, 20.10.09 - 4-бет:
  Карылардын кайрымдуулук айында

Абалыңар кандай, ардактуу карылар?
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Өкмөттүн атайын буйругу менен карылардын кайрымдуулук айлыгы жарыяланган. Кайрымдуулук айында карылардын мамлекеттик жатак-үйлөрүндө жашаган улгайган жарандарыбызга кандай жардамдар көрсөтүлдү, дегеле учурдагы алардын ал-абалдарын билмекке Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык коргоо жана гуманитардык жардамдар башкы башкармалыгынын башчысы Бурул Сүйүналиевага суроо узаттык.

- Бурул Шаршеновна, азыркы мезгилде өлкө боюнча канча мамлекеттик жатак-үйлөрү бар, аларда канча улгайган жарандарыбыз камкордукка алынган?
- Учурда министрликтин курамында 15 жатак-үйү болсо, анын 14ү республикалык бюджеттен каржыланат. Ал эми Бишкек шаардык карылардын жана майыптардын жатак-үйү жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Азыркы кезде өлкө боюнча 2349 кары жарандар мамлекеттик жатак-үйлөрдө камкордукка алынган. Ошондой эле 836 жалгыз бой жашаган кары жарандар бар.
- Ай башында карылардын күнү да белгиленди. Мындай ата-апаларыбызга коомчулук тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлдү?
- Бишкектеги карылардын жатак-үйүнө коомдук уюмдар жана мекемелер гуманитардык жардам көрсөтүштү, ал эми Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ар бир карыга миң сомдон акчалай жардам берилди. А Биринчи май райондук администрациясынын социалдык коргоо башкармалыгы жалпы суммасы 30 миң сомдук каражаттарды тапшырды. Мында материалдык гана жардам эмес, карыларыбыздын маанайын көтөрүү жагына да көңүл бурулганын белгилеп кетейин. Алардын маанайын көтөрүү, көңүлдөрүн жаркытуу максатында "Сейтектин" өнөрлүү балдарынын катышуусунда концерт уюштурулуп, №1 жатак-мектебинин окуучулары, кыргыз-түрк лицейинин окуучулары жана Юридикалык академиянын студенттери ыр-бий менен майрамдык маанай тартуулашты.
Ушундай эле иш-чаралар Сокулуктагы карылардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жатак-үйүндө өткөрүлүп, райондун администрация башчысы Б.Ш.Мамышев карыларга 50 миң сом акчалай жардам тапшырды. Андан тышкары Ж.Бакиев атындагы коомдук фонд тарабынан жалпы суммасы 80 миң сомдук жылытуучу каражаттар берилди.
Сузактагы карылардын жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жатак-үйүнүн түзүлгөндүгүнүн элүү жылдыгына карата марафон уюштурулуп, ага губернатор К.М.Масиров баш болгон өкүлдөр катышып, облустук администрациядан 20 миң сом бөлүнсө, Сузак райондук администрациясы 10 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүштү. "Финка" корпорациясынан 43 миң сом, райондогу жеке уюмдардан 205 миң сом каражат түшкөн. Ошондой эле Өнөр жай жана соода министрлиги марафондо 65 миң сомдук керектүү жабдыктарды гуманитардык жардам катары тапшырды.
Сүлүктү жатак үйүндө да карыларга арналган кайрымдуулук айында марафон уюштурулуп, ага шаар мэри Ш.С.Бакыбеков баш болгон шаардык башкаруу органдарынын жетекчилери катышып, акчалай жана гуманитардык жардамдар көрсөтүшкөнүн мисал тартсам болот.
Төмөнкү-Серафимовкадагы карылардын жана майыптардын жатак-үйүндө майрамдык кече уюштурулуп, ага Социалдык фонддун өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери, "Абдыш-Ата" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышып, карылардын алкышын алышты. Анткени, Социалдык фонд 318 даана кышкы бут кийимди тапшырышса, Ж.Бакиев атындагы коомдук фонд жалпы суммасы 80 миң сомдук жылыткычтарды тапшырды. Ошондой эле "Абдыш- Ата" коомдук бирикмеси 10 миң сом, Ысык-Ата райондук социалдык коргоо башкармалыгы 5 миң сом акчалай жардам беришти.
Бакай-Атадагы майыптарды реабилитациялоо жатак-үйүнө жеке ишкер Ч.Казакбаев азык-түлүк жана тамак-аш азыктарын жардам катары тапшырды.
Жогоруда аты аталган баардык мекеме-уюмдарга жана жеке тараптарга кайрымдуулук айында карыларга көрсөткөн жардамдары үчүн министрликтин атынан ыраазычылык билдиребиз.
- Учурда мамлекеттик жатак-үйлөрдүн абалы, карылардын жашоо-шарттары кандай?
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишинин негизги багыттарына социалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн даректүүлүгүн күчөтүү, калктын жардамга муктаж тобуна финансылык жана материалдык ресурстарды топтоштуруу кирерин билесиздер. Ушул багытта иш алпарып жатабыз. Баса белгилеп кетчү нерсе, акыркы жылдары мамлекеттен социалдык объектилерге көңүл бурулуп, 2006-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жатак-үйлөрдү оңдоп-түзөөгө 20 млн. сом, 2007-жылы 19 млн. сомго жакын, 2008-жылы бюджеттен 2946,1 сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинен 2008-жылы Сокулуктагы карылардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жатак-үйүнө - 1,9 млн.сом, Покровкадагы ошондой эле жатак-үйүнө - 346,4 миң сом, Кадамжайдагы психоневрологиялык жатак-үйүнө- 340,0 миң сом, Төмөнкү- Серафимовкадагы карылардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жатак-үйүнө - 372,0 миң сом, Кадамжайдагы карылардын жатак-үйүнө-340 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Учурда жатак-үйлөрдө бир адамга күнүнө тамак-ашка 55 сом каралган. Дары дармекке - 6,50 сом сарпталууда. Мындан тышкары 2007-жылы жатак-үйлөрдү автоунаалар менен камсыздоого мамлекеттен 4,8 млн. сом бөлүнүп, 2008-жылы 9 автомашина, анын ичинен 6 "Соболь", 3 УАЗ "Тез жардам" автомашинасы Сокулук, Төмөнкү-Серафимовка, Сузактагы жатак-үйлөрүнө бөлүштүрүлдү.
- Карыларды социалдык камкордукка алуу багытындагы министрликтин алдыдагы иштери кандай болмокчу?
- Эми карыларыбызга кам көрүү ушуну менен чектелип калбайт. Биздин максат аларды социалдык коргоого алып, алардын шарттарын жакшыртуу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 522 миң пенсионер бар, алар калкыбыздын 10 пайызын түзөт. 2009-жылдын 1-сентябрына карата пенсиянын орточо көлөмү 2118 сомду түздү. Алардын ичинен 12,6 миң кары жарандар жардамга муктаж, аларга 800гө жакын социалдык кызматкерлер кызмат көрсөтүшөт.
Ошол эле учурда карыларга министрлик тарабынан пенсия, пособие жана мыйзам боюнча каралган жеңилдиктер берүү аркылуу жардам көрсөтүлүүдө. Мамлекет тарабынан калктын аярлуу катмары болгон жалгыз бой карыларга жана пенсионерлерге коммуналдык төлөмдөргө, электр кубатына жана жаратылыш газына, транспорттук жол жүрүүгө жеңилдиктер каралган. Өкмөтүбүздүн социалдык саясаты - өлкөдөгү аз камсыз болгон калктын аярлуу катмарын коргоого алуу, социалдык колдоолордун даректүүлүгүн камсыз кылуу үчүн активдүү саясат алып баруу болуп саналат.

Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"