Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 "Кыргыз мурасы жана келечек" долбооруна ойлор, сунуштар

КРУИАнын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы Амантур ЖАПАРОВ:
Көчмөндөр цивилизациясында келечек үчүн көп нерселер бар
- Амантур Забирдинович, ушул убакка чейин цивилизацияны ар кандай доорлорго, формацияларга бөлүп карап келишет. Бири 8ге, экинчиси 11ге бөлсө, үчүнчүсү 20га бөлүшөт. Бирок, буга чейинкилерде көчмөндөр цивилизациясы деген түшүнүк кездешкен эмес. Азыр көчмөндөр цивилизациясын изилдегенге эмнелер түрткү, себеп болууда? Сөздү ушундан баштасак.
- Цивилизация жөнүндө сөз кылганда, Ч.Айтматовдун бир сөзү бар, майда булактар кошулуп отуруп, океанга айланат деген. Ар бир элдин, жердин өзүнүн маданияты болот. Ошонун баары топтолуп келип дүйнөлүк цивилизацияны түзүп жатпайбы. Көчмөндөр дүйнөлүк цивилизацияга салым кошкон дегенге толук негиз бар.
Көчмөндөр жердин, экологиялык системанын өзгөчөлүгүнө байланыштуу ошол жерди рационалдуу өздөштүрүп, адам, коом менен гармонияда иш алып баргандын өзү чоң иш болгон. Ошол жердеги жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланып, чарбачылыктын өзгөчөлүгүнө байланыштуу социалдык уюмдашуусун кабыл алышып, ошого жараша этносаясый уюмдашуу болуп, мамлекеттүүлүктүн элементтерин пайда кылышкан. Жердин шартына, өнүгүүнүн деңгээлине жараша эң сонун нерселерди ойлоп табышкан. Жаныбарларды колго үйрөтүшүп, андан сырьё алып, кайра иштетишип материалдык маданиятты пайда кылышкан. Орто Азия, Казакстан регионуна илимпоз катары белгилүү болгон Николай Басиловдун Америка, Европада көргөзмөлөр өтүп, анда ат жабдыктарынын түрлөрү көрсөтүлгөндүгүн айтып бергени бар. Азыркы тапта башка жактан келгендер үчүн экзотикалык, эстетикалык табитте кабылданышы мүмкүн. Ошондуктан көчмөндөрдүн маданиятына кызыгып, аларды сатып алып жыйнап жүргөндөрдү жолуктуруп жатабыз. Көчмөндөрдөн калган руханий мурастын баалуулугу теңдешсиз. Маселен, эпостор, элдик оозеки чыгармалар, якуттардагы олонхо, Түштүк-Сибирь элдериндеги көмөкөй менен ырдоо сыяктуу элементтери сакталып калгандыгын көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизацияга салым кошкондугу катары карасак болот.
- Жакында "Кыргыздардын мурасы жана келечек" деген улуттук долбоорду даярдашып, концепциясын Президентке сунуш кылышты. Президент да аны жактырды. Ушул долбоордо көчмөндөр цивилизациясына эле басым жасалышы керекпи, же мурас дегендин башка компоненттери да барбы?
- Биринчиден, улуттук долбоор даярдалып, ага Президент өзү демилгечи болгону жакшы көрүнүш. Мунун үстүндө адистердин бардыгы иштеши керек. Мурас жөнүндө сөз кылганда, бир нерсени сөзсүз айтып кетүү керек. Дайым биздин мурдагы жасап келинген иштерди көңүлгө алуу зарыл. Себеби, мурасты изилдөө дайыма эле болуп келген. Башка маселе, муну системалаштырып, бир программанын алкагында дем, идея, шыкак берейин дегендик жактыра турган көрүнүш. Мурдагы адистерде деле көчмөндөрдүн мурастары жөнүндө изилдөөлөрү болду. Театралдык көрсөтүүлөр коюлду, кинолор тартылып, музыкалык чыгармалар жаралды. Менин оюмча, кыргыздардын мурасына келгенде, Кыргызстандын аймагындагы жалпы маданий мурасты эске алышыбыз керек. Көчмөндөрдү эле бөлүп алганыбыз туура болбой калат.
Көчмөн десе эле мал артынан жүрүп, жайлоолордо күн кечирип жүргөндөрдү түшүнбөө керек. Көчмөндөрдүн мыкты дыйканчылыгы болгон. Дыйканчылыгы аябай өнүккөндүгү жөнүндө Зиберштейн, Валиханов жазышкан. Алар күнү бүгүнгө чейин маанисин жоготпой келатат. Маселен, азыр биз максым, чалап, шоро дегендерди ичип жатабыз. Булар бүгүн эле пайда боло калган жок. Ата бабаларыбыздан калган, материалдык маданияттын жакшы көрүнүшү десек болот. Көчмөндөрдүн дыйканчылыкта жашаган элдер менен алака, мамиледе болгондугун эске алышыбыз керек. Көчмөндөрдүн турмушундагы дагы бир компонент - аңчылык. Алгыр куштарды агытуу, тайгандарды колдонуу биздин ата-бабаларыбыздын турмуштук көрүнүштөрүнөн болгон. Тайган, куштардын тилин таап, аларды ийге келтирүүдө жогорку чеберчиликке жетишкен. Үй шартындагы колдонмо өнөрлөрдү алалы. Алгач утилитардык максатта жасашкан. Мисалы, кийиз жылуулукту камсыз кылса, терилеринен башты, денени жылуу кармаган кийимдерди тигишкен. Адамдын эстетикалык табитин кандыра турган нерселерди, орнаменттерди, оймолорду түшүрүп, адамды философиялык ойтутумга кабылдыра турган нерселерди жасашкан. Ошондуктан жалаң эле көчмөндөрдүн маданиятын карабастан, дыйканчылыктын, мал чарбачылыктын башка элементтерин карап, комплекстүү алуу керек.
- Көчмөнчүлүк мезгилди өзүнчө цивилизация катары карап, изилдөө, иликтөө жөнүндөгү маселе бизде эле көтөрүлүп жатабы, же өнүккөн өлкөлөрдө да колго алынуудабы? Дегеле маселенин иликтениш, изилдениш абалы кандай?
- Негизи, көчмөнчүлүк дүйнөдөгү көп илимпоздорду кызыктырган маселе. Мурдатан эле көңүл бурдуруп келген. Бул багытта ата мекендик, чет өлкөлүк көптөгөн илимпоздор бар. Маселен, Владимирцов, Марков, Вайнштейн ж.б. Кыргыздарда Айтбаев, Абрамзон сыяктуу илимпоздор бул маселени ар кандай аспектте карап келишкен. Казактарда зор мектеп болгон. Анда Зиманов, Шахматов, Аргенбаев дегендер иштешкен. Көчмөндөр маселеси бүгүн да батыш, чыгыш окумуштууларын кызыктырып келет. Мунун ичинде ачыла элек, белгисиз сырлар бар. Батыштын илимпоздору акыркы убактарда көчмөндөрдүн экологиялык маселелерин, согуштук уюмдашуусун, материалдык маданияттын элементтерин, социалдык түзүлүштөрүн, экономикасын көбүрөөк изилдешүүдө. Кыскача айтканда, бул түбөлүктүү тема. Бул кыргыздарда эле көтөрүлүп жаткан маселе эмес.
- Азыркы маалыматтык-технологиялык мезгилде мындан ары өнүгүүгө өбөлгөнү көчмөнчүлүк доордон, байыркы мурастардан издөө туурабы? Бул реалдуу нерсеби, же курулай кыялдануубу?
- Сөзсүз түрдө ата-бабалардын маданий, материалдык мурастары, тигил же бул абалда сакталып келет. Ошол эле мезгилде трансформацияланып отуруп, өзгөрүүгө да дуушар болот. Ал эми сиздин сурооңузда айтылгандай, өткөнгө кайрылып, бир нерсени табууга болобу? Далай нерселерди өткөндөн табууга болот. Анын ичинде оң жактар менен кошо терс нерселер да табылат. Себеби, кээ бир учурларда коомдогу жагымсыз көрүнүштөр, архаикалык аң-сезимдер рационалдуу ой жүгүртүүгө, өлкөнү динамикалуу өнүктүрүп кетүүгө бөгөт болушу да мүмкүн.
Экинчи жагы, оң нерселер. Мисалы, боз үй көчмөндөрдүн чоң табылгасы. Кийимдердин комплекси. Колдонмо өнөрдө жасалган буюмдар, же болбосо руханий мурас "Манасты" алалы. "Манас" искусствонун өнүгүшүнө зор түрткү берди. Анын тегерегинде канча адам иштеп, ой жүгүртүп, эмгектерди жаратышты. Театрларга коюлду. Биз өткөн маданий мурасыбызды сын көз менен карап, алдыга жүрүп олтурушубуз керек. Чарба жүргүзүүдө көчмөндөр жайыттарды пайдаланышкан. Алардан биз жайыттарды үнөмдүү пайдаланууну үйрөнсөк болот. Кээ бир учурларда биз өзүбүздү өтө эле мактап, тарыхыбызды бурмалап жиберген жактарыбыз бар. Мындай көрүнүштөр өксүк комплексин пайда кылышы мүмкүн. Убагында Салижан агайыбызды жактырбаган кишилер да көп болгон. Салижан Жигитовдой адамдар да керек. Ачуу чындыкты бетке айтып, кемчиликтерди көрсөтүп турганга. Ансыз биз кантип өнүгөбүз?..

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Кытайдын зыяндуу азык-түлүгүнөн улутту сактайлы
3-бет
Өз ара байланыш байсалдуу жолго чыгарат
4-бет
Абалыңар кандай, ардактуу карылар?
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Нарын
8-бет
Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн машыгуусу
9-бет
КРУИАнын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы Амантур ЖАПАРОВ:
Көчмөндөр цивилизациясында келечек үчүн көп нерселер бар

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Бабалардан калган из
12-бет
ХХI кылымдын кара тумоосуна каршы
13-бет
Жыйырма тогузунчу макала
14-бет
Айыл чарбасында: келерки түшүмгө камылга
15-бет
Асылбашский аильный округ
Сокулукского района
объявляет аукцион

16-бет
Эне тилим" эн тамга





Яндекс.Метрика