, 23.10.09 - 16-бет:
  Т.Усубалиевдин 90 жылдыгын утурлап

Бир караган кишиге бул мезгилдин ийгилиги жомок сыяктуу сезилет. Кыргызстан өнүгүүнүн эң жогорку чегине жеткени даана байкалат. Ошондой өнүгүүнү өнүктүрмөк түгүл сактап кала албаган, заводуна техникасын кошуп саткан, малына кошуп сарайларын кошо жок кылган чарбасыз заманды баштан өткөрдүк. Бакубат жашоо, бардык жактан өнүккөн учурду эстегенде, ал кездеги жетекчиликтин жетик аракеттери көз алдыга тартылат.

Жакшы жетекчи өлкөнү байытат, жаманы келсе талатат
Кыргызстандын тарыхында жылдызы эң жарык жанган инсандардын бири - Турдакун Усубалиевич Усубалиев 1961-жылдан 1985-жылга чейин, дээрлик чейрек кылым бою, Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысынын кызматында иштеди.
Кайра куруу заманында жана СССР тараган убакта коммунисттер, алардын чынчыл лидерлери көп жерде кысмакка алынып, басмырланып, ошол мезгилдеги өкмөт менен партиянын жетекчилеринин эл-журт үчүн өтөгөн эмгектерине акыйкат баа берилген эмес.
Жылдар өтүп, коомдун аң-сезиминде коммунисттик доордун ак-карасын ажырата тааныган түшүнүк орноп, улуу муундардын кылган ак эмгегине акыйкат баасы бериле баштады.
Президентибиз К.Бакиевдин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук залкар ишмери Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" Буйругу мамлекет саясатында улуу муундардын эмгегине урмат-сыйлуу мамиле жасоо керек экенин көрсөткөн кубанарлык чечим болуп калды.
Ушунча узак убакыт республиканын башында туруп, анын мате-
риалдык жана руханий байлыгын кемитпей, кайра көп эселеп көбөйтүп, барк-баасын көтөрүп, жыргалчылык менен ынтымактын кучагында нарктуу жана акылман башкаруу, акыйкатта, чыныгы адамдык эрдик болуп саналат.
Кыргыз Республикасы СССРдин курамына бириккен 15 республиканын бири болгон. Советтик Кыргызстан заман талабына төп өнөр жай индустриясы, механизациялашкан ири айыл чарбасы, жогору өнүккөн илим-билим тармагы жана маданияты бар алдыңкы республикага өсүп жеткен.
60-жылдары Кыргызстанда биринчи жолу республиканын бардык экономикалык райондору үчүн узак перспективага эсептелген өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу жана өнүктүрүү концепциясы, схемасы иштелип чыккан.
1985-жылы республиканын коомдук продуктусунда өнөр жайдын көлөмү 60 пайызды түзгөн. Республиканын өнөр жайы төрт миңден ашык аталыштагы өнөр жай продукциясын чыгарган 130дан ашык тармакты бириктирип турган. 1985-жылы өндүрүлгөн продукция 1960-жылга салыштырганда беш эсеге, улуттук киреше - алты эсеге көбөйгөн. 80-жылдары жыл сайын дээрлик алты миллиард советтик рублга барабар өнөр жай продукциясы өндүрүлүп турган.
Кыргызстандын өнөр жай продукциясы союздук башка республикаларга гана эмес, ошондой эле 53 чет өлкөгө, анын ичинде Европанын 19, Азиянын 18, Латын Американын жана Африканын 16 өлкөсүнө жиберилип турган.
Кыргызстандын энчисине табияттан гидроэнергетикалык зор ресурстар тийген. Ушул табият тартуулаган байлыкты эл турмушун жакшыртууга пайдалануу максатында Нарын дарыясында гидростанцияларды куруунун техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгууга көп күч-аракет жумшалганы жалпы журтка белгилүү. Токтогул, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Күрп-Сай жана Шамалды-Сай ГЭСтери курулду. Бул гидроэлектрстанциялардын курулушу республиканын электр энергияга болгон керектөөсүн толук камсыз кылууга жана Орто Азиянын Бириккен энергосистемасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Алтымышынчы жылдардын башында Кыргызстанда айыл жериндеги калктын 85-90 пайызы керосин чырактарын пайдаланып келгенин айта кетүү ашыкча болбойт.
Кыргызстан бекер жеринен Орто Азиянын кочегары деген атка конгон эмес. Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Сүлүктү сыяктуу көмүр кендери бар шаарларда сегиз миңден ашык шахтёрлер иштешкен. Алар жылына беш миллион тоннага чейин көмүр казып алып турууга жетишкен.
Кыргызстанда көп тармактуу айыл чарба өндүрүшү тездик менен өнүгүп жүрүп отурган. Жыл сайын орточо алганда 2,5 миллиард рубль наркындагы айыл чарба продукциясы өндүрүлүп турган.
Кыргызстандын башкы байлыгы болгон сугат жерлердин аянты 1985-жылы бир миллион 100 миң гектарга жеткен. Сугат жерлерди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасы натыйжалуу иштеген. Талас өрөөнүндөгү Киров, Ош облусундагы Папан, Анжиян, Найман (Түп-Мойнок), Төрт-Күл, Чүй өрөөнүндөгү Жогорку Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтары курулган. Миңдеген километрге созулган сугат каналдары ишке киргизилген. Натыйжада жылдан жылга талаачылык иштеринин маданияты жогорулап, айыл чарбасында түшүмдүүлүк өсүп, мал чарбасы дүркүрөп өнүккөн.
Биз сугат жерлердеги кылкандуу дан эгиндеринен 35-40 центнерден, жүгөрүдөн 60-65 центнерден түшүм алууга жетишкенбиз. Бул жагынан республиканын дыйкандары ошол убактагы түшүмдүү жерге бай келген Украинага да биринчиликти берген эмес. Орто Азияда кант кызылчасын биздин республика гана өстүрчү.
Кыргызстан ошондой эле уяң жана жарым уяң жүндүн мекени катары аты чыккан. Биздин камволдук-нооту комбинатыбыз жыл сайын 11 миллион квадрат метрге чейин жүндөн токулган кездемелерди чыгарчу.
Республикада мал чарбасын өнүктүрүүгө да орчундуу көңүл бурулган. Чейрек кылым ичинде 18,5 миң чабан үйлөрү, 10 миллион кой-эчкиге эсептелген 18 миң кашар салынган. Ошондой эле 736 миң мүйүздүү бодо малды, 367 миң чочкону, 9 миллион канаттууларды кармоо үчүн короо-сарайлар ишке киргизилген.
Советттик мезгилде союздук республикалардын экономикасынын өнүгүү деңгээлин аныктаган эки жүздөн ашык көрсөткүчтөр бар болчу. Ушул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан алдыңкы төртөөнүн катарына кирген.
Биз бүткүл союздук фондго жана экспортко 44,5 миң металл кесүүчү станок, 489,4 миң автосамосвал, 687 миңден ашык чөп жыйноочу пресс-подборщиктерди жибердик. Мындан сырткары республика союздук республикаларга чырактарды, сымап, сурьма сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдарды, цемент, пахтадан, жүндөн, жибектен жасалган кездемелерди жиберип, электр энергия менен камсыз кылган.
Кыргызстан бүтүн дүйнөнү титиретип турган СССРдин коргонуу кубатын чыңдоого да активдүү катышкан. Ленин атындагы станок куруу заводу, Физприбор заводу, "Ала-Тоо" илимий-өндүрүштүк бирикмеси, электрондук-эсептөө машиналарын чыгаруучу завод коргонуу багытындагы продукцияларды чыгарган.
Ушул жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Түстүү металлдардын, темирдин, кокс көмүрүнүн ири кендери табылган. Макмал, Жерүй, Чаткал, Талды-Булак сол жээк, Кумтөр жана башка алтын кендери ачылган.
Бийик тоо шартында жакшы курулган транспорт артериясыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу. Көп кыйынчылыктарга карабай бийик тоолорду жиреп өткөн Фрунзе - Ош автомобиль жолу салынды. Автожолдор республиканын аймагында бардык багыттар боюнча курулуп, автожол жетпеген бир да айыл калган эмес. Автожолдордун жыштыгы боюнча Кыргызстан Советтер Союзунда биринчи орундардын бирин ээлеген.
Республиканын аба дарбазасы болгон "Манас" аба майданы, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Кызыл-Кыя, Жаңы-Жол, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы аба бекеттери дал ошол мезгилде курулган.
Республиканы бүтүндөй радиофикациялаштыруу толук аяктаган. Калктын 85 пайыздан ашууну телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө жетишкен.
Биздин тоо берметибиз Ысык-Көл бүткүл союздук курорттук зонага айланган. Анын жээгинде жүздөн ашык санаторийлер, эс алуу жайлары, туристтик базалар жана пионер лагерлери курулган.
Билим берүү мекемелеринин окуу-материалдык базасын чыңдоо жана мектеп окуучулары менен жогорку, атайын орто окуу жайларынын студенттери үчүн окуу шарттарын түзүү боюнча эбегейсиз көп иштер бүткөрүлгөн.
1961-1985-жылдары жаңы типтеги, 579 миң окуучулук орунга эсептелген, эки-үч кабаттуу 1457 мектеп, 151 миң орунга эсептелген бала бакчалары курулган. Сексенинчи жылдардын башында жалпы орто билим берүүгө өтүү республика боюнча толук аяктаган.
Илимий-техникалык, экономикалык ири өзгөрүүлөр өлкөдө жогорку жана атайын орто окуу жайларында адис даярдоону жакшыртуу милдеттерин алдыга койгон. Жогорку окуу жайларында окуган студенттердин жалпы саны 1961-жылдагы 17,3 миңден 1985-жылы 58,5 миңге жеткен, же башкача айтканда үч жарым эсеге өскөн. Ошондой эле кадрларды даярдоо көрсөткүчү 2,4 миңден 9,7 миңге көбөйгөн. Дал ошол мезгил аралыгында илимий-техникалык адистерди даярдоо беш эсеге көбөйүп, илимдин кандидаттары жети эсеге, илимдин докторлору 4 эсеге өскөн.
Иштеп жаткан ар бир миң адамга 679 жогорку жана орто билимдүү адам туура келген. Кыргызстан калкынын билим деңгээли жогору республика болуп атагы чыккан. Илимдер Академиясы баш болгон ондогон илим-изилдөө институттары иштеп, аларда 9145 илимий кызматкер эмгектенген. Биз айга жердин кыртыш топурагын жеткирген прибор ойлоп тапкан окумуштууларыбыз менен сыймыктанчубуз.
Биздин улуттук маданиятыбызды сактап, өнүктүрүп, аны мурда ойго келбеген деңгээлге чейин жеткирип байыткан жетишкендиктерибиздин маанисин өткөнгө көз чаптырып карасак түшүнүктүү болот.
Кино, театр, көркөм өнөр, опера, балет - искусствонун бул түрлөрү дүйнөлүк масштабга чейин көтөрүлдү, бул фактыны азыр эч ким талаша албайт. Кыргыз ада-
бияты өнүгүүнүн көк мелжиген бийиктигине чыкты.
Ар бир доор, ар бир заман өзүнүн архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен тарыхта калат. Турдакун Усубалиевичтин башкы ой-кыялы Фрунзени өлкөнүн өтө кооз шаарларынын бирине айлантуу болгон. Ордо шаарды жана анын борборун кайра курууга өлкөдөгү эң мыкты архитекторлор тартылган. Шаарда курулуштар генералдык план боюнча гана жүргүзүлгөн.
50-жылдары Фрунзе шаары чынында чоң кыштак эле болчу. 60-70-80-жылдары шаарда жыйырма миңдей жер кепелер буздурулуп, алардын ордуна капиталдык салымдардын эсебинен беш миллион квадрат метрден ашык турак-жайлар курулган.
1985-жылы Фрунзе шаарынын калкы 600 миңден ашты, 1959-жылы шаарда болгону 218 миң адам жашаган.
Турдакун Усубалиевичтин түздөн-түз жетекчилиги аркасында борбор шаарда Ала-Тоо аянты, Өкмөт үйү, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, "Манас" аэропорту жана башка объектилер курулду. Кыскасы, борбор шаарыбыз мурда болуп көрбөгөндөй кулпуруп, көркүнө чыкты.
Эгер Турдакун Усубалиевичтин беттеген ишин аткарган өжөрдүгү, өзгөчө талапкөйлүгү болбогондо, биздин борбор шаарыбыз азыркыдай кооз жана музейлерге, эстеликтерге, фонтандарга бай болмок эмес.
Бул макалада Турдакун Усубалиевичтин бүткөргөн иштеринин баарын санап отурууга мүмкүн эмес, а чынында ошол аталыштар менен сандардын артында акылман журт башчысын ээрчип, каруусун казык, акылын азык кылган миңдеген адамдардын ак эмгеги турат.
Республикадагы мындай жетишкендиктердин башкы негизи кадрларды даярдоо, бөлүштүрүү жана тарбиялоонун терең ойлонулган системасы болгон. Советтик доордун саясатында кадрларды тандоодо жана өстүрүүдө алардын ишмердик сапаттары, кесиптик даярдыгы жана билими, иш тажрыйбасы жана адамгерчилиги эң башкы критерийлер катары каралчу. Эл чарбасынын башында саясый жактан кыраакы, кесиптик жагынан такшалган, жетиштүү иш тажрыйбасы бар жетекчилер турушкан.
Республикада кадрларга чоң ишеним жана сый-урмат менен мамиле жасалып, алар кылчактап-кысталбай, бир орунда туруктуу жана үзүрлүү иштегенге зарыл шарттар түзүлгөн эле. Бирок бийик ишеним менен бирге, алардын ишине коюлган талаптар дагы жогору эле.
Турдакун Усубалиевич Кыргыз Республикасын чейрек кылым бою жетектеп турду. Бул мезгилде анын турмушунда ийгиликтер, жетишкендиктер менен катар көп проблемалар, кыйынчылыктар да болду. Өзүнүн 90-жылдыгын Турдакун Усубалиевич акылмандык жана жаратмандык күч-кубаты, сөөлөтү менен тосуп жатат. Ал өзүнүн турмушта туу туткан нарк-дөөлөттөрүн "Кыргызстан менин жүрөгүмдө" деп атаган китебинде чын пейил менен баяндаган.
Бүтүн кыргызга кымбат акылман аксакалыбыз мурда баштаган иштерин улантып, Кара-Кече көмүр кенин ыкчам өздөштүрүү, өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу, уран өндүрүшүнөн калган радиоактивдүү калдыктардын жаратылышты булгоо коркунучун жоюу жөнүндө маселелерди талыкпай көтөрүп, аны чечүүнүн жолдору жөнүндө акыл-кеңешин өлкө жетекчилерине берип келатат.
Турдакун Усубалиевдин ысымы кыргыз тарыхында даңктуу ысым, биздин элдин тарыхынан эч качан ажырагыс кымбат ысым. Ушунун баарын эске алганда Бишкек шаарынын Биринчи май районун Турдакун Усубалиевдин аты менен атоо акыйкат чечим болор эле.
М.БАЗАРКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын
Эл мугалими, коомдук ишмер