, 06.11.09 - 5-бет:
  Ата-Журт алкагында

Аскерден келет жигиттер
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Данияр Үсөнов 2009-жылдын октябрь-декабрында аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүтүшкөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн катарынан запаска бошотуу, ошондой эле аскерге жана альтернативдик кызматка жарандарды кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка каттоо жөнүндө токтомго кол койду. Аскерден запаска бошотуу жана жарандарды аскерге чакыруу боюнча белгиленген иш чараларды мөөнөтүндө жүзөгө ашыруу боюнча Коргоо, Саламаттыкты сактоо жана ички иштер министрликтерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жан-дүйнөдөн жан-дүйнөгө жарыя
Ушундай темада сүрөтчү Жумабек Базарбаев 6-ноябрь күнү Эркиндик бульварында 27/1 дарегинде жайгашкан "Колдо" арт-галлереясында өзүнүн кыл калеминен жаралган чыгармаларын көрөрмандарга сунуш кылмакчы. Сүрөтчүнүн автордук эмгектеринде Ысык-Көлдүн үстүндөгү көпкөк асман, кооздуктун бардык түсүн камтыган тоолор, дегеле көрөрмандардын көңүл кушуна төп келерлик чыгармалары бар. Мында ошондой эле күнүмдүк турмуш-тиричиликке арналган сүрөттөр - эскилиги жеткен, тоо арасындагы унутулган үйлөр да чагылдырылган. Автордун эмгектерине көз жүгүрткөн адам сүрөтчүлөр байыртан эстен чыгарып койгон салтты - таң сүрө, күн чыгышында шаар сыртына чыгып, чыныгы табият көркөмдүгү менен жуурулушуп, жаратылыш кооздугун инсан жүрөгүнө жеткиргенге аракет кылгандыгын баамдайт. Кыргыз жеринин кооздугун сүрөттөөгө тил да, үн да жетпейт. Ал эми кыл калем ээси мындай ажайын кооздукту эң сонун аңдап түшүнүп полотносуна түшүрө алган. Ал өзүнүн жүрөк түпкүрүнөн жаралган чыгармаларында ушунун баарын карапайым көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткирүүгө жасаган далалаты ишке ашкан. Сүрөт көргөзмөсүнө келген ар бир көрүүчү кайсыл бир мазмундагы сүрөттөргө өз баасын берет деп ишенебиз. Мисалы, сүрөттөрдүн биринде Ысык-Көлдүн жумшак шапатасы байкалса, экинчи сүрөттө анын жагымдуу араматы, автордун дүйнө таанымы сезилет.

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү
Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын аймагында жуманын соңунда аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Чүй, Талас облустарында 6 - ноябрда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. 7 - 8 - ноябрда абанын температурасы төмөндөйт. Синоптиктер Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да аба ырайынын өзгөрүшүн маалымдады.

Кыргызстанда 17 адам A/H1N1 вирусун жуктуруп алган.
Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасында A/H1N1 вирусун жуктуруп алган 11 оорулуу дарыланууда, республикада бардыгы болуп 17 адамда вирус катталды. "Москва-Бишкек" поездинен чочко тумоосуна шектүү деп сегиз адам ооруканага жаткырылып, алардан анализ алгандан соң вирустун бар экендиги аныкталды. Ал эми кечинде "Новосибирск-Бишкек" поездинен үчөө шектелген, алардын анализи да вирустун бар экендигин тастыктады. Оорулуулардын 7синде вирус жеңил формада өтүп жатса, бирөөнүн абалы орточо оордукта", - дейт КРнын башкы санитардык врачы С.Абдыкаримов. Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев чочко тумоосунун биринчи белгилери катары дененин температурасынын жогорулашын айтты. "Биздин клиникада 11 адамда пандемиялык A/H1N1 оорусунун диагнозу аныкталды. Алар тийиштүү медициналык жардам алууда",- деди Н.Айткулуев.

Баткен облусуна арналды
Кыргыз Республикасынын бильярд спорту боюнча федерациясы Баткен окуясында курман болгондордун жана Баткен облусунун уюштурулгандыгынын он жылдыгына арналган бильярд спорту боюнча Баткен облусунун губернаторунун кубогу үчүн мелдеш уюштурду. Бул мелдеште биринчи орунду баткен окуясына катышуучулардын бири, полковник Ш.Байзаков, экинчи орунду полковник А.Кулукеев, үчүнчү орунду генерал-майор А.Акобиров жана полковник Н.Мамбетов ээледи.

Үй-жайсыздар камкордукка алынат
15-ноябрдан тартып Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калка кылуучу жайлар ачыла тургандыгын борбордук мэриянын коомчулук менен байланыш боюнча башкармалыгы маалымдады. Кыштын келаткандыгына байланыштуу үй-жайсыздарга баш калка жайларын ачуу боюнча тийиштүү токтомго шаардык муниципалитеттин башчысы Н.Түлеев кол койгон. Мындай башка калка кылуучу жайлар Бишкектин ар бир районунда ачылат. Белгилүү жашай турган жери жок адамдар бул жайларда үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан келерки жылдын 31-мартына чейин боло алышат. Райондук администрациялардын башчыларына баш калка кылуучу жайларда убактылуу жашагандарга бир маал ысык тамак берүүнү уюштуруу тапшырылды.

"Аян" Тегеран кинофестивалына катышат
Ноябрь айында Тегеранда (Иран) өтө турган эл аралык кинофестивалга кыргызстандык режиссер Садык Шер-Нияз "Аян" фильми менен катышат. "Айтыш фильм" киностудиясынын маалыматына ылайык, Тегеранда өтө турган кыска метраждуу тасмалардын фестивалында дүйнөгө белгилүү режиссер, актер жана кино ишмерлерден турган калыстар 70 жаңы фильмди сынга алышат. Бул фильмдер дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген миңдеген тасмалардын арасынан тандалып алынган. "Аян" фильминде бир катар ийгиликтерге жетишип, "жылдыз" турмушунан даам татып калган жаш ырчы жигитке "Манас" айтууга аян келе баштагандыгы сүрөттөлөт. Бул ырчынын ролун Съездбек Искеналиев жараткан.

Айлык кызмат акы 5986 сом
Улуттук статистика комитетинин ар кварталдык отчетуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-августунда өлкөдө (чакан ишканаларды эсепке албаганда) бир кызматкердин орточо айлык номиналдык кызмат акысы 5986 сомду түздү жана 2008-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 17,7 пайызга көбөйдү. Керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелип чыккан анын реалдуу өсүшү 7 пайызды түздү. Кыргызстан Улуттук банкы белгилеген валюталардын расмий курсуна ылайык, 2009-жылдын январь-

августтунда орточо айлык кызмат акы 141,2 АКШ долларын түздү.


Аалам алкагында
Бакуну багындырган акындар
Өткөн аптанын аягында Баку шаарында "Тектеш түрк калктарынын VIII эл аралык поэзия майрамы" белгиленди. Мындан бир жыл мурун 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан белгилүү азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин жаркын элесине арналган ыр кече үч күнгө созулду. Башкача айтканда, 30-октябрда башталып, 1-ноябрда аяктаган бул майрамга Түркиядан 28, Азербайжандан 21, ал эми калган өлкөлөрдөн 30 га чукул акын катышып, өздөрүнүн эне тилинде көркөм ыр окушту. Өзгөчө Кыргызстандан барган кыргыз акындары Кыялбек Урманбетов менен Алтынбек Исмаилов үч күн бою Каспий деңизинин жээгинде кыргыздын ырын жаңыртып, жүзүн таанытып, алардын баалуу мурастарын даңазалагандан чарчашкан жок. Түркия Республикасынын жазуучулар союзу уюштурган бул Эл аралык поэзия кече салттуу түрдө эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп турат. Тактап айтканда, буга чейин кезеги менен Түркия, Түркмөнстан, Казакстан, Крым, Кипр, Македония жана Францияда белгиленген "Тектеш түрк калктарынын Эл аралык поэзия майрамынын" тогузунчусу 2011-жылы Косовада өтмөкчү.

Жаңы "кансыз согуш" Арктиканы талашуудан чыгат
"Арктиканын өздөштүрүлбөгөн ресурстары Россия менен АКШнын ортосунда жаңы "кансыз согушту" жандандырышы мүмкүн. Анткени Арктикадагы ресурстарды алуу климаттын глобалдык жылышы жана жаңы технологияларды иштеп чыгуунун шартында көбүрөөк мүмкүн болуп калды" деп эсептейт америкалык эскперт Роджер Говард. Муздардын эриши арктикалык көмүрсуутек кен катмарын иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк берүүдө. Ал эми бул кен эксперттердин баалоосу боюнча, чалгындалбаган нефтинин дүйнөлүк запасынын 13 пайызы жана жаратылыш газынын 30 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндөн тартып эле "Арктикалык бешилтик" - АКШ, Россия, Норвегия, Канада жана Дания шельфтерди коюу аракетин көрүшүүдө. Р.Говарддын ою боюнча, Арктика байлыгы үчүн негизги атаандаштар Россия менен АКШ болмокчу жана алар экономикалык атаандаштыкты саясый өңүткө буруп жибериши толук мүмкүн.

Дүйнөдө 700 млн адам
башка өлкөдө жашаганды каалайт
"Дүйнө жүзүндө 700 миллионго жакын адамдар мүмкүнчүлүгү болгондо башка өлкөгө барып жашамак", деп айтылат атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында. Мында алардын көпчүлүгү же 165 миллиону Африканын тургундары. Жер шарында жашаган калктын көбү АКШга барып жашоону каалай тургандыктарын билдиришкен. Экинчи орунда - Улуу Британия, Канада жана Франция турат. Бул өлкөлөрдүн ар бирине 45 миллионго жакын адам көчүп баргылары келет. Ал эми дүйнө жүзү боюнча башка жакка көчүп кетүүнү каалабагандардын көбү Азиянын тургундары. Сурамжылоого жалпысынан 260 миң адам тартылган.

Мугалимден героин табылды
Екатеринбургда кыргызстандык физика мугалиминен 3 килограмм героин табылды. ИТАР-ТАССтын маалыматына ылайык, БАКФКУнун кызматкерлери Россиянын федералдык коопсуздук кызматынын Курганск жана Тюмень облустары боюнча чек ара башкармалыгындагы кесиптештери менен биргеликте Екатеринбургдагы темир жол бекетинен Кыргызстандын атуулун кармашкан. Ал "Бишкек-Свердловск" багытындагы поездде героин алып бара жаткан. "Текшерүү учурунда аялдын банан салынган төрт коробкаларынын алдына жабыштырылган полимер кабы табылган жана анда жалпы массасы 3 килограмм героин болгон. Аял кыргыз мектептеринин биринде физика мугалими болуп иштээри такталды жана 3 миң доллар үчүн аталган баңгизатынын партиясын РФ чек арасынан алып өтүүгө макул болгон"- деп айтылган маалыматта.

Вьетнамдагы шамалдын курмандыктары
Борбордук Вьетнамдын жээктеги райондорунда болгон "Миринаэ" деп аталган тропикалык шамалдын курмандыктары 40 адамга жетти. Шейшейби күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргенге караганда, дагы 11 адам дайынсыз. Өлкөнүн борбордук бөлүгүнө 340 миллиметрге чейинки жаан-чачын жааган. Мындай жаратылыш кырсыгы 2,6 миң үйдү талкалап, 1,8 миң гектар айыл чарба жерлерин суу каптап калган.

Карзайдын президенттиги "мыйзамсызбы?"
Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри А.Абдулла Хамид Карзайдын бийлигин "легитимдүү эмес, ал өлкөдө коррупция менен күрөшө албайт" деп айтты: "Карзайды президент деп шайлоо чечими "мыйзамсыз" болду жана ушундай жол менен келген өкмөт мамлекетте мыйзамдын аткарылышын жана административдик коррупцияга күрөштү камсыздай албайт", - деди ал. Ооганстанда 7-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтмөк. Ага аттанып жаткан Абдулла айрым талаптарын бийлик аткарбай койду деп, шайлоого катышпасын айтып чыккан. Ошондо өлкөнүн Шайлоо комиссиясы жалгыз калган талапкер Хамид Карзайды президент деп жарыялады. Абдулла болсо комиссиянын чечимин "мыйзамсыз" деп атап жатат.

Украинада сасык тумоо жайылууда
Украинанын коңшулары сасык тумоо эпидемиясынын жайылышынан чочулашууда. Россия жана Словакия Украина менен чек араларындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүштү. Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко сасык тумоодон каза болгон адамдардын саны 71 кишиге жеткенин маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Киевге өз өкүлдөрүн жиберди. Өкмөт Львов шаарында коомдук жайларды жабууга буйрук берди. Көчөлөрдө элдин басымдуу бөлүгү вирусту жуктуруп албаш үчүн маска тагынып жүрүшөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ырастоосунда Украинада А/H1N1 вирусунан азырынча 1 адамдын каза болгону бышыкталды, бирок өлкөдөгү кырдаал олуттуу.