, 13.11.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Коррупциядан кантип арылса болот?
Иш алып барууда, кадр тандоодо ар бир жетекчинин өз ыкмасы болот. Ал эми ошол кадрлары менен биргелешип казына каражатына кол салуусу, пара алуусу - анын коррупционер экендигин айгинелейт.
Текшерүүдөн болсо, аман калуу үчүн алар тууганчылыкты, досчулукту пайдалануу жана мамлекеттен уурдап алган каражаттын бир бөлүгүн берүү менен сактанышат.
Мамлекет ичинде майда-чоң жетекчилердин коррупциялык түзүлүштөрдү миңдеп куруп алышы - өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык деңгээлде бөгөт болуп жатканын элестетиңиз.
Бирок, коррупцияны жоюуга болот. Ал үчүн, биринчиден, бийликке эл ичинен акылдуу, түз адамдардын топтолушу зарыл. Экинчиден, ошол бийликке, опсуз байлыкка умтулбаган түз адамдар аркылуу эл менен жетекчилер түз байланышып туруусу зарыл. Жана бийлик маалымат менен камсыз болууну күчөтүүсү керек.
Бул - ата-бабадан келаткан жемиштүү тажрыйба. Мисалы, Ысык-Көлдүн элин бийлеген Боромбайдын акыл кошчулары - өзүнүн малын баккан Дөөлөс - Сарт аке, жалчысы - Тилекмат аке болгон.
Мындан 40 жыл мурун Нарын жеринде элдик бакубат түзүлүш бар болчу. Бир айылдагы таасирлүү адамдарды чогултуп, эл ичинен чыга калган тентектерди тыйып, уяткарып турушчу. Бул сыяктуу, жүздөгөн жана миңдеген жылдар эл башкаруунун өзөгүн түзүп турган түзүлүштөр тарыхый шарттардан улам жоюлуп кеткен. Азыркы убактан так далил келтирсек, мындай түзүлүш Алтай жергесинде сакталып калган. Жыйынтыгы жаман эмес.
Деги эле, жетекчи бардык учурда элдик тажрыйбага таянып, эл менен эсептешүүсү керек. Элдин үнү - Кудайдын үнү.
Эл коррупциядан сырткары дагы эмнеден зыян тартат?
Шалаакылыктан, жалкоолуктан, сойкулуктан, алдамчылыктан, туура эмес көз караштардын (мисалы, диний туура эмес көз караштардын, кыймылдардын) кесепетинен, эмгекке жана билимге туура эмес мамиледен, айлана-чөйрөнү, жаратылышты сактабоодон жана өркүндөтпөөдөн ж.б. эл зыян тартат.
Мисалы, эң эле жөнөкөй мисал, трактор менен жер айдоону алалы. Тракторист өзү башкарган унаанын мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбагандыктан, жер тайыз айдалып калды дейли. Натыйжада жердин тик азык алмашуусу болбойт. Эгерде жер тереңирээк айдалганда түшүм 2-3 эсеге арбын болмок. Жерди туура иштетип, түшүмдү көбөйтүүнүн негизинде жалпы элдин жашоо дең-гээли жылына 12%га өсөөрүн, кедейлик толук болбосо да жоюлары көрүнүп турбайбы.
Бул бир эле тармак боюнча мисал. Буга окшогон калпыстыктар бардык тармактарда кездешет.
Майда көрүнгөн менен, жыйынтыгы өтө маанилүү болгон мындай маселелерди көрөгөчтүк менен көрө билип, кыраакылык менен мамиле жасаганыбызда гана "Тамчыдан көл куралат" дегендей, ийгиликтер жаралат.
Мукалай МОЙНОКОВ,
Ысык-Көл облусу,
Кызыл-Суу айылы




Бактылуу үй-бүлөлөр тууралуу жазсаңар...
Эгемендикке ээ болгону үй-бүлө маселеси өтө татаалдашып кеткендиги белгилүү.
Сойкулук, никесиз төрөп коюу, балдарын бакпай таштап кетүү, өлтүрүп коюу, ажырашуунун көптүгү, кыргыз кыздарынын кытай, дунган, уйгур, чечен, корей өңдүү улуттардын өкүлдөрүнө күйөөгө чыгышы тарбия маселесине өзүнүн терс таасирин тийгизип келет. Ушул өңдүү терс көрүнүштөрдүн зыяндуулугу, үй-бүлө куруу, жубайлардын ынтымактуу өмүр сүрүүсү сыяктуу макалалар "Кыргыз Туусунда" көтөрүлүп, кенен чагылдырылса дурус болор эле.
Жаш жубайларга үлгү катары өзүмдүн өмүрүмдү мисал келтирсем болот. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1945-жылы аскерден бошоп келип эле декабрь айында үйлөндүм. Ушул күндө жубайым Бүбүнар экөөбүздүн
үй-бүлөлүк, ынтымак-ырашкердик жашообузга 63 жыл болду. Мына ушундай бирге узак өмүр сүрүшкөн ынтымактуу үй-бүлөлөр тууралуу көбүрөөк чагылдырсаңар максатка ылайыктуу болмок.
Акырында айтаарым биз, согуштун ардагерлери, "Кыргыз
Туусу" гезитин Президентибиз
К.Бакиевдин камкордугу менен эки жылдан бери бекер алып окуп жатабыз. Бул үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Турсун МАМБЕТТУРДУЕВ,
Тоң району,
Бөкөнбаев айылы