, 01.12.09 - 5-бет:
  Ата Журт алкагында

DA журналы
Ч.Айтматовго арналды
Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Монголия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина мамлекеттеринде ар токсондукта бир жарык көрүүчү адабий, маданий "Диалог Евразия" (DA) журналынын Кыргызстандагы координатору Мустафа Башкурттун билдирүүсү боюнча, аталган журналдын кезектеги саны кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовго арналды. Анда Ч.Айтматовдун замандаштарынын, калемдештеринин эскерүүлөрүнө орун берилген. Мисалы, Азербайжандын жазуучулар союзунун төрагасы Анар жазуучунун талантына, улуулугуна, келечекти алдын ала көрө билген көсөмдүгүнө баа берген. Мындан тышкары Диалог Евразия платформасынын теңтөрагасы Харун Токактын, Россиялык философ Э.Боровецкаянын, Тажикстандын эл акыны М.Каноаттын, Татарстандан филология илиминин доктору Ф.Галимуллиндин, Украинанын эл акыны И.Драчтын, Казакстан сенатынын депутаты Е.Гарифулланын жана башкалардын Ч.Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу ой-пикирлерине орун берилген.

Кыргызстанда 1,1 млн. тонна буудай жыйналды
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин октябрдын акырына карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1,1 миллион тонна буудай жыйналган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 317,7 миң тоннага көп. Жалпысынан Кыргызстандын буудайды керектөөсү 1,2 миллион тоннаны түзөт. Буудайдын калган бөлүгү Казакстандан жеке компаниялар тарабынан дан жана ун түрүндө алынып келинет. Ал эми "Казак-зерно" агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстанда былтыркы жылга салыштырмалуу буудай 30 пайызга көп жыйналган. Коңшу Казакстанда дандын түшүмүнүн жогору болушу сатып алуу баасын төмөндөтөт. Бул өз кезегинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин азайтып, кийинки жылы буудай эгүү аянттынын кыскарышына алып келиши да мүмкүн.

Бишкектеги мектептерде окуу
кайра башталды
Борбордо сасык тумоо күчөп, мектепке окуучулардын көбү келбей калгандыктан 23-ноябрда шаардын бардык мектептери бир жумалык танаписке таратылган. Эми 30-ноябрда тарта кайрадан окуу башталды. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Ош - Сары-Таш - Иркечтам" жолуна
717,7 млн. сом сарпталды.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында "Ош - Сары-Таш-Иркечтам" жолун реконструкциялоого 717,7 млн. сом пайдаланылды. Бул туурасында Кыргызстан Улуттук статистика комитетинен билдиришти. "Түштүк транспорт далисин" оңдоого 485,9 млн. сом, "Ош - Баткен - Исфана" автожолуна 130,1 млн. сом, "Тараз-Талас - Суусамыр" автожолуна 7,9 млн. сом сарпталган. "Региондук жол далисин жакшыртуу" долбоору боюнча негизги капиталга 272,8 млн. сом инвестициялар өздөштүрүлгөн. "Бишкек-Нарын-Торугарт" автожолун реабилитациялоого 8,9 млн. сом сарпталган. Кыргызстанда азыркы убакта 2007-2011-жылдарда жол секторун өнүктүрүү стратегиясынын алкагында эл аралык транспорт далистеринин 30 пайызын реабилитациялоо аяктады. Өлкөнүн эл аралык транспорт далистеринин жалпы узундугу 2 миң 242 километрди түзөт.

Эреже бардыгына бирдей
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, соңку учурда аталган министрликтин кызматкерлери арасында жол эрежесин бузгандар кездешүүдө, мунун айынан кырсыкка учураган фактылар көп. Ошондуктан Ички иштер министри М.Конгантиевдин жарлыгына ылайык, ИИМдин бардык бөлүмдөрүндө бул көрүнүшкө каршы күрөшүү боюнча атайын топтор түзүлдү.

Окуу жайларда аскердик кафедралар кыскарат
Коргоо министрлиги демилге көтөргөн токтом долбоорго ылайык жаңы жылдан тартып аскердик кафедралар акырындап кыскартылып, 2009-2010-окуу жылында аскердик факультеттерге студенттер кабыл алынбайт. Ошондой эле Коргоо, Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосунда атайын комиссия түзүлүп, кыскарган факультеттердеги материалдык баалуулуктар Коргоо министрлигине кайтарылып берилет.

Шайба хоккейи боюнча мелдеш
Кыргызстандын борборунда жекшембиде биринчи жолу шайба хоккейи боюнча эл аралык беттешүү өттү. Муз үстүндө ата мекендик "Хан-Тенгри" клубунун ардагерлери жана Казакстандын "СКИФ" командасы күч сынашты. Жыйынтыгында 3-7 эсеби менен казактар жеңишке ээ болушту. Казакстандын хоккей федерациясынын президенти С.Шавернев кыргыздарда спорттун бул түрү жаңы гана өнүгүп жаткандыгына карабастан алар күчтүү команда экендигин айтты.

Интернет колдоносуңбу?
Беш миллиондон ашык калкы бар Кыргызстанда интернет-колдонуучулардын саны 850 миң адамды түзөт. Бул республиканын жалпы калкынын 15,6 пайызы, ал эми Азия аймагы боюнча жалпы интернет-колдонуучулардын 0,1 пайызы болуп эсептелет. Internet World Stats статистикалык кызматынын маалыматына ылайык, Азия аймагы боюнча интернет-колдонуучулардын эң көп саны же дээрлик жарымы (48,8 пайызы) Кытайда катталган. Интернет-колдонуучулардын саны боюнча кийинки кезекте Жапан (13%) жана Индия (11%) турат. Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдүн катарында Казакстан менен Өзбекстанда 2 миллиондон ашык, Тажикстанда 600 миң интернет-колдонуучулар бар.




  Аалам алкагында

Кыргыз авиакомпаниялары кайрадан "кара тизмеде"
Кыргызстандын бир катар авиакомпаниялары Европа Биримдигинин кара тизмесине кайрадан түшкөнүн РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, Европа Биримдигинин 2006-жылы март айында түзгөн алгачкы "кара тизмесине" Африка жана Азия өлкөлөрүнүн жүздөн ашуун авиакомпаниялары киргизилип, алардын учактары коопсуздук боюнча европалык нормаларга жооп бербегени белгиленген. Тизмеге Кыргызстан менен Казакстандын авиакомпаниялары дагы киргизилген. 2009-жылдын июль айында Кыргызстандын Air Manas, Fvif Traffic, Aerostan (мурдагы BISTAIR -ЭЭА Бишкек), Click Airfways, Itek Air, Kyrgyzsta, Max Avia жана башка жалпысы 17 авиакомпаниянын учактарын Европанын аба майданына киргизүүгө тыюу салынганы кабарланган. Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин өкүлү бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоодон баш тартып, аталган маселе боюнча департаменттин директору гана жооп берерин билдирди.

Кырсыкка учураган поездде кыргызстандыктар жок
Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда 27-ноябрда Москва-Санкт-Петербург каттамындагы "Невский экспресс" багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган №166-поезд Новгород менен Тверь облусунун чек ара аймагынан кырсыкка учурап темир жолдон чыгып кеткен. Андан 25 адам каза таап, жүзгө чукул адам жаракат алган. Укук коргоо кызматынын божомолуна караганда бул кырсык теракттын кесепетинен улам болгон.

Казакстанда өнүгүүнүн
беш жылдык программасы киргизилет
Казакстан Өкмөтү 2003-жылы өлкөнү индустриялык-инновациялык өнүктүрүү боюнча 2015-жылга чейинки стратегияны кабыл алып, экономикасын диверсификациялоо багытында бир катар иштерди аткарган. Анын алкагында "30 корпоративдик лидер" программасы да бар. Эми Казакстан аталган стратегияны жаңыртып, 2020-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыкты. Каржы каатчылыгынын сабактары эске алынган бул стратегия жаңы жылдан баштап 5 жылдык мөөнөттөр менен эки этапта аткарылмакчы. "Узак мөөнөттүү стратегиялардын 5 жылдык программаларга бөлүнүп аткарылганы туура, - дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Сагыналы Эшалиев. - Бул практика жүзүндө өзүн актаган ыкма. Ошондой эле, индустриялык саясатта агроөнөржай комплексине, курулушка, энергетика, транспорт жана коммуникация тармактарына артыкчылыктуу макам берилгени колдоого арзыйт".

Иран уранды байытуу боюнча дагы 10 завод курат
Жекшембиде Иран өкмөтүнүн уранды байытуу боюнча 5 заводду куруу ишин баштоо жана дагы мындай 5 ишкананы курууга ылайыктуу жерди белгилөө буйругу чыкты. Бул туурасында AFP маалымдаган. Мындан тышкары Иран министрлер кабинети шейшембиде аз байытылган уранды өзүнүн шарттуу деңгээлине чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карашат. Расмий тастыктоого караганда, бул байытылган уран медициналык максаттарда, ошондой эле Бушерде курулуп жаткан электр энергиясын өндүрүү боюнча атомдук электростанциясында пайдаланылат. Иран жетекчилигинин мындай чечими өткөн аптанын жума күнү Ирандын Ком шаарында уранды кайра иштетүү боюнча экинчи заводду куруусун катуу сынга алган МАГАТЭнин билдирүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Швейцарияда мечит мунараларына тыюу салынат
Бул маселе жалпы элдик референдумда колдоо тапты. Жергиликтүү ATS жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, референдумда мечит мунараларынын курулушуна тыюу салууну швейцариялык шайлоочулардын добуш берүүгө келгендеринин 57%ы колдогон. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, Швейцарияда эми буга чейин курулган мечиттердеги мунаралар сакталып кала берет, бирок жаңы салынуучу мечиттерде мунаралар орнотулбоого тийиш. Бул маселе референдумга улутчул маанайдагы Элдик партия тарабынан сунуш кылынды. Ал саясый уюмдун пикиринде, мечит мунарасы бийлик үчүн күрөштү туюнтат жана анын түпкү мүдөөсү - Швейцарияны исламдык өлкөгө айландыруу болуп саналат.

Шанхайда самолёт талкаланды
Шанхай аэропортунда Бишкекке уча турган жүк ташуучу самолёт талкаланды. "Синьхуа" агенттигинин билдирүүсү боюнча, ишембиде "Пудун" эл аралык аэропортунда жүк ташуучу McDonnel Douglas самолету өрттөнүп, кыйроого дуушар болду. Экипаждын үч мүчөсү каза таап, калган төртөө госпиталда жатышат. Экипаж АКШнын, Индонезиянын, Белгиянын, Зимбабвенин жарандарынан турган. Өрт самолет жылып баратканда учуу-конуу тилкесинен тайгаланып кеткендигинен келип чыккан.

Тажикстан кошуналардын энергосистемасына кошулат
"Барки тоджик" ишканасынын билдирүүсү боюнча, Тажикстандын түндүгү менен түштүгүн электр энергиясы менен камсыз кылуучу өткөргүч 29-ноябрдан баштап иштей баштады. Бул өткөргүч республиканын энергосистемасын толугу менен бириктирет. Бул Өзбекстандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен энергосистемасынан чыгып жаткан учурунда өз учурунда жасалган жана пайдалуу долбоор болуп саналат. Ал эми республиканын түндүгүндөгү Кайракум ГЭСинде 50 жылдан бери иштеп келаткан гидроэлектростанция болгону Согди облусунун 15-20 пайызын гана электр энергиясы менен камсыз кылчу. Эми Согди облусунун энергосистемасы толук бойдон Тажикстандын өзүнүн энергиясы менен камсыз болуп, келечекте жаңы жогорку чыңалуудагы өткүргүчтөр курулгандан кийин Кыргызстан жана Казакстандын энергосистемасы менен да кошулат. Аталган электр өткөргүч курулганга чейин Тажикстандын түндүк бөлүгү өкмөттөр аралык келишимге ылайык электр энергиясын Өзбекстандан алып, анын ордуна Өзбекстандын түштүгүнө энергия берип келген.