, 30.10.09 - 19-бет:
  Чочко тумоосу же патогендик грипп көйгөйү

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө Африка өлкөлөрүндө 12 миңден ашык адам бул ооруга чалдыгып, 70 киши каза тапкан, АКШда ооруга чалдыккан 153 миң кишиден 3 миңи каза болгон, Европа өлкөлөрүндө 61 миң киши катталса, 207 киши жашоо менен кош айтышкан. Бул мезгилде же октябрь айынын орто ченине алганда бардыгы болуп 399 миң 232 киши ооруса, каза тапканы 4735. Дүйнөдөгү ушундай кырдаалдан улам Кыргызстанда бул дарттын алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын билүү максатында республикабыздын санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Төлөн Исаковго суроолор менен кайрылган элек.

Элибиз той-топурга барганда этият болушса
- Куш тумоосу менен чочко тумоосунун клиникасы, оорунун жугуусу, "инкубациялык" мезгили, оорунун 4-5 күн созулуусу бирдей же кадимки грипптей, жаз, күз мезгилинде болчу сасык тумоодой эле. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму муну "чочко тумоосу" дебей, жогорку деңгээлдеги жугуштуу оорунун бир түрү деп белгилөөдө. Азыр дүйнө жүзүндө чочко тумоосу эмес, жогорку патогендик грипп деп атап жатышат.
Ушул жугуштуу ооруга даярдык көрүү максатында өлкөбүздө республикалык деңгээлде оперативдүү план кабыл алынды. Бул планга
ылайык патогендик грипп өтө көбөйүп, 20-50дөн ашып кетсе, ар бир министрлик, ведомство, мекеме-уюмдар ага кантип бөгөт коёт, кантип токтотот, буга ким жетекчилик кылат, так жазылган. Бул жугуштуу илдетке алдын-ала даярдык көрүү үчүн улуттук деңгээлде эки лаборатория түзүлгөн. Бири биздин департаментте, бири Ош облусунун Кара-Суу районунда (түштүктөгү үч облусту камтый турган) лаборатория ачылып, кеңсеси жакшы оңдолуп, абдан мыкты заманбап жабдуулар менен жабдылды. Оңдоо жана жабдууга кеткен чыгымдар куш тумоосу боюнча долбоордун каражатынын эсебинен болуп, ага 104 миң доллар жумшалды. Ошондуктан акыркы моделдеги лабораториялык жабдууларды иштете билиши үчүн адистерибизди Люксембургга жана Москвага жөнөтүп, окуттук. Адистерибизди атайын тренингден да өткөрдүк.
Өткөн жылы 4 автотранспорт алынды эле, аларды алыскы Ак-Талаа, Кара-Буура, Алай, Түп райондоруна бердик. Анткени, кокустан мындай ооруга чалдыгып калган адам болсо, анын анализин облуска, андан борборго жеткирүү үчүн транспорт керек эмеспи. Быйыл дагы 10 автотранспорт алып, аларды автоунаа жетишпеген алыскы райондорго бердик. Мындан тышкары 2 миңге жакын жеке коргонуу буюмдарын же маска, дары чача турган приборлорду, дары-дармектерди республикабыздын аймактарына тараттык.
Азыр республикабыздагы кыр-даалды айтсам, жогорку патогендик гриппке чалдыккан 4 адам катталган. Кудайга шүгүр, башка каттала элек. Биз оору республикага кирип келгенде гана кармабай, чек аранын деңгээлинде кармайлы деп 30-40 м. доллар турган тепловизор алып, Ак-Жол постуна жана "Манас" жана Ош аэропортторуна койдук. Ал адамдын температурасын 5-6 метр жерден аныктайт. Андыктан пост аркылуу өтүп жаткан адамдардын температурасын алыстан эле аныктап, аталган оорунун белгилери болсо атайын адистерди чакырып, ал адамды изоляция кылганга аракет кылып жатышат.
- Төлөн Байдалиевич, бул оорудан кантип сактанып, өзүн кантип коргосо болот, окурмандарга эмне кеңеш берер элеңиз?
- Өздүк гигиенаны сактоого өзгөчө көңүл бурушса дээр элем. Анткени, бизде менталитет башка. Бүгүнкү күндө той-топурлар аябай көп болууда. Жаштарыбыз концерт, дискотека ж.б. барышат. Эл көп чогулган жерге жаш баласы менен баргандар андан көп. Өзү ооруп, чүчкүрүп-бышкырып жатса да той-топурга бармай өнөкөт. Бул өздүк маданиятыбыздын төмөндүгү деп айтпаска чара жок. Ошондуктан маданиятыбызды жогорулатып, ооруп жаткан адам абалын түшүндүрүп, 500-1000 киши катышкан той-аштарга барбай коюшса эл туура түшүнөт болуш керек. Себеби, өзүнүн тегерегиндеги туугандарына, досторуна жуктуруп, далай адамды жабыркаткан жакшы эмес да.
Ал эми катуу ооруп, температурасы аябай жогоруласа, биринчи кезекте үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылышы зарыл. Ооруп калгандан кийин өз алдынча дары иче берсе тескери таасирин тийгизерин белгилеп кетейин. Дарылануу врачтардын көрсөтмөсү менен гана болушу керек.
- Кокустан бул гриппке чалдыгып калсак, ооруканалар дары-дармек менен камсыз болгонбу деп түпөйүл суроо берген окурмандарыбыз бар.
- Азыркы күндө ооруканаларды эл аралык уюмдардан алынган "Тамифлю" ж.б. дарылар менен толук камсыз кылдык. Бул дарылар 2 млн. сомдон ашыкка алынды.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 7,5 миңден ашык доза вакцина алдык. Албетте, бул жетишсиз болууда. Ошондуктан биринчи кезекте канаттуулар фермасында иштегендерди, ветеринарларды, эпидемиологдорду эмдеп жатабыз. Мындан сырткары да эмдей турган "группа риска" деп аталган кишилер бар. Бизге бүгүнкү күнү 216 миң доза керек экенин айтып эл аралык уюмдарга да кайрылдык. Алар жардам беребиз деп жатышат. Ажылыкка 4500 киши барган жатышат. Баарына тең атайын сертификат даярдадык, алар үчүн жетиштүү вакцина бар, бирок ал үчүн акы алынат. Ажылыкка бара тургандар менингит жана гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүлөт.
Элибизде "Сактансаң сактайм" деген жакшы накыл бар. Ушуну көпчүлүк туу тутуп, грипп, сасык тумоодон этият болуп, башкаларга жуктурбоонун аракетин жасашса деген кеңеш айткым келет.