, 23.10.09 - 20-бет: "Ысык-Көл. Жээк кыйыры.
Жашоо кыйыры. Жүрөк кыйыры"
Кечээ күндөн баштап Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт музейинде Кыргызстандын фотосүрөтчүлөрүнүн "Ысык-Көл. Жээк кыйыры. Жашоо кыйыры. Жүрөк кыйыры" фотокөргөзмөсү өтүүдө. Экспозиция "Кумтөр Оперейтинг Компани" тарабынан уюштурулган жана Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгын майрамдоого арналган.
Ага республикадагы белгилүү фотосүрөтчүлөрдүн эң мыкты эмгектери коюлду. Арасында жакында тартылгандары да, ошондой эле мурда тартылган эмгектер да бар.

Көргөзмөнүн ачылыш аземи башталар алдында атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Кайрылып куштар келгенде" чыгармасынан үзүндүнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Людмила Прокофьева көркөм окуп берди. Ал окуу биздин Ысык-Көлүбүздүн көркөм жерлерин көрсөткөн тасма менен коштолду.
Салтанаттуу аземди "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" массалык маалымат каражаттары менен байланыштар боюнча менеджери Сергей Дедюхин ачып, келген конокторду бул көркөм өнөр сүйүүчүлөрү үчүн олуттуу окуя менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жергебиздин кооз бөлүктөрүнүн бири болгон Ысык-Көлдүн кооздугун сүрөттөө менен көргөзмөгө коюлган эмгектерден көрөрмандар ал кооздукту биздин фотосүрөтчүлөрүбүздүн көз карашы менен көрө ала турушкандыгын баса белгиледи.
Андан кийин сөз алган КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери К. Исабеков көргөзмөнүн ачылышына катышып жаткандыгына өтө канааттанганын билдирүү менен өзүнүн кыргыз болуп, Көл жергесинде төрөлгөнүнө ыраазы экенин айтты. "Ысык-Көлдүн жакшы жактары боюнча уламыштар да, тарыхый да, документалдуу материалдар да жетиштүү. Жакында биз бул облустун 70 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Көл чынында эле кыргыз жергесинин гана эмес, жер шарынын эң кооз жерлеринин бири болуп саналат. Ысык-Көлдү ушул бойдон сактап калуу - биздин бардык жарандардын, анын ичинде "Кумтөр" кенинде иштеп жаткан канадалык компаниянын да ыйык милдети. Проблемалар да бар. Биз бала кезде көлдөн балыкты кол менен эле кармап алчубуз, азыр андай жок. Ошол эле учурда Президентибиз маараке учурунда кийинки жылдан баштап облуста жолдордун ремонту баштала тургандыгын айтты.
Бизде туризм тармагы приоритеттүү тармак. Ал эми учурда сырттан келген туристтердин токсон пайызы Ысык-Көлгө келишерин билесиздер".
Сөзүнүн аягында К. Исабеков "Кумтөр Оперейтинг Компани" өткөрүп жаткан көргөзмөнүн ишине ийгилик каалады. Ал аталган компания менен бирдикте кооз Көлүбүздүн өз калыбында сакталып калуусуна аракеттер көрүлө бере тургандыгына ишеничин да билдирди.
Ысык-Көл облусунун вице-губернатору Мурат Мукамбетов "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" бүгүнкү көргөзмөнү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ага коюлган иштер көрөрмандардын кызыгуусун жарата тургандыгына ишеничин айтты. М. Мукамбетовдун пикири боюнча, мындай көргөзмө Ысык-Көлдүн кооздугун гана көрсөтпөстөн, аны көздүн карегиндей сактоо керектигин да тастыктап турат. Ал аталган компания тарабынан облустук фондуга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен быйыл эле ондогон объектилердин курулушу жүрүп жаткандыгын баса белгилеп, фонд Көлдүн жашоочуларынын жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын да кошумчалады.
Г.Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев өз сөзүндө мына ушул ыйык көлүбүз канчалаган мыкты чыгармачыл адамдардын шыгына шык кошуп, шедеврлердин жаралуусуна түрткү бергендигин айтып өттү.
С. Дедюхин кийинки адамга сөз берүүдөн мурда бүгүнкү иш чарага "Кумтөр Оперейтинг Компани" демөөрчү болгондугун мыйзамченемдүү деп эсептей тургандыгын айтты. "Анткени компания ушул региондо иш алып барууда. Көпчүлүк кызматкерлер да облустун жашоочулары. Ошондуктан компаниянын кызматкерлери үчүн Ысык-Көл кооз жер гана эмес, бул биздин үй. Биз анда жашап жана иштеп жатабыз", - дейт ал.
- Урматтуу айымдар жана мырзалар, - деп өз сөзүн кыргызча баштады "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" президенти Роберт Вандер мырза. - Бүгүнкү ачылып жаткан "Ысык-Көл. Жээк кыйыры. Жашоо кыйыры. Жүрөк кыйыры" фотокөргөзмөсүнүн ачылышына кош келиңиздер.
Ал өз сөзүндө облустун 70 жылдыгы менен анын жетекчилигин жана жашоочуларын куттуктады. Жогорку Кеңештин вице-спикери К.Исабековго куттуктоо сөзү үчүн ыраазычылык билдирди. Ушундай эле ыраазычылык сөздөрүн көргөзмөгө иштерин коюшкан бардык фотосүрөтчүлөрдүн дарегине да айтты. Ал облустун өнүгүүсүндөгү ийгиликтерди белгилөө менен мурда негизинен анын түндүк тарабы өнүгүп келгенин, эми түштүк тарабы да өнүгө тургандыгына ишенич билдирди. "Биз өз компаниябыз менен Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө салымыбызды кошо алдык. Көл жөнүндө кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов эң сонун айткан: "Биздин көлдү анда ыйык үмүттөрү жана ниеттери күзгүдөгүдөй чагылдырылган элибиздин жан дүйнөсү менен салыштырууга мүмкүн", - деди ал.
Р. Вандер мырза бул экспозиция кеңири мааниге ээ экендигин да айтуу менен көргөзмөнүн ишине ийгиликтерди каалады.
Андан кийин көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышынын лентасы кыркылып, алгачкы коноктор көргөзмөдөгү иштер менен тааныша алышты.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
Алтынбек АЛИЕВ (фотолору),
"Кыргыз Туусу"