Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Элдин үнү

Кытайдын зыяндуу азык-түлүгүнөн улутту сактайлы
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына
Акыркы мезгилдерде республикада бажы кызматы өз деңгээлинде иштебей, коррупцияланып, натыйжада Кытай Эл Республикасынан алынып келип жаткан мал чарба продукцияларынын саны-сапаты текшерилбей эле каалагандай өтүп калгандыктан, келген продукциялардын элге тийгизген пайдасынан зыяны алда канча ашып түшкөнү жашыруун деле болбой калды. Бажы тосмолоруна продукция, өзгөчө эт, май, жумуртка сыяктуу мал чарба азыктарын тартып жаткан машиналардын ээлери жогорку кызматтарда иштешкен, өтө бай адамдар болгондуктан бажычылар, ал жердеги ветеринардык адистер машиналарды ачып текшерүүдөн айбыгышып, тиешелүү акыларын алганга ыраазы болуп эле өткөрүшүүдө. Бул жөнүндө "Торугарт" бажыканасына жакын Ат-Башы эли жакшы билишет. Биздин билишибизче башка бажыканаларда деле ушундай.
Кытайдан келип түшкөн эттер даамы жок, өңдөрү кубарып коркунучтуу көрүнөт, жумурткалар жөнүндө болсо толук белгилүү болуп калды, жеген адамдар айыкпас ооруга чалдыгат экен, бирок баалары өтө арзан.
Биз бир канча ирет бул жөнүндө жогорку органдарга кайрылып, ар кандай жоопторду алдык, бирок абал мурдагыдай эле болуп, тынымсыз ташыган машиналар көбөйсө көбөйдү, бирок азайган жок. 2007-жылы бир нече жылкы алынып келинип, алар толук бойдон оорулуу экендигине карабай өткөргөн адамдар жашырып, төрт эле башы бруцеллёз экендиги аныкталып, калган жылкыларды будамайлап көргөзбөй кетишкен. Натыйжада Ат-Башыда жылкынын грипп ылаңы жайылып, көптөгөн малдар зыянга учураган. Ошондон кийин Кытайдан тирүү малды киргизбей калышкан. Бирок, оору малдын эттери тынымсыз кирүүдө.
Базарда сатылып жаткан Ак-Сай, Арпанын таза малдары өтпөй, эттин баасы ылдыйлап элге зор зыян келүүдө. Ал эми шаардыктардын ден соолуктары бузулуп, өтө оор дарттар көбөйүүдө.
Урматтуу жетекчилер, урматтуу кыргыз эли, 5 миллион Кыргызстанга өзүбүз эле өндүргөн мал чарба азыктары жетишип, ашыгын экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 1,3 млрд. эли бар Кытайдан өздөрү жебеген, арзан баадагы биз жакка атайын түрткөн азыктардан, элдин ден соолугунун эсебинен акча жасаган алдым-жуттумдарга бөгөт коюп, токтотпойбузбу? "Пайдакечтер" элдин, жаштардын убал сообун ойлобойт, аларга акча эле болсо болду. Кылмыштуу бизнеске тыюу салып, мыйзам чегинде жоопко чакырбайбызбы? Качанкыга чейин эле өзүбүздүн, бала-бакырабыздын ден соолугуна кайдыгер болуп, алдым-жуттум шылуундарды тизгиндебей ээн коёбуз.
Ат-Башы элинин атынан шайланган райондук
кеңештин депутаттары: А.Жолдошбаев, К.Абдылдаев,
Н.Алиев, С.Аттокурова, ж.б., бардыгы болуп
29 депутат кол койгон.




Ушундай макалалар көп болсо!
Мен журналист Мырзакат Тыналиевдин макалаларын дайыма кызыгуу менен окуп келем. "Кыргыз Туусу" гезитине акыркы мезгилде жарыяланган мамлекеттик тил маселесине арналган "Бурмалаба", "Артезиан!", учурдагы генофонд маселелерине тийиштүү "Бир кытай эки кыргызды алмаштырганда" макалаларын жана белгилүү уролог А. Усупбаев менен "Эркектерге этият мамиле зарыл" деген маектешүүсүн да окуп чыгып, аябай ыраазы болдум. Анткени аларда учурдун эң көйгөй маселелери көтөрүлгөн.
Быйыл сексен беш жылдыгын белгилегени жаткан тунгуч улуттук гезиттин мындай проблемаларды көтөргөнү эң туура болгон. Ошондуктан мындан ары да "Кыргыз Туусунун" башка журналисттери да мындай актуалдуу проблемаларды көтөрө берүүсүн каалайт элем.
Чынында автордун мамлекеттик тил маселелерине жооптуу мамиле жасалбай келгендигине күйүп жазган материалдарын ар бир зээндүү окурман түшүнөт, колдойт деп ойлойм. Нечендеген ураан-чакырыктар, көрнөктөр, жарыялар, фирмалык бланкалар, этикеткалар одоно каталарды кетиришип, атүгүл кыргыз тилин бурмалашкандары карапайым элдин кыжырын кайнатууда. Мамлекеттик тил болгондон кийин кыргыз тили кыргыздар үчүн эле эмес, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү үчүн ыйык болууга тийиш.
Мамлекеттик тил үчүн күйүү жалаң эле мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун кызматтык милдети же журналист Мырзакат Тыналиевге керектүү иш эмес. Бирок, кыргыздар өзүбүз баш болуп кыргыз тилин билбей, пайдаланбай калганыбызды өлкөбүздүн жана кыргыз улутунун өсүп-өнүгүшүнө, каада-салттарына, ата-бабалардан калган мурастарына кайдыгерлик деп түшүнүү туура болот. Эне тилдин жоголушу кыргыз элинин жоголушу деп билем.
Масалбек ШАБДАНОВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү,
Бакай-Ата районунун "Кыргыз тил"
коомунун жетекчиси




Элдин үнү элөөсүз калбайт
Аким угат, жардам аябайт
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору
К.Молдокасымовго
Урматтуу
Кыяс Сатарович!
Бизге Аксы райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү маселе менен кайрылат.
"Кыргыз-Туусу" гезитинин 09.10. 09 №75(23365) санына Аксы районунун Кербен шаарындагы Тынчтык көчөсүнүн №6/10 үйүнүн тургуну Алманбетова Өктөмкандын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор Кошбай Масировго жазган "Акимдерди угушпайт, милицияга сабатышат" деген аталыштагы макаласы жарыяланган. Аталган макалада автор райондун акимине, Кербен шаар башкармасынын башчысына жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине нааразы болуп, бир жактуу маалыматтарды берген.
Ошол себептен макаланын автору Өктөмкан Алманбетованын өзүнүн жеке адамдык жагдайлары боюнча Сиздердин гезитке маалымат берип коюуну туура көрдүк.
Алманбетова Өктөмкан 08.11. 1959-жылы туулган. Учурда райондун борбору болгон Кербен шаарынын Тынчтык көчөсүнүн №6 - үй, 10-батиринде жашайт. Психикалык жактан ооругандыктан,
райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун психиатриялык врачында учетто турат (справка тиркелет). Мындан сырткары раймамадминистрациясынын кабылдамасына күн сайын келип, эч кандай негизсиз маселелерди райондун акимине, орун басарларына кирип, айтып жүрөт. Кербен шаар башкармасы тарабынан бир эмес бир нече жолу акчалай жардамдар берилген. 2009-жылдын май айында БУУнун "Азык-түлүк программасын колдоо" долбоорунун негизинде 75 кг ун, 8 литр май берилген. Кербен шаар башкармасынын 2008-жылдын 8-февралындагы №33 буйругу менен өзү жашаган үйүнүн жанынан 32 м2 жер аянты сарай саламын деп суранганы үчүн берилген. 2-топтогу майыптыгы үчүн чектелген пенсиясы ай сайын төлөнүп берилип турат.
Ал эми соода түйүнүн ачып иштетем деген жери "Исламбек" дүр-дүйнө дүкөнүнүн алды, шаар тургундары жүрүүчү тротуар болгондуктан, ал жерден жер аянтын бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Алманбетова Өктөмкан өзү оорулуу болгондуктан айрым учурларда мекеме ишканалардын, жеке турак үйлөрдүн терезелерин таш менен уруп сындырып, материалдык зыян келтирген учурлар бар. Атап айтканда 2008-жылы райондук почтанын, социалдык коргоо башкармасынын имаратына кирип, айнектерин сындырган. Оорукчан адамга теңелбей, мекеменин жетекчилери келтирилген зыяндарды өздөрү калыбына келтиришкен. 2008-жылдын 20-февраль күнү Тынчтык көчөсүнүн №6-үйүнүн 13-батиринин тургуну Өскөнбаева Кынагүлдүн терезесин таш менен уруп, айнектерин талкалап салган экен, жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылган. Келтирилген зыян үч миң (3000) сом болгон. Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан №33.08-31 сандуу кылмыш иши козголуп, КРнын КЖКсинин 234-ст. 3-бөлүмүнүн кылмыш айыбы угузулуп, райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
Аксы райондук соту тарабынан 2008-жылдын 17-апрелинде Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар - 12 шаарчасына Республикалык психиатриялык ооруканасына дарыланууга жөнөтүлгөн (РИИБнун тактамасы тиркелет 1 баракта). Ал эми 2009-жылдын январь айында Алманбетова Өктөмкандын мыйзамдуу өкүлү С. Варавинанын өтүнүчү боюнча ачык соттук отурум болуп, Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттик комиссиясынын корутундусунун негизинде оорулуунун абалы жакшыргандыгына байланыштуу Алманбетова Өктөмкандын мыйзамдуу өкүлү
С. Варавинанын жана жергиликтуу психиатриялык врачтын байкоосуна жиберилген (токтом тиркелет 1 баракта). Бул жерде айрым окурмандар "Кыргыз Туусу" гезитинин 09.10.2009-жылдагы №75 (23365) санындагы макаланы окуп алып бир жактуу пикир жаралып калбасы үчүн жогорудагы маалыматтарды далилдүү фактылар менен гезитке жарыялоого туура келди.
Антпесе жалгыз бой, 2-топтогу майып адамдын абалынан Аксы районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таптакыр кабар албай коюптур деген түшүнүк коомчулукта терс пикирди жаратып коёру шексиз.
Ж.ШАКИЕВ,
Аксы районунун мамлекеттик
администрациясынын
аппарат жетекчиси




Өңгүл-дөңгүл жолдор тажатты
Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевге!
Урматтуу Нариман мырза, сиз мэр болуп иштегени чындыгында шаарыбыздын көпчүлүк бөлүгү жакшырып, эс алуучу жайлар да көбөйдү. Ушул жакшылыктарыңыз үчүн жакында сиз Кыргызстандын Архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү да болдуңуз.
Сизге кайрылуумдун себеби, К.Тыныстанов менен А.Пушкин көчөсүнүн кесилишинин күн чыгыш жак бетиндеги бурч бир-эки жылдан бери казылып, же бүтпөй, ары-бери өткөнгө аябай ыңгайсыз болуп, жаан-чачында, кышында автомашиналар өтүүчү жол менен өтүүгө туура келүүдө. Ал эми жол чети менен өтсөң жаан-чачында автомашиналар ары-бери өткөндө башыңдан ылдый шалпактата чачыратканы аз келгенсип, кышкы сыйгалакта өтүү өзүнчө эле коркунучтуу, качан машинанын алдында калам деп.
Ал эми Чүй проспектисиндеги "Рубиндин" маңдайындагы аялдамада жаан-чачында туруу да ыңгайсыз. Анткени, автоунаа токтоочу жер жаан-чачындан кийин өзүнчө эле көлчүк болуп, ары-бери өткөн автоунаалар, автобус жана маршруттар токтогондо балчыктар аялдамада турган адамдарга чачырап, автобус менен маршруткага көлчүктү кечип, буттун баарын суу кылып, анан түшүүгө туура келип жатат. Сиз туура түшүнүңүз, бул жерде жеке эле чоң кишилер эмес, окуучулар да бар. Алар да көлчүктү кечип, буттарын суу кылып үйүнө жеткиче үшүп, же Кудай сактасын, ооруп да калышы мүмкүн.
Сизден өтүнүч, мүмкүнчүлүгүңүз болсо жаан-чачында байкасаңыз деле болот. Мен жалган айтканым жок, анткени мен үчүнчү топтогу майыпмын. Жогоруда айткандардын баарына өзүм күнүгө жумушка ары-бери өткөн сайын күбө болуудамын. Жол транспортунун жетекчилерине кайрылып, жеке эле менин эмес, ошол жерден ары-бери өткөн окуучубу же чоң кишиби баарынын сообуна калат элеңиз.
Адеми АЙТЕГИНОВА,
Бишкек шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
20-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Кытайдын зыяндуу азык-түлүгүнөн улутту сактайлы
3-бет
Өз ара байланыш байсалдуу жолго чыгарат
4-бет
Абалыңар кандай, ардактуу карылар?
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Нарын
8-бет
Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн машыгуусу
9-бет
КРУИАнын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы Амантур ЖАПАРОВ:
Көчмөндөр цивилизациясында келечек үчүн көп нерселер бар

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Бабалардан калган из
12-бет
ХХI кылымдын кара тумоосуна каршы
13-бет
Жыйырма тогузунчу макала
14-бет
Айыл чарбасында: келерки түшүмгө камылга
15-бет
Асылбашский аильный округ
Сокулукского района
объявляет аукцион

16-бет
Эне тилим" эн тамга





Яндекс.Метрика