№83, 06.11.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...



email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Бардыгынан Сөз улуу
Бул күн бир чети мааракелик майрам күн, экинчи жактан окурмандар алдында отчет берчү күн. Басма сөздүн башатында турган басылманын башында туруу вазийпасы 85 жылдык мааракенин учурунда мага жүктөлүп отурушунун өзү чоң жоопкерчилик. 1924-жылдын 7-ноябрынан бүгүнкү күнгө чейин 24 жолу (айрымдары эки жолудан) башкы редактор жаңыланыптыр. Редакторлордун арасынан бүгүн 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Турдакун Усубалиев өлкөнү чейрек кылым жетектесе, 97 жаштагы академик Курмангалы Каракеев Республиканын Илимдер академиясын 18 жыл башкарган.

Мындан башка 2 редактор Эл комиссарлар советинин төрагасы, бир редактор Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы кызматын аркалаган. Мындан сырткары Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстан КП БКнын секретарлары, министрлер өсүп чыккан. Алты редактор сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. Булардын баарын кайрадан эскерип жатканыбыз "Кыргыз Туусунун" өз мезгилиндеги салмагын, таасирин таасын көргөзөт.
Эң башкысы "Кыргыз Туусу" алгач "Эркин Тоо", андан соң "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан" деген аталыш учурундабы, айтор мамлекеттин өнүгүшүнө, элибиздин руханий дүйнөсүнүн байышына зор салымын кошуп келди. Гезиттин ар бир санына жарыяланган курч материалдарга өлкө жетекчилиги өзгөчө мамиле жасап, далилденген фактылар боюнча катуу чаралар кабыл алынчу. Басма сөздүн, чыныгы кадыр-баркы мына ошол учурларда даана көрүнгөн. Тилекке каршы эгемендүүлүктөн бери сөз эркиндиги алдыга кеткени менен, басма сөздүн таасири артпай жаткан учурлар көп болууда. Бул жалпы коомчулукту ойлондурчу маселелердин бири.
"Кыргыз Туусу" гезити учурда зор өзгөрүүлөргө багыт алып, окурмандардын мүдөөсүнө, талабына шайкеш келген басылмага айлануу аракетинде болуп келет. Башкы максат мамлекеттик саясатты элге жеткирип, элдин мүдөөсүн жетекчиликке жеткирген көпүрөлүк милдеттен сырткары, улуттук улуу дөөлөттөрдү элдин эстутумунда жандандырууга, руханий баалуулуктарды арттырууга болгон аракетин жасап келет жана жасай бермекчи. Кыргыз эли байыртадан сөз кадырлаган, сөзгө өзгөчө маани берген улуу эл.
Сөз адамды көкөлөтүп асманга чыгарат, көңүлүн көтөрүп ишеним жаратат, жашоонун сулуулугун арттырып кооздойт. Ошол эле учурда сөз адамды чөктүрөт, жок кылат. Бекеринен кыргыз эли "Буттан жыгылсаң турасың, сөздөн жыгылсаң турбайсың" деген учкул сөзүн чыгарбаса керек. Андыктан Сөз касиетин улуу кармаган кыргыз элибиз, анын ичинде кесиптештерибиз аман болсун!
Элибиздин эртеңкисине ишеним жаратууда талыкпай аракет кылалы. Бардыгыңыздарды Басма сөз күнү менен, улуттук тунгуч гезитибиз "Кыргыз Туусунун" 85 жылдык мааракеси менен куттуктамакчымын! Бар болуңуздар, биз менен бирге болуңуздар, Урматтуу окурмандар!
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ,
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору





"Кыргыз
Туусуна" -КРнын Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 5-ноябрдагы жарлыгы менен маалымат жана басма сөз жагына сиңирген эмгеги, коомдук турмуштун коомдук-саясый жана социалдык-экономикалык маселелери боюнча жигердүү позициясы үчүн "Кыргыз Туусу" Басма үйү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен "Кыргыз Туусу" Басма үйүн материалдык-техникалык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 500 000 сом каражат бөлүндү.




"Доор аянында"
"Кыргыз Туусу" баяны
РЕДАКЦИЯДАН:
Кесиптешибиз Султан Абдыракмановдун биздин мааракеге арналган "Кыргыз Туусу" - 85 жашта" деген даректүү фильми даярдалып, "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясы тарабынан эфирге сунушталды. Маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн "ЭлТР" телерадио компаниясынын башкы директору Нурланбек Шакиевге рахматыбызды айтабыз. Бул баалуулук "Кыргыз Туусунун" алтын казынасына сак-тоого алынды. Мындан кийин гезиттин 90,100,200 жылдык салтанаттарын өткөрө турган көч улоочулар ушул казынадан эртеги менен эртеңкиге көпүрө болгон маалыматтарды ушул документалдык фильмден таба алышат деген тилектебиз.
Мындан сырткары кыргыз журналистикасында татыктуу орду бар Шайымбек Апылов агайдан "Советтик Кыргызстандын" 60, "Кыргыз Туусунун" 70 жылдык салтанаттары тууралуу жасаган даректүү фильмдерин да казынабызга сактоого алдык.

(Уландысы 13-бетте)