, 23.10.09 - 6-бет: Башкаруу реформасы башталды, түзүмү аныкталды
Жергиликтүү бийлик органдарынын иш-аракеттеринин финансы-экономикалык негизин күчөтүү зарыл. Аймактардан чогултулуп жаткан салыктардын бир бөлүгүн жергиликтүү бийликтерге берүү аркылуу буга жетишсе болот. Эми бул реформанын кийинки этабынын маселеси.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Алдын ала эсептөөлөр көргөзгөндөй, башкаруу реформасынын биринчи этабы жарым мил-
лиарддан ашык сомго барабар бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Бирок бул процесстин экинчи жагын да эске алуу кажет. Чиновниктер армиясын мынча туташ кыскартуу өлкөдө мурда болуп көрбөгөн. Ошондуктан, кызматтан бошогон мамлекеттик кызматчыларды социалдык колдоо жана коргоо боюнча программаны иштеп чыгуу жаңы Өкмөттүн биринчи милдети болууга тийиш. Мурдагы чиновниктерди кайра окутуу, чакан жана орто бизнесте өз ишин ачкысы келгендерге чакан кредит берүү программалары иштелип чыгып, жүзөгө ашырылышы керек.
Кыскартууга туш келчү чиновниктердин болжолдуу санын мен атайылап айткан жокмун. Жогорку Кеңеште да реформа жүрмөкчү, анын аппаратын, жардамчылар менен кеңешчилер институтун азыркы талапка ылайыкташат. Учурдан пайдаланып, реформа демилгесин колдогону үчүн депутаттарга ыраазычылык жолдоймун. Бирок, бул баштаган ишти кыска мөөнөттө бүткөрүү зарылдыгын баса белгилеймин. Мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча бирдиктүү жана ачык-айкын системаны түзүү мөөнөтү да кыстап турат.
Кантсе да чиновниктер менен түзүмдөрдүн санын кыскартуу башкаруу реформасынын биринчи этабынын максаты эмес. Бул анын натыйжасы гана. Улутуна жана динине, жаш курагына жана социалдык абалына карабастан, ар бир жаран өлкөнү башкарууга тартылууга
тийиш. Бул үчүн жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн чечимдерди кабыл алуу процессине тартуу жагын жобо менен бекитүү зарыл. Эгер өзгөртүүлөрдүн натыйжасында стратегиялык чечимдерди кабыл алууда ар түрдүү кызыкчылыктагы топтордун өкүлчүлүгү жана тең салмагы камсыз болсо, анда реформанын биринчи этабы үзүрлүү болду деп айта алабыз.
Президенттин Институтунун да, Өкмөттүн да түзүмдөрүнүн бардык схемалары юридикалык жактан таризделди. Жакынкы күндөрү мен тийиштүү жарлыктарга жана буйруктарга кол коёмун. Кадрдык дайындоолор болот.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Башкаруу реформасынын биринчи этабы Конституцияга жана бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын туудурат. Ондогон регламенттерди иштеп чыгуу зарыл. Бул ишти колдон келишинче тездетүүнү депутаттардан да, Өкмөттөн да суранам, анткени бюджетке олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот.
Акыркысы. Мен мурда айткандай, чечимдерди кабыл алууда кызыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмагын камсыз кылуу максатында дагы бир кеңешме орган - Ынтымак Курултайы болуп калмакчы. Ынтымак Курултайы жөнүндө жобо ийине жеткириле иштелүүдө, жакынкы күндөрү коомчулукка сунуш кылынат.
Ошентип, башкаруу реформасы башталды. Мындай маанилүү өзгөртүүлөр реформага тартылган бардык тараптардан анын маңызын түшүнүүнү талап кылары белгилүү. Ошондуктан, коомдук талкуулар жана акылдашып кеңешүүлөр реформаларды ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш.
Биз шайлоодо туруктуулук, бейпилдик жана жаркын келечек үчүн күрөшкөн элек, эми реформалардын биринчи этабы негизги максатка карай маанилүү кадам болуп калмакчы. Эмки милдет турган ордубузда токтоп калбастан, ар кандай бюрократтык бөгөттөрдү жеңип өтүүдө турат. Чечкиндүү, тайманбастан жана жоопкерчилик менен аракеттенүү керек. Өлкөнүн улуттук мүдөөлөрү ушуну талап кылат. Эл бизден ушуну күтөт.





Игорь Чудиновдун арызы кабыл алынды
"Өкмөттүн азыркы курамы "Өлкөдөгү экономикалык абал абдан оорлойт",- деген божомолдорго карабастан, өз милдеттеринин өтөөсүнө чыга алды десек болот. Беш жылга чукул президенттик ишимде ушул Өкмөт эң мыкты өкмөт болду десем жаңылышпайм", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 20-октябрда Өкмөт үйүндө өткөн КРнын Өкмөтүнүн кезексиз отуруму учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

Отурум учурунда Премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн мамлекет башчысы сунуштаган жаңы түзүмүн парламенттин кароосуна жаңы премьер-министр киргизиши керектигин айтып, отставкага кетүү жөнүндөгү арызын берди. Анын айтымында, Өкмөттүн бардык мүчөлөрү аткаруу бийлигинин жаңы структурасын түзүү Президенттин Өлкөнү жаңылоо курсунун максаттарына толугу менен төп келет деп эсептешет жана колдоого алышат. "Кыргызстандын жарандары Сиздин мамбашкарууну реформалоо боюнча сунуштарыңызды колдоого алып гана тим болбостон, мүмкүнчүлүгүнө жана шык-жөндөмүнө жараша аларды иш жүзүнө ашырууга активдүү катышат деп ишенем", - деди И.Чудинов.
Президент Курманбек Бакиев премьер-министрдин отставкасын кабыл алып, Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин азыркы Өкмөт мүчөлөрү милдет аткаруучу катары ишин уланта бере тургандыктары туурасында жарлыкка кол кое тургандыгын кабарлады. Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн өтө турган "Ак Жол" Элдик партиясынын саясый кеңешинин отурумунда талкууланып, кийин Жогорку Кеңеште каралмакчы. "Өкмөттүн жаңы курамы мурунку өкмөттүн алдыңкы, мыкты тажрыйбасын улантып, кемчиликтерин жоюп, жакшы натыйжа үчүн белсенип иштейт деп үмүттөнөм. Биз болуп жаткан окуяларга карата профессионалдуу жана ыкчам аракеттенүү үчүн гана эмес, алардын алдын алып, озунуп иш алпаруу үчүн реформаланып жатабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады К.Бакиев.




Өкмөт отставкага кетти
20-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызматтан кетиши жөнүндө" жарлыкка кол койду.

арлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун 2-
пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтан кетиши кабыл алынды, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын кызматтан кетишине алып келет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындалганга, жаңы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин милдеттерин аткаруу иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине жүктөлдү.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.
Өз маалыматыбыз




Бошотуулар
21-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесиндеги 1-пункттун үчүнчү абзацына ылайык Чудинов Игорь Витальевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду.
ЁЁЁ
Президенттин жарлыгы менен КРнын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына
ылайык Суталинова Гүлзар Абдыбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын кызматтарынан бошотулду.
Дайындоолор
Президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
КРнын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык, төмөнкүлөр дайындалды: Ажибеков Нурлан Нурмамбетович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына; Аширов Жанышбек Сайдилаевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге
чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун
судьялыгына;
Кадырова Гүлназ Кубанычбековна - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен КРнын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Ажибеков Нурлан Нурмамбетович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кадырова Гүлназ Кубанычбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотуна жиберилди.