, 17.11.09 - 11-бет:
  Тарых

Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Ташманбет Кененсариев 60 жашка чыкты. Ал өзүнүн турмуш жолун эң төмөнкү тепкичтен баштаган. Адегенде педтехникумду бүтүрүп, анан аскерге барып келип, төрт жыл мектепте мугалим болуп иштеп, анан КУУнун тарых факультетине кирип, аны артыкчылык диплому менен аяктап, Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын бүтүрүп, 1984-жылы кандидаттык диссертациясын жактайт.
Андан бери КУУнун, ОшМУнун мугалими, декан, 1999-2006-жылдарда ОшМУда биринчи проректор, 2006-2008-жылдарда Президентке караштуу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары, КРСУнун проректору болуп иштеп келди. Ал эми 2008-жылдын ноябрынан бери ЖАМУнун ректору болуп иштөөдө. Кыргыз, орус, өзбек, англис, кытай, түрк, немец, перс жана поляк тилдеринде 300гө жакын эмгеги жарыяланды. Алардын ичинен 12си монография, үчөөсү окуу китеп, 16сы усулдук көрсөтмө, калгандары илимий макалалар.

Тарыхчы аалым, реформачыл ректор
Профессордун негизги илимий жыйынтыктары
Профессор Т.Кененсариев азыркы күнкорсуз кыргыз тарыхнаамасына, саясат таануусуна, инсан таануусуна бир катар салымдарды киргизип, төмөнкү концептуалдуу илимий жыйынтыктарды сунуштаган:
1. ХХ кылымдагы кыргыз улуттук тарыхнаамасында тарых илими саясый конъюнктурага баш ийип, коммунисттик идеологиянын куралы, атүгүл кулу болуп келгендиги анык. Ошого байланыштуу кыргыз тарыхнаамасынын эң ири өкүлү академик Б.Жамгерчинов 50-60-жылдары кыргыз эли Орусияга ыктыярдуу кошулган деген илимий тыянакты жактап келген. Бул теория жакынкы жылдарга чейин эле бузулгус теория катары жашап келди. Т.Кененсариев 80-90-жылдардагы илимий изилдөөлөрдө, айрыкча "Кыргызстандын Орусияга каратылышы" (1997), доктордук диссертациясында (1998), "XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы Кыргызстандагы саясый өнүгүү" (2009) деген көлөмдүү монографияларында жана бир катар ири макалаларында ал теорияны жокко чыгарып, улуу муундарга тикеден-тике каршы чыкпастан, ошол эле учурда алардын ишин улантып, бирок Кыргызстан жана кыргыз эли Орусияга каратылган, атүгүл түштүк Кыргызстан басылып алынган деген тыянак чыгарган. Бул концепция тапсыз, партиясыз көз караштар менен коштолгон. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы толук түрдө 1863-жылы эмес, 1868-жылы гана ишке ашкан. Бул жерлерди каратып алууда эки модел: (келишимдер, бүтүмдөр жана куралдуу басып алуу) колдонулуп, бүтүм жана куралдуу басып алуу аркылуу 1868-жылы гана ишке ашкан. Ал эми түштүк Кыргызстанды каратуу 1873-1876-жылдардагы элдик кыймыл менен коштолуп, ал тикеден-тике куралдын күчү менен ишке ашкан. Орусиянын Кыргызстанды басып алышынын экинчи доору болгон түштүк кыргыздарын каратуу жараяны басып алуу болгон деп жыйынтык чыгарган.
2. Советтик тарыхнаама Орусиянын Кыргызстандагы XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы административдик, социалдык-экономикалык саясатын бир тараптуу гана прогрессивдүү, кыргыз элин өнүгүүгө алып келген, караңгылыктан, жок болуп кетүүдөн чыгарган деген саясый конъюнктуралык көз карашта турса, Т.Кененсариев "Кыргызстандын эң байыркы мезгилден ХIХ кылымдын соңуна чейинки тарыхы.//Жог.окуу жайл. үчүн окуу китеби." аттуу кыргыз (1998), орус (1996), өзбек (1997) тилдеринде жарык көргөн окуу китебинде, "Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане в конце XIX - начале XX вв." (2009) аттуу илимий монографиясында жана бир катар ири макалаларында Орусиянын Кыргызстандагы XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы саясаты түп-тамырынан бери колониалдык саясат болгондугун, Кыргызстан Кавказ, Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Борбордук Азиянын башка чөлкөмдөрүндөй эле глобалдуу "орусташтыруу" жараянынын алкагында "чыныгы типтеги" колониянын белгилерине жооп берген өнүгүүдө жашагандыгын далилдеген.
3. Мурунку тарыхнаама Кокон хандыгынын тарыхын кыргыз тарыхынан башка карап, аны Өзбекстандын тарыхы катары туюнуп келген. Атүгүл кыргыздарды Кокон хандыгы колониялык негизде эзген, андан Орусия бошоткон деген да бүтүм чыгарышкан. Т.Кененсариев Кокон хандыгында кыргыздар хандыктын алгачкы күндөрүнөн баштап эле бул мамлекеттин жарандары катары жашап келгендигин, демек хандык кыргыз элинин да мамлекеттүүлүгү болгондугун, Кокон хандыгындагы борбордук саясый бийликте Нүзүп бий, Алымбек датка, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек сыяктуу кыргыз бийлери активдүү катышкандыгын, ошондуктан Кокон хандыгынын тарыхы кыргыз тарыхынын ажырагыс бөлүгү, ал эми Кокон хандыгы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү болгон деген концепцияны өнүктүрүп, аны "Кыргыздар жана Кокон хандыгы" деген кыргыз(1997), англис (2000) жана иран (2002) тилдеринде жарык көргөн монографияларында жана бир катар ири макалаларында чагылдырат.
4. Инсан таануу маселеси тарыхнааманын ажырагыс багыттарынын бири. Бирок, ал советтик тарыхнаамада олуттуу бийиктикке чыга алган эмес. Эгемендүүлүктүн алдындагы жылдардан баштап, айрыкча суверендүү кыргыз тарыхнаамасы бул маселени жаңы концептуалдуу нукка салды. Т.Кененсариев "Искак Асан уулу Полот хан" (1997), "Алымкул аталык" (1999), "Горная царица Курманжан и ее время" деген орус (2002), англис (2002) жана кытай (2005) тилдеринде башка окумуштуулар менен авторлоштукта жарыяланган көлөмдүү монографияларында Нүзүп бийге, Алымбек даткага, Алымкул лашкер башчыга, Курманжан даткага, Искак Асан уулу Полот ханга, Абдылдабекке, Мамыр Мерген уулуна, Зиябидин Магзумиге, Чыйбыл болушка жана башка тарыхый инсандарга арналган ири макалаларында XIX жана XX кылымдын башындагы кыргыз тарыхында көрүнүктүү ролду ойногон тарыхый инсандардын, мамлекеттик ишмерлердин, кыргыз элинин азаттык күрөштөрүн баштаган чыныгы эл уулдарынын өмүр-бейнесин, ишмердигин жана тарыхый ролун ачып берип, кыргыз тарыхнаамасында инсан таануу маселесине олуттуу салым киргизе алган.
5. Ушул мезгилге чейин Европанын, Орусиянын тарыхчылары, айрым бир Л.Гумилев сыяктуу окумуштууларды эсепке албаганда, түрк элдеринин тарыхын экинчи планга коюшуп, атүгүл түрк элдерин экинчи сорттогу эл катары карашып, натыйжада алардын дүйнө цивилизациясындагы ролун көрсөтө албай келгендиги маалым. Акыркы мезгилдерде гана бул маселеге Казакстандын, Татарстандын жана бир катар өлкөлөрдүн тарыхчылары жакшы көңүл бурушууда. Т.Кененсариев да бул жагдайда "Улуу Көч" теориясын жаңыча карап, анын этаптарын үч бөлүккө бөлүп, 1500 жыл чамасында Евразия континентинде ишке ашкан, ошол процессте түрк элдери дүйнө цивилизациясына эң чоң жана жаркын салымдарды кошо алган, атүгүл Х-ХII кылымдарда Орто-Азиядагы түрк элдери дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы позициясына чыга алган деген концепцияны сунуш кылууда. Аталган багытта бир катар ири макалалары жарык көрүп, Түркия, Кытай жана Россия федерациясындагы конференцияларда, конгресстерде жана симпозиумдарда баяндамаларды жасады. Мындай концептуалдуу проблемага арналган илимий монографиясы да даяр.
6. Акыркы жылдарда Т.Кененсариев эгемендүү Кыргызстандын саясый, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан саясат таануу жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүздү. 2006-2009-жылдарда кыргыз, орус, англис, немец, поляк, түрк, кытай тилдеринде жарык көргөн, электрондук сайттарга жайгаштырылган ири макалаларында, Кыргызстандагы, Кытайдагы, Ирандагы, Түркиядагы илимий жыйындарда окуган баяндамаларында Кыргызстандын эгемендүүлүк доорундагы саясый, экономикалык өнүгүүсү, 2005-жылдардагы окуялар, мамлекеттик идеология, суу жана энергетика маселелери, жарандык өнүгүү жана демократия, оппозициялык кыймылдар тууралуу олуттуу көз караштарды жарыялаган жана аталган проблемаларды чечүүгө багытталган ири сунуштарды берген.
Т.Кененсариев жогоркулардан башка бир катар тарыхнаамалык, окутуу маселелерине тиешелүү илимий сунуштарды да киргизүүдө.
ЖАМУ
системдүү реформаланууда
Т.Кененсариев Жалал-Абад мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалган алгачкы күндөн баштап эле приоритеттик иштер боюнча конкреттүү план түзүлдү. Ал план боюнча эң биринчи кезекте университеттик башкаруу реформаланды. Ректорат жаңыдан куралды. 4 проректор, университеттин борбордук жетектөө уюмдарынын башчылары, 9 факультеттин декандарынын, кафедра башчыларынын бир катары жаш, перспективдүү кадрлар менен алмашылды. Жалпысынан 100дөн ашуун штат, келечексиз деп саналган 17 адистик, бир нече түзүмдөр кыскартылды, ошол эле учурда университетке зарыл болгон жаңы бөлүмдөр түзүлдү, заманбап адистиктер ачылды. Финансыны экономдоонун негизинде айлык акылар 2009-жылдын 1-январынан баштап мүмкүнчүлүккө жараша көтөрүлдү.
Т.Кененсариевдин демилгеси менен илимге умтулган жаш окумуштууларды колдоо, илимий даражаларын жогорулатууга умтулууну стимулдаштыруу саясаты жолго коюлду. Мисалы, университетте докторлук диссертациясын коргоого коюп, авторефератын
даярдаган окутуучуга 10000 сом, ал эми кандидаттык диссертациянын талапкерине 5000 сом колдоо көрсөтүлөт.
Университеттин ишмердүүлүгү илим-изилдөөсүз жүрбөшү айкын. Демек, илимий ишти жандандыруу максатында университеттин базасында кандидаттык диссертацияларды коргоочу 2 Атайын кеңеш ачуу максаты коюлган. Маселе чечилүү алдында турат. Эл аралык жана тышкы байланыштарды күчөтүү максатында Россиялык "Русский мир" аттуу Эл аралык борбордун филиалын ачуу ишке ашууда. КРСУ менен биргеликте түзүлгөн эки университеттин келишиминин негизинде эл аралык мамилелер, дүйнөлүк экономика, энергетика жаатында паритеттик билим берүү түзүмдөрүн ачуу менен жаштарды россиялык стандарт менен так ушул ЖАМУдан билим алууга чакыруу иши жолго коюлуп, быйылкы окуу жылына карата 70ке жакын талапкерлер кабыл алынды.
Азыркы билим берүү системасынын өнүгүшүн жана келечегин маалымат технологиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Т.Кененсариев бул маселени келген күндөн баштап эле көңүлдүн борборуна койгон. Университеттин каражаттарынан үнөмдөлгөн акчадан биринчи кезекте 70тен ашуун эң акыркы үлгүлөрдөгү компьютер сатылып алынып, окуу структураларынын эң зарыл деп эсептелгендерине таратылып берилди. Жогоруда аталган Концепциянын приоритеттүү деп саналган багыттарынын бири бул - университетти компьютерлештирүү саясаты болуп эсептелди.
Чарба жана тейлөө иштеринде реформа жүрүп, башкаруу эффективдүү болушу үчүн курамында окуу жайын керектүү эмеректер менен камсыз кыла алуучу жыгач иштетүүчү, нан жана булочка бышыруучу цехтер, майда ремонт иштери үчүн мобилдүү бригадасы бар "Курулуш жана тейлөө департаменти" , 16 окуу имарат, 3 жатакананы тейлеген "Студенттик үй" комплекси түзүлдү. Базар-Коргон районунда жайгашкан "окуу-тажрыйба" участогунун, Арсланбаптагы эс алуу зонасынын абалы териштирилип, укуктук-чарбалык абалы тастыкталып, ишмердүүлүгү жолго коюлду. Азыркы учурда турак жайдан кыйналып жаткан жаш окутуучулардын социалдык маселелерин чечүүгө аракеттер көрүлүп,
ЖАМУнун КАМПУСун куруу долбоорун иштеп чыгуу жана аны республикалык деңгээлде бекитүүгө жетишүү максаты коюлууда.
Шаар четинде жайгашкан "Курманбек фольклордук-этнографиялык талаасы" он чакты жылдан бери каралбай чөп басып тургандыктан, шаардык мериядан "ишенимдүү башкаруу" статусу менен университетке өткөрүлүп алынып, ал жер "ЖАМУнун Курманбек фольклордук-этнографиялык комплекси" деген аталышта эс алуучу жана маданий иш-чараларын өткөрүүчү шаардыктардын сүйүктүү жайына айландырыла баштады.
КРнын Президенти К.С.Бакиевдин демилгеси менен даярдалып жаткан билим берүү реформасына ЖАМУ тарабынан бир топ сунуштар берилди. Алардын ичинде айыл жерлерин мугалимдер менен камсыз кылуунун айланасында "Билим берүү банкын" түзүү менен анын каржылоосу аркасында айыл жергесинде социалдык мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлерди контракттык келишим менен окутуу системасын киргизүү сунушу айтылды. Т.Кененсариевдин пикири боюнча аталган "Билим берүү банкы" ислам банктарынын принциптери менен (күрөө пайызы жок) иштеп, ал 4 тараптуу келишимдин түзүлүшү (банк - каржылоочу, жергиликтүү айыл өкмөтү - кепил болуучу, университет - заказ алуучу жана талапкер - келечекте айылга барып эмгектене турган адис) менен тастыкталса, бул система айыл жерлеринде мугалим кадрларды камсыздоо гана эмес, шаарларда жашаган социалдык жактан кыйналып жаткан үй-бүлөлөрдүн окуйм деген дилгир жаштарына да зор мүмкүнчүлүктөрдү түзөт эле.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Кененсариев Ташманбеттин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору катары жүргүзгөн жетекчилик кызматынын жогоруда саналып өткөн мисалдарынан анын дасыккан тажрыйбалуу жетекчи болуп калыптанып калгандыгын баамдабай коюуга мүмкүн эмес. Буюрса, Т.Кененсариевдин жетекчилигинде Кыргызстандын ири жогорку окуу жайларынын бири болгон Жалал-Абад мамлекеттик университети жакынкы жылдарда алдыңкы көп тармактуу университет гана болбостон, Жалал-Абад регионунун, түштүк жергесинин билим берүү, илимий-изилдөө жана маданий борборуна айланат деп ишенүүгө толук негиз бар.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"