, 17.11.09 - 6-бет: 2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана
жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты
(Башталышы 4-бетте)
Тарифтер электр жана жылуулук энергияны чыгаруу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча жөнгө салуучу компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдарына шайкеш болушу керек.
Келечекте электр энергияга болгон тарифтин өлчөмү керектөөчүнүн электр менен камсыз кылуучу компаниясынын электр тармагына туташкан чекитиндеги чыңалуу деңгээлинен көз каранды болушу зарыл. Мында энергетикалык жабдуу системасын келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен ремонт жүргүзүү жана тейлөө боюнча бардык техникалык регламенттердин 100 процент аткарылышын камсыз кылышы керек.
Акыркы керектөөчү үчүн тариф төмөнкүлөрдөн турушу керек:
- электр же жылуулук энергиясын чыгарууга тариф;
- электр же жылуулук энергияны өткөрүп берүүгө тариф;
- электр же жылуулук энергияны бөлүштүрүүгө тариф;
- электр же жылуулук энергияны сатууга тариф.
Жогоруда айтылган тарифтердин баары жалпы эле энергетикада да, анын өзүнчө секторунда да ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү үчүн өзүндө пайданын элементин камтууга тийиш.
2010-жылдын ичинде керектөөчүлөрдүн ар кыл топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоонун калыптанган системасын толук жоюу пландаштырылууда.
IV. Тарифтик саясатты ишке ашыруу
боюнча чаралар
Ушул тарифтик саясаттын принциптерин ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр белгиленет:
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы тургундар үчүн электр энергиясына тарифтен тышкары, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн баары үчүн бирдиктүү тариф (№ 1 тиркемеге ылайык);
- бардык керектөөчүлөр үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо максатында керектелчү жылуулук энергиясына бирдиктүү тариф (№ 2 тиркемеге ылайык).
Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бирдиктүү жогорулатуу 2 этап менен: 2010-жылдын 1-январынан баштап жана 2010-жылдын 1-июлунан баштап жогорулатуу сунушталат.
Мында, тиркемелерде көрсөтүлгөн тарифтер бүткүл 2010-2012-жылдардагы мезгилге карата белгиленет. Тарифтердин мындай деңгээли тышкы аудитти жүргүзүүнүн, энергия компанияларынын иш жүзүндөгү инвестициялык милдеттенмелерин кайра кароонун натыйжасында, ошондой эле энергия компа-нияларынын иш жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү өзгөргөн учурларда кайрадан каралышы мүмкүн.
Электр энергиясына тарифтерди 2010-2012-жылдарга карата эсептөөдө бөлүштүрүүчү энергия компанияларынын тармактарындагы коромжулуктардын суммасы 2010-жылы 21%, 2011-жылы 18% жана 2012-жылы 15% деңгээлде кабыл алынат.
2011-жылга карата керектөөчүлөрдүн ар кайсы категорияларынын арасында кайчылаш субсидияларды толук жоюу, бардык керектөөчүлөр үчүн тарифтерди энергия менен камсыздоодогу реалдуу чыгымдардын деңгээлине ылайык келтирүү белгиленүүдө.
V. Корутунду
Энергетикада натыйжалуу тарифтик саясат жүргүзүү үчүн тарифтик саясатта белгиленген параметрлердин аткарылышын ай сайын көзөмөлдөө жана электр жана жылуулук энергияларынын тариф саясатына өз убагында оңдоолорду киргизип туруу зарыл.
Тарифтик саясатта белгиленген пландарды аткаруу Кыргыз Республикасынын энергетикасынын инвестициялык кызыктыруучулугун арттырат, энергия системасынын начарлашына алып келчү процесстерди токтотот, ошондой эле экономиканын абдан маанилүү тармактарынын бири катары келечекте анын ийгиликтүү иштеши жана өнүгүшү үчүн экономикалык шарттарды түзөт.
Премьер-министр Д. Үсөнов