, 17.11.09 - 13-бет:
 "Кыргыз Туусунда"

Кайыңды кыштагы
Панфилов районундагы Кайыңды кыштагы тууралуу "Кыргыз Туусу" гезитине өткөн жылдын ушул мезгилинде көлөмдүү макала жарыяланган. Бул өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча атайын комиссия кыштак өкмөтүнүн башчысы Эркин Иманкуловду жеңүүчү деп таап, ал Ардак диплом, баалуу сыйлыкка татыктуу болгон.
Жакында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мирмуханбек Аалиев менен байланышып, конкурска катыштырууга ылайыктуу айыл аймактары барбы - деп сураганыбызда, ал токтоосуз Кайыңды кыштак аймагын сунуш кылды, аракети бар, ошого жараша көрсөткүчтөрү дурус болсо, кайра бир жолу чагылдырууга эмне үчүн болбосун деген жүйөөлүү пикирин биз да туура кабылдап, аталган кыштакка дагы бир ирет кайрылууну туура көрдүк.

Кыштак таржымалы
Падышалык Россиянын кыргыз элине жасаган жакшылыктарынын бири - темир жол куруп, көчмөндөрдү таңдантып вагон чиркетип, паровоз жүргүзгөнү деп айтаар элем. Ал курган темир жолдун
убайын ушул кезге чейин өзүбүз эле көрүп, кубаттуу Союз мезгилинде да, кийин эгемендикке жеткен Кыргызстан да мындай курулушка батына албады, кыскасы, темир жолубуз бир чакырымга да узарган жок. Бул албетте, эми атайын кайрыла турган башка тема.
Азыркы Кайыңды кыштагы жайгашкан жерде темир жол бекети, темир жолчулар үчүн эки казарма курулуп, ишке берилет. Ушул жол аркылуу 1924-жылы биринчи паровоз каттаган. Кийин тактай, жыгач камдоо кеңсеси, анда Кайыңды "известь" артели түзүлөт. Турак-жайлар, мектеп, оорукана ж.б. социалдык мекемелер курулуп, түптөлгөндөн кийин ага 1934-жылы шаар тибиндеги кыштак статусу берилген. 1958-жылдардан кийин кендир, кабель, кант, кыш заводдору, эт комбинаты курулган. Ушул заводдор күпүлдөп иштеп турганы Кайыңды шаарчасы жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн эсебинен кеңейди, элинин саны өстү.
Учурунда Кайыңды кыштагы оор сыноолорду баштан өткөрдү. Көзгө басар ишканалары башаламан, кыйчалыш мезгилдерде жапырт токтоп, менчиктештирилип, тирилигин аларга байланыштырган жүздөгөн жумушчулар ишсиз калышты, башка өлкөлөргө баш паанек издеп көчкөндөр да жетиштүү эле. Акыркы беш жылда бул кыштак кайра жанданып, эшик-терезелери тонолгон үйлөрдөн кирип-чыккан адамдар көрүнүп, тирүүлүктүн белгиси катары түтүн булай баштады.

Кайыңды азыркы күндө.Өнөр жайы
Ушул жылдын тогуз айында
Кайыңды кыштагында бардык өнөр жай ишканалары 66 миллион сомдук продукция чыгарышкан. Бөлүп айтсак: "Кайыңды Тянь-Шань" ЖЧКсы 62 млн. сомдук, "Кайыңды кабель заводу" ААКсы 1,4 млн. сомдук, ж.б. ишканалардын көрсөткүчтөрү былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду. Республикадагы экинин бири болгон
"Кайыңды кант" акционердик коому объективдүү себептерге байланыштуу арышын кенен таштай албай, кайтарымдуулугу төмөн бойдон калууда.

Социалдык өнүгүү мерчеминин аткарылышы
Кайыңды кыштак башкармалыгынын орчундуу аткарган иш-аракетинин бири - "Балачак" балдар бакчасын АРИС долбоору (3,1 млн. сом) аркылуу ишке киргизгендиги деп айтсак болчудай. Кыштак башкармалыгы эмеректерди, жабдууларды алууга өз бюджетинен 1,2 млн. сом бөлүп, эми эки жүзгө жакын жеткинчектер кем-карчсыз тарбияланып жатышат.
Ушул мезгилде өз каражаттары менен үч көчөгө шагыл төгүлүп оңдолду, Бейзери көчөсүндөгү жер астынан көтөрүлгөн сууларды нукка салуу максатында жабык типтеги кургатуу каналынын курулушун (0,5 млн. сом сарпталды) бүткөрүштү.
Кыштак башкармалыгы белсенип өз күчү менен бүткөрүүгө киришкен дагы бир ири долбоор - жалпы баасы 1,8 млн. сомдук муниципалдык мончонун курулушу деп өзгөчө белгилөө орундуу болуп турат. Бүгүнкү күнгө чейин бюджеттен 0,5 млн. сом пайдаланылып, курулуш кызуу темпте кулачын
жайып баратат.
Кыштакта кышка карата камбыл даярдыктарды көрүшүп тургундар, мекеме-ишканалар көмүр, отун менен толук камсыз болушту, убактылуу көмүр сатуучу кампадан тоннасы 2,600 сомдон көмүр ушул күнгө чейин сатылып жатат.
2009-жылдын тогуз айында кыштактагы билим берүү мекемелерине 558 миң сом акча каражаты оңдоп-түзөө жумуштары үчүн бөлүнүп берилди.
Кыштак башкармалыгындагы дагы бир өзгөчөлүк - мында билим берүү тармагында иштеген 79 мугалимдин коммуналдык тейлөө акысы үчүн бюджеттен 237 миң сом каралып, анын 185 миң сому төлөнүп берилген. Алган айлыктарын күндөлүк керектөөлөрүнө өп-чап жеткирген мугалимдер үчүн бул кошумча каражаттар жашоо-шартын жакшыртуунун бир булагы катары жардамы чоң.
Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте кыштак башкармалыгы "Эдельвейс" балдардын ден соолук чыңдоо борборунда он төрт жашка чейинки эки жүздөй окуучулардын эс алуусуна жакшы шарттарды түзүп бергени да быйылкы кыштак башкармалыгынын жаңылыгы деп кабылдоого болот.
Тургундарды социалдык колдоо
2009-жылдын үч кварталында кыштак башкармалыгы тарабынан жалпы 114 адамга 79 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.
Кыштакты көрктөндүрүү
Кыштак башкармалыгы тарабынан таштандыларды чыгарууга 501 миң сом, кыштак башкармалыгынын имаратын оңдоого 488 миң сом, борбордук Тынчтык көчөсүн иретке келтирүүгө, көрктөндүрүүгө 231 миң сом бөлүнгөн, кыштак боюнча жаз айларында 4400 түп бак-дарактардын көчөттөрү олтургузулган.
"Элге" элге кызмат кылат
2004-жылы кыштак башкармалыгынын алдында "Элге" жергиликтүү өнүгүү фонду уюштурулган. Бул фонддун алгачкы 50 миң сом каражаты демөөрчүлөр тарабынан түптөлүп анын негизги максаты аз камсыз үй-бүлөлөрдү он беш пайыздык насыя менен камсыз кылуу үчүн негизделген. Азыркы учурда фонддун каражаты бир жарым миллион сомдон ашты. Быйыл эле 15 үй-бүлө эки жүз миң сомдон ашык насыя менен камсыз болушту.
Кайыңдыда ондон ашык өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп, жүздөн ашык үй-бүлө анын кызматынан пайдалана алышат.
Каржы маселеси
Тогуз айда бюджеттин киреше бөлүгү болжолдонгон 5,7 миллион сомдун ордуна 7,6 миллион сом түшүп, жыйымдар 131 пайызга аткарылган. Бул маалыматты чечмелеп берсек ал төмөндөгүдөй: сатыктан түшкөн салыктан 2 млн. сом (317 пайызга аткарылган) акылуу тейлөөдөн түшкөн салык 1,5 млн. сом (186%), айыл чарба эмес жерлерден түшкөн салык 1,5 млн. сом, автоунаа ээлеринен түшкөнү 930 млн. сомду түзгөн. Жалпылап айтсак, бардык салыктын түрлөрүнөн каражат пландагыдан алда канча көп жыйналган. Демек, кыштактагы негизги ишканалар өндүрүмдүү иштеп ошого жараша салык төлөмдөрүнүн көлөмү жогору болгон.
Кыштак башкармалыгы
Жогорудагы биз атаган аткарылган жумуштарда башкармалыктын, анын башчысы Эркин Иманкуловдун да эмгеги бар. Башкармалыктын жооптуу кызматкерлери үчүн тиешелүү шарттардын бардыгы түзүлүп берилген, компьютерлер, кызматтык автоунаа менен камсыз болушкан. Алардын айтымында тургундар үчүн да иштеп-жашоого жетиштүү шарттарды түзүп берүүгө, кыштакты гүлдөп, өсүп-өнүккөн мурдагы калыбына кайтарууга мезгил келип жетти.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"