Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1117_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1117_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1117_15.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Ири ишканада иш кандай жүрүүдө?

2009-жылдын III кварталынын жыйынтыктары
(Башталышы
14-бетте)
"Центерра Голд Инк." компаниясынын пресс-релизинин толук тексти менен Интернеттеги төмөнкү даректен таанышууга мүмкүн:
http://cnrp.ccnmatthews. com/client/centerra/release.jsp?year=2008&actionFor=884692&releaseSeq=0
"Кумтөр" ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, карьердик ыкма менен иштетилүүдө жана батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу Борбордук Азиядагы эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып ишканада 6,85 миллион унция же 213 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" - "Кумтөр" долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.
"Центерра Голд Инк." - Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү компанияны өнүктүрүүгө багыт алган. "Центерра" Түндүк Америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү эң ири батыштык компания болуп саналат. "Центерранын" акциялары Торонтодогу Фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.
"Центерра" жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com. сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган.
1 - Маалымат үчүн: 1 троялык унция= 31 10348 грамм
2 - Эгерде башкачасы көрсөтүлбөсө, АКШ доллары менен
Кошумча маалымат үчүн ЖМКлар менен
байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар.
Телефондор: (312) 90-07-07; 90-08-08;
факс: (312) 90-07-28.





  Чүй

Жайылдын жайын интернеттен бил
Буга чейин ЖМКнын журналисттери бир үзүм кабар алуу үчүн ат арытып облус, райондорго барып же телефон чалуулар менен алектенип келишкен. Журналисттердин мындай түйшүктөнүүсүнө Жайыл районунун акими З.Эсенаманов толук чек койду.
Эми ЖМКнын журналисттери алакандай кабар алуу үчүн ат арытып районго барбастан, www. jaiyl.kg интернет байланышы менен байланышып, райондун кайсы мекеме, ишкана, уюм жана айыл өкмөттөрү, ал гана турсун жетекчилеринин таржымалын тастыктаган маалыматтарды да ала алышат. Маалымат алууда журна-
листтер үчүн өзгөчө жеңилдик-терди түзгөн аким Замирбек Садыбакасовичтин эмгегине ыраазычылык билдирүү менен кесиптештерге айтаар сөз - Жайылдын жайын эми интернеттен сура демекчибиз.
"Киргиздер" да кыргызча окушат
Кыргыз тилинин өркүндөшү үчүн ар кандай иш-чаралардын жана атайын борборлордун уюштурулушу тилдин өсүп өнүгүшүнө эң жакшы шарт түзүп берет.
Жакында КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалынын жетекчиси Наргүл Абдылдаеванын жетекчилиги астында кыргыз тил борбору ачылды. Борбордун жетекчисинин айтымында мындан 3 жыл мурун ачылган борбордо тил үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын аудиториялардан жана окуу куралдарынан көйгөй жаралып келген. Бүгүнкү борбор андан айырмаланып атайын аудитория, бөлмөлөр, педагог адистер, усулдук куралдар менен толукталып тил үйрөнүүчүлөргө жакшы шарт түзүлүшү менен айырмаланып келет. Борбордук окуу бөлмөлөрү жалаң гана окуу куралдары менен чектелбестен, ар кандай адабий китептер жана кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү болгон боз үй, шырдак, аяк кап, туш кийиз ж.б. жасалгалары менен да толукталып келет. Мындан ары борбордо кыргыз тилин окуу жумасына эки жолу жүргүзүлүп, шаардык "киргиздер" да кыргызча сүйлөшмөкчү.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
17-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Сокулукта жаңы спорт комплекси ачылды
2-бет
Өкмөт элди "кызыл кулактардан" коргосун
3-бет
Тарифтик саясат өзгөрдү,
компенсациялык төлөмдөр белгиленди

4-бет
Өкмөттүн тарифтик саясаты,
келечекке карай багыты

5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана
7-бет
Энергияга тариф кымбаттады. Элдин пикири
8-бет
К.САРБАЕВ:
"Биз достук жана жакшы
кошуналык көпүрө кура алдык"

9-бет
Коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору
Карыбек МОЛДОБАЕВ:
Мезгил өзгөрүүнү талап кылат, өзгөрбөгөн туңгуюкка капталат

10-бет
Орошон ойлордун изи менен
11-бет
Тарых
12-бет
Сокулукта жаңы спорт комплекси ачылды
13-бет
"Кыргыз Туусунда"
14-бет
Ири ишканада иш кандай жүрүүдө?
15-бет
Ири ишканада иш кандай жүрүүдө?
16-бет
Мыйзамдуулукту, адам укуктарын коргоп келебиз
17-бет
Улуу Жеңиштин 65 жылдыгын утурлап
18-бет
Башпрокурор
Чокморовдун сөөгүн агартты

19-бет
... МЕН СТУДЕНТ
20-бет
Министерство Государственного
имущества Кыргызской Республики

21-бет
Министерство Государственного
имущества Кыргызской Республики

22-бет
Министерство Государственного
имущества Кыргызской Республики

23-бет
О Б Ъ Я В Л Е Н И Е





а ­е¦Є.НҐй«