, 06.11.09 - 17-бет:
  Биздин редакторлор

"Кыргыз Туусу" - улуттун сыймыгы
"Кыргыз Туусу" - уюштуруучу басылма. Кыргызстан СССРдин курамында болгон 70 жыл аралыгында ар кандай саясый, коомдук өзгөрүүлөрдү, тарыхтын бурулуш жылдарын башынан өткөрдү.

Алсак, колхоздоштуруу, индустриялаштыруу, Улуу Ата Мекендик согушка калайык калкты мобилизациялоо, элдин мекенчилдик сезимин ойготуу жана көтөрүү, беш жылдык пландардын ураандары, согуштан бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүү, сталиндик жеке адамдын керт башына сыйынуучулуктан кутулуу, хрущевдук жылымык доор, брежневдик өнүккөн социализм, горбачевдук кайра куруу саясатында элди эмгекке, биримдикке, достукка үндөөдө, уюштурууда, коммунисттик партиянын чакырыктарын калың калктын аң-сезимине жеткирүүдө, ага жараша коомдук аң сезимди калыптандырууда "Кыргыз Туусу" гезитинин жүгү нар көтөргүс. Албетте, учурдун көзү менен караганда, доордун талабына ылайык, гезит тарабынан айрым саясый, идеологиялык калпыстыктар кетирилсе кетирилгендир, бирок, "Кыргыз Туусу" өз мезгилинин жарчысы болуп келатканы айныксыз.
Бул тунгуч басылмабыз туташ сабатсыздыкты жоюп, элди агартууга, билим алуусуна, илимге умтулуусуна эбегейсиз чоң салым кошкон. Кыргыз элинин жыйырманчы кылымдагы коомдук- саясый, маданий, адабий, илимий чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун мектеби, устакана уясы катары кызмат кылган. Натыйжада Жусуп Абдыракманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Турдакун Усубалиев жана башка элге кеңири белгилүү мамлекеттик, коомдук, саясый ишмерлер өсүп чыккан.
Жусуп Абдыракмановдун макалалары 1925-жылдан баштап ушул туңгуч басылмабызга жарыялана баштаган. Андан тышкары, Абдыкерим Сыдыков, Жайнак Саадаев, Кожокан Шоруков, Токчоро Жолдошов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана башка кыргыздын чы-гаан уул, кыздарынын макалалары, ырлары жарыяланып, элди жаркын келечекке үндөгөн. Андан бери өткөн 85 жылдын аралыгында кыргыздын чыгаан жазуучулары, акындары, илимпоздору алгачкы эмгектерин ушул "Кыргыз Туусуна берип, тушоосун кестирип келатышат. Бул мурдатан келаткан салтка айланып калганы кубанычтуу.
"Эркин Тоо"- "Кыргыз Туусу" тунгуч басылма катары башка гезит, жуналдардын пайда болушуна негиз болгон. Адегенде өзүнүн беттеринде атайын бурч берип, андан кийин өзүнчө басылма болуп чыгуусуна шарт түзгөн. Алсак, "Ала Тоо" журналы, комсомолдук, пионердик гезиттер дал ушул "Кыргыз Туусунан" өсүп чыгышкан.
Эске сала кетсек, 1926- жылдын апрель айындагы санына Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Акмат Байышов жана Турусбеков аттуу мугалимдин элге Кайрылуусу чыккан. Анда өкмөт качан жардам берет деп карап отура бербей, өздөрү чөнтөктөрүнөн чыгарып, 10 сомдон акча чогултушуп, калктын сабатсыздыгын жоюуга, мектептердеги окуучу балдарды үйрөтүүгө арналган педагогикалык, адабий-көркөм журнал чыгарууга элди үндөшөт. Кайрылуу эл тарабынан кызуу колдоого алынып, көп түкүрсө көл болот демекчи, кыйла көп каражат топтолот. Анын натыйжасында, 1928- жылдын май айында "Жаңы маданият жолунда" аттуу журналдын биринчи саны жарыкка чыгат. Анын биринчи редактору Касым Тыныстанов болгон.
Мектептерде, атайын жана жогорку окуу жайларында, эмгек жамааттарында, колхоз-совхоздордо, мекеме-уюмдарда маалыматтын биринчи булагы катары ушул тунгуч басылмабыз кызмат өтөгөн. Учурда калайык калкка тамыры терең сүңгүгөн "Кыргыз Туусу" өз өлкөбүздөгү эле эмес, дүйнө жүзүндөгү болгон жаңылыктарды калайык калкка жеткирүүдө. "Кыргыз Туусу" кыргызга аалам алкагында болгон бардык жагдайларды таанытты, анын миң түркүн сырларын ачып берүүдө.
"Кыргыз Туусу" кыргыз журналистикасынын өсүп, өнүгүшүнө опол тоодой эмгек өтөп, кыргыз журналисттеринин чоң армиясын тарбиялоодо баа жеткис мектеп болду. Бул күндөрү өзүнүн 85 жылдык мааракесин калайык калктын катышуусунда белгилеп жаткан басылмада эмгектенүү, анын мектебинен өтүү, тажрыйба топтоо ар бир калемгер үчүн чоң сыймык жана жоопкерчиликтүү.
Ушул жерде дагы бир маселени айта кетүү ылайыктуудай көрүнөт. Дегеним, мурда өлкөбүздөгү басылмалардын флагманы катары "Кыргыз Туусунун" башкы редактору Кыргызстандын журналисттер союзунун коомдук башталыштагы төрагасы болуп келген эле. Мындайча айтканда, бардык басылмалардын журналисттери ушул жерде баш кошуп, бардык көйгөйлүү маселелер ушул жерде чечилип турган. Андыктан, өткөндөгүлөрдүн баарын эле жерий бербей, жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн пайдалансак жаман болбос эле.
Бакытбек ОРУНБЕКОВ,
"Кыргыз Туусунун"
2005-2006-жылдардагы
башкы редактору