, 23.10.09 - 12-13-бет: ОшМУнун ректору, профессор
Мухтар Орозбеков:
ОшМУ - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!
Маектеш жөнүндө маалымат
Орозбеков Мухтар - Ош мамлекеттик университетинин ректору. Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүргөн. Россиядан 1986-жылы кандидаттык, 1994-жылы докторлук диссертациясын жактаган. 60тан ашуун илимий эмгектердин, 4 илимий ачылыштын автору. Кыргызстандын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, КРнын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын II чакырылышынын депутаты, учурда Ош шаардык кеңешинин депутаты. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери.


- Мухтар Орозбекович, жакында эле "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" наамы менен сыйландыңыз. Сыйлыгыңыз кут болсун?..
- Ыракмат. Мени ошол сыйлыкка жеткирген - эмгек жамаатым, студенттерим. Бул менин гана сыйлыгым эмес, жалпы жамаатыбызга берилген сыйлык деп эсептейм. "Жабыла көтөргөн жүк жеңил" дегендей, жамаатыбыз ынтымак-ырашкерчиликте иштеп, көтөргөн демилгени жерде калтырбай эмгектенгенинен улам мен ушундай сыйлыкка жетип олтурам деп ойлойм. Андыктан, сиздердин гезит аркылуу "жеңилимди жерден, оорумду колдон алып" келген кесиптештериме, жамаатыма, ишиңе жараша калыс мамиле жасап, баа берген жетекчилерибизге, урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевге чын ыкластан ыраазычылыгымды билдирем.
- ОшМУ Түштүк аймактагы жогорку окуу жайларынын көч башы катары эсептелинип келген. Мында жаш адистерди тарбиялоо гана эмес, окуу жайдын коомдук процесстерге катышуусу жана активдүүлүгү көңүлгө алынса керек эле. Мындай
бийик бааны татыктуу улантып кетүү, бийик абройду түшүрбөй сактап калуу жетекчи катары сиздин тынчыңызды албайбы?
- Өтө туура айттыңыз. Мен бул окуу жайга жетекчи болуп келгенде эң көп түйшөлткөн нерсе - эл ичиндеги окуу жайдын кадырын көтөрүү, калк ичиндеги: "ЖОЖдо мындай экен, андай экен", - деген терс пикирлерди жоюу болгон. Ошондон бери колдон келген аракетибизди көрдүк, көп кыйынчылыктар болду, бирок бүгүнкү ийгиликтерибиз жаман эмес. Заман агымына карай алга жылып, билим берүүдөгү жаңылыктарды, саамалыктарды улам өзүбүзгө сиңирип, жаңыны жаратып, эскинин жакшысын улантып дегендей, иштеп келе жатабыз. Окуу жайындагы эң негизги таянычтардын бири - китепкана, китеп эмеспи. Алгач ишибизди ушул китепканаларды тартипке салуудан баштап, 2006-жылы мурдагы тарых факультети окуп келген эски 3 кабаттуу имаратты толук оңдоп-түздөп, борборлоштурулган китепкана түздүк. Азыр анын фондунда 1 миллионго жакын окуу китептери, улуттук жана дүйнөлүк адабияттын чыгармалары бар. Студенттерибиз сабакка даярдануу менен бирге чет элдик студенттер, окутуучулар менен байланыш түзсүн, достошсун, айрым нерселерди үйрөнсүн деген максатта китепкана имаратына 17 чет элдик борборлорду да жайгаштырганбыз. Ушул эле китепкана имаратында окутуучулар үчүн өзүнчө, студенттер үчүн өзүнчө интернет класстары, 2 окуу залы, электрондук окуу кабинети, медиа борбор иштейт. Мындан тышкары Түштүк аймакта биринчи болуп электрондук китепкана түздүк. Анда 200 миңге жакын билим менен илимдин бардык тармактары боюнча окуу китептеринин, атактуу илимпоздордун чыгармаларынын электрондук варианттары бар. Борбордук китепканада ачылган медиа борбордо миллионго чукул электрондук каражаттар, окуу процессинде пайдалана турган видео, аудио материалдар, окуу дисктери топтолгон. Айтор, окуганга, илим изилдегенге заман талап кылган бүтүндөй шартты түзүп бердик. Андан кийинки жылдары факультеттердин жайгашуусуна карап 2 жерге дагы ушундай борборлоштурулган китепканаларды ачтык.
Окуу процессинде 2004-жылдары университет 1036 компьютер, 150гө жакын гана интернет түйүнүн пайдаланып келсе, учурда 2 миңден ашуун акыркы үлгүдөгү компьютерлерди пайдаланып жатабыз. Жогорку ыкчамдыктагы интернет байланышы менен ар бир деканатты, ар бир кафедраны, компьютердик класстардын баарын камсыздаганбыз. Быйылкы окуу жылынын башында 200дөн ашуун компьютерлүү бир компютердик борборду ачтык. Жакын арада ушундай эле дагы эки борборду ачалы деп турабыз. Окуу процессинде жеңилдикти пайда кылуу максатында АВН программасын ишке киргизгенбиз. Бул программада окуу жайыбыздын бүтүндөй маалыматы сакталат жана ким кааласа таанышканга мүмкүнчүлүк бар. Ачык-айкындык болот экен, ким окуудан чыгарылганын, которулганын студент өзү, ата-энелерге чейин билип турат.
Албетте, окутуудагы эң негизги таяныч профессордук-окутуучулук курамдын сапаты. Мыкты, тажрыйбалуу окутуучуларды, илимпоздорду даярдоого ондогон жылдар керек. Алар жакшы билим бериши үчүн көңүлдөгүдөй шарт жаратуу талап этилет. Окутуучулардын эмгек шартын жакшыртуу багытында бир топ иштерди жүзөгө ашырдык. Илимий даражалуу окутуучулардын баарына (бизде алардын саны 400дөн ашат) илим изилдөөгө, окуу процессине пайдалансын деген максатта бирден персоналдуу компьютер бергенбиз. Ал эми айлык акылары акыркы 4 жылдын ичинде 2 эседен ашык жогорулады.
Кайсы иште болсун бекем тартип менен ишке жоопкерчиликтүү мамиленин аркасында ийгилик жаралары шексиз. Биздин жамаатта да өз ара сый менен катар бекем тартипти адатка айландырганбыз. Мисалы, 60 сааттан ашык сабакка келбеген студентти окуудан четтетүү боюнча атайын буйрук бар. Буйруктун аткарылуусу дайыма көзөмөлдө турат. Декандар, жетекчилер жумасына жок дегенде 4 сааттан кем эмес факультетиндеги окутуучулардын сабактарына катышып, кеп-кеңешин берип сабактын сапатын көзөмөлдөп туруусу милдеттендирилген жана ал аткарылып жатат. Окуу жылында бир жолу сабакты үзгүлтүккө учураткан же сабакка кечигип келген окутуучунун жыл аягында алуучу сыйлык акчасынан кемитебиз. Биз окутуунун сапатын бекем тартип аркылуу гана эмес, окутуучуларыбызга, студенттерге дем берүү, кызыктыруу аркылуу да көтөрүүнү максат кылып келебиз. Окуу жайыбызда жыл сайын мыкты илимий эмгектердин, окуу китептеринин сынагы, "Мыкты окутуучу", "Мыкты лектор" "Мыкты факультет, кафедра" сынактары өткөрүлүп келет. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы боюнча тарбия иштерин жакшыртуу максатында жалпы 200 миң сом байге коюп, кураторлордун, студенттердин, тайпалардын, жаштар комитеттеринин эң мыктыларына сынак өткөрүп, жеңүүчүлөрдү жайкы каникул мезгилинде Сары-Челек, Арстанбап, Апшыр-Сай сыяктуу табияты кооз жерлерге эс алууга жөнөттүк. Максат - аз да болсо студенттер, кызматкерлер арасында атаандашууну, кызыгууну жаратабыз деген үмүт.
Ош шаарында жана облуста өткөрүлгөн ар кандай саясый акциялар, расмий майрамдар, коомдук иш аракеттер ОшМУсуз өтпөйт деп айта алам. Биздин окутуучулар жана студенттер Ош шаарын жашылдандырууга жана тазалоого, көрктөндүрүүгө, Нооруз, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү сыяктуу майрамдарга, кары-картаңдарга-жардам берүү сыяктуу кайрымдуулук акцияларына активдүү катышып жатышат.
Студенттерди эмгекке тарбиялоо максатында, анан калса шаарыбыздын тазалыгы үчүн быйылкы жылдын 4-апрелинде шаарды көрктөндүрүү боюнча республикалык ишембилик өткөрүп, бир күндүк маянабызды Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга берели деген чакырык менен чыктык. Түштүк борбордогу Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалоо, ыйык Сулайман-Тоону акыр-чикирден арылтып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүздүк. Ишембиликтен чогулган 250 миң сом накталай акчаны биздин расмий өкүлчүлүк Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп жаткан жерге барып, куруучуларга тапшырып, университетибиздин таланттуу студенттеринен жана белгилүү өнөрпоздорунан турган топ концерт коюп беришти. Мени жаран катары сыймыктандырганы Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунун башталышы элге чоң дем берди. Биз да ушундай чоң иштерди кыла алат экенбиз деген ишенүүнү жаратты, өчөйүн деген үмүттөрдү тутантты, демек, бизде да чоң күч бар турбайбы деген эртеңки күнгө ИШЕНИМ пайда болду. Айтор идеологиялык да чоң башат болуп калды десем болот.
Жарым кылымдан ашуун тарыхында ОшМУ Түштүк аймагынын дээрлик ар бир үй-бүлөсү менен кандайдыр бир алакада болуп, тагдырлаш, танапташ болуп келген элдик окуу жайга айланып калган. Он миңдеген жаштарга таалим-тарбия берип, жол көрсөтүп, адис катары өстүргөн ыйык жай. Ал эми бүгүн Ош мамлекеттик университети - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн деген патриоттук ураан менен адис даярдоонун түйшүгү түмөн жолунда тынымсыз аракет кылып келет.
- Азыр коом ичинде жалпы эле ЖОЖдордун билим берүүсүнүн сапаты жөнүндө терс пикирлер арбын. Буга кандай карайсыз?
- Туура, чынында эле билим берүү системабызда көңүл өйүгөн оор көйгөйлөр бар. Президентибиз да айтып жатпайбы, ЖОЖдор бүгүн билим берүү функциясынан кыйла оолактап, диплом берүүчү эле мекемедей болуп калган деп. Чынында эле эски бийликтин тушунда билим берүү тармагында башаламандыктар чийинден чыгып кеткен эле. Натыйжада окуп, чыныгы адис катары билим алганы деле, талаалап жүргөнү деле ЖОЖду бүттү деген диплом алып келген. Бул ири алды билимдин сапатына терс таасирин берди. Жаштар окусак-окубасак да бүтөбүз деген түшүнүктө болду. Анан эл ичинде ЖОЖдор жөнүндөгү терс пикирлер көбөйүп: "Өзү Россияда жүрөт, зачеткасы бул жерде окуп жатат", - дегенге
чейин жеткен жаман жарлыктар пайда болуп кетпедиби. ЖОЖ ата-энеден келишим акыны эмнеге алат? Уул-кызыңызга билим берем, жакшы адам кылып тарбиялайм, бир адистикти үйрөтөм деп алат да, туурабы? Тескерисинче, эгемендүүлүк жылдардан кийин ЖОЖдор билим бергенден көрө, элден акча чогултуу жагына көбүрөөк ык коюп калышкан. Азыр Президентибиз демилге көтөрүп, ишке ашып жаткан билим берүүдөгү реформалардын түпкү максаты да ошол кырдаалды жоюуда жатат. Жаштар, ата-энелер арасында мындай терс түшүнүктү, жаман адатты жоюу, окусаң адис катары билимге ээ болсоң гана диплом аласың деген ойго кайтаруу биз үчүн да оңойго турбай жатат. 2007-2008-окуу жылында 4 миңге чукул, өткөн окуу жылында 5 миңден ашуун студент сабакка толук катышпаганынан, окуу планын аткара албаганынан улам окуудан четтетилди. Бул жогорку билим алууга жасаган жаштардын мамилесин өзгөртөт деп ойлойм. Жогорку окуу жайы бала бакча эмес экендигин, бул жерде тартип болорун азыр көп жаштарыбыз сезип, туюп калды.
2005-жылдан бери аты болгону менен заты тиешелүү ченемдерге туура келбеген көпшөк структуралардан арылып, татыктуу билим бере ала турган бөлүмдөрдү түзүүнүн аркасында иш алып баруудабыз. Бирин-бири кайталаган департаменттер, бөлүмдөр кыскартылып, университеттин курамында иштеп жаткан Өзгөндөгү жана Сүлүктүдөгү билим берүү институттарын, Алайдагы, Кызыл-Кыядагы, Кадамжайдагы, Казармандагы жана Жалал-Абаддагы дистанттык окуу борборлорун жаптык. Университеттин ичинде да бир топ факультеттерди, кафедраларды кыскартып, бириктирүү менен алардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, күчтүү билим борборуна айландыруу аракеттери жүрүүдө. Анткени ыгы жок, жалаң көпшөк көрсөткүчтөр үчүн ачылган филиалдар эч качан терең билим берип жарытпастыгын убакыт өзү көрсөттү. Өзүбүздү-өзүбүз алдагандын кимге кереги бар!
Билим берүүнү жакшыртуу максатында сабактардын сапатын көзөмөлдөп, кеткен кемчиликтерге анализ жасап, жоюунун үстүнөн иштеген атайын Сапат департаментин түзгөнбүз. Студенттер менен үзгүлтүксүз алакада болуп, көйгөйлөрүн угуп, ал-абалы менен таанышып туруу максатында студенттик акыйкатчы уюмун ачып, ар бир факультетке ректор үчүн ишеним кутучаларын орнотконбуз, академиялык чынчылдык борбору иштеп, студенттер менен оку-туучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, терс көрүнүштөргө бөгөт болуп келет. Терс көрүнүштөргө, укук бузууларга каршы ректораттын ар бир мүчөсү факультеттерге куратор катары бекитилген. Сессия мезгилинде атайын ишеним телефондору иштеп, ректорат мүчөлөрүнөн, студенттерден, коомдук уюмдардан турган комиссия көзөмөл жүргүзүп келүүдө.
- 6-октябрда өткөн Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин форумунда Президентибиз Курманбек Бакиев Ош мамлекеттик университетин чет өлкөлөрдөн инвестиция тартуу боюнча үлгү катары көрсөтүп, акыркы эки жылдын ичинде эле 3 млн. доллар инвестиция алып келгениңиздерди баса белгилеп өттү. Окурмандарга ушул багытта кененирээк маалымат бере кетсеңиз.
- Урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевичтин Ош мамлекеттик университети жөнүндөгү жылуу сөздөрү биздин жамаат үчүнгү кубанычтуу чоң окуя болуп калды. Өлкө башчысынын колдоосу бизди мындан ары да көтөрүңкү дем менен иштөөгө шыктандырат, чоң милдеттерди коет. Инвестиция катары келген 3 млн. доллар жөнүндө айта турган болсок, анын жөн-жайы мындай. Ал эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк университеттер менен байланыштардын, кызматташуунун, кон-креттүү долбоорлор боюнча иш алып баруунун натыйжасы.
Бүгүн биз дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин тажрыйбасын изилдеп, өздөштүрүп, өзүбүздө колдонмоюн алга жылуу мүмкүн да эмес. Ошондуктан биздин университет дүйнөлүк окуу-илимий борборлор, фонддор жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташ болуп АКШнын, Кытай Эл Республикасынын, Түркиянын, Франциянын, Германиянын, Индиянын, Ирандын, Пакистандын университеттери менен кызматташып келе жатабыз. Биз Түркиянын "Диянет" фонду менен да тыгыз кызматташуунун аркасында жылына 70 студент жана окутуучулар Түркиянын Анкара университетинде окуп келишет. Түркия тарап кыргызстандык студенттердин барып келиши үчүн жол акысына гана 1000 доллар, анан дагы ал жактагы 1 жылдык жашоо чыгымдарын бүт көтөрүп, айына 80 доллар стипендия төлөп берет. Мындан сырткары бул эл аралык фонд биздин бир факультеттин жатаканасын, ашканасын, спорттук аянтчасын куруп беришип, факультетти толугу менен эмеректер, окуу китептери жана техникалык каражаттар менен камсыз кылып берди. Түркиялык шериктештерибиз ОшМУда 250 студентти толук жатакана, тамак-аш, стипендия менен камсыздап, бекер окутуп жатышат. Бардык каржылык чыгымдарга түркиялык боордош-шериктештерибиз жардам берип жатканын баса белгилеп кетким келет.
Америка Кошмо Штаттарынын Түндүк Дакота университети менен болгон кызматташтыгыбыз да өз жемишин берип жатат. Өткөн жылы ал университеттин ректору Чарльз Купчелла мырза бизге келгенде жыл сайын биздин 2 студентти акысыз окутуп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бул келишим ишке ашырылып, биздин эки студентибиз азыр Түндүк Дакотада акысыз (жашаган чыгымдарын да алар каржылап) окуп жатышат. Бул университетте окуу акысы бир студент үчүн бир жылга 15 миң долларды түзөт.
Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян педагогикалык университети менен байланыш түзүү максатында кызматташтык келишимине кол койгонбуз. Натыйжада азыр биздин 50 студентибиз Үрүмчүдөн билимин өркүндөтүп жатышат. Учурда
ОшМУнун базасында улуу кытай философу Конфуцийдин институту ачылганы турат. Бул долбоорго ылайык Кытай тарап 700 миң доллар каражат жум-шоодо. Бул институттун ачылышын тарыхый окуя деп койсок болот. Анткени биздин шериктештерибиздин финансылык колдоосу аркылуу ОшМУнун эле эмес, бүткүл Түштүк аймактын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери кытай тилин, тарыхын, маданиятын үйрөнүүгө жана изилдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Биздин туруктуу кызматташ-шериктерибиздин бири Индия Республикасы болуп эсептелет. Дүйнөдөгү эң улуу өлкөлөрдүн бири менен болгон байланышыбыз көп жылдардан бери жемиштүү улантылып келет. Буга чейин жүздөгөн индиялык студенттер биздин медициналык факультеттен жогорку билим алып кетишкен. Алардын бир тобу азыр да окуп жатышат. Быйылкы жылы Индия менен болгон байланышыбыз жаңы бийиктикке көтөрүлдү. Кыргызстандын Индиядагы, Индиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин жардамдарынын натыйжасында биздин окуу жайда Индия борборун ачуу маселеси чечилди. Жетишилген келишим боюнча аны ачып, бардык окуу китептери, техникалык каражаттар менен камсыздоо үчүн индиялык тарап 500 миң доллар өлчөмүндө инвестиция бөлүп берүүдө.
Биздин эл аралык уюмдар жана фонддор менен болгон кызматташтыгыбыздын дагы бир натыйжасы - айыл чарба бакалаврындагы адистерди даярдоо боюнча ЕВАК долбоору болуп эсептелет. Бул долбоор Евробиримдик тарабынан колдоого алынып, аны жүзөгө ашыруу үчүн 526 миң евро бөлүнүп берилген эле. Ушул долбоордун алкагында табият таануу факультетибизде атайын жабдылган лаборатория, спутниктик интернет байланышы туташтырылган компьютердик класс жана окуу китептери менен камсыздалган кабинет ачылган. Андан кийин Австриянын, Венгриянын, Германиянын, Испаниянын айыл чарба университеттери менен биргеликте Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп айыл чарба бакалавры боюнча адистерди даярдоого киришип, быйылкы жылы алгачкы бүтүрүүчүлөр Европалык үлгүдөгү дипломдорду алышты. Алар каалашса Европанын өлкөлөрүндө кесиби боюнча иштөө укугуна да ээ болушту. Түрдүү долбоорлордун, чакыруулардын, тажрыйба алмашуулардын негизинде биздин окуу жайдын жылына жүздөгөн окутуучулары чет өлкөдө болуп, билимин, тажрыйбасын өркүндөтүп келишет.
Ар түрдүү багытта кызматташуу, грант жана инвестиция тартуу максатында эл аралык уюмдар, фонддор жана өнүккөн өлкөлөрдүн университеттери менен байланыш түзүп, карым-катнашта болуп келе жатабыз. Мындай кызматташуубуз бизге чоң жардам болду. Чет элдик гранттардын эсебинен окуу жайыбызды окуу китептери, компьютерлер жана башка техникалык каражаттар менен толуктап, көптөгөн окутуучуларыбыз жана студенттерибиз дүйнөнүн мыкты университеттеринен тажрыйба алмашып, билимдерин жогорулатып келишти. Мына ушундай эл аралык кызматташуулардын негизинде Курманбек Салиевичтин докладында айтылган 3 миллион доллар биздин университетке инвестиция түрүндө келди. Ушул жерден мен дагы бир жагдайды кошумчалап койгум келет. Биз инвестициялардын аркасынан бир топ акча каражатын үнөмдөдүк. Мындан тышкары, биз өзүбүздүн бюджетибизди сарамжалдуулук менен сарптап, 2008-жылдагы жер титирөөдөн жараксыз абалга келген эски имараттын ордуна алты кабаттуу окуу корпусун курууга каражат топтоого жетиштик. Жалпы пайдалуу аянты 4500 чарчы метрди түзгөн курулушту өткөн жылдын август айында баштап, быйылкы жаңы окуу жылына карата пайдаланууга бердик. Имаратыбыздын курулуу наркы да кымбат болгон жок. Ар бир чарчы метри 340 доллардан курулган имарат заманбап жасалгаланып, билим алууга керектүү шарттын баары түзүлдү.
- Сиздердин университет Шанхай кызматташтык уюмунун университеттер тармагына кирди деген кубанычтуу кабарды эшиттик эле?
- Акыркы жылдары мамлекет башчыбыздын сырткы саясатта жасаган ишенимдүү кадамдарынын аркасында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында мурдагы шериктештердин байланышы жаңырып, карым-катнаштарыбыз күчөдү. Мына ошол кызматташтыктын бир жемиши катары ШКУнун университеттер тармагынын түзүлүшү болду. Ал жөнүндө келишимге быйылкы жылдын 27-майында Москва шаарында кол коюлду. Бул тармакка ШКУ өлкөлөрүндөгү 3 миң жогорку окуу жайынын ичинен 51 университет тандалып алынды. Алардын арасында Ош мамлекеттик университети да бар. Келишимге ылайык, келечекте бул тармакка кирген университеттердин окуу пландары бирдей түзүлүп, дипломдору бардык ШКУга кирген мамлекеттерде бирдей таанылмакчы. Ал эми студенттер тармак ичиндеги каалаган университетке которулуп окууга мүмкүнчүлүк алышат.
- Экономиканын, өндүрүштүн өнүгүүсү, эл турмушу жакшырышы да көп учурда илимдин өнүгүшү менен байланыштуу болот. Сиздердин окуу жай бул багытта кандай иштерди жүзөгө ашырууда?
- Окутуп, тарбиялоо менен катар илимий изилдөө иштерин жүргүзүү да бизде негизги багыттарыбыздын бири. Кийинки төрт жылдын ичинде ОшМУдан 17 окутуучу докторлук, 91 окутуучу кандидаттык диссертацияларын жакташканы эле биз бул багытта да тынымсыз өсүү деңгээлинде бара жатабыз деп айтууга толук негиз бар. Ошону менен бирге профессордук-окутуучулук курамдын сапатын көтөрүү багытында да иш жүрүп жатат. Азыр бизде эмгектенип жаткан 1375 окутуучудан 70 илимдин доктору жана профессорлор, 340 илимдин кандидаты жана доценттери, Кыргыз Республикасынын 4 Эл артисти, 1 Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө жана башка тармактарга эмгек сиңирген 35 кызматкер, билим берүүнүн жана башка тармактардын 200дөн ашуун мыктылары эмгектенишет.
Биздин окумуштуулар теориялык изилдөөлөр менен гана алек болбостон, мамлекетибизге экономикалык пайда келтирүү багытында да иштеп жатышат. Мисалы, техника илимдеринин доктору, профессор, И. Кенжаевдин жетекчилигинде күндүн энергиясын пайдаланып электр кубатын жаратуучу системаны иштеп чыгышып, өндүрүшкө кийиришти. Жаңы техникалык табылга азыр Ош шаарынын көчөлөрүндөгү светофорлорунда колдонулуунун алдында турат
Илимпоздорубузду колдоо максатында докторлук диссертация жактагандарга 20 миң сом, кандидаттык диссертацияларын жактагандарга 10 миң сом, академиянын мүчө-корреспонденттигине шайлангандарга 25 миң сом акчалай сыйлык чектегенбиз.
Андан сырткары өзүбүздүн жана жалпы кыргызстандык окумуштуулар үчүн квартал сайын "ОшМУ жарчысы" аттуу илимий-популярдуу журналыбыз жарыкка чыгып, жаңы илимий табылгалар, изилдөөлөр жарыяланып турат.
- Мухтар Орозбекович, азыр өлкөдө жаңылануунун мезгили жүрүп, бир топ чечкиндүү реформаларды ишке ашырабыз деп турабыз. Бул өзгөрүүлөргө сиздин көз карашыңыз кандай?
- Бул суроого жоопту мен Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин "Жаңылануу багыты" аттуу көлөмдүү программасынан баштаар элем. Анткени бул документте мамлекет башчыбыз Кыргыз Республикасынын коомдук-саясый, социалдык-экономикалык турмушун, улуттук тарыхыбызды, каада-салттарыбызды, маданиятыбызды, ар бир адамдын жашоо-турмушун, жакынкы жана алыскы келечегибизди өнүктүрүүнү белгилеген. Бул Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечүүчү, көп жылдарга эсептелген программа болуп калды. Ал эми 1-сентябрда Жогорку Кеңештин сессиясында мамлекетти башкаруунун жаңы системасын түзүп, экономика менен маданиятыбызды ааламдык жараянга интеграциялоо, реформаларды ишке ашырууга жөндөмдүү жаңы кадрларды даярдоо маселелери көтөрүлдү. Өлкөбүздө бийликтин жаңы системасы жаралып, реформалар конкреттүү багыттар боюнча жүргүзүлүшү айкын болуп калды. Ал эми билим берүү тармагынын кызматкерлеринин форумунда заман талабына жооп бере ала турган жаш адистерди даярдоонун өзөктүү маселелери каралды. Президентибиздин бул жыйындагы доклады билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн аракеттенүүнүн программасы болуп калды. Эми биз чынында эле сөздөн ишке өтүп, конкреттүү иштөөгө тийишпиз. Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы дал ушул багыттарда иштөөгө белсенип турат. Мындан тышкары мен билим берүү тармагынын өкүлү катары төмөнкү төрт маселе боюнча да өз оюмду билдирип коюуну туура көрүп турам.
- Биринчи, жалпы республикалык тестирлөө боюнча айтайын. Тестирлөөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алынуучу абитуриенттерди тандоодо бир топ алгылыктуу жактары бар экенин турмуш далилдеп жатат. Тестирлөө биринчи кезекте кабыл алуу учурундагы ар кандай терс көрүнүштөргө, ушак-айыңга бөгөт болот. ЖОЖдордогу кирүү сынактарындагы жагымсыз кырдаалды жоюп, абитуриенттердин, ата-энелердин арасындагы ишенимди тикелөө керек.
Азыр жалпы республикалык
тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдүн 25-30
пайызы гана катышып, калгандары ар түрдүү себептер менен катыша албай келишет. Жөндөмү бар, нагыз билимдүү жаштарды ЖОЖдорго топтоо үчүн "Бирдиктүү республикалык экзамен" бардык бүтүрүүчүлөргө милдеттүү түрдө жүргүзүлсө максатка ылайыктуу болмок. Менимче, мектептердеги бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарына талапты күчөтүп, формасын өзгөртүп, ал сынакты бир учурда эле мектептен алган билимин баалоочу дагы, жогорку, атайын жана орто окуу жайларына кирүү укугуна ээ кылуучу да сынакка айлантуу керек.
Экинчи, билим берүү тармагындагы негизги маселелерден болгон университеттерди акционерлештирүү боюнча айтайын дегемин. Нарк мамилелери, мезгил талабы, эл аралык практика сөзсүз түрдө эртеби-кечпи окуу жайларды менчикке берүүгө алып барат. Мамлекеттин негизги буйрутмаларын, таламдарын аткаруучу улуттук маанидеги окуу жайларды калтырып, калган ЖОЖдорду этап-этап менен акырындап акционерлештирүүгө өткөрө берсек менимче туура болмок. Бирок бул максатты ишке ашырууда болуп кетчү кесепеттердин алдын алган өтө аяр мамиле жасалышы керек деп эсептейм. Алгач ЖОЖдорду менчикке чыгаруу боюнча жеткилең мыйзам долбоору иштелип чыгып, биринчи пилоттук ЖОЖдор тандалып, аларда сезилген кемчиликтер түзөтүлүп, андан соң гана калган ЖОЖдорду акционерлештирсек болмок.
Мындан биз эмнени утабыз? Негизгилерине токтолоюн: Биринчиден, менчик ээлери өз окуу жайларынын кадыр-баркы үчүн катуу күрөш жүргүзөт, антпесе атаандаштыктан утулат. Бул үчүн алар окуткандарга да, билим алгандарга да керектүү шарт түзгөнгө, кеңири мүмкүнчүлүк жаратканга, жагымсыз көрүнүштөрдү жойгонго болгон күчүн жумшайт. Натыйжада билим сапатынын кескин көтөрүлүшүнө шарт жаралат.
Экинчиден, материалдык базасы начар, заманга ыңгайланыша албаган, коом талап кылбаган адистерди даярдоочу ЖОЖдорду атаандаштык өзү эле тескеп жөнгө салып коет. Натыйжада, ыгы жок көбөйгөн, бирин-бири кайталаган адистиктер, окуу жайлардын саны эч кандай ызы-чуусуз, сотсуз, табигый жол менен кыскарат.
Үчүнчүдөн окуу жайлар керектөөнү кылдат иликтеп, коом, иш берүүчүлөр талап кылган адистиктерди даярдаганга өтүшөт. Окуу жайлардын көбү ар кайсы адистикти окутам деп чөп башылабай бир багыттагы адистерди даярдаганга ык ала башташат жана ошол адистик боюнча лабораториялык база, профессордук окутуучулук курам түзгөнгө умтулат. Мунун натыйжасында айрым бир багыттагы адис даярдоочу окуу жайлар биргелешип иштегенге же биригип ирилешкенге өтөт. Бир кыйла мезгил өткөн соң, негизги багыттар боюнча адистерди даярдоочу, атаандаштык шартында бышып жетилген ЖОЖдор пайда болот.
Дагы бир айтайын дегеним, элибиздин улуу ынтымагы, өлкөбүздүн алыскы келечегине карата багытталган Президентибиздин ойлорун турмушка ашырууга карата бир сунушум бар. Эл ичине жик салган эси жок саясатчы сөрөйлөр, бийликке жетүүдөн башканы ойлобой акыл-эсинде ыйыктык, ыйман-ырыс калбаган айрым замандаштарыбыз калкыбызды уруусуна, аймагына карап бөлүп ийгенге даяр. Мындай кесирлүү иштин алдын алып, улуу элибиздин улуу ынтымагын бекемдегенге кенедейден болсо да салымыбызды кошуп туруубуз керек. Буга билим берүү тармагы да жакындан жардам бере алат деп ойлойм. Студенттерди аймактардагы жогорку окуу жайларга кээ бир адистиктер боюнча алмаштырып кабыл алууну практикалашыбыз керек деп ойлойм. Мисалы, Ош, Баткен же Жалал-Абад облустарынан бир группа абитуриенттерди Таластан, Нарындан же Ысык-Көлдөн шартын түзүп берип, жатакана менен камсыздап окутсак же ал аймактардын жаштары Ош, Жалал-Абад
шаарларында билим алса неге болбосун? Мындан жаштарыбыздын ынтымагы бекемделмек, дос-курбу тапмак, ошол аймакты жакындан билип, ою өзгөрмөк. Жогоруда айткандай эл бузарларга жок дегенде ушундай жаштарыбыз туура сөзүн айтмак. Начар эл жок, начар адамдар болушу мүмкүн дегендей, өз көзү менен көргөн адамдын пикири сөзсүз өзгөрөт. Балким окуган жеринен өзүнө жар таап, эки аймактын карындаш-урукчулугу жаңырмак. Мунун баары келип-келип элибиздин ич ара ынтымагынын аз-аздан болсо да бекемделишине себепчи болмок. Убагында азыркы жетекчилердин көпчүлүгү Россиянын шаарларынан окуп келбедик беле. Мисалы, менде бул улуу эл жөнүндө жакшы таасирлер калган. Азыр да окуган жериме урмат менен мамиле кылам.
Төртүнчү сунушум - майрамдар
боюнча. АКШда жыл бою 5, Россияда 6, Түркияда 4 майрам мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Ал эми бизде кесиптик майрамдарды эске албаганда да, жалпыбыз эс ала турган 13 майрам күн бар экен. Ылайым элибиздин ар бир күнү майрам болсун. Бирок бел чечпей эмгек кылчу мезгилде биз үчүн айрым майрамдар ашыкчалык кылып жаткандай. Туура, бардык майрамдын негизи бар. Майрамдайлы, бирок, кээ бир майрамдарды дем алыш жарыялабай эле белгилесек болот да. Мисалы, айымдардын майрамын же Мекен коргоочулардын күнүн алалы, жолдошуңду, кесиптешиңди куттуктап, жылуу маанай жаратып коюу үчүн бир күн кечке ишсиз жүрүштүн зарылдыгы анча деле жок. Тескерисинче, маңдай жаркыган маанай менен эмгектенип, ошол жерден майрам ээлерин куттуктап коюу деле жетиштүү болот го дейм. Майрам шылтоосу менен эртеден-кечке бош жүргөн бөбөктөрүбүз бир тамганы таанып калса, окуганды үйрөнсө, студенттер билимин тереңдетсе, ошол биз үчүн майрам болуп жатпайбы? Айтор, карап көрүп, балким зарылдыгы жок майрамдарды иш күн катары эле бекиткенибиз оңдур деген ойдомун.
Антпесек иштебей эле кыргыздын "Жамбаштап жатсаң сонун да" деген ырындагыдай жата бергидейбиз. А бүгүнкү заман агымына, убакыт учкулдугуна биздин коймаарек тарткан жүрүшүбүз жарашпай тургандай. Азыр бел чечпей иштегенибиз бизге, өзгөчө келечек ээлери - жаштарга пайдалуу.
Майрамдын көптүгүнөн (статистикага таянсак) спирт ичимдиктерин сатуу жылдан-жылга көбөйүп баратат. Анан кантип биз келечек муундарыбызга, генофондубузга кам көрөбүз? Ушундай маселелер мени абдан түйшөлтөт. Кеч боло электе ушул жагын да ойлонушубуз керек.
Ал эми Ош мамлекеттик университети Кыргызстан табигый байлыктары менен гана эмес, билимдүү эли менен кубаттуу мамлекет болушу үчүн чын дилден кызмат кыла бермекчи!
Ж.Акунова,
"Кыргыз Туусу"