, 20.10.09 - 5-бет:
  Ата-Журт алкагында

"Ат чабыш" фестивалы
24-25-октябрда Токтогул районунда кыргыз атына, салтына арналган "Ат чабыш" фестивалы өтөт. Бул тууралуу "Кыргыз аты" коомунун жетекчиси Жаклин Рипар билдирди. Фестиваль 18-19-июлда Тажикстандын тоолуу Бадахшан жеринде, 1-2-августта Оштун Памир-Алайындагы Ленин чокусунун түбүндө өткөн. Ал эми 31-октябрь 1-ноябрда Ысык-Көлдүн Барскоонунда ушул жылдын жыйынтыкталуучу оюндары өтөт. Ж.Рипар иш чараларды өткөрүүгө Франциянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кристенсен фонду башкы донор катары жардам көрсөтүп жатканын айтты. Фестивалдын алкагында тыйын эңмей, оодарыш, кыз куумай, көкбөрү, улак тартыш жаша башка оюндар болот. Мындан тышкары күн сайын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү ачылып, манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ажылык сапардын акысы
2,4 миң доллар
Ажыга баруу маселелерин чечүү жана уюштуруу иштери өкмөттүн чечими менен толук бойдон Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгына жүктөлгөн. Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун айтымында, уюштуруу маселелери өзүнүн нугунда эч кандай тартип жана мыйзам бузууларсыз өтүүдө. Азыркы убакта ажыга бара турган жарандардын паспорттору чогултулуп, тизмелери такталууда. 20-октябрга чейин бардыгы толук жыйналып бүтүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет. "Ажы сапарынын акысы 2 миң 400 доллар турат. Зыяратчыларды алып барып келүүнү кыргыз авиакомпаниялары гана тейлейт, алар Бишкектен Жидда шаарына түз учмакчы. Андан тышкары ажыга баруучулардын бардыгы саламаттык сактоо кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өтүп жана атайын эмдөөлөрдү алышат"-деди ал.

Жүрөк оору Кыргызстанда күчөөдө
Кыргызстанда жүрөк оорусу менен бир күндө элүү, жылына 20 миңге жакын адам каза болот. Саламаттыкты сактоо министри М.Мамбетовдун айтымында, жүрөк оорусу менен көз жумгандар 1991-жылы 100 миң кишиге 265 учур туура келсе, 2006-жылы бул көрсөткүч 34 пайызга көбөйгөн. "Акыркы үч жылда өсүү байкалган жок", - деди М.Мамбетов. Депутат Д.Молдошева жүрөк оорулары боюнча Кыргызстан Евразияда биринчи орунда турарын белгилеп, бул маселени депутаттар иликтеп чыгышы керек деген сунуш киргизди. Ал эми депутат И.Масалиев жүрөк ооруга чалдыгып жана каза тапкандардын санынын көбөйүшү медицина тармагындагы системанын начардыгын билдирет деген пикирин айтты.

Кыргызстанга таасир этүүнү каалагандар көп
Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу эки кичинекей өлкөнүн саясый абалына жана суу-энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этүүнү каалаган мамлекеттер көп болууда. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ою боюнча Россия Борбордук Азияда өзүнүн кызыкчылыгын кайрадан жараткан соң, башка өлкөлөрдүн да зор кызыгуусу пайда болду. "Эми алар аракетти күчтөнтүп, биздин республиканы программаларына, инвестициялык долбоорлоруна киргизүүгө далалат кылышат. Бул үчүн көп суммадагы акчаны төлөшөт жана бул өз кезегинде биздин туруксуз саясый ишмерлердин "башын айлантат". Мындай "кол салуу" гуманизм, гуманитардык жардам, демократизация деген шылтоо менен жасалып, коркунучту туудурат. Бул сыяктуу аракеттер бүгүнкү күндө бүткүл КМШнын аймагында жүрүүдө", - дейт Т.Какчекеев. Мындан тышкары Токтогул Какчекеев аймакта радикалдык ислам өз таасирин көрсөтүү аракетин кылып жаткандыгын жана аны менен күрөшүү зарылчылыгын белгилеген. "Кыргызстанда 5 миллион калк үчүн 5 миңден ашык мечиттер бар. Ал эми катталбаган мечиттердин канчасы бар экендиги белгисиз. Республикада Хизб-ут-тахрир, ваххабизм жана башка бөлүнүп-жарылган конфессиялар да көбөйүп кетти", - дейт ал.

"Каганат" 1-баскычтагы
дипломго татыды
Быйылкы жылдын жай айларында Москва шаарында КМШ мамлекеттеринин эл аралык "Китеп искусствосу" конкурсу өткөн. Ага Армения, Молдова, Тажикстан ж.б. өлкөлөрдөн 160 басылма катышкан эле. Кыргызстандан барган "Күмүш жомоктор" сериясы "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн" номинациясы боюнча 2-даражадагы дипломго, "Кыргызстан" сериясы "Менин өлкөм" номинациясы боюнча 2-баскычтагы дипломго, ошондой эле К. Иманалиевдин "Каганат" китеби "Биздин замандаш" номинациясы боюнча 1-баскычтагы дипломго ээ болду.

Көчө театрлар Бишкекте
Бишкекте көчө театрларынын эл аралык фестивалында 10дон ашык сахналар уюштурулду. Мындан тышкары Борбор Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Быйылкы фестиваль "Шаардагы орун" ("Место в городе") деп аталып "Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап" аттуу ураан астында өтүп жатат. Сахналар эски аянтта, Ала-Тоо аянтында, Панфилов атындагы сейил багында, Дзержинский бульварында, ЦУМдун астында уюштурулган. Иш чарага кыргыз жана казак өнөрпоздорунан тышкары Les Goulus (Франция), Outre rue (Бельгия), Teatre Due Pietonne (Германия) труппалары катышууда.

Быйыл 588 жер титирөө катталган
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору К.Абдрахматов быйылкы жыл сейсмикалык жактан "тынчтык" болгонун, мындай абал өзгөчө катуу силкинүүлөр алдында калыптанаарын айтты. Ошону менен бирге ал быйыл Кыргызстанда ар кыл күчтөгү 588 жер титирөө катталганын билдирди. "Жер кыртышы белгилүү бир убакка чейин тынчып күч топтойт, андан соң жогорку даражадагы силкинүүлөрдү берет. Биз мындай божомолдорду айтуу менен элдин жүрөгүн түшүргүбүз келбейт. Тескерисинче атуулдар бул божомолдорду туура кабыл алып, ар кыл абалга даяр болсо дейбиз. Биздин институт тарабынан айтылып келген божомолдорго өкмөт да, калк да камырабайт. Жагымсыз, коркунучтуу божомолго карабай калк туруксуз турак-жай салууну улантууда",- деди ал.





  Аалам алкагында

АКШ Конгрессинин китепканасы кыргыз китептерин алууда
Кыргызстандан дүйнөдөгү эң ири АКШ Конгрессинин китепканасына 250 аталыштагы китептер жөнөтүлдү. Китептер АКШнын Бишкектеги элчилиги аркылуу Вашингтонго дипломатиялык почта менен жиберилди. Вашингтондо жайгашкан АКШ Конгрессинин китепканасы 1800-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Жон Адамс тарабынан негизделип, анын алгачкы фонду 740 китеп жана Американын 3 географиялык картасынан турган. Учурда китепканада дүйнөнүн 470 тилинде 32 миллион китеп жана башка басылма материалдар, 61 миллиондон ашык кол жазмалар бар.

Тажикстанда төрт жоочу жок кылынды
Тажикстандын ИИМнин билдирүүсү боюнча, Кыргызстан менен чектешкен Исфара районунда жекшембиде жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында төрт Өзбекстан ислам кыймылынын (азыр Түркестан) жоочулары жок кылынып, бирөөсү колго түштү. Жоочулар куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Эки тараптын атышуусу үч саатка созулуп, бир ОМОН кызматкери жарадар болгон. Жок кылынган топтун мүчөлөрү бир топ оор кылмыштарды жасаган. Анын ичинде ушул жылдын сентябрынын ортосунда Исфара шаарынын ички иштер бөлүмүнүн начальниги С.Саидовду да өлтүргөн деп шектелүүдө. Ошондой эле бул топ 15- октябрда Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы кыргызстандык чек арачылар менен атышып, тоого жашынып калган. Бирок анда бул топтун катарында сегиз, кийин он төрт адам болгондугу айтылган.

Кыргызстандын футболчулары
137-орунга чыкты
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2009-жылдын октябрында жарыяланган Эл аралык футболдук ассоциациялар федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде 137-орунга чейин көтөрүлдү. Курама команданын эң жогорку жетишкендиги 2006-жылдын августунда 119-орун болгон. Эң начар натыйжа 2000-жылдын ноябрында 175-орун болгон. 2009-жылдын октябрына карата рейтингдин алгачкы беш оруну төмөнкүчө: 1.Бразилия (өткөн айда 1-орунда болгон), 2. Испания (2), 3. Нидерланддар (3), 4-5. Германия (4-5), 4-5. Италия (4-5).

Ааламда ар бир алтынчы
адам ачка калууда
"Дүйнөлүк экономикалык кризис Жер шарындагы жакыр жашаган калктын санын көбөйтүп, ачка калгандарды арбытты",- деп айтылган БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргеликте даярдаган докладда. Андагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ачка отургандардын саны бир миллиарддан ашкан. Мында азык-түлүктүн тартыштыгын өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тургундары көбүрөөк сезишүүдө. Азия менен Тынч океан аймактарынын өлкөлөрүндө ачкадан 642 миллионго жакын адам жабыркап жатат. Алардын саны Африкада Сахарадан түштүктү карай 265 миллион, Латын Америкасы менен Кариб бассейнинин өлкөлөрүндө 53 миллион, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада 42 миллион, ал эми өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө 15 миллионго жетти.

Усама бен-Ладен манго жегенди жактырат
Эл аралык террорист Усама бен-Ладен манго жегенди, Mercedes автомобилин айдаганды жана BBCни укканды жактырат. Бул туурасында анын алты аялынын биринчиси - Найва жазып, басып чыгарууга даярдалып жаткан китепте айтылган. Китептен үзүндүлөрдү жекшемби күнү Лондондун массалык маалымат каражаттары басып чыгарышты. Найва Усама бен-Ладендин бөлөсү жана ага 15 жаш курагында күйөөгө чыккан. Ал эми бул кезде бен-Ладен болгону 17 жашта болчу. Алардын 10 баласы - алты уул жана төрт кызы бар. Найванын айтуусунда, Усама 80-жылдардын башталышында АКШда радикалдык палестин идеологу Абдулла Аззам менен таанышып жана анын таасирине кабылганга чейин "кадимки жаштардын бири" болгон. Ушундан кийин бен-Ладен Ооганстанга аттанып, ал жерде "жихаддын" жолун жолдоочу болуп калган.

Арктикадагы муздар жок болот
Арктика - Түндүк полюсу 10-20 жылдын ичинде муздардын эришинен улам өзүнүн азыркы кейпинен ажырай тургандыгын Кембридж университетинен британиялык окумуштуулар айтып чыкты. Мындай тыянак Арктикада үстүбүздөгү жылдын жаз айларында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча айтылууда. Маалыматка ылайык, быйылкы жай мезгилинде гана муздардын эришинен анын жукарышы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Окумуштуулардын пикиринде, 2020-жылдын жайында Алыскы Чыгыштан Европага муз жарып өтүүчү кеме эмес, кадимки кемеде сүзүп өтүүгө болот. Климаттык өзгөрүүнүн жакшы жактары да бар. Алсак, муздардын эриши менен Алыскы Чыгыштан Европага карай жол 3 километрге кыскарса, Түндүк муз океан боюнча толук бойдон кеме жүрүүгө мүмкүн болуп калат. Бирок Түндүктөгү климаттын жылышынын жаман жактары да бар. Биринчиден, кемелер токтой турган порттордун баарын кайра башка жакка курууга туура келет. Ошондой эле муздардын эриши менен дүйнөлүк океанда суунун деңгээли жогорулап, суу каптоо болушу мүмкүн.

Наполеондун отургучу аукционго коюлат
Наполеон Бонапарт Ватерлоодогу согушта жеңилүү алдында отурган жыгач отургуч Лондондогу аукционго коюлду. Мындай тарыхый "буюмдун" болжолдуу баасы 20 миң доллардан ашат. "Автограф окшнс" компаниясынын маалыматына ылайык, XIX кылымдын башталышына тиешеси бар отургуч бир топ "тарыхый окуяга" ээ. Муну жыгач отургучка кошо бериле турган эки кат тастыктап турат. Отургуч буга чейин Наполеон согуш алдында токтогон Камбье аттуу үй-бүлөнүн үйүндө турган. Ошол убакыттан бери отургучту жакшы сактап калуу аракети көрүлгөн. Францияда Наполеонду сыйлоо менен катар бүткүл Европада ага тиешелүү буюмдар өзгөчө баалуу болуп саналат.

Латын Америкасы доллардан арылат
Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрү доллардын ордуна келе турган бирдиктүү валюта - сукреге өтүү чечимин кабыл алышты. Мындай чечим ишемби күнү Боливиянын Кочабамба шаарында башталган саммитте кабыл алынды. "Сукре - бул биздин акча суверенитетибиздин жолундагы маанилүү кадам болуп саналат жана доллардын диктатурасынан арылтат", - деп билдирген Венесуэланын президенти Уго Чавес саммитте.