№81, 30.10.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




Тунгуч гезитке "Турардын" колдоосу
Улуттун тунгуч гезити "Кыргыз Туусу" 85 жылдык мааракенин алдында окурмандарынан көптөгөн колдоо таап жатат. Эмгек ардагерлеринин, жер-жерлердеги окурмандарыбыздын мындай колдоолору эмгек жамаатын да шыктандырып, майрам алдында маанайын көтөрүүдө.
Мына бүгүн эле окурмандарга кеңири белгилүү "Турар" басмасы колдоо иретинде 10 миң сом которуптур. Буга чейин белгилүү окумуштуу Буудайбек Сабыр уулу жыйнап жүргөн эмгегине колдоо көрсөтүп бастырып, ага кошуп ири суммада калем акы берсе, кыргыздын чыгаан жазуучусу Мырза Гапаровдун 10 жылдап басылбай жаткан чыгармалар жыйнагын акысыз чыгарган, көптөн бери чыкпай калган "Ала Тоо" адабий журналын өз каражатына чыгарып келген "Турар" басмасынын башкы директору Тилек Мураталиев эми айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиевдин "Семетейин" басып чыгарууну да өз мойнуна алганын кабарлады. Кыргызстандагы басмалардын алдыңкысы, мамлекетке салык төлөөдө өөнөп калуу оюна келбей таза иштеген ишкер мырзага жараткан өзү да жардамын аябай берип келет. Жакында Германиянын "Гейделберг" заводу кымбат баадагы, эң акыркы үлгүдөгү басма техникасын жеңилдетилген кредит менен ушул басмага ишеним менен берди. Ал басманын алгачкы ишин жакшылык менен баштайын деп ырымдап, белгилүү журналист Жумакан Сариев тарабынан жазылган "Ата Журт алдындагы парз. Мезгил арымдары... Президент Курманбек Бакиев. Даректүү баян" аттуу китепти жогорку сапаттуу басуудан баштады. Эми эмне демекчибиз, элдин кызыкчылыгын ойлогон ишкерге "Кыргыз Туусуна" көргөзгөн колдоосу үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Баса, басманын атын атасынын атынан "Турар" деп койгон. Өмүр бою агартуу тармагында эмгектенген Турар аксакалды мүлдө Кочкор эли жакшы билет. Ал эми апасы Зайнанын колунан окуган окуучулары ар дайым урматтап келет. Бактылуу апа азыр балдары, кыздары, неберелеринин сыйын көрүп, бактылуу карылыкты сүрүүдө. Улуттук гезиттин чоң күйөрманы, ар бир санын зарыга күтүп окуйт. Мына ушундай эл кадырлаган мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияланган Тилек мырзанын тилеги ар дайым орундала беришин каалайбыз.

Кыяс Молдокасымов