, 30.10.09 - 24-бет: "Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
илимий-практикалык конференция
Мамлекет менен тагдырлаш басылма
1924 жылдын ноябрь айы... Ташкенттин көчөлөрүндө 14 жаштагы өспүрүм: "Жолдоштор, кара кыргыздын гезити чыкты! Кара кыргыздын гезити чыкты, сатып алгыла!" - деп кубангандан көзүнүн жашы он талаа болуп ыйлап, тызылдап жүгүрүп жүрдү. Бул кыргыздын келечектеги атактуу котормочу калемгери Мамасалы Абдукаримов эле. Андан бери далай жылдар өтүп, далай суулар акты... Улуттук тунгуч гезитибиз учурда 85 жашка чыгып отурат.

28-октябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинде Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 86, "Кыргыз Туусу" гезитинин 85 жылдыгына карата "Мамлекет жана басма сөз" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, парламент депутаттары, жазуучулар, студенттер катышты. Андан тышкары ар кайсы жылдары "Кыргыз Туусунун" башкы редактору болуп иштеп кетишкен кесиптештерибиз да келишти. Жыйын Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин гимни менен ачылып, "Кыргыз Туусунун" башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун сөзү менен башталды. "Кыргыз Туусу" гезити өзүнүн басып өткөн 85 жыл ичиндеги тарыхына көз чаптырсак өтө катаал да, кубанычтуу да учурлары арбын болуптур. Мурда иштеген редакторлордон алтоосу 1937-38-жылдары пантүркчүлөр аталып, сталиндик репрессияга туш болушкан. Эми минтип, жылдар өтүп, доор алмашып, улутчул, пантүркист деген каралоолор, куру айыптар тарыхта жазылып, эгемендүүлүктүн шарданы менен эки мамлекеттин биргелешкен кубанычын бирге майрамдап отурганыбыз символикалуу көрүнүш. Түркия мамлекетинин 86 жылдыгына жана "Кыргыз Туусу" гезитинин 85 жылдыгына арналган илимий жыйындын өткөрүлүшүнө шарт түзүп берген Кыргыз-Түрк Манас университетинин жетекчилигине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди Кыяс Молдокасымов.
Илимий-практикалык конференцияга мындан 60 жыл мурда, 1946-1949-жылдары агездеги "Кызыл Кыргызстан"гезитинде башкы редактор болуп иштеген 98 жаштагы ардактуу аксакалыбыз, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Курмангалы Каракеев да келип катышып отурганы абдан чоң сыймык болду. Ошондой эле ушул күндөрү өзүнүн 90 жаш курагын тосуп отурган, Кыргыз мамлекетин 25 жыл жетектеген Турдакун Усубалиев да биздин гезиттин башкы редактору болгону сыймыктануучу көрүнүш.
Илимий жыйында кандаш, тектеш эки элдин өкүлдөрү ар кимиси өз эне тилинде сүйлөшүп, жылуу пикир алышканы тилдик өзгөчөлүктү анчалык сездирген жок. Аталган иш-чарага Түркиядан атайын чакыртылган меймандар да келип катышып, тарыхый окуяларга байланышкан докладдарын окушту.
"Бүгүнкү күндө республикабызда мамлекеттик басылмалар да, эркин деп аталган жеке менчик гезиттер да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатышат. Бирок, алардын ичинен "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттери текшерилип такталган, негизги булактардан туура маалыматтарды алып жазгандыгы менен жумурай журт окурмандарга абдан чоң кызмат өтөп келишет. Эгерде "Кыргыз Туусу" өзүнүн акыйкатчыл озуйпасын аткарбаганда биз жалаң эле ушактарды, жоромол-дөдөмөлдөрдү берген маалыматтар менен жашап калмакпыз. "Кыргыз Туусу" Кыргыз мамлекети барда кылымдарды карытып жашай берерине бөрүкүмдөй ишенем", - деди Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыпов өз сөзүндө.
Илимий жыйында Кыргыз-Түрк Манас университетинин биринчи проректорунун милдетин аткаруучу, профессор Касым Караган Түркия мамлекетинин түптөлүшүнө, гүлдөп өсүшүнө зор салымын кошкон Мустафа Кемаль Ататүрктүн мамлекетти башкаруу жылдарындагы басма сөздүн ролу, ага байланышкан ар түрдүү тарыхый кырдаалдар туурасында айтып берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова гезитибиздин коомдогу ролу тууралуу өз пикирин билдирди. Өлкөдөгү кыйын кырдаалдардын, орунттуу окуялардын учурунда "Кыргыз Туусу" так, таасын маалыматтарды берип тургандыгын, жер-жерлердеги окурмандар борбордук бийликтеги болуп жаткан саясый өзгөрүүлөр менен жаңылануу багытын ушул гезит беттеринен окуп кабар алышканын, ынанымдуу маалыматтар үчүн жазылып окуп тургандыгын баса белгиледи. Кыргыз мамлекети түптөлгөн бардык жылдар аралыгында ага тагдырлаш болуп, акыркы жылдардагы саясый окуялардын өнүгүшүндө да туруктуулуктун орношуна өз салымын кошкондугун айтып өттү.
Илимий-практикалык конференцияга Түркиядан атайын келип катышып отурган Түркиянын Газы университетинин профессору, илимдин доктору Коркмаз Алемдар "Республика жылдарындагы басма сөз" аттуу илимий докладын окуду. Ал эми Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, коомдук ишмер жана белгилүү публицист Жамгырбек Бөкөшевдин "Жарыя сөз жана жарандардын аң сезими", аталган университеттин доценти, журналистика факультетинин окутуучусу Неждет Экинжинин "Түркия Республикасынын түзүлүш мезгилиндеги жалпы абал", "Кыргыз Туусунун" мурдагы редактору, учурдагы Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу, белгилүү журналист Бакыт Орунбековдун "Кыргыз тарыхындагы "Кыргыз Туусу" гезитинин алган орду" деген докладдары катышуучулар арасында кызыгууну жаратты.
Мустафа Кемаль Ататүрк Түркия мамлекетин түптөгөн алгачкы жылдары басма сөз айдыңында абдан чоң өзгөрүүлөр болгон. Бардык революциялык окуялар коомдук аң сезимдин калыптанышын шарттайт эмеспи. Өлкө үчүн өтө кыйын жылдары калайык калкка туура маалымат жеткирүүдө ал журналисттерге таянып, гезиттерге ишенген.
Бул жана башка маалыматтар тууралуу Коркмаз Алемдар жыйында кеңири сөз кылды.
"Кыргыз Туусу" гезити "Советтик Кыргызстан" деп аталып турган жылдардын бир этабында анын нускасы 147,5 миңге чейин жеткен. 1972-1986-жылдар аралыгында басылманын башкы редактору болуп эмгектенген Жаныбек Турсунов да бүгүн биздин катарыбызда. Аксакал кесиптешибиз жыйындын жүрүшүндө гезиттин өлкөбүздүн тарых барактарынан алган орду тууралуу кызыктуу сөз козгоду. Гезит чыгаруунун алдында кыргыздар В.И.Ленинге басмакана, кагаз, каражат жоктугун кабарлап, жардам сурап кат жазышкан. Ошондо В.Ленин тезинен кыргыз жолдошторго жардам көрсөткүлө деп "Госкомиздаттын" жетекчисине көрсөтмө берген", - деди мурдагы редактор. Мына ушунун натыйжасында өлкөбүздөгү алгачкы басылма өз ишин баштаган. Ал заманда Ташкенттеги САКУда окуп жаткан Аалы Токомбаев келип, Осмонкул Алиев жетектеп, Сыдык Карачевди болсо Караколдо иштеп жаткан жеринен чакыртышкан. Себеби, ал Казакстанда гезит чыгарууга катышып, алгачкы ырлары басыла баштаган жылдар эле. Ошентип, Ташкенттен басылып чыккан кыргыздын алгачкы гезити араб алфавити менен басылып, анда Аалы Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" деген ыры жарык көргөнү мектептеги хрестоматиялык программасынан белгилүү эмеспи. Бул элибиздин тарыхындагы эбегейсиз чоң окуя болгон. Себеби, гезит жалаң эле коммунисттик партиянын саясатын жүргүзүп келбестен, ал кыргыздарды туташ сабатсыздыктан куткарып, алгачкы жылдары алиппенин да милдетин кошо аткарган. Жыйырманчы жылдардын башында жеке эле биз эмес, жалпы Орто Азиянын элинин сабатсыздыгы 1-2 пайызды гана түзүп турган. 1918-жылы Англиядан Орто Азияга келген Ричард деген журналист бул региондун элинин сабатсыздыгын жоюу үчүн 4600 жыл керектигин журналга жазып чыккан. Ал бир нече жылдардан кийин кайра келип, региондогу республикалардын элинин сабаттуулугу кескин өсө баштаганына таң калып кеткен экен. Өзүнүн 85 жылдык мааракесин тосуп отурган улуттук тунгуч гезитибиз ошентип адегенде "Эркин Тоо", "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан" деп аталып келип, өлкөбүз эгемендүүлүгүн алган 1991-жылдан бери "Кыргыз Туусу" аталышында чыгып отурат.
Өлкөбүздүн өткөн кылымдагы тарыхына кылчайып карасак, анын башынан кечирген ар бир күнкү окуясы ушул гезиттин барактарында калган. Кыргыз мамлекетинин совет доорундагы жаңыдан кадам ташташы менен гезитибиздин баскан жолу бир караса таң калаарлыктай окуяларга жык толгон. 1924 жылы 14 октябрда Кара кыргыз автономиялуу облусу болуп, Россиянын курамына киргизилгени жарыяланган. Ошол жылдары кыргыз элине керектүү эне тилиндеги окуу курал чыгаруу, алгачкы алиппени жазуу менен бирге эле кыргыздарга кыргыз тилиндеги гезит керек деген обкомдун чечими чыгарылган. Болгону 24 күн ичинде атайын гезит чыгарууга даярдануу милдети тагылыптыр. Мына ошол алгачкы гезитти төрт гана адам чыгарган. Ошол төртөөнүн эң кичүүсү Осмонкул Алиев 21, эң улуусу Сыдык Карачев болгону 24 жашта болгон. Көрүнүп тургандай ошол кезде мамлекеттин жүгүн кырчындай курактагы жаштар көтөрүшкөн. Ал жылдары биздин кошуна республикаларда да алгачкы улуттук тилдеги басылмаларды чыгарышкан. Айталы, Өзбекстанда 1918 жылы "Коммунист", Казакстанда 1919 жылы "Ушкун" ("Учкун") деген гезиттер чыгып калган болчу. Бизде адегенде жаңы чыгуучу гезиттин ысмын коюуда кеңешип отурушуп, кылымдар бою өз алдынчалыкка, көз карандысыздыкка умтулган элибиз өз эркиндигине ээ болду деген символикалык ойду берген "Эркин Тоо" деген ысымга токтошкон. Бул мамлекетибиздин тарыхындагы өзгөчө бурулуш окуя болгону талашсыз. Себеби, бүгүнкү биздин күндөрдө да 24 күндүн ичинде гезит чыгаруу өтө кыйынга турчу иш экени талашсыз. Жогорудагыдай кызыктуу фактыларды келтирген мазмундуу доклад менен "Кыргыз Туусунун" редакторлорунун ичинен эң жашы, 2005 жылдагы март революциясынан кийин гезитибизди жетектеген Бакытбек Орунбеков катышуучулардын көңүлүн кушубак кылды.
Илимий конференциянын аягында "Кыргыз Туусу" гезитинин тарыхын жана учурдагы ишмердүүлүгүн чагылдырган кино тасма көрсөтүлдү.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү Алтынбек АЛИЕВдики