, 13.11.09 - 4-бет: Максим БАКИЕВ :
Кыргызстандык-америкалык
бизнес долбоорлорду
ишке ашырууга даярбыз
- Дүйнөдө эң ири болуп эсептелгендигине карабастан,
- АКШнын экономикасы Кыргызстандын жалпы товар алмашуусунун 2 гана пайызын түзөт. Ал эми түз америкалык инвестициялардын үлүшү өлкөбүзгө келип жаткан инвестициялардын жети пайызынан ашпайт,-деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев Бишкекте болуп өткөн "АКШда бизнес жүргүзүү" деп аталган кыргызстандык-америкалык конференцияда.

Конференцияга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана К.Гфеллэр, Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сар-баев, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана эларалык институттардын өкүлдөрү катышышты.
Татиана К.Гфеллэр айымдын айтымында, бул форум Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
- Укук системалары, ишкердик маданияты чөйрөсүндөгү айырмачылыктарга, АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аралыкка байланыштуу биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда тоскоолдуктар бар. Бирок соода жана инвестициялык долбоорлор чөйрөсүндөгү долбоорлор чоң перспективага ээ,- деп билдирди Татиана Гфеллэр айым конференцияда.
Ал эми Максим Бакиев белгилегендей, Кыргызстан АКШнын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү болуп калды. Ошол эле учурда, эки өлкөнүн экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жети-шээрлик деңгээлде активдүү болбой жатат. Бүгүнкү конференция АКШ менен бизнес жүргүзүүдөгү кызматташтыктын жаңы чөйрөлөрүн жана формаларын табууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Агенттиктин жетекчиси жаңыдан түзүлгөн ведомство жакынкы аралыкта бир нече долбоорлорду ишке ашырмакчы экендигин белгиледи. Алар: "Мамлекеттик ипотекалык компания", "Мамлекеттик лизингдик компания", "Мамлекеттик микрокредиттик компания", "Агропродкорпорацияны докапитализациялоо".
Бул долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана АКШ менен Кыргызстандын жеке бизнесинин ортосундагы мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн өбөлгө болушу мүмкүн. Андан сырткары, транзиттик ташуулар борборунун ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташтыктын потенциалын толук көлөмдө реализациялоо зарыл.
- Бүгүнкү конференциянын алкагында биз кыргызстандык компания тарабынан ишке ашырылып, америкалык рынокко багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулоого жана Өнүктүрүү боюнча агенттиктин же башка институттун ага катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даярбыз,- деди агенттиктин жетекчиси.
Анын айтымында, Өнүктүрүү боюнча агенттик инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу жана Бүткүлдүйнөлүк Doing Business банкынын эларалык рейтингинде Кыргызстандын позициясын көтөрүү боюнча иштерди уланта бермекчи.
Конференциянын жүрүшүндө АКШнын соода министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнө АКШда бизнес жүргүзүү жөнүндө айтып, ишкерлерге кеңештерин берди.
Ошондой эле америкалык рыноктогу маркетингдин принциптери талкууланды. Конференциянын сессиясынын жүрүшүндө кыргызстандык ишкерлер тышкы соода рыногуна кантип чыгып жана АКШда бизнести кантип ачса болот деген суроого жооп ала алышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы





Тынчтыкбек Чекиев - Нарын губернатору
Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Чекиев Тынчтыкбек Бешкемпирович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп дайындалды. Берген арызына ылайык Суваналиев Өмүрбек Исакович бул кызматтан бошотулду.
Президенттин буйругу менен Бакашев Мирадил Амангелдиевич Нарын облусунун администрация башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.


Жибек жолу алкагында
Транспорт
коридорлору түзүлөт
Бишкекте Кыргызстандын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлеринин орун басарларынын жетекчилигиндеги атайын жумушчу топ эки күндүк кеңешмеде Ташкент-Анжиян-Ош-Сарыташ-Эркечтам-Кашкар жүк ташуучу автомобилдик каттамдарды ишке киргизүү маселесин карашты. Үч тараптуу сүйлөшүүнү Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Абдракман Маматалиев жетектеди.

Кыргыз, Кытай, Өзбек Республикаларын байланыштырган Ташкент-Ош-Кашгар жүк ташуу каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык келишим 1998-жылы түзүлгөн. Он бир жыл мурун түзүлгөн эл аралык каттамдын ишке киргизилбей келгендигине өзбек туугандардын бир тараптуу келишимди бузгандыгы себеп болгон.
Өзбек Республикасы Кыргызстандын ар бир аймагына кирген автомашинасынан 300 АКШ долларынан акча алып турушкан. Андан сырткары бажы салыгы деп 50дөн 72 АКШ долларынан алышкан.
Кыргызстан эки жылдан бери Өзбекстандан кирген автомобилдерден алынуучу төлөмдөрдү кыскартуу, жоюу талаптарын коюп келген. Бул маселе акыры чечилип, эми кыргызстандык жергиликтүү ай-
доочулар Өзбекстандын жолунда жүргөндүгү үчүн 300 доллардан төлөбөй турган болушту.
Өзбек тарап жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан азырынча Анжиянга чейин гана автомобилдерди киргизип жатышкандыктарын билдиришти.
Кыргыз тарап кытайлык өнөктөштөрдөн Кашгарга чейин автомобилдерди киргизүүнү, ар бир машинага 20 миң юандан алынуучу бажы төлөмүн азайтууну сунуштады.
Кытай тарап коюлган, талкууланган маселелердин өкмөттүк деңгээлде караларын, бардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынарын, ийкемдүү чечилерин билдирди.
Жумушчу топтун кеңешмеси иштиктүү өтүп, Азияга, Европага чыгуучу транспорттук коридорлорду түзүү боюнча келечектүү багыттарды аныкташып, аны чечүүнүн маселелерине токтолушуп, кандайча ишке ашыруунун пландарын түзүштү.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"





Ички иштер министри М.Конгантиев:
"Элдик милиция боло алсак,
эмгегибиздин акталганы"
Селектордук
кеңешме
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына байланыштуу аземде сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев милициянын алдына конкреттүү милдеттерди койгон болчу. 9-ноябрда КРнын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты М.Конгантиев өткөргөн селектордук кеңешме мамлекет башчысынын ошол жыйында жүктөлгөн талаптарын ишке ашыруу маселелерине арналды.
Атап айтканда, мамлекет башчысы кыргыз милициясына беш милдетти жүктөгөн, алар:
- Жаштар, өспүрүмдөр арасында укук тартиптерин бузуулардын алдын алууну күчөтүү, кылмыштарды тез ачууга өбөлгө болуучу иштерди өркүндөтүү;
- ички иштер органдарынын ишмердигинде мыйзамдуулукту чыңдоо, коррупция фактыларын түп-тамырынан жоюу, өзгөчө жол көзөмөлдөө, паспорттук-визалык кызматтардын ишиндеги кемчиликтерден арылуу;
- кадрларды туура тандап жана жайгаштырып, жеке курамдын адептик таалим-тарбиясына көңүл буруу;
- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин көтөрүү;
- милиция кызматкерин социалдык жактан коргоо боюнча максаттуу иштерди андан ары чыңдоо.
Ушуга байланыштуу министр укук бузуулардын алдын-алуу боюнча бир нече жылды камтыган мамлекеттик программанын долбоорун Өкмөттө макулдашууну тездетүүнүн зарылчылыгын белгиледи, долбоордо мамлекет башчысы көрсөткөн бардык иш-чаралар пландаштырылган. Ошондой эле, М.Конгантиев ИИМге тиешелүү стратегиялык мамлекеттик документтерди кайра иштеп чыгуу керектигин айтты. Алардын ичинде өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы, баңгизат бизнесине, диний экстремизмге, коррупцияга, балдар кылмыштарына каршы күрөшүү маселелери бар. Кабыл алынган документтерди жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө максатында пландуу түрдө жыйындарды өткөрүү зарыл.
Министр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Т.Дегембаевге ИИМдин сунуштарын Бишкек шаарын 2010-2015-жылдары өнүктүрүү концепциясынын долбооруна жана 2009-2012-жылдардагы "Жаңыртылган борбор" программасына киргизүүгө тапшырма берди. 2006-жылы иштелип чыккан шаардык программанын долбоорунда чарбачылык эсептеги медициналык соолуктуруу жайларын кайра уюштуруу, шаар ичинде тартипти бекемдөө сыяктуу демилгелер болгон. Министрдин айтымында, ошол демилгелерди иш жүзүнө ашыруунун мезгили келди. Ошондой эле, ИИМдин жетекчиси Бишкек мэри көтөрүп чыккан "Скандинавиялык моделдин" борбордук милициянын проблемаларын чечүүгө ыңгайлуу экенин атап көрсөттү. Анда милиция кызматтарына тиешелүү тарифтерди шаар тургундарынын өздөрү аныктай турган болот.
Селектордук кеңешмеде милиция органдарынын жетекчилери өзүнө караштуу кызматтарды тымызын текшерип турууну активдештирүү керектиги айтылды. Бул системалуу түрдө болуп, ал эми коопсуздук кызматы мындай иш-чаралардын натыйжалуулугун көзөмөлдөп турушат.
Министр милиция ишмердигинин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануусуна кайрылып, милициянын проблемалары жана аны чечүүнүн жолдору жөнүндө кызыкдар тараптар менен диалог жүргүзүүгө, алардын акыл-кеңешин тыңдоого даярдыгын маалымдады.
Селектордук кеңешмеде М.Конгантиев облустардагы ички иштер органдарынын жетекчилеринин сөзүн угуп, андан соң, коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды.
Министр аймактагы ички иштер органдарынын жетекчилерине та-
лоончулук жана адам өлтүрүү сыяктуу элдин ачуу-ызасын туудурган кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди күчөтүүгө, аларды көзөмөлгө алып гана койбой, оперативдик-издөө иш чараларын пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга өзү да катышып, ошону менен бирге башка да укук коргоо органдарынын тажрыйбалуу адистерин тартууга тапшырма берди.
Караколдогу
салтанат
Милиционерлер түз же кыйыр түрдө болсун өлкөбүздүн турмушу менен ишмердигинин бардык тармактарына катышат. Бүгүнкү күнү милициянын социалдык милдети, ишинин ачык-айкындуулугу жана коомдун көзөмөлүндө турганы абдан маанилүү, - деди 7-ноябрда Каракол шаарында Кыргыз милициясынын күнүнө арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө КРнын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев.
Министр өз сөзүндө милициянын жер-жерлердеги участкалык инспекторлордун кызматтарына өзгөчө көңүл бурду. Алар эл менен тыгыз карым-катнашта иштешет, ошондуктан участкалык милицияларга талап күчтүү бойдон кала берет.
ИИМдин жетекчиси жыйында Президент К.Бакиевдин милиция кызматкерлерине чоң жоопкерчиликти жүктөп отурганын, ошону менен катар камкордуктун да көрүлүп жатканын баса белгиледи.
Милиция бөлүктөрүнө жаңы техникалар бөлүнүүдө, кызматкерлердин турак-жай жана тиричилик шарттары жакшыртылууда, айлык акылары айтарлыктай көбөйтүлгөн. 85 жылдык салтанатта 48 автомашина белекке тартууланган.
Министр милиция ардагерлерине жана кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө да алардын колдоо көрсөтүп отургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле, мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча ар бир айыл өкмөтүндө коомдук-профилактикалык борбор, билим берүү мекемелеринде мектеп инспекторунун кабинети түзүлөрү айтылды.
М.Конгантиев облустук мамадминистрациянын, бир катар райондук акимчиликтердин, шаардын жана айыл округдарынын башчыларынын милиция ишине олуттуу колдоо көргөзүп отурганын баса белгилеп өттү. Алсак, 2009-жылы Ысык-Көл облустук мамадминистрациясы ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого 1 млн. 415 миң сом бөлүп берген. Ал эми Жети-Өгүз району (акими-Тынчтыкбек Чекиев, учурда Нарын облусунун губернатору) райондун бюджетинен Жети-Өгүз райондук РИИБнин имаратын капиталдык жөндөөгө жана башка да керек-жарактарга 1 млн. 250 миң сом, андан тышкары ИВСти каржылоого, күйүүчү-майлоочу май алууга 250 миң сом бөлүп берген.
Салтанатта облустан 4 адам "Кыргыз милициясына 85 жыл" юбилейлик медалы менен, 5 адам ИИМдин Ардак грамотасы менен жана бир топ кызматкерлер акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"