, 20.10.09 - 13-бет:
  Жыйырма тогузунчу макала

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ,
Кобе университетинин
магистранты,
"Кыргыз Туусунун"
Япониядагы өз кабарчысы
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
Кансайдагы кыргыз-жапон коому
Япониянын Кансай аймагында окуп-иштеген кыргыздын улан-кыздарынын көбү өз алдынча Кыргызстанды япон коомчулугуна тааныштыруу жаатында мыкты иштерди кылган менен, биригип көп иш-чара өткөзүшө бербейт экен. "Жалгыз дарак токой болбойт" деген элибиздин жакшы кеби бар го. Мындан ары бири-бирибизге дем жана шык берип, өбөк-жөлөк болуп, өз мекенибиздин Күн Чыгыш өлкөсүндөгү кадыр-баркын (имиджин) көтөрүү аракетин чогуу көрөлү деп 2009-жылы сакура гүлдөгөн маалда Кансайдагы кыргыз-япон достук коомун уюштурганбыз. Ал коом, ошондой эле, кыргызстандыктардын ар кандай шарттарда бири-бирине колдоо көрсөтүүсүнө шарт түзүү мүдөөсүн да көздөйт. Ошондон тарта кимдин кандай маселеси болсо да кеңешип чогуу чечүүчү болдук. Жолугушуп, байланышып, баарлашып турушубуз да күчөдү. Коомдун негизги максаттарына канткенде ийгиликтүү жетебиз деп ой-пикирлерибизди бөлүшүп турабыз. Айтмакчы, тамак жасоо кечесине катышканыбыз да ошол коомубуздун кылган иш-чараларынын бири.
The Japan Times гезитиндеги Кыргызстан
Жакында эле Осака эл аралык үйү Кору (фонду) деп аталган кадырлуу мекемеде кыргыздар Ала-тообуз тууралуу бир күндүк сабак өткөрдүк. Ошол Кор "Азияны үйрөнүү сериясы" деп аталган долбоорунун алкагында жергиликтүү мектептердин бирине барып, окуучуларга өз өлкөбүз тууралуу айтып бермекпиз. Бирок, Кыргызстан десе кандай өлкө деп кызыккандар көп болгонуна байланыштуу, Кор биздин сабагыбызды бир гана мектеп окуучулары эле эмес жалпы каалоочулар үчүн уюштуралы деп сунуш киргизди. Биз кубануу менен макул болдук.
Борбор ошондон тарта Кыргызстан тууралуу маалымат камтыган кагаз жарнама чыгаруунун үстүнөн иштей баштады. Бир нече күндөн кийин карап көргүлө, кемчилдиги болсо айткыла деп ал жарнаманын долбоорун бизге жөнөтүптүр. Кайдагы кемчилдик? Түстүү, калың жана сыйда кагазга кыргыз жаратылышынын, баатырча кийинген бөбөгүнүн жана символикаларынын сүрөттөрүн жарашыктуу жайгаштырып, өлкөбүздү даңазалаган кыскача текст менен ушунчалык кооз кылып чыгарыптыр. Карап алып япондордун кандай иш жасаса да майын чыгарарына дагы бекеми-рээк ынанып, ыраазы болдук. Ошол жарнамалар ар кандай көлөмдө чыгарылып Осака шаары эле эмес тегеректеги шаарлардын бардыгына таркатылыптыр. Бир жумуш менен Нишиномия шаардык өкмөтүнүн кеңсесине барсам ал жерде да ошол жарнама илинип турат. Каалагандар алып кетсин деп жүз чактысын ирээттеп үстү ачык кутучага салып коюшуптур. Жарнамада Назым, Мунара жана Улук менен кошо менин да атым жазылган эле. Таанышым Юкико-сан аны дароо эле байкап: "Кыргызстан тууралуу сабак өтөт экенсиңер, колум бошосо сөзсүз барайын деп жатам", - деди жылмайып.
Ал кечебиз болоруна дагы бир айча убакыт бардыгынан ар кимибиз өз ишибиз менен жүрө бердик. Бир күнү эрте менен "The Japan Times" гезитин окуп олтурсам "Asian learning series to kick off with Kyrgyzstan" (Азияны үйрөнүү жөрөлгөсү Кыргызстандан башталат) деп бажырайта жазылып турат. Биздин боло турган кечебиз тууралуу Япониянын эң абройлуу англис тилинде чыгуучу гезитине жарыя кетиптир. Ага чейинки бир жарым жыл ичинде бул гезиттен Кыргызстанга байланышкан Бишкектеги америкалык аскерий аба бекеттин макамынын өзгөргөндүгү, Кыргызстандагы президенттик шайлоо, белгилүү оппозициячыл саясатчынын киши өлтүргөнгө катышы болушу мүмкүн деп шектелип камакка алынгандыгы тууралуу саясый кыскача маалыматтар ар башка убакыттарда жарыяланган. Эми минтип биздин маданий долбоорубуз тууралуу маалымат басылып жаткандан кийин: "Олуттуураак даярданбасак болбойт", - деп коом мүчөлөрү менен байланышып чыктым. Чындап белсенип белендик көрө баштадык. Келген конокту кыргыз даам ооз тийбей кетирбейт деп Бурма, Мунара жана Нурзада боорсок, чакча жана башка шириндиктерди
даярдамак болушту. Бактияр, Улук, Назым, Алмаз, Мунара жана мен программаны иштеп чыктык. Көп эл келери күтүлүп жаткандан кийин супсак эле дарс окуу менен чектелбейли деп сценарийге интермедия, ыр, бий, комуз, ооз комуз жана Кыргызстан тууралуу суроо жарышын (викторина) да киргиздик. Ал аңгыча Осака корунун кызматкери Моринака-сандан: "Келе тургандардын саны аябай көбөйүп кетти. Кечеңерди башка чоңураак залда өткөрө турган болдук",- деген кат келди. Аны окуп дагы олуттуулук жана
жоопкерчилик менен даярдана баштадык.
Кансайдагы
кыргыз күнү
Кече болор 13-сентябрда эртелеп Алмаз менен Мунаранын үйүнө чогулуп, иш-чарабыз ийгиликтүү өтсүн деп дуба кылып, көтөрүүчүлөрүбүздү алып Осака эл аралык үйү коруна жөнөдүк. Ал жерден улуттук кийимдерибизди кийип, акыркы жолу даярдыгыбызды текшердик. Эл келе баштады. Саат туптуура түшкү эки болгондо кечени баштадык. Жалаң япондор арасында салтанатыбызды:
"Берекелүү күздүн жаркын
күндөрүнүн биринде,
Бир жакшына маанай турат
көпчүлүктүн дилинде.
Анткени канча адамдын
көптөн күткөн ою болуп
жатат,
Япониянын Осакасында
кыргыздардын салтанат
тою болуп жатат",
- деп кыргызча ыр менен ачтык. Япондор түшүнгөнсүп катуу кол чабышты.
(Уландысы бар)