, 06.11.09 - 9-бет:
  Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына карата

Көптөргө үлгү болчу, азыр да үлгү болуп келатат
Бир кызык нерсени эстей кетким келет. 70-жылдары Турдакун Усубалиевдин эмгектеринин негизинде Москвадагы айрым илимий мекемелери ага тарых илиминин доктору деген наамды ыйгаруу жөнүндө маселени козгошкон. Бирок, Турдакун Усубалиевич баш тарткан. Кеч болсо да академик даражасы биздин Улуттук академия тарабынан берилип олтурат. Бул Турдакун Усубалиевич үчүн эле эмес, аны урматтагандар үчүн да чоң баа.
Турдакун Усубалиевичтин турмушуңузда эсте кала турган көп нерселер болгон. Мисалы, Ч.Айтматовго 50 жылдыгына байланыштуу Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын берүү маселеси козголгондо, ал бул маселени КПСС БКнын жетекчилери менен сүйлөшкөндө Суслов, Зимнянин дегендер советтик эч бир жазуучу, ишмер 50 жашында бул жогорку наамга ээ болгон эмес дешип аябай каршы болушат. Бирок, Турдакун Усубалиевич бул маселе менен Л.Брежневге кирип, оң жагына чечип чыгат. Патриархыбыз КПСС БКнын, СССР Министрлер Кеңешинин бөлүмдөрүнөн, тармактык министрликтерден аттап барып, андан башка да көп маселелерди чечип жүргөндүгүн жакшы билебиз.
Бул Кыргызстан СССРдин курамында жөн эле марионетка болгон дегендей пикирлер туура эмес экендигинен кабар берет. Турдакун Усубалиевичтин ынандырарлык аргументтеринен кийин акырында Брежнев наамды берүүгө аргасыз болгон. Т.Сыдыкбековго да наам берүү маселеси каралган, бирок Түкөмдүн ошол убактагы айрым аракеттери, жазгандары саясатка каршы келгендиктен, аны союздун тийиштүү органдары жакшы билишкендиктен, бул маселе ишке ашкан эмес.
Дагы бир нерсени айтайын. Патриархыбыз ушул убакка чейин 20дан ашык китепти чыгарды. Бул айрым илимпоздордун өмүр бою жазган эмгектеринен да көптүк кылат. Т.Усубалиевич алардын баарын өз ою, колу менен жазган. Ал бийликте турганында жардамчылары "биз материалдарды тапканга эле жардамдашпасак, башынан аягына чейин өзү жазат" деп айтышчу.
Мурдагы союздун жетекчилеринин бардыгы эле мындай жөндөмгө ээ болгон эмес. Сталин жөнүндө Рузвельт Черчиллге айткан экен: "Бул сүйлөгөн сөздөрүнүн бардыгын өзү жазат, бул бардык лидерлердин эле колунан келе бербейт" деп.
Т.Усубалиевичке да ошондой жазуучулук жөндөм берилген экен. Бул кишиден биз да ойду ирээти менен жеткирүү боюнча, стилдик жактан көп нерселерди үйрөндүк.
Дагы бир окуя эсиме түшүп жатат. Бир жолу Жазуучулар союзунун курултайында сценарий боюнча сүйлөп жаттым. Сценарийден четтеп кеткен окшойм, Т.Усубалиевич кулагыма шыбырап: "текстиң турбайбы, ошону карабайсыңбы" деп калды. Мен ошондо таң калгам. Аны каяктан көрүп, байкай койду. Мына ушундай кыраакылык, мамлекетти башкаруу ишин, саясатты билгендиги жагынан Т.Усубалиев көптөргө үлгү болчу, дагы деле үлгү болуп келатат.
Теңдик АСКАРОВ,
философия илимдеринин доктору, КРУИАнын
мүчө-корреспонденти




Анын колдоочусу - Бүркүт
Алтынды чаң баспайт. Ал канча кылым чаңда, же жердин астында жатса да алтын бойдон калат.
Жакшы адам өмүр бою жакшы бойдон калат: ал наркын жоготпойт, сынын бузбайт, шарапаты элге тиет, өз көмөчүнө күл тартпай, эл-жери үчүн кызмат кылат.
Ошондой аксакалдарыбыздын бири - Турдакун Усубалиев. Чейрек кылым республиканын Коммунисттик партиясын жетектеп, Кыргызстандын ысыгына да, суугуна да тоңуп, Мекени үчүн Москванын акаратын угуп, ошол кездеги Кремль жетекчилеринин бирине жакшы көрүнүп, бирине жаман көрүнүп жүргөн учурун аксакалдын алты томдон турган эскерүү китебин окуган адам жон териси менен сезет. Ал киши Кыргызстан үчүн зор эмгек кылыптыр: Чаткалды, Соң-Көлдү сактап калышы, борбор калаабызды ак мрамор шаарга айлантышы эмне деген эмгек...
Аксакал менен мурда-кийин тааныштыгым деле болгон эмес. Тек гана эки жолу баарлашуу вазийпасына туш келдим. Төмөндө ошол окуя жөнүндө бир-эки ооз сөз.
...1992-жылы министрлер кабинетинен Бишкектеги милициянын жогорку мектебине ишке которулдум. Бир күнү жумуш боюнча чогуу иштеген милициянын полковниги Каравай Асаналиев экөөбүз Кыргыз Республикасынын илимдер академиясына барууга туура келип калды. Жолду катар сөз кокусунан эле Турдакун Усубалиевич жөнүндө болуп кетти. Ал кишинин эмгегин мактадык. Көрсө, Каравай Асаналиевичтин тааныштыгы бар экен. Ал 1986-жылга чейин советтик жана партиялык имараттарды кайтаруу боюнча өзгөчө батальондун командири, азыркыча айтканда, мамлекеттик кайтаруу күзөт кызматында иштеген экен.
Каравай Асаналиевич сөзгө берилип, мага буларды айта баштады:
- Турдакун Усубалиевич жөн киши эмес, кыдыр колдогон киши. Мен мурда атеист элем, бирок ошол аксакалга байланышкан окуядан кийин менин аң сезимимде өзгөчө өзгөрүү пайда болду. Көзүң менен көрүп турсаң кантип ишенбейсиң.
1985-жылдын 2-ноябры күнү Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин пленуму болуп, Турдакун Усуба-
лиевичти ардактуу эс алууга узатышты. Пленум 40 гана мүнөт созулду. Пленум болуп жаткан учурда менде иштеген орус жигит энтеңдеп чуркап келди:
- Жолдош командир! Бүркүт! Бүркүт!
- Кайдагы бүркүт?
- Ак үйдүн үстүндө килейген бүркүт конуп отурат.
- Койсоңчу, шаарда кайдагы бүркүт? Сенин көзүңө көрүнсө керек, же кечээ "кылт" этип койдуң беле?
- Чын эле бүркүт конуп отурат. Кантип мен бүркүттү тааныбай калайын?!
- Жүрчү көрөлү.
Эшикке чыксак чын эле Өкмөт үйүнүн үстүндөгү Турдакун Усубалиевич отурчу кабинеттин тушунда зор бүркүт конуп отуруптур. Ак үйдүн ичинде пленум болуп жатат, аксакалдын кабинетинин үстүндө бүркүт конуп отурат. Өзүнчө эле мистика. Бир кезде пленум бүттү. Бүркүт Ак үйдөн учуп кетип, Ала-Тоо аянтынын каптал жагындагы Эл достугу эстелигинин үстүнө барып конду.
Турдакун Усубалиевич кабинетине барып кызмат машинасын чакыртты. Кимдир бирөө телефон чалып койгонбу, "сизге кызмат машинасына түшкөнгө болбойт" деп, өзү түшүп жүргөн "Чайкасын" же "Волгасын" жибербей, 00-13 ФИА деген кезмекте туруучу (разгонная) машинаны жибериптир. Караңызчы, 24 жыл биринчи секретарь болуп жүргөн адамга үйүнө жетип алганга жок дегенде кызмат машинасын ыраа көрүшкөн эмес.
Аксакалды узатып чыккан эч ким болгон жок. Баары кызматынан коркуп, бөгүп турушту. Мурда бийликте турганда шагырап салам бергенге зар болуп жүрүшкөн партфункционерлердин бири да коштошконго келбеди. Машинага чейин мен узатып барып, эшигин ачып, салып жибердим. Аксакал менен жылуу коштоштум. Ошол Турдакун Усубалиевичти узатып чыкканымды КГБнын агенттери тасмага тартып алышыптыр. Кийин ошонун айынан мени да кызматтан кетиришти.
- А, бүркүт эмне болду? - чыдай албай сурап жибердим.
- Бүркүтпү? Бүркүт аксакалды ээрчип машинанын артынан кетти.
Аңгемеге алаксып баратып, кай жерге жеткенибизди билмекке көчөнү карасам, Ак үй тарапка Турдакун Усубалиевич жөө баратат.
- Каравай Асаналиевич, сиз айткан окуяны аксакал укту беле?
- Билбейм, андан кийин жолуккан эмесмин.
- Жүрүңүз, аксакалга айтып көрбөйлүбү.
Машинадан түшүп Турдакун Усубалиевичтин астынан чыктык. Саламдашкандан кийин, Каравай Асаналиев бүркүт жөнүндөгү окуяны кыскача баяндап берди. Аксакал кунт коюп укту.
- Мен муну уккам, - деди ал, - бирок ошол бүркүттү көзү менен көргөн адамды бүгүн жолуктуруп жатам. Рахмат, инилерим, ишиңер ийгиликтүү болсун! - деп жолун улады.
Аксакал кудум шаңшыган тоо бүркүтүнө окшоп каалгый басып баратты. Ошондо анын бүркүткө окшош экендигин сездим. Демек, Турдакун Усубалиевичтин колдоочусу тоо бүркүтү!!!
Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ,
филология илимдеринин доктору,
профессор, милициянын полковниги




Миң жылдыктын турасыз кезегинде
Т.Усубалиевдин 90 жылдык мааракесине карата
"... Алдыда жүрсө ак жолтой,
Аркада жүрсө сан колдой"
(Манастан)
Кыргыз! - десем мен Манасты
билемин,
Манас! - десем ысыйт көөдөн
жүрөгүм.
Сиз баштаган демилгенин
деминен,
Кыргыз-Манас, Манас-Кыргыз
сапары,
Берип келет көчмөн элдин
тилегин.

Чанда гана ишке ашат өмүрдө,
Улуу максат жаратмандык
демилге.
Сиз уланткан улуу жүрүш
тарыхы,
Келечектин сапарында миң
жылдык,
Зор эстелик кыргыз көчү
жөнүндө!

Эл башында Сиз көтөргөн
демилге,
Ураан болуп көчмөн элим жөнүндө.
Чейрек кылым беренеси миң
жылдык,
Мүлдө кыргыз келечекке кут
болуп,
Жашап келет өмүр улап өмүргө.

Журт башында Сиз баштаган
демилге,
Даанышмандык - Улуу жүрүш
жөнүндө!
Чейрек кылым жылдарында
жаралуу,
Санжыргалуу, Улуу тарых - миң
жылдык,
Кыргыз барда эч айланбайт
төгүнгө.

Касиет бар Кыргыздын
тоолорунда,
Түбөлүктүн куту бар коргонунда.
Жан дүйнөңүз жараткан -
он беш томдук,
Айланат Улуу көчтүн
сапарында,
Улуу Рух, Улуу ой борборуна.
Касымбай БАПОВ,
Лейлек району