, 20.11.09 - 11-бет:
  Тарых

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу менен "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий эстеликтеринин тизмесине киргизилүүсү Кыргызстанда ар кандай талаш-тартыштарды жаратты, дагы деле жаратууда. Бул маселе боюнча гезиттин кереге кеңешине ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын башкы катчысы Жыпар Жекшеев, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, кытайлык кыргыз профессору, "Тил жана котормо" журналынын жооптуу редактору Макелек Өмүрбай катышып, өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын айтышты.
КРнын Өкмөтүнө караштуу маданият агенттигинин директорунун орун басарын чакырсак, алардын айтарга эч нерселери жокпу, же башка себептер болдубу, айтор, келишкен жок.

"Манас" эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырса
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору: - Бүгүн "Манас" эпосу жөнүндө сөз кылалы деп турабыз. Тагыраагы, "Манас" эпосунун кытайлыктар тарабынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилгендиги жөнүндө. Улуу эпосубуздун тегерегинде талкуу кылсак, руханий дөөлөтүбүзгө кайдыгер карабагандар пикирлерин айтышса. Кытайдагы кыргыз профессору Макелек Өмүрбай да өз пикирин айтар. Бири-бирибизди айыптоо менен маселени чече албайбыз. Түшүнүү менен маселени чечкенге аракет кылсак туура болчудай. Бул боюнча болгон пикир, сунушуңуздарды ортого салып берсеңиздер.
Жыпар ЖЕКШЕЕВ - ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиянын башкы катчысы: - "Манастын" тегерегинде көп сөз болуп жатат. Чындыгында Кытай өлкөсүнүн сунушу менен "Манастын" ЮНЕСКО тизмесине кирип калуусу таң калыштуу болду. Биз муну күткөн эмеспиз. Таң калганыбыздын дагы бир себеби, 2000-жылы "Манас" эпосун тизмеге киргизүүнү сунуш кылсак, ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынган эмес болчу. Кийинчерээк ошондогу башкы катчысы К.Мацууро уюмга мүчө болгон 193 өлкөнүн жетекчилигине өзүңүздөрдө жоголуу коркунучунда турган руханий дөөлөт, мурастарыңарды жибергиле" деп кат жибериптир. Ал убакта маданият тармагы билим берүү министрлигинин курамында болчу. Билим берүү министрлиги "муну менен башыбызды оорутуп жүрөбүзбү" деп, Бексултан Жакиевге бул маселени тапшырган. Ошондо Бексултан Жа-киев "Манас" эпосу өтпөй калды, манасчыларды өткөрөлү, бул өзүнчө чоң өнөр" деп манасчы, төкмө акын, дастанчыларды сунуштайт. ЮНЕСКОдон "номинациянын аталышы узак болуп жатат. Кыскартып эле дастанчылар деп атасаңар" деген жооп келет. Алардын шартына макул болуп, 2003-жылдан реалдуу түрдө Кыргызстанга каражат бөлүнө баштайт. Номинация даярдаш айтканга оңой болгон менен бир топ эле татаал иш. 2003-жылы сунуш өткөндөн кийин манасчыларга көңүл бөлүнүп, манасчылардын мектептери ачыла баштайт. Ушул иштерди жетектеп келаткан Бексултан Жакиев.
Бул жерде бизди таң калтырганы, "Манас" түздөн-түз Кыргызстанга тиешелүү болгондон кийин Кытай бийлиги бизге кайрылышы керек болчу. "Биз сунуштап жатабыз, силер колдогула" деш керек эле. Буга байланыштуу биздин Тышкы иштер министрибизге да, Мада-ният министрине да эч кандай кат-кабар келбептир. ЮНЕСКОнун биздеги комиссиясына да кат келген эмес.
Макелек ӨМҮРБАЙ - Кытайдагы кыргыз профессору: - Кытайда 180 миң кыргыз бар. Кыргыздардын аз экендигине карабай кыргыз адабияты, тили өнүгүүдө. Өзгөчө бөлүп айта кете турган нерсе - кытайлык кыргыздардын вариантындагы "Манастын" да бар экендиги. Бизде "Манасты" жазып алуу мүмкүнчүлүгү чоң. Себеби, кытайлык чоң манасчы Жусуп Мамайдын көзү тирүү. Ал киши 91 жашка чыкты. Эпосту бул кишиден жазып алуу иштери 1961-жылдан башталган. Бул Кыргызстан үчүн кеч болушу мүмкүн.
Сиздерде 1902-жылдан башталган турбайбы. Кытайда элдик чыгармаларды жыйноо иштери 1950-жылдардан кийин башталган. Ошондо көптөгөн манасчылар болгон. Бирок, Жусуп Мамайдын айтканы кеңири, көркөмдүгү жагынан күчтүү болгон. Мамлекет тарабынан Жусуп Мамай тандалып, аны Кызыл-Суу автономиялык округуна алып барышып, беш жыл бою андан эпосту жазып алуу иштери жүргөн. Ал эпосту Манастын алты урпагына чейин айткан. 1979-жылы дагы эки урпагын кошуп, сегиз урпакты толук айткандыгын билдирген.
Кийинчерээк 1965-жылы айтып, кагазга түшүрүлгөндөрү жоголуп кеткендиктен, кайрадан баарын кагазга түшүрүүгө туура келген. Ал сабаттуу болгондуктан өзү айтканын өзү кагазга түшүргөн. Азыр эми жазгыч манасчы деп жүрүшпөйбү. Чындыгында андай эмес. Тоголок Молдо ж.б. өз айткандарын өздөрү жазган да. Жусуп Мамайдын айткан "Манасы" 1984-жылдан 1995-жылга чейин 18 том болуп, басмадан чыккан. Андан кийин баарын топтоштуруп, 2 том чыгардык. Кыргызстанга 40 даананы өзүм алып келип бергем.
Бизде да Бириккен Улуттар Уюму деген бар. Ошондон "силерде кандай жакшы нерселер болсо, бул жакка жөнөткүлө" деген кат келген. Алды менен Кытайдагы кыргыздар "Манасты" сунуш кылдык. Бул беш жыл мурда болгон. ЮНЕСКОнун талабына ылайык, ал мамлекеттик даражадагы мурас болушу керек экен. Кытай бийлиги аз улуттардын үч эпосу бар экендигин мурда эле таанып, тибеттиктердин "Гысар", монголдордун "Жаңгыр", кыргыздардын "Манасын" Кытай Эл Республикасынын үч каухары деп атап "Манас" 2007-жылы Кытай Эл Республикасынын ырасмий бийлиги тарабынан улуттук деңгээлдеги мурас деп таанылган.
Мамлекеттик даражага жеткенден кийин ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынды. Ошондон баштап "Манас" Кытайдын мамлекеттик мурасы катары эсептеле баштады. Кытай бийлиги таанылгандан кийин ага каржы бөлүп, кайрадан чогултуу, которуу басмадан чыгаруу, жумуштарын баштады. Былтыр болсо ЮНЕСКОго жиберилиптир. Ошондо бирөө менден Кыргызстандагы "Манас" эпосу ЮНЕСКО тизмесине киргизилгенби? - деп сурады. Мен Бексултан Жакиевден сурасам, Жыпар Жекшеевич айткан абалды айтты. Андан сырткары ал "Манас" кагазга түшүрүлгөн, дүйнөгө белгилүү. Андан көрө аны айтуучуларды тизмеге киргизип, коргоп калышыбыз керек" деди. Анан "Манасты" ЮНЕСКОго сунуш кылган кагаздарды мага көрсөттү. Бул боюнча менден сураган кытайлык кыргызга ушуларды айтып бердим.
Кытайдын мамлекеттик мурасы катары "Манас" ЮНЕСКОго жиберилгенден мурда аз улуттардын руханий мурасы катары уйгурлардыкы биринчи өтүп кеткен. Быйыл Кыргызстанда бир ай жүрүп барсам, гезиттердин баары "Манастын" ЮНЕСКОнун тизмесине киргендигин жазып чыгышыптыр. Муну уккандан кийин кандай болуп өттү, кытайлык кыргыздардыкыбы, же Кыргызстандын атынан өттүбү деген маселе ойлондурду. Кандай аныктама берилип, тизмеге эмне деп жазылгандыгын билбейм.
"Манас" эпосу кыргыздардыкы экендигин эч ким талашпайт. Ошо менен бирге кыргыздын комузу, өлөңү, көчмөн маданиятын да киргизсек жакшы болмок. Бирок, ошону тастыктап, тактап отурбастан, ошол мурас менен байланышым бар эле десек, ошону жибере беришибиз керек. Кытай бийлиги адамзаттын мурасы деп жөнөтүп жатат. Экинчи көз карашым, Жусуп Мамайдын сегиз урпагына чейин айтылган "Манастын" вариантын сөзсүз коргошубуз керек.
Садык ШЕР-НИЯЗ - "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү: - Бул коомдо чоң резонанс жараткан окуя болду. Резонанс жакшыбы, же жаманбы дегенге жооп берерде мен айтар элем. Интеллектуалдык жактан өнүккөн коом болсо, ал мамлекет үчүн дайыма жакшы. Мындай нерсеге коомдо талдоо болушу керек. Биз сөз кылып жаткан маселе 2-4-октябрда бүткүл дүйнөгө маалым болсо, бизге 16-октябрда гана жетти. Кытайдагы кыргыз боордоштордун кубанычы болду чындыгында.
Анткени, сиздер эпосту эл аралык даражага көтөрдүңүздөр. Сиздердин бул кубанычыңыздарды биз тең бөлүшүшүбүз керек. Бир боордош, бир тууган эл болгондон кийин кайгы, кубанычыңыздарды бирге бөлүшүшүбүз кажет. Бирок, бул жолу сиздер менен кошо куба-
на албадык. 16-октябрга чейин
ЮНЕСКОнун биздеги өкүлү Жыпар Жекшеев ачык айта алган жок. Себеп дегенде, бул суроо жаратчу иш болуп калды. Кытай өкмөтү эпосту кытай элинин атынан, тагыраагы Кытайдагы бир улуттун атынан деп сунуштап өткөрдү.
Менде англисче котормосу бар. Эл аралык Кытай радиосунун айткандары бар. Анда "Манас" Шиңжан автономиялуу округунда жаралган" деп көрсөтүлгөн. Кытайдын бир басылмасы акыркы манасчы Жусуп Мамай деп чыкты. Жусуп Мамай абабыздын талантын баалабай коё албайбыз. Ал киши менен сыймыктанабыз. Жусуп Мамай Жайсаң манасчы баштаган бир топ улуу манасчылардын катарында экендигинде талаш жок. Бул жерде Жусуп Мамайдын "Манасы" таанылды деп жатат. А ЮНЕСКО жалпы "Манас" деп тааныды. Бул кандайча болуп калды? Бир тууган элибиз минтип сунуштап жатышса, биз да кошо чуркамакпыз. Анткени, ЮНЕСКОнун жобосуна ылайык, сунуш кылынган мурас башка өлкөлөрдө да бар болсо, алар да сунушташы керек болчу.
Жакында биз Нооруз майрамын тизмеге киргиздик. Анда биз менен бирге Азербайжан, Индия, Пакистан өлкөлөрү да сунуш кылышты. Бул жерде Кытайдан деп эле калганы кыргыз интеллектуалдык коомчулук арасында толкундоолорду жаратты. Анткени, коом, мамлекет болгондон кийин руханий дүйнөгө кайдыгер карабагандар өз ой-пикирлерин айтышты. Эми бул ишти эмдиги жылдын 31-августуна чейин бүткөрө тургандыгын Жыпар Жекшеев билдирди. Кытай мамлекети да буга каршы эмес экендигин билдирип жатыптыр.
Бул ишти жасоо керек. Мында коомчулукта жооткотуулар да пайда болду. Ага себеп, Кытай 55 млн. юань бөлүп бериптир. Анысы жакшы, бирок биз унчукпай коё албадык. Акча бөлүп жатат деп эле унчукпай койгондук болбойт. "Манасты" 55 млн. юанга алмаштырып жиберсек, анда калгандары канча акчага ченелип кетет? Бир даары кытай боордошторубуз да уят болуп жатыптыр деп айтышты. Кытай бийлиги "биз силердин эпосуңарды өнүктүрүп, өстүрүп берсек, кыргыздар кыйкырып жатышат" деп нааразы болушкан имиш.
Мында кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөн эч кандай сөз болгон эмес. Башкалары айтышты, эмне чуу салып жатасыңар, "Манас" кыргыздыкы экенин эбак эле БУУ, ЮНЕСКО далилдеп койгон дешип. Далилденип калган деген сөз менен өзүбүздү жооткотконубуз жарабайт. Анткени, кыргыздын канча деген руханий байлыктары башкалардыкы катары эсептелип жүргөндүгү ачуу чындык.
Маалымат каражаттарында бул боюнча көп нерселер айтылды. Кытайдагы кыргыздардын өкүлү Макелек агайдын да сөзүн угуп олтурабыз. Эмне дебейли, сиздердин кылганыңыздар туура. Дагы уланта беришиңиздерди суранып кетем. Комузду да киргизебиз деп жатыпсыздар. Биз колдойбуз. Болгону эми бизге кабар берип койсоңуздар. Дагы сиздердин атыңыздардан гана кирип кетпесин.
Макелек ӨМҮРБАЙ: - Биздеги система силердикине окшош эмес. Мисалы, 50 улуттун ичинде туруп, уйгурдуку, казактыкы өтүп кетти, кыргыздыкы эмнеге калып калды дейбиз. Биз сунуш кылганда Өкмөткө гана сунуштай алабыз. Жеке мен өз атымдан келип, Жыпар Жекшеевичке кайрыла албайм. Биз алгач СУАРга жиберебиз. СУАР Кытай өкмөтүнө жиберет, анан алар эрежесине карап, ошого жараша иш кылышат.
Жыпар ЖЕКШЕЕВ: - Мамлекет ичиндеги эреже, шарттарды түшүнөбүз. Кытайдын тышкы иштер, маданият министрликтери, ЮНЕСКОнун комиссиясы бар. Ошолордун бири бизге кат жөнөтүүсү керек. "Биз кыргыздардын кому-зун, ж.б. руханий байлыктарын ЮНЕСКО тизмесине киргизүүгө сунуштап жатабыз" дегендей мазмунда. Себеби, кыргыздардын тарыхый мекени - Кыргызстан да.