, 30.10.09 - 7-бет: 85 жылдык алдында мактанаары арбын министрлик
Саналуу күндөн кийин ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн 85 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилешет. Ушул өңдүү орчундуу орошон окуянын алдында өткөнгө саресеп салуу салт эмеспи. Анда эмесе башканы айтпай эле өткөн жылдан беркини эле айтсак абал түшүнүктүү болор, КРнын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракети жана демилгеси менен ИИМдин башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө 2008-жылы 14 млн. сомго ар түрдүү эмерек сатылып берилген.
Кызматкерлердин ишин жеңилдетүү максатында 15,4 млн. сомго компьютерлер жана башка оргтехника, мындан тышкары 27,5 млн. сомго кийим-кечек, буюм-терим алынган. Ал эми быйылкы жылдын өткөн тогуз айында 16,5 млн. сомго компьютерлер жана башка зарыл оргтехника, 15 миллионго эң керек эмерек алынып берилип, 1,5 млн. сомго ар кандай наамдагы медалдар жана төш белгилери жасатылып , өздүк курамдын алдыңкылары сыйланган.
2009-жылдын эсебине кийим-кече үчүн 18,4 млн. сом каралса, өткөн тогуз айда анын 83 % ы алынып, тагыраак айтканда 16 млн. сомдук кийим-кече жаңыртылган.
Быйылкы жылдын өткөн 9 айында да техникалык "түшүм" жакшы болуп, 14,5 миллион сомго 35 автоунаа алынган. Ушул жерден өзүнчө бөлүп айта кете турган нерсе, 440 миң сомдук ВАЗ 21214 автоунаасы ИИМдин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысынын эсебинен алынып, Алай районунун Нура айылындагы аймактык тескөөчүгө берилген.

Молдомуса Конгантиев ИИМдин жетекчилигине келген биринчи күндөрдөн эле өзүнүн "Кызматкерге адегенде иштөө үчүн жакшы шарт түзүп бер. Андан кийин андан жакшы иштөөнү талап кыл",-деген принцибин башкалардан талап кылып, өзү да аны жазбай аткарып келет. Ал жетекчиликке келгенден бери милиционерлердин айлык акылары сезилээрлик жогорулап, алардын үй-жайы менен камсыз болушуна да көңүл бурула баштады. Мисалы, Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери үчүн 9 кабаттуу 90 жана 45 квартиралуу эки үй бүткөрүлүп, ошол үйдүн ачкычтарын Республиканын Президенти Курманбек Бакиев өз колу менен салтанаттуу маанайда татыктуу болгон ээлерине тапшырды. Президенттин колунан ачкыч алгандар кылмыштуулукка каршы күрөштө курман болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жана күжүрмөн кызматта алдыңкы катарда иштеп жаткан милиция кызматкерлери болду. Ошондой эле мамлекет жетекчисинин колдоосу жана министр Молдомуса Конгантиевдин демилгеси менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгынын жаңы имараты бүткөрүлүп берилип, тергөөчүлөр үчүн талаптагыдай шарт түзүлгөн. Ушундай эле жаңылык Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында болуп, көлдүк милиционерлерге жаңы спорт залы курулуп ишке киргизилген.
Мындай курулуштар бардык облустарда, райондордо курулуп, көптөгөн бөлүмдөр, бөлүмчөлөр жаңы бүткөрүлүп, сыр жыттанган кенен, жарык, жылуу имараттарга киришти. Айтсак, Бишкекте ИИМдин ыкчам аракеттенүүчү атайын отрядынын жоокерлерине учурдун талабына жооп бергидей имарат бүткөрүлүп, азыр жоокерлер ыңгайлуу жагдайда иштеп жатышат. Чүйдө болсо Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы бөлүмчөнүн жана Кемин РИИБнүн спорттук жаңы имараттары ишке киргизилген. Мына ушундай жаңы имараттарга Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын кызматкерлери киришсе, Көл тараптан Тоң районундагы Чыныбек Алиев атындагы ички иштер бөлүмүнө төрт тарабы келишкен имарат бүткөрүлүп берилди. Айта кете турган нерсе, кыргыз милициясынын тарыхында биринчи жолу милиционердин аты РИИБга коюлган. Өз ишин мыкты билген, өлкөнүн чыныгы атуулу Чыныбек Алиевдин ысымы эми элдин эсинде түбөлүккө кала турган болду.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын спорттук залынын жана кинология борборунун имараттары, Аксы районунун Кызыл-Туу айылындагы, Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттары, Баткенден Баткен районунун Мырзабек Кудайбердиев атындагы, Кадамжай районунун Бүргөндү айылындагы Жаныкул Садиров атындагы айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттары бүтүп, азыр толук кандуу иштеп жаткан кези.
Аталган курулуштардан тышкары Сүлүктү шаарында атайын милиция кызматкерлери үчүн 16 бөлмөлүү үй курулуп, милиционерлерге бөлүнүп берилген болсо, Баткен облусунун борборунда ШИИБнүн кызматкерлери үчүн жаңы үй курулуп, мына-мына бүтөт деп турган кези. Ал эми ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары үчүн министрликтин негизги имаратына катарлаш алты кабаттуу жаңы имараттын курулушу да кызуу жүрүп жатат. Молдомуса Конгантиев ИИМдин жетекчилигине келген биринчи күндөрдөн эле миң укканча бир көргөн дегендей, өзү жетектеген бардык тармакты түрө кыдырып, алардын ал-абалы менен жеринде таанышып келген. Билгендер билип, көргөндөр көрүп жүргөндөй, айрым РИИБдөрдө убактылуу кармоочу жайлары абдан начар абалга жетип калган. Министр Молдомуса Конгантиев бул абалды оңдоо жөнүндө катуу талап койгон. Ошол талапты аткарып Кара-Суу, Сокулук, Ысык-Көл, Ысык-Ата, Баткен, Кемин райондук бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайлары оңдолуп, заманбап шарттар түзүлдү.
Ал эле эмес Токтогул районунун Толук жана Сары-Камыш айылдарында да жергиликтүү калкты сапаттуу тейлөө максатында паспорт столдору да ачылып, ийгиликтүү иштеп жатышат.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын кайрадан түзүүнүн натыйжасында министрликтин ыкчам кызматтарын бекемдөөгө жана тергөө-ыкчам топторунун иштерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзүлдү. Ага далил катары Зикирбаевдин уюшулган кылмыштуу тобун кармап, камап тынчытканын айтсак болот. Бул кылмыштуу топтун артынан 26дан ашык оор кылмыштардын бети ачылды. Алардын ичинде киши өлтүрүү, адамдарды уурдоо, каракчылык жана уурулук бар.
ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын кайрадан Башкы башкармалык болуп түзүлгөнү, милициянын тышкы кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүп, эл менен милициянын байланышын бекемдөөдө көп иштерди жасай алды. Министрдин демилгеси менен бүгүнкү күндө республикабызда 550дөн ашуун коомдук-алдын алуу борборлору ачылып, иштеп жатат. Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы бул борборлор менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Ушул иш аракеттердин негизинде өлкө боюнча коомдук жайларда жасалган кылмыштардын саны байкалаарлык азайган.
Реформанын жүрүшүндө жасалган дагы бир чечкиндүү кадам, жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгындагы өткөрүлгөн иш чаралардын комплекси болуп калды. Зарылдыкка жараша ыңгайлуу, иштиктүү ыкмаларды колдонуу менен каттоо-сынак бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн кайра түзүү калк үчүн ыңгайлуу болуп, коррупцияны токтотуудагы ишенимдүү жагдай болуп калды.
Министр кызматкерлерге кам көрүп, алардын турмуш шартын жакшыртууда аялзатынын энелик ыйыктыгына, акылына жана сезимтал мээримине терең баа берип, коомдо гендердик саясат деп аталган мамилеге өтө жоопкерчилик менен караары анын ишинен ачык көрүнөт. Министрдин демилгеси менен түзүлгөн жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын кыз-келиндер взводу Ички иштер органдары үчүн эле эмес, өлкөбүздөгү башка бардык тармактарга Кыз Сайкалды эске салган үлгүлүү өрнөк болду.
Дагы бир көңүл бура турган нерсе, ИИМде Эксперттик-криминалисттик борбор курулуп ишке киргизилип, акыркы техникалык эң жогорку деңгээлдеги шаймандар менен толукталып, адистердин кесиптик чеберчиликтери өнүктүрүлдү.
Адистик чеберчиликтен тышкары ИИМдин кызматкерлерине кенен руханий байлык, терең маданияттуулук зарыл. Эл арасында иштеген ар бир кызматкерде маданияттуулук болбосо, бүтүндөй тармакты жаман аттуу кылышы мүмкүн. Бул багытта ИИМдин алдында таланттуу чыгармачыл топтон турган ыр-бий ансамбли түзүлүп, алардын жетекчилиги алдында Республикалык деңгээлде ИИМдин кызматкерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча фестивалы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, татыктуулар сыйлыктарын алышты.

Н.КАЛЫБАЕВ,
Ү.ДАЙЫРБЕКОВ

"Кыргыз Туусунун" жамааты жашташ, замандаш министрликти мааракеси менен куттуктап, зор ийгиликтерди каалайт.