, 30.10.09 - 15-бет: Турдакун Усубалиев - "Руханият" сыйлыгынын лауреаты
Т.У.Усубалиевге
"Элдердин ортосундагы тынчтык жана тилектештик үчүн"
Эл аралык сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө "Руханият" рухий кайра жаралууга көмөктөшүү
Эл аралык ассоциациясынын кеңешинин токтому

"Руханият" рухий кайра жаралууга көмөктөшүү Эл аралык ассоциациясынын кеңеши токтом кылат:
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өркүндөтүүгө кошкон зор салымы, республиканын экономикасынын рухий потенциалын өнүктүрүүгө талыкпай көмөктөшкөндүгү, элдердин боордоштугун, биримдигин жана достугун чыңдоо боюнча көп жылдык жемиштүү ишмерчилиги үчүн көрүнүктүү мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры УСУБАЛИЕВ Турдакун Усубалиевичке "Элдердин ортосундагы тынчтык жана тилектештик үчүн" Эл аралык сыйлыгы ыйгарылсын.

А.ТОКТОСАРТОВ,
"Руханият" рухий жаралууга көмөктөшүү Эл аралык ассоциациясынын
кеңешинин төрагасы

Кыргыз Республикасынын
Баатыры Т.У.Усубалиевге
Урматтуу Турдакун Усубалиевич!
"Руханият" рухий кайра жаралууга көмөктөшүү Эл аралык ассоциациясынын кеңеши Сизди топуктуу 90 жашка толгонуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Бул күндөрү миңдеген кыргызстандыктар менен бирге Сиз Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасын ийгиликтүү жетектеген чейрек кылым мезгилге орошон ой-пикирлериңиз менен жүрөктөрдү толкундандырып, көз салып турган учуруңуз. Ошол эсте каларлык даңктуу жылдарда азыр өтөгөлүү өмүр сүрүп жатышкан руханияттыктардын көпчүлүгү ар кандай участкаларда ак ниеттүүлүк менен эпкиндүү эмгектенишип, Сиздин көп жылдык жана албан алгылыктуу ишмерчилигиңизге күбө болушкандыгы анык.
Ири масштабдагы жаратылыш жалгаган уюштуруучулугуңуз менен башкаруучу партия менен республикалык активдин татыктуу лидеринен болуу менен Сиз Кыргызстандын өмүр ишмерчилигинин бардык чөйрөсүнө эсте каларлык өсүштөрдү камсыз кылууда ченемсиз салым коштуңуз. Тажрыйбалуу колдоочуларыңыздын жигерине таянып жана алдыга коюлган зор максаттарды багындыруу боюнча үлгү болорлук ишмердикти көргөзүп, Сиз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өркүндөтүү багытында республиканын экономикалык жана рухий потенциалын кыйшаюусуз өркүндөтүү үчүн зор күч-аракеттерди жумшадыңыз.
Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттардын биримдигин бекемдөөгө кошкон Сиздин салымыңыз, элдердин достугун чыңдоодогу сиздин көп тармактуу ишмерчилигиңиз бараандуу. Бизге, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнө, сиздин маданий курулушка чечкиндүү көмөк көрсөткөндүгүңүз, татыктуу таланттардын өсүшүнө жана эл аралык аренага чыгышына кошкон салымыңыз өзгөчө кымбат.
Сиздин Кыргыз мамлекетинин тарыхына Түзүүчү, чыныгы Патриот катары киргендигиңизди биз терең кубануу сезими менен кабыл алабыз. Сиздин ишмерчилигиңиз замандаштарыбыз жана келечектеги муундар үчүн татыктуу үлгү болорунда шек жок.
Мындан ары да өзүңүзгө гана тиешелүү болгон жигердүүлүгүңүз өркүндөп, кыргызстандыктардын жыргалчылыгы, адилеттик менен акыйкаттыктын салтанат курушу үчүн Сиздин жумшаган иш-аракетиңиз кийинкилерге үлгү боло беришине биз тилектешпиз.

А.ТОКТОСАРТОВ,
"Руханият" ассоциациясынын кеңешинин төрагасы,
С.Эралиев, С.Жусуев, К.К.Кондучалова, Т.Касымбеков,
Н.Давлесов, Ж.Садыков, Б.Жакиев, Б.Т.Шамшиев, Ч.Т.Баекова, Ш.Жоробекова, Ш.Садыбакасова, Г.Момунова,
К.Ж.Качкыналиева, С.Ш.Шарипов, А.М.Салымбеков,
Н.Молдобаев, Ү.Асанов, Ж.Акималиев, А.А.Бөрүбаев, А.Ч.Какеев, М.М.Мамытов, Б.Мурзубраимов, Д.Кудаяров, В.И.Нифадьев, А.Р.Раимжанов, А.И.Битюков, К.И.Турапов, А.И.Малеваный, Т.С.Кеңешов, М.С.Шаршенбаев, К.С.Молдокасымов,
С.Субаналиев, Б.Т.Тухтаматов, Ж.У.Акматов, Т.Т.Андашев, О.Т.Кочоров, С.Иптаров

Маданиятка
өзгөчө көңүл бөлгөн
Турдакун Усубалиевич өз автопортретин толук жазып койгон инсан. Аксакалдын жети томдон турган эмгеги өткөн кылымдын орто ченинен тартып аягына чейинки болгон Кыргыз Республикасынын турмушу жөнүндөгү энциклопедия. Мына ушул томдордо кутманыбыз республиканы башкаруудагы түзүүчүлүк касиетин толук көрсөткөн. Аксакалдын өзүнөн бөлөк бир да замандашы өзү жөнүндө мынчалык түзүктөп жаза албайт. Бирок, кырк жылча бирге иштешип, чогуу келаткан шакирти катары юбилярдын көпчүлүккө маалым эмес айрым жактарын айтып көрөйүн.

Мен көп жыл бою маданият тармагынын бир жагын жетектеп жүрдүм. Андыктан, аксакалга байланыштуу кыргыз элинин искусствосунун улуу чеберлери кандайча баа алып, атак-даңкка жеткенин ортого салгым келет.
Турдакун Усубалиевичтин өз заманындагы залкарларга карата көргөн камкордугу өтө зор. Бир курдай анын жардамчысы өкмөттүк телефон аркылуу чалып: "Азыр сизди Турдакун Усубалиевич менен байланыштырам" - деп калды. Саламдашып болгон соң:
- Калыйдын "Материнское полеси" кандай өтүп жатат? Эл-журт кандай кабыл алууда? - деп сурап калды.
К.Молдобасановдун балет ораториясы ошо кезде жаралган мыкты музыкалык чыгарма катары сенсация жаратып жаткан болчу. Менин ооз көптүрмө мактоомду көп жактырбагандай:
- Андай болсо, эмне үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтпөйсүңөр? Же бөлөк республикаларда ушундай сыйлыкка татыктуу чыгарма бар бекен? - деп сөзүн бүтүрдү.
Биз аны дароо коллегияда карап, дагы бир-эки күнчө документ-протоколду ийине жеткире иштөө менен алектендик. Документти так иштеп, чыгарманын улуулугун ачпасак, иш калпыс болуп калмак. Документ комитетке барган соң төрт айдан кийин комиссия келди. Өкмөттүк резиденцияда жатышып, алар балет-ораторияны көргөн соң чоң баа берип, ыраазы болуп кетишти. Кетеринде Т.Усубалиевге жолугуп, искусствого карата көргөн камкордугу жөнүндө ыраазылыгын билдиришип, бул улуу чыгарма Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон эле.
Республиканын турмушунда болуп жаткан окуялардын эч бири Турдакун Усубалиевичтин көз жаздымында калчу эмес. Биз майда иш катары көрүп, байкабай калганыбызды аксакал чоң иш катары көтөрүп таштачу.
Эсимде калыптыр: дагы бир жолу түштөн кийин телефон чалып, жардамчысы Турдакун Усубалиевич менен байланыштырган соң, Чүй проспектисиндеги революциянын каармандарына арнап тургузулган эстелик жөнүндө сөз кылды да:
- Деги өзүң ал эстеликти кандай баалайсың? - деди акырын.
Дурус, мыкты дегенден башка сөз айталбай мен түйшөлдүм. Аксакалдын үнү өтө жай, бирок жемелегендей чыкты:
- Дурус эмес, эң мыкты деп айтып жүр. Эстеликти Ленин сыйлыгына көрсөткүлө да, тезинен документти комитетке колмо кол тапшыргыла. Мен Демичев менен сүйлөшүп койдум, - деп сөздү бүтүрдү. Демичев ал кездеги СССР маданият министри жана да Саясый Бюронун мүчөлүгүнө кандидат эле.
Айткандай, биз коллегиянын атынан документ даярдап эки күн алектендик да, Асел деген инспектор кызыбыз Москвага барып каттоодон өткөрүп келген. Андан көп өтпөй келген комиссия мүчөлөрү кетеринде Турдакун Усубалиевич өзү кабыл алып, алар менен кең-кесири сүйлөшкөнү эстен чыкпайт.
Ошентип, аксакалдын тикеден-тике кийлигишүүсү аркылуу скульптор Ленин сыйлыгын алган.
Улуу саякатчы Семенов-Тяньшанскийге эстелик орнотуу жөнүндө көптөн бери сөз болуп жүрчү. Акыры Ленинградда жашаган мыкты деген жаш скульптор Горевойду чакырдык. Ал бир топ күн жүрүп, кайтып кетеринде Турдакун Усубалиевичке алып барып жолуктурдук.
Скульптордун идеясын угуп отуруп аксакал сыпаа айтты, оюн таңуулаган жок. Эстеликте саякатчыны сөзсүз эле атка мингизесизби? Ат минген эстеликтер көп, алар штампка айланып бараткан жокпу деп аны менен коштошту.
Бир жылдан кийин атын жетелеп келатып Ысык-Көл менен керемет Тяньшань кырка тоосун кызыга карап турган макет менен келди Горевой. Көпкө талкуулап, замечание айтылган соң кайра кетти скульптор.
Бир жылдан кийин проектти талкууладык. Географиялык коомдун башчысы, полярник улуу окумуштуу Трешников да катышкан талкууну мен башкардым. Эстелик ийине жетти, эми аны гипске которуп, жезге куюшубуз керек деген чечимге келгенбиз. Бирок, аксакалга көрсөтүп алалык деп Борбордук Комитетке кабарладык, эки күндөн кийин кабыл алды да, ошо жерден аксакал өз пикирин билдирди. Ат жабдыгы баш болуп, аттын туягына чейин кеп кылып келип: "Пржевальск менен Семенов саякатта минген аттар негизинен кичирээк көчмөндөрдүн аттары болгон. Алар алыс жол жүргөндө, ашуу ашканда оңой менен чарчоочу эмес. Сиздин атыңыз орус породасы болуп калыптыр. Мейли, аттын туягында така жок экен, аны силер шарттуулук дейсиңер, бирок деп келип... оголе көп замечание берди.
Эшикке чыктык, жигит өтө эле ойлуу эле. "Бу киши биздин кесиптин сырын искусствоведдерден да кыйын билет экен" деп айтып, тарых музейинен эки жумача чыккан жок. Искусствовед Антипина менен көп-көп сүйлөшүп жүрдү.
Ошентип, кайра бир жыл бою иштеген соң, Балыкчы шаарынын этегиндеги Семенов-Тяньшаньскийдин эстелигин койгонбуз. Бул эстелик турушу боюнча шедевр. Азыркы Семенов капчыгайын ашып келип, көлдү, тоолорду суктана тиктеп турган саякатчынын эч жеринде өөн жок. Бүгүнкү күндөгү ат мингизген каракчыдай штамп эстеликтерди көргөндө ич күйөт. Эч кандай жоопкерчилик деген калбай калды. Минтип отурсак шаар-кыштактын ичтери атчан "каракчыларга" толуп кетет. Деги кыбыланы көздөй кылыч кезеген Шабдан баатыр кимге сүр көрсөтүп жатат?
Кыргыз искусствосунун көптөгөн улуу таланттары аксакалдын доорунда өсүп чыкты. Анткени биринчи жетекчи катары алардын эч кимисин көз жаздымында калтырчу эмес. Аксакалдын тушунда кыргыз театрлары бүт кайрадан курулуп, опера-балет театрыбыздын ичи алтын менен капталды. Айыл-айылдардагы клуб, китепкана, дворецтерди айтпай эле коёюн. Турдакун Усубалиевичтин тушунда он беш талант СССРдин эл артисти деген наамга ээ болгон.
Искусствонун генийлери Б.Бейшеналиева, Б.Миңжылкиев, К.Молдобасанов, Б.Кыдыкеевалар өзүнчө эле эрке бала болчу. Аксакал Болоттун талантын өтө сыйлагандыктан, аны өз баласындай жакшы көрчү. Ал маркум өзү да Турдакун Усубалиевичке эркелеп, эреркеп, жайдаңдап көңүлү көтөрүңкү жаркып турар эле. Искусство гүлдөп-өсүп, таланттарга чоң камкордук көрүлгөн мамлекеттин гана келечеги болот. Талант ээлеринин биринчи меценаты бул - мамлекет. Мамлекет колдоого албаса, маданият жакырланат. Маданияттагы жакырчылык калың элдин шору деп эсептейм.
Турдакун Усубалиевич тарыхта түзүүчү адам катары калат. Ал өз доорунда республиканы гүлдөгөн чегине жеткирген эле. Анын кылган, курган иштерин айтса сөз түгөнбөйт. Мен өзүм катышып, көрүп, күбө болуп калдым. Азыркы Президентибиз турган "Ак үй" не деген керемет. Ал куруучулуктун чоң үлгүсү. Ичине кирген сайын анын ар бир түркүгүн кучактап өпкүм келет.
Макаланын соңунда бир ойду кыстара кетмекчимин. Президентибиз Курманбек Салиевич көчмөндөр маданияты менен анын мурастарына кошо түпкү тарыхыбызды түзүү жана өркүндөтүү боюнча чоң идея козгоп, алар жүзөгө аша баштады. Кыясы, жаңыдан жазылчу тарыхыбызга чектелүү коюлбай, демократиячыл мекендин талабына ылайык жазылчудай. Ошондон улам баса белгилей кетер элем. Менин чыгармачылык тагдырыма ошол жаңы идеяны, проектти түздөн-түз кубаттаган чыгарма жазуу жагы буйруп отурат.
Мен жакында эле көп жылдан бери жазып жүргөн тарыхый романымды бүттүм. Ал "Хан Тейиш" деп аталат. Роман кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл мезгил жунгар-ойроттордун баскынчылык доорун баяндайт. Мен жазган тарыхта 90 жылдык юбилейин өткөрүп жаткан улуу инсан Турдакун Усубалиевичтин түпкү аталарынын бири - Манап бийдин да образы бар. Бүгүнкү күн менен көөнө тарыхтын айкаш келген учурлары көп болот. Аксакалыбыз ошол Манап бийдин урпактарынын бири - Калыгул олуянын түз тукуму. Демек, аккан арыктан суу агат деген макал чын экен.
Кутманга кааларым: журт атасы катары көпчүлүккө туу болуп жүрө берсин. Анын шакирттери биз, Турдакун Усубалиевичке башыбызды ийебиз, Түзүүчүнүн ысмы эч качан тарыхтан өчпөйт.

А.СТАМОВ,
Кыргыз эл жазуучусу
20-октябрь, 2009-жыл