, 17.11.09 - 7-бет: Энергияга тариф кымбаттады. Элдин пикири
Калкыбыздын аялуу катмары колдоого алынат
Өткөн жумада мамлекет башчысы тарифтик баалардын өсүшүнө
байланыштуу социалдык коргоо жана колдоо тармагына тийиштүү жарлыктарга кол койду.
"Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө" боюнча иш-чаралар Өкмөттүн алдындагы социалдык камсыздоо агенттиги аркылуу ишке ашы-
рылат. Мыйзамга ылайык пенсионерлердин пен-сиясы 4 миң сомдон ашпаса, анда 2010-жылдын 1-январынан тартып электр кубаты үчүн ар ай сайын компенсациялык төлөмдөр 200 сом деп белгиленди.
Ошондой эле баса белгилеп кетчү жагдай социалдык камсыздоо агенттигинин башкы максаты калктын аз камсыз болгон аялуу катмарын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоого алуу болуп саналат. Буга байланыштуу тарифтердин өсүү шартында жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсация же болбосо жеңилдиктерди берүү киргизилди. Мындай шартта даректүү жардам берүүнү күчөтүүнү эске алып, жеңилдиктерди алуучу жарандардын 25 түрдүү категорияларына карата 1 миң сомдон 7 миң сомго чейинки жеңилдиктер ай сайын акчалай түрүндө берилмекчи. Тарифтердин өсүү шартында ай сайын бир жолу берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 25 пайызга жогорулатылды. Бул жөлөк пулдар негизинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарга, жалпы оорусу бар майып жарандарга, томолой жетимдерге, пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон баккан адамынан ажыраган балдарга, Баатыр энелерге, СПИД менен ооруган балдарга жана энелерге берилет.
Бурулсун Сүйүналиева,
Социалдык камсыздоо мамагенттигинин социалдык коргоо жана гуманитардык жардамдар башкы башкармалыгынын башчысы
Көмүргө
караганда
электр арзан
Жаңы жылдан баштап, электр энергиясына баанын кымбатташы учурда уу-дуу кепти жаратууда. Албетте, ар бир жаңы башталыш ар кандай пикирлерди жаратышы табигый көрүнүш.
Ошондой болсо да ар кандай учурма маалыматтарга ишенбей, иштин чыныгы абалын туура түшүнүү маанилүү.
Анткени, рынок шартынын учурунда ошого жараша кадам
жасоо мезгилдин өктөм талабы эмеспи. Айтайын дегеним, мурдагы Союздун курамына кирген республикалар электр энергиясына бааны алда качан эле көтөрүп алышкан. Мисалы, Грузияда бир киловатт-саат электр энергиясы биздин акчага чегергенде 4,5 сом, Казакстанда 4, Арменияда жана Азербайжанда 3 сомго жакын болсо, бизде 1,5 сом эле болуп жатпайбы. Калган республикаларда деле 3 сомдон кем эмес. Аларга салыштырмалуу, биздеги кымбаттатуу калк үчүн анча деле оорчулук туудурбайт, - деген ойдомун.
Электр энергиясына баа жөндөн жөн эле кымбаттаган жок. Себеби, жалпыга маалым болгондой, электр энергиясы башка товарлардай эле, аны өндүрүүгө жумшалган каражатты актабаса иш токтоп калат. Ошондуктан, өкмөттүн бул кадамын мезгилдин талабы катары түшүнүү зарыл. Чындыгын айтканда, көп жылдар бою электр станцияларынын, техникалык жабдууларынын эскилиги жеткендиги, аларды оңдоп, түзөп, жаңыртуу зарылдыгы алда качан эле келип жеткендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Ушуга байланыштуу, электр энергиясын өндүрүүчү станцияларды жаңылоо үчүн көп каражат керектелери айтпаса да белгилүү. Андан тышкары, бул тармакта иштегендердин эмгек акысын төлөөгө да каражат керек. Ал эми, учурда биз төлөп жаткан 70 тыйын эч нерсеге жетпесин бардыгыбыз эле жакшы түшүнөбүз. Ошондой эле, Камбар-Ата - 1,2 ГЭСтерин курууга да кыйла каражат керектелет.
Эми, электрди таш көмүр менен салыштырып көрөлү. Айталык беш ай от жагуу үчүн 5 тонна көмүр керек. Аны сатып алуу үчүн кеминде 15 миң сом төлөйсүз, андан тышкары таш көмүрдү ташып келүү чыгымы, от тамызуу үчүн жыгач отун ж.б. түйшүктөрдү кошкондо кыйла кымбатка түшөрү анык. Ал эми, электр энергиясынын учурдагы баасы боюнча, кышкы жылытууну кошкондо бир айда 350 сомдун тегерегинде акча төлөйбүз. Ошондо кышкы 5 айдын ичинде канча болот, эсептеп көрүңүз. Албетте, бул таш көмүргө караганда арзан жана түйшүгү да жок.
Ошону менен бирге, мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиев карапайым калктын абалын эске алып, алардын абалын жеңилдетүү максатында кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө жардык чыгарганын айтпай кетүүгө болбойт. Ал жардыкта калктын аялуу катмарынын бардык категориялары камтылган. Тактап айтканда, айлык эмгек акысы 5000 сомдон ашпаган бюджеттик мекеме, уюмдардын кызматкерлери, бардык топтогу майыптар, пособие алуучулар, чернобылчылар, ооганчылар жана башкалар кошумча каражат алышат. Жыйынтыктап айтканда, баанын кымбатташы анча деле чоң оордук тийгизбейт.
Ошондой эле эски ГЭСтерди жаңылоого, жаңыларын курууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Андыктан, убактылуу кыйынчылыкка мүңкүрөбөй, жаркын келечекке үмүт артканыбыз оң.
Жумакадыр ЖАПАРКУЛОВ,
пенсионер,
Бишкек шаарынын тургуну
Өчкөн үмүттү Өлкө
башчысы жандантты
Жакында эле Кыргыз өкмөтүнүн кеңейтилген жыйынында республикада электр энергиясы менен жылуулук берүүнүн
тарифинин жүз пайызга көтөрүлүшү баарыбыздын тынчыбызды алууда.
Же ошого жараша эмгек акы-лар да жүз пайызга көтөрүлсө бир жөн. Данияр Үсөнов кайсы тармакка барса дагы кымбатчылыкка биринчи кадам коюп келе жатат. Карапайым калк мындай жүз
пайызга көтөрүлгөн тарифти шакылдатып эле төлөп турууга мүмкүнчүлүгү болор бекен? Ансыз да жардамга муктаж үй бүлөлөр ого бетер кыйынчылыкка туш болору белгилүү. Айрыкча ада-бият менен маданият өкүлдөрү, интеллигенция кымбатчылыктын соккусуна биринчи урунары аштан бышык. Андай болгондо эл арасынын тынчтыгы кетип, маселелер ого бетер чиеленишер бекен?! Же эмне, электр менен жылуулук энергиясындагы чечилбей келе жаткан маселенин түйүнү тарифти болуп көрбөгөндөй эпсиз көтөрүүдөн гана чечилеби, башка жолу жокпу?
Буга Президенттин түйшөлүп, кандайдыр бир жолун издеп, элдин жашоо-турмушундагы болуп жаткан кыйынчылыгын жеңилдетүүгө жасап жаткан аракети гана эртеңки күндөн жакшы үмүттү жаратып турат. Шүгүрчүлүк дээр бекенбиз деп күтүп турабыз.
Мая Осмонкулова,
акын, Талас шаары