, 06.11.09 - 24-бет: Журналисттердинурналисттердин эсинде калган окуялар
Журналисттердин турмушу дайыма эле күлкүлүү окуялар менен эмес, күйгүлтүк окуялар менен да жуурулушуп турат...
Бир жолу Бермет эже (Маткери-мова) ишке келсе эле, кабинетинде бир келин толготуп отурат дейт. Адегенде чочуп кетет.
- Бул аялды доктурга жеткирбесең болбойт го, мен болсом интервью алганы кетип атам, - деп Сүйүн Курманова эже кептин чоо-жайын айтып коюп, айласыз шашып кетип калат. Вице-премьерден интервью алмак экен. Бермет эже анан такси кармап, баягы аялды адегенде "Сезим" кризис борборуна андан ары төрөт үйүнө жеткирет. Аялдын паспортунан башка эч бир нерсеси жок экен дейт. Врачтар да ары карап ыйлап, бери карап күлүп атып, араң кабыл алышат. Бермет эже эми болду го деп, кете береринде:
- Сиз кайда?! - деп дарыгерлер колуна дары-дармек, баланын жалаяк-жулаягы, самын-сумун жазылган чубалган тизме карматат. Айла жок, аны да алып барып берет. Акыры келин эркек төрөгөнүн сүйүнчүлөшөт. "Уулдуу болуппуз", - деп кубанып коёт дейт Сүйүн эже. Бирок көп өтпөй эле алиги келин баласын албай, таштап кеткени тууралуу угуп, өздөрү кошо күнөө кылгандай катуу кейишет.
Бир күнү анан ошол келин кабагым-кашым дебей, кирип келиптир дейт, паспортун алганы.
- Сиңдим, жок дегенде кичине-кичине болсо да эмне кылганыңды сезип атасыңбы? Энелик сезимиң бир аз "чым" эттиби? - дейт Бермет эже. Бирок, келин суроону түшүнүп да койбой, мыскылдагандай мыйыгынан күлүп коюп чыгып кеткен имиш...

Сүрөттөр алмашып кеткенде...
Мен анда "Ленинчил жаш" гезитинде жооптуу катчы болчумун, - дейт публицист Мундузбек Тентимишев, - Бир жолу макет жасап атабыз... Гезиттин үчүнчү бети "Дүйнөлүк жаңылыктар" болчу. Вьетнамдык аялдар тууралуу макала кетип аткан, ошого сүрөт издеп атып, акыры араң таап, этегине: "Вьетнамдык аялдар чалгы чабууда" деп жазып койгом. Эртеси эле анан Шайпидин Өмүралиев деген фото сүрөтчү келип шыбырайт:
-Эй, Мундуке, бул деген вьетнамдык эмес эле, өзүбүздүн түптүк аялдар болчу, мен тарткам, - деп. Сүрөтчү экөөбүздөн башка эч ким деле билген эмес ошону...
Көрсө, ошо кезде өзүбүздүн аялдар деле "кыйналып атат" деген вьетнамдык аялдардан айырмасы жок экен...

Бир жолу, кайсы бир жылдын 8-мартында бекен, "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты элчилердин жубайларынын каалоо-тилектерин бере турган болуп калдык. Мен Казакстандын ал кездеги элчиси Мухтар Шахановдун жубайы менен сүйлөштүм да, анын пикири менен кошо сүрөтүн гезитке жарыяладык, - дейт гезиттин жооптуу катчысынын орун басары Назарбек Байжигитов. - Макала жарыялангандан бир аз күн өтүп, элчилик Нооруз майрамына карата иш-чара өткөрүп, ошол жерде Шахановдун жубайы менен жолугуп, сүйлөшүп калсам ал:
- Назарбек, өткөндө силер менин сөзүмдү берип, бирок сиңдимдин сүрөтүн чыгарып коюпсуңар го? - десе болобу! Мага бул күтүүсүз болду. Уятымдан кызарып-татарып, тээ далайда барып өзүмө араң келдим да:
- Мухтар ага ачууланса керек? - дедим.
- Ачууланмак турсун бир жыргап, каткырып күлүп алды, - деди анда жеңебиз. Сыягы, менин катуу уялып кеткенимди билип, ушинтип койду окшобойбу...

Бул эмнеси?!.
Сексенинчи жылдары автоунаа аз, бензин жок айылга ата-энеңди көргөнү барсаң, эртеси кайра
шаарга кетүү кыйын эле. Азыр эмне көп, элден да автоунаа көп. Автоунаа көбөйдү десек деле автоунаага тыгылышып, батпай бараткандагы окуя, - дейт гезиттин оператор-терүүчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жыпаркүл БЕКСУЛТАНОВА. - Бир жолу автоунаага эл жык-жыйма толуп, бут коёрго жер жок. Улгайыңкы аялга алды жактан бир кыз:
- Бабушка не толкайте! - деп оңураңдады.
Анда байбиче:
- И-ий өлүгүңдү көрөйүн десе, эптеп тыгылышып батпай келатса, уялбай мунун талтай деген эмнеси! - дейт.

Безитчилердин турмушу негизинен жол жүрүү менен тыкыз байланышкан. Бир жолу кесиптешибиз Нуржан Бакиева Ысык-Көлгө баратып, автокырсыкка кабылат. МАИ кызматкерлери тез арада жетип келип, кулаган машинеден жарадарларды алып түшүп атышса, денесинен жаракат алып, кызыл-жаян кан болгон Нуржан чоң жолдун боюна ыргалып туруп алып, өткөн-кеткен машинеге кол көтөрүп атат дейт.
- Эже, кайда барасыз? - дейт анда МАИ кызматкери.
- Көлгө, - деп коёт дейт, ошондо да өзүн жоготуп койгон кесиптешибиз кебелбей.
- Сизге басууга болбойт, отуруп туруңуз. Азыр тез жардам келет, ооруканага барышыңыз керек.
Анда кесиптешибиз:
- Биринчи Көлгө барып келейин! - деп жатат дейт...
Ошондон көп өтпөй эле Нуржан ооруканага жеткирилет. Ал түшкөн ооруканада орун жок, адегенде коридорго жаткырышат.
Бирок, эмнегедир эле бир убакта дарыгерлер ага өзгөчө үйрүлүп түшүп, жалгыз адам жата турган палатага которо коюшуп, кыйма-чийме чуркап калышат имиш... Көрсө, "Бакиева Нуржан Салиевна" дегенди окуп, "Президенттин тууганыбы?.." - деп ойлошкон тура...

Өткөн-кеткенди эстеп күлүп отурсак, ушундай эле бир окуя Бактыгүл эженин (Чотурованын) да башынан өтүптүр. Анда да ИИМ менен "Кыргыз Туусунун" мааракеси болуп, Бактыгүл эже министрдин колунан "ИИМдин 80 жылдыгы" деген медаль алып, андан ары тууган-туушкандары менен конокто болуп, кайтып келатышкан болот. Ырдап-чоордоп келатышып, ылдамдыкты ашырып ийишкенби, бир убакта МАИ кызматкери ала-була таягын ары-бери жаңсап, ышкырып калат.
- Эже, сиз түшүңүз! Сиз түшүңүз! - деп Бактыгүл эжени кыстап калышат анда жанындагылар. Эже ак көңүл эмеспи, "аный" дей албай машинеден түшүп, жайбаракат МАИ кызматкерине келет дейт:
- Үкөм, бүгүн басма сөз күнү эмеспи, анын үстүнө тойдон келаттык эле... - деп акырын сүйлөп.
- Кайсы басма сөздө иштейсиз? - дейт тиги. Эжебиз анда сумкасына колун сойлотуп, шашпай документин берсе, МАИ анысын көпкө шыкаалап, ары айландырып карап, бери айландырып карап:
- Эже, мунуңуз жөн эле "проездной" го?! - деп коёт дейт. Көрсө, эжебиз күбөлүктүн ордуна "проездноюн" берип коюп, компоюп тура берген тура. Экөө анан бир каткырып күлүшкөн экен...