусь автобустарын чыгаруучу заводдун ишин уюштурсак болчудай", - деп сунуш кылды К.Бакиев.
Жолугушуу учурунда Президент Александр Лукашенко бирдиктүү бажы мейкиндиги туурасындагы маселеге кайрылып, Кыргызстан бул демилгени колдоп, Бажы союзуна мүчө болуп кире тургандыгына үмүт артарын билдирди.
Президент Курманбек Бакиев Кыргызстан ДСУга (ВТО) мүчө экендигин жана буга байланыштуу башка мамлекеттер менен соода-экономикалык алака түзүүдө белгилүү бир милдеттенмелерди аткарууга тийиш экендигин айтты. "Анткен менен, - деди мамлекет башчысы, -Кыргызстан деңизге түз чыга турган жолу жок мамлекеттердин катарына киргендиктен, ЕврАзЭШтин алкагында бардык багытта кызматташтыкты арттырууга кызыкдар".
Казакстан менен
алака артат
26-ноябрда Минск шаарында өтүп жаткан "КМШ өлкөлөрүн бириктирели" саммитинин алкагында казак тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты андан ары активдештирүү маселелери талкууланды.

Кызматташуу маселелери талкууланды
27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев ЕврАзЭШтин мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Мамлекеттер аралык кеңештин чакан курамындагы отурумуна катышты.
Отурум саммиттин катышуучуларынын чогуу сүрөткө түшүү аземинен соң башталды. Отурум учурунда Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди активдештирүү маселелери талкууга алынды.
Мындан соң мамлекет башчысы ЕврАзЭШтин Мамлекеттер аралык кеңешинин кеңейтилген курамындагы отурумуна катышты.

Кыргызстандын
ДСУга мүчө болгону Бажы союзуна кирүүгө тоскоол эмес
"Кыргызстан мындан ары да ЕврАзЭШтин алкагында натыйжалуу кызматташуу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга даяр. Мамлекеттерибиздин иш-аракеттери канчалык координацияланган болсо, кризистик көрүнүштөрдүн кесепеттерин, ошондой эле мүмкүн болгон коркунучтарды ошончолук натыйжалуу жоюуга мүмкүнчүлүк болоруна ишенем", - деди Курманбек Бакиев 27-ноябрда ЕврАзЭШтин мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн басмасөз жыйынында.
Өзүнүн сөзүндө мамлекет башчысы отурум учурунда ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттерде дүйнөлүк каржы кризисинин кесепеттеринен арылуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашырууга, ошондой эле Бажы союзун жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө байланышкан маселелерге басым жасалгандыгын айтты. "Кыргызстан - ДСУга (ВТО) мүчө, анткен менен бул Бажы союзуна кирүүгө бөгөт болбойт. Азыркы тапта биздин эксперттер ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Көпчүлүк товарлар боюнча позицияларыбыз бирдей болгону менен айрым дал келбөөчүлүктөр да бар", - деп белгиледи К.Бакиев.
Президент ЕврАзЭШ түзүлгөндөн берки убакыт ичинде өзүнүн ишин жакшы көрсөтө алды деп эсептейт. Конструктивдүү кызматташтык, өз ара колдоо, Шериктештиктин алкагында сооданы стимулдаштыруу үчүн интеграциянын пайдасын жана артыкчылыктарын билгичтик менен пайдалануу - ЕврАзЭШке мүчө мамлекеттерге дүйнөлүк каржы кризисине байланышкан окуялар негативдүү нукта өнүгүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берди.

Россия
Кыргызстанды Бажы союзуна үндөөдө
27-ноябрда ЕврАзЭШтин Мамлекеттер аралык кеңешинин саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандын мамлекет башчысы Кыргызстан-Россия мамилелеринин бийик деңгээлин белгилеп, бул жолугушуу да эки тараптуу мамилелердин андан аркы өнүгүшүнө түрткү боло тургандыгына ишене тургандыгын айтты.
ЕврАзЭШ саммитинин жыйынтыктарына токтолуп, Президент К.Бакиев жаңы түзүлгөн Бажы союзунун курамына Шериктештикке мүчө мамлекеттердин бардыгы кирсе, ЕврАзЭШ мамлекеттеринин бардыгынын экономикасын өнүктүрүүгө көмөкчү боло турган бирдиктүү, экономикалык жактан туруктуу рынок жарала тургандыгын белгиледи.
Президент Дмитрий Медведев ЕврАзЭШке мүчө үч мамлекеттин аталган Бажы союзун түзүү туурасындагы документке кол коюшу чындыгында эле өтө маанилүү окуя экендигин белгиледи. "Биздин башка өнөктөштөрүбүз да, анын ичинде - Кыргызстан дагы Бажы союзуна кирүү жолунда турат деп үмүттөнөм", - деди ал.
Жолугушуу учурунда мамлекет башчылары дүйнөлүк жана аймактык саясаттын актуалдуу маселелери туурасында ой бөлүшүп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

А.ЭСЕНОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фотолору)