, 30.10.09 - 11-бет:
  Тарых

Алымбек датка
Зоболонун артышы, датка даражасын алышы
Алымбек датканын саясый ишмердүүлүгү Кокон хандыгынын социалдык жана саясый тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анын аң-сезимдүү өмүрү хандыктагы ар кандай саясый оюндар, төңкөрүштөр, бийлик үчүн болгон тынымсыз күрөштөрдүн айланасында өтүп, өзү ордодо опол тоодой көрүнүктүү
таасирге ээ болгон.
Алымбек датка 1831-жылы Кокон ханы Мадалыдан датка наамын алгандан кийин ордонун саясый иш-аракеттерине активдүү катыша баштагандыгын академик Б.Жамгырчинов мындайча ырастайт. "1831-жылы Мадалы хан түндүк кыргыздарын жеңип алуу аракетин жасаган, ал эми Алай кыргыздарынын үстүнөн хан бийлигинин орнотулушуна Алымбек каршылык көрсөткөн. Памир-Алай кыргыздарынын өз алдынчалыгын көздөп бир нече жолу Кокон хандыгына каршы чыккан".
Белгилеп кетчү жагдай, Алымбек датканын Кокон хандыгындагы 30жылга созулган (1831-1862) саясый ишмердүүлүгүнө саресеп салсак, анын атуулдук өзгөчө сапаты кыргыз элинин кызыкчылыгына кайдыгер карап тура албаган, эл тагдырына өзүн жоопкер сезген жана анын келечегине кам көрө билген инсандык касиеттерине күбө болобуз. Ал ордодон датка наамын алгандыгына карабастан, тизе бүгүп чөгөлөбөстөн, хандын саясаты кыргыз кызыкчылыгына каршы келсе тайманбастан, бир нече жолу бийликке каршы көтөрүлүшкө башчылык кылган.
Алымбек датканын хандыктагы таасири 1842-жылдан баштап, ордодогу хандарды тактан түшүрүп, такка коюп, хан көтөргөнгө катышкан саясый окуялардан көрүнүп турат. Ал хандыктын драмалуу турмушуна өктөм аралашып, көптөгөн катаал окуялардын күбөсү гана болбостон түздөн-түз катышуучусу да болуп, ордонун кооптуу оюндарын, саясый сырларын, түпкү максатын терең түшүнгөн.
"Алымбек датканын калк камын жеген чыгаан саясатчы катары кадыр-баркы абдан өскөн учур жана анын мамлекеттик ишмердигинин туу чокусу XIX кылымдын 50-жылдардын аягы 60-жылдардын башына туура келет. Дал ушул жылдарда аркалык кыргыздар дагы аны жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой ала турган жол башчы катары колдошкону анык", - деп белгилейт тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Өмүрбеков.
Алымбек датканын саясый иш-аракеттери жөнүндөгү маалыматтар Россия империясынын мезгилинде жазылган архивдерде кездешет.
Чүй, Нарын чөлкөмүндөгү элдин сый-урматы
1860-жылы Верныйдан чыккан Циммермандын тобу Токмок менен Пишпектеги Кокондун чептерин багындырат.Чүй өрөөнүн колдон чыгарбоо үчүн Малла хан ал жакка Алымбек менен Ташкендин беги Канаат шаа башчылык кылган аскерлерди жиберет. Р.Набиевдин ырастоосуна караганда, "Кокон армиясынын башкы командачылыгына Анжияндын акими - Алымбек датка дайындалган".
Ошондогу окуяларды хан сарайынын тарыхчысы Мулла Нияз Мухаммед минтип жазган: "Маллабек хан болгондо Алымбек сарайдагы эң эле таасирдүү төрөлөрдөн болуп калат. Ал бир мезгилде хандыктагы ири областтарга - Анжиян менен Наманганга аким болуп дайындалат. 1860-жылы Малла хан аны Куртка аркылуу Чүй өрөөнүнө Кокондун Пишпектеги чебин ээлеп алган орус армиясынын жылышын токтотуу үчүн жөнөтөт" .
Ушул эле учурду академик Б.Жамгырчинов мындайча белгилеген: "Алайдын көрүнүктүү өкүлү болгон Алымбек датка, 1860-жылга чейин Наманган округунун башчысы кызматында болгон, ал өзүнө караштуу тегеректен көптөгөн аскер жыйнап, Канаатка жардамга чыккан. Чүй өрөөнүндө Түндүк кыргыздардын урууларынын арасында анын баркы кыргыз феодалдарынын башчысы катары өсүп олтурган. Ал Канаатка баш ийгиси келген эмес, ал эми кыргыз феодалдары башкы командачы катары Канаатты эмес Алымбекти таанышкан".
Алымбек Кетмен-Төбө аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүп, Куртка чебине тыныккан, жолду катар кыргыз жоокерлери кошулуп олтуруп, жалпы атчан аскерлеринин саны 12 миңге чейин жеткен, бул маалыматты академик Б.Жамгырчинов мындайча тастыктайт: "Алымбектин ысмы жана таасири жеке эле Түштүктө эмес, Түндүк кыргыздарда да күчтүү болгон. Жолдо ага кыргыз отряддары Анжиян вилайетинен, Кетмен-Төбө, Куртка ж.б. жерлерден кошулуп олтуруп, анын аскерлеринин саны 12 миңге чейин жеткен".
Б.Жамгырчиновдун пикирин Ч.Валихановдун маалыматы толуктап турат, анткени казак окумуштуусу "Нарын дарыясынын, Сырт тоолорунун этектеринде көчүп жашаган кыргыздар Анжиян башкаруучусуна баш ийишет, ага Нарындагы жана Тогуз-Тородогу Куртка, Жумгал чептери да карайт", деп жазган.
Кыргыз коомчулугу татаал тарыхый учурду баштан кечирип жаткан жоокерчилик заманда, Алымбек датка баштаган инсандар орус падышачылыгынын аскерлерине каршы беттешкени Чүй өрөөнүнө жөнөп кетет. Түндүк-түштүк кыргыздарын асман тиреген аска-тоолор бөлүп турганына карабастан Адыгине менен Тагайдан тарагандар дайыма байланышта болушуп, бири-бири менен тыгыз мамиледе болушкан.