, 06.11.09 - 22-бет:
 "Кыргыз Туусуна" - 85 жыл

Бүгүн менин майрамым
"Кыргыз Туусу" менин чыгармачылык өмүрүмдө көп үлүшүң бар, анткени сенден окуп үйрөндүм, саясий жактан такшалдым, тажрыйбалуу журналисттер Төлөн Насирдинов, Бектенкул Байбеков, Абдиламит Матисаков, сүрөтчү Шекербек Сартов сыяктуу агаларымдын өрнөгүн алдым.

Он беш жашымдан бери жазылып окуп, жазып келем. Демек менин да баскан жолумда үлүшүң бар. "Кыргыз Туусуна" Кыяс Сатаровичтин башкы редактор болуп келиши менен гезиттин мазмуну, мааниси, түсү да таанылгыстай болуп өзгөрдү.
Бир кездеги кол менен тамгаларыңды терип, кол менен ар бетиңди түзүп, кол менен басып чыгарган алгачкы "Эркин Тоодон" азыркы компьютердик заманга жашарып келдиң. Дагы өсөсүң, али келечегиң алдыда, тамгаларыңдын ар бирин терип, жазып олтурбай эле, үн менен окуп койгондо чыга турган учурга келе жатасың.
Мен журналист катары сенин кадыр-баркыңдын өсөрүнө, элге кылар кызматың али алдыда экендигине ишенемин. Анткени заманга шайкеш таланттар мезгилине жараша төрөлө берет. Турмуштун мыйзам ченемдүүлүгү ошондой. Кыяс Молдокасымов, Догдурбек Юсупов, Бактыгүл Чотурова, Папан Дүйшөнбаев, Төлөнбай Абдыразаков, Марип Тайчабаров, Бермет Маткеримова, Аскербек Насирдинов, Дайырбек Мейманов сыяктуу мыкты журналисттер менен сыймыктанамын жана алардын түйшүкчүл иштерине ийгиликтерди каалаймын. Аталган журналисттер азыркы учурдун тарыхын талыкпай жазып, чыгармачылык түйшүктө иштөө менен бирге эле гезиттин кадыр-баркын көтөрүүгө чымырканган, чыгармачылык күч-аракеттерин жумшап келе жатышкандыгы жашыруун эмес.
Андыктан 85 жашың менен чын дилден куттуктап, "Кыргыз Туусу" гезитинин чыгармачылык жамаатына, ардагер журналисттерине, анын сырт кабарчыларына чың ден соолук, чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин. "Кыргыз Туусунун" майрамы тоо койнунда элет элинин ысык суугу менен бирге жүрүп, аларды колдон келишинче жазып жүргөн менин да майрамым деп эсептеп, толкундануу менен майрамдамакчымын. Өмүр жашың узун болуп, окумдуулугуң дагы да артып, тоо желине түбөлүк желбиреп, Ала Тоолук кыргыз элиме кызмат кыла бер, "Кыргыз Туусу" демекчимин!

Абдымомун КАЛБАЕВ,
акын,
Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү




Журналист ким?
Журналист ким?
Күнү-түнү колго калем кармаган,
Күч, эмгегин өз элине арнаган.
Адилеттик даңгыраган жол менен,
Ак дилде иштеп, арамдыкка барбаган.

Журналист ким?
Калыстыкты калк ичинен издеген,
Кыраакылык, күжүрмөндүү иштеген.
Чыгармачылыгын өркүндөтүп бараткан,
Чындыктагы аппак чыйыр из менен.

Журналист ким?
Мансапкордук, ач көздүктү билбеген.
Уурулукка, ушакка да кирбеген.
Кара ниет, алдым-жуттум адамды,
Куйкум сөзү, сыны менен тилдеген.

Журналист ким?
Ак-караны акылында иргеген,
Анык билет жүрүш керек ким менен.
Арамзаны, куйтуларды сынга алып,
Ак кагазга мактап эч бир чийбеген.

Журналист ким?
Бардык иште туруктуулук, калыстык,
Жумушунда тууганы жок, тааныштык.
Ата-Журтка кимдер зыян келтирсе,
Ал дос эмес, душманы ошол, алыстык.

Журналист ким?
Тазаларды калыстыкта актоочу,
Жалаа, ушак, айыңдардан сактоочу,
Окуяны өз ордунда иликтеп,
Ийне-жибин иргеп аны тактоочу.

Журналист ким?
Таза жүрөк жамандыкка барбаган,
Кылмыштууну кыл жылдырбай кармаган.
Акыйкаттын мыйзамдарын бек тутуп,
Ак-караны ажырата талдаган.

Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер журналист,
Бишкек шаары





Ишеним арткан гезитине ийгилик каалады
Бул адам менен кокусунан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынан жолугуп калдык. Көңүлү ачык, маңдайы жарык киши сөз баштап, биздин журналист экендигибизди билгенден кийин басма сөзгө абдан кызыгаарын, республикалык бир топ гезиттерге жазылып, аларды дайыма тиркеп, көңүл коюп окуп чыгарын айтты.
- Айрыкча мага "Кыргыз Туусу" гезити жагат. Акыркы жылдары гезит кыйла өзгөрүп калды. Жакшы жаңылыктар, маанилүү макалалар жарыяланууда. Өзгөчө тарыхый материалдарга, тарыхый инсандарга арналган материалдар көп басыла баштады. Албетте, өз уңгусун, тарыхын билбеген кыргыз-кыргызбы? Өзүбүздүн өтмүшүбүздү, кээ бир улуттардай чачыратып-тентитпей, бир ууч кыргыз калкын курап, эгемен улут кылып, ушул заманга жеткирген тарыхый инсандарыбызды, ата-бабаларыбызды унутсак бизди ким кечирет? Өзүмдүн ушул боюнча бир топ ойлорум бар эле. Атаганат ушу кагазга жазганы келгенде эле эчтеке ойго келбей калат. Айтмакчы, "Кыргыз Туусунун" 85 жылдык мааракеси экен. Өзүм барып куттук айтайын деген ниетим бар эле. Бу кеңешме кечке бүтөт экен. Бүгүн калсам жумуштан кечигем. Облустагы жамаатка да майрамдык салтанат өткөрүп беришим керек. Жолуңар түшсө менин атымдан куттуктап койсоңор, - деп өтүндү. Кепке-кеп уланып, "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" Сыргабек Кулназаровдун таржымалын кеңири билип алдык. Ал Талас облусунун автобекеттер жана автокассалар ишканасынын башкы директору болуп иштейт экен.
Ал алдыңкы кызматкер катары транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин салтанаттуу жыйынына катышуу үчүн келиптир.
- Жумушубуз жаман эмес, -дейт Сыргабек байке, - пландарыбыз дайыма ашыгы менен аткарылып келүүдө. Эң башкысы Союз таркагандан кийин көпчүлүк облус-райондордо автоишканалардын имараттары, ремонттук базалары, техникалары менчиктештирилип, таланып-тонолуп кеткен. Бизде кудаага шүгүр, мындай көрүнүш болгон жок. Азыр облустун дээрлик бардык автобекеттеринде жакшынакай имараттары бар. Ал эми облус борборундагы автобекеттин имаратында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Автобекетте мейманканасы, ашканасы, карыялар, жаш балалуу аялдар бөлмөлөрү, кала берсе намазкана иштеп турат. Азыркы мезгилде облус аймагында автобус каттабаган бир да айыл жок.
- Ишиңиз го жакшы экен, көйгөйлүү маселелер да болсо керек? - деген сурообузга ал минтип жооп берди:
- Жумуш болгондон кийин айрым көйгөйлүү маселелер болот экен. Талас-Бишкек каттамында Өтмөк, Төө-Ашуу ашуулары аркылуу менчик автоунаалар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташып жатышат. Алар түз эле Талас шаарынан, район борборлорунан жүргүнчүлөрдү алып кетишет. Албетте, бул транспорттук тартипке, мамлекеттик ишканалардын каражат чогултуусуна, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатат. Ал автоунааларды айдагандардын жетиштүү тажрыйбасы жок. Ашуу аркылуу айдаган айдоочулардын жок эле дегенде жүргүнчү ташыган 5 жылдан кем эмес стажы болушу керек. Азыр болсо стажы жетишеби, техникасы оң абалдабы баары бир аны эсепке албастан жүргүнчү ташый беришүүдө. Анан да жол кире туруксуз. Бирөөсү 300 сом кылса, экинчиси 500 сом, үчүнчүсү 800 сом кылышат. Мыйзамсыз жүргүнчү ташыгандар тартипке салынса жакшы болор эле. Мына ушул өтүнүчүмдү "Кыргыз Туусу" аркылуу тийиштүү мекемелердин жетекчилерине кулак кагыш кылып койсоңор, - деген оюн билдирди Сыргабек Кулназаров биз менен коштошуп жатып.

Сабырбек МИКТИБЕКОВ,
журналист





Көпүрө түзгөн
Кабарчыбыз
Гезитибиз 85 жылдык тарыхында жүз миңдеген окурмандарынан сырткары штаттан тышкары миңдеген кабарчыларга ээ болуп келди. Азыр деле мурдагыдай штаттан тышкары делбесе да "Кыргыз Туусуна" гана кайрылып, ийгиликтерди, кемчиликтерди жазып турган кабарчыларыбыз, окурмандарыбыз арбын.
Футбол клубунун фанаттарындай улуттук туңгуч гезитти туу туткандар, "Кыргыз Туусун" улуттук басма сөздүн башаты, алгач элибиздин кат-сабатын жойгон алиппеси дешип тарыхты сыйлагандар да, карапайым калктын мүдөөлөрүн бийликке жеткирген вазийпасын урматтагандар да жетиштүү. Биз ушундай окурмандарыбыз менен байбыз, биз ушундай окурмандарыбызга таянабыз.
Мындан 35 жыл мурун гезиттин 50 жылдыгына арналып чыгарылган Ардак грамота менен сыйланган штаттан тышкары кабарчыларыбыз бар. "Ардак грамотанын" биринчи бетине гезиттин алгачкы аталышы "Эркин Тоо" арабча, кийинки аталышы "Кызыл Кыргызстан" латынча, "Советтик Кыргызстан" азыркы арип менен берилип, үстүндө "Советтик Кыргызстан" 50" деп турат. Бул дагы гезиттин тарыхынын бир үзүмү. Ошондой "Ардак грамотанын" ээси Совет Жумамүдүнов бери дегенде 20 жыл гезитибиздин штаттан тышкары кабарчысы болгон. Сыйлоо баракчасында "Советтик Кыргызстан" гезитинин ишине көп жылдан бери активдүү катышып, анын тапшырмаларын ак ниеттүүлүк менен аткарып жүргөндүгү жана Кыргызстандын жумушчу жана айылдык кабарчыларынын II сьездине байланыштуу автор, айыл чарба илимдеринин кандидаты жолдош Совет Жумамүдүнов "Ардак грамота" менен сыйланат" деп жазылган.
Совет Жумамүдүнов ветеринария илимдеринин кандидаты. Анын Абдулхай Алдашевдин "Мал чарбасы жана ветеринария терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү" китебине арнап жазган "Мезгилдин талабына туура келген сөздүк" деп жазган рецензиясы 1981-жылы 6-августта "Советтик Кыргызстан" гезитине жарыялангандан кийин 150 эле нуска менен жарык көргөн сөздүк 4 миң нуска болуп чыгарылган! Тактап айтканда авторубуздун жүйөөлүү айткан сөзү дал бутага тийип, бул тармактын адистери үчүн табылгыс болгон сөздүк көп нускада басылып чыгарылган. С.Жумамүдүновдой маселе көтөрө билген штаттан тышкары кабарчылар болгон үчүн гезит менен окурмандардын ортосунда бекем көпүрө түзүлгөнү талашсыз. Жумурай журттун көңүл көйүндөгү маселелер дал ушундай кабарчылардын жазгандары аркылуу гезит бетинде жарык көрүп келген.
Азыр дагы Совет агабыз гезит менен тыгыз байланышып, "Кыргыз Туусун" үзбөй сатып алып окуйт. "Эс тартып, эрезеге жеткени "Советтик Кыргызстанды", кийинчерээк "Кыргыз Туусун" аздектеп окугандардын биримин. Күздөн кийин кыш, кыштан кийин жаз келген сыяктуу кылым менен бирге карып, көктөм менен жашара бер "Кыргыз Туусу"! Гезиттин 85 жылдыгы белгиленип жатканына кубанычтуумун. Элибиздин туңгуч гезитинин майрамы кут болсун, кымбаттуу элим!" - дейт Совет ага жетине албай. Биз да ар кыл жылдарда гезиттин штаттан тышкары кабарчысы болгон кесиптештерибизге ден соолук, бакубатчылык каалап кетмекчибиз.

Б.МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"