, 20.10.09 - 12-бет:
  Улут байлыгы жана эртеңки келечек

ХХI кылымдын кара тумоосуна каршы
Бишкекте Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин ВИЧ инфекциясына каршы күрөшүү боюнча парламенттер аралык төртүнчү конференциясы болуп өттү. Конференция ХХI кылымдын кара тумоосуна каршы иш чараларды өткөрүүнү мыйзамдык жактан камсыз кылууга арналган. Жыйынга КРнын вице
премьер министри Өктөмхан Абдуллаева,
тийиштүү министрлер, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова жана парламент де-путаттары, бейөкмөт уюм-дардын өкүлдөрү катышты.

ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдардын 70 пайызы баңгизатты ийне аркылуу жуктуруп алышат. Мындай кырдаал айрыкча абакта отургандарга тиешелүү. Ал эми бул дарт кош бойлуу оорулуу энеден наристеге өткөн жана жыныстык катнаш аркылуу тараган учурлар да аз эмес. Кыргызстанда коркунучтуу бул дартка туш болгондордун саны, маселен, Россия менен Казакстанга салыштырганда үч эсеге аз. Бирок мындай салыштыруу биротоло камырабастыктын орношуна жол бербейт. Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиеванын айтымына караганда чет өлкөгө барып иштеген мигранттар коркунучтуу дарттан коргонуучу медициналык каражаттарга ээ болбогондуктан, аны жугузуп алгандары аз эмес. Мигранттар кайра мекенине кайтканда жубайына жуктурарын ойго албайт. Ал эми массалык маалымат каражаттарынан коркунучтуу дарттын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери канчалык арбын берилип жаткандыгына карабай, жаштардын болгону 30 пайызынын гана бул тууралуу маалыматы бар экени өкүнүчтүү.
Парламенттер аралык эки күндүк конференцияда алдыдагы биргелешип жүргүзүлүүчү иш чаралардын пландары жактырылып, илдеттин зыяндуулугун кескин азайтуу боюнча резолюция кабыл алынды.
Назира АЛИЕВА




Өспүрүмдөрдүн ден соолугу кимге керек?
Улут саламаттыгынын абалы эң биринчи кезекте эне менен баланын ден соолугунун көрсөткүчү менен өлчөнөт. А калк саламаттыгы канчалык жакшы болсо, өлкөнүн өнүгүүсү ошончолук жакшы. Ошол себептен Өкмөтүбүз энелердин, балдардын саламаттыгын жакшыртууга, айрыкча репродуктивдүү ден соолук, коопсуз энелик, ымыркайларды эне сүтү менен багуу жаатында иш жүргүзүп жаткан менен өсүп келаткан муундардын ден соолугу начарлап баратканы байкалууда. Анткени, келечекте улуттун тукумун улап, генофондду сактай турган балдардын өнөкөт ооруларга, ар кыл жугуштуу ооруларга чалдыгышкандары арбын.

Өзгөчө жыныстык жол менен жуккан оорулар, анын ичинде ВИЧ-инфекциясы, сойкулук, баңгилик, аракечтик, чылым чегүү, уулуу заттарды жыттоо өспүрүм балдар-кыздардын ден соолугуна чоң зыянын тийгизүүдө. Мунун далили катары бул мисалдарды келтирсек эле жетиштүү. 2006-жылы балдардын жалпы оорусу 3,5 пайызга өскөн. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ооруга көп чалдыгышы Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында байкалган. Жыл сайын республикабызда 2 миң бала жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен төрөлүшөт. Йод жана темир жетишсиздигинен жабыр тарткан балдар да аз эмес. Өлкөбүздө 45 миңдей баңгизатын колдонгондор болсо, алардын да бир кыйла бөлүгү өспүрүмдөр болуп саналат. 2005-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки кыздардын бойдон алдыруусу боюнча 122 учур катталса, анын 25 пайызын экинчи жолу кош бойлуу болгондор түзгөн.
Республикабыздын башкы урологу Акылбек Усупбаевдин айтуусунда коркунучтуу оорулардын, маселен ВИЧ/СПИДдин көрсөткүчү өсүп баратат. "Оорулуулардын 70-80 пайызын эркектер түзөрүн белгилеп коюшубуз керек. Эгерде бүгүн алардын ден соолугуна тийиштүү көңүл бурбасак, анда эртең улуттун генофондуна байланыштуу маселе келип чыгат", - дейт ал. Башкы урологдун бекеринен тынчсызданып жатпаганынын себеби бар. Жаштардын арасында билимди, мамилелерди жана тажрыйбаларды аныктоо боюнча улуттук изилдөөнүн үстүбүздөгү жылдагы отчётунда кийинки 6 жылдын ичинде эле ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын жалпы саны 23,3 эсе өскөнү маалымдалат. 18 жашка чейинки балдардын арасында ВИЧ-инфекциясына чалдыккан 22 учур, анын ичинен 12си 6 жашка чейинки балдар экени катталган. Ошол эле учурда 85 пайызы 20 жаштан 40 жашка чейинкилер. Демек, балалуу боло турган курактагылар. Муну менен бирге аялдардын 60 пайызы анемия же аз кандуулуктан жабыр тартышат. Аз кандуулуктан жабыр тарткан энеден дени сак бала төрөлөт деп айтуу кыйын. Жогоруда саналып өткөндөр жарык дүйнөгө келген балдардын төрөлүшүнүн азайышынын, ымыркай балдардын дүйнөгө келип-келбей жатып чарчап калышынын жана оорулуу, майып балдардын төрөлүшүнүн себептери болору талашсыз. Саламаттык сактоо министрлигинин жакынкы жылдардагы маалыматы боюнча майып балдардын саны беш пайызга өскөн. Майыптыктын себептеринин ичинде нерв системасынын оорусу, тубаса аномалия жана психиканын бузулушу биринчи орунда турат.
Союз учурунда медициналык дарылоо бекер болуп, анын үстүнө калктын ден соолугу маал-маалы менен текшерилип, кургак учук, бруцёллез сыяктуу жугуштуу оорулар ооздукталган. Сергек жашоо турмушун киргизүү боюнча кандайдыр бир деңгээлде үгүт чаралары жүргүзүлгөн. Көз карандысыздыктан кийин экономикалык кыйынчылыктар, базар экономикасына өтүшүбүз калктын саламаттыгына чоң таасирин тийгизди. Акчасы жогунан догдурга бара албагандык, турмуш деңгээлинин төмөндөшүнөн кургак учуктун жайылышы, малдан жуккан оорулардын көбөйүшү, ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын өсүшү, баңгилик ж.б. улут саламаттыгына коркунуч келтирген көйгөйлүү маселелерге айланды. Эскирип, жарабай калган көйнөктү жаңыга алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккандай, саламаттык сактоо системасын реформалоо зарылдыгын турмуш көрсөттү. Учурда адегенде "Манас", кийин "Манас таалими" аталган улуттук программалар ишке ашырылып жатат. Мамлекеттик кепилдик программасы кабыл алынды. Кош бойлуу энелер, беш жашка
чейинки балдар бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ошол эле кезде мамлекеттиктен сырткары медицина багытында өз алдынча иш жүргүзүүгө кенен эшик ачылды десек болот. Анын аркасы менен бүгүн көптөгөн жеке менчик медициналык борборлор, мекемелер ооруга диагноз коюу, консультация берүү, дарылоо боюнча ишмердик жүргүзүп жатышат. Бирок, биз билгенден республикабызда атайын өспүрүмдөр үчүн же алардын репродуктивдүү ден соолугун караган, медициналык жардам, атайын кеңеш берген бир да мамлекеттик, бир да жеке менчик медборборлор же медмекемелер жок. Мындайынан алганда кичинекей балдардын, анан чоңдордун гана ден соолугуна кам көрүлүп жаткандай сезилет. Ушундан улам жетилүү курагында ден соолугунда өзгөрүүлөр башталган балдар орто жолдо калууда. Алар же ата-энесинен же медмекемелерден кеңеш ала алышпайт. Анткени, ата-энелеринен тартынып уялышат. Ал эми ата-энелер өздөрү биринчиден, кеңеш берүүдө сабатсыз, экинчиден, өспүрүм курактагы балдарынын ден соолугу тууралуу көп деле ойлоно беришпейт. Изилдөөлөрдө белгилүү болгондой, балдар дал ушул 14-15-17 жаш курактарында тамеки тартып, баңгиликке берилип, арак иче башташат. Ар кандай жыныстык ооруларды жуктуруп алышат. Мына ушул убакта жетилүү курагындагы балдарды ичкилик, баңгилик жана башка кесепеттерден сактап калуу парз. Өнүккөн өлкөлөрдө буга өтө маани беришет. Эмне үчүн? Анткени, алар өспүрүмдөрдүн саламаттыгын
коомдун интеллектуалдык, социалдык, саясый жана маданий резерви катары карашат. Не дегенде өсүп келаткан муундардын дене бой, акыл-эс жагынан ден соолугунун чың болушу - улуттун байлыгы, себеби өлкөнүн келечеги, эртеңки тагдыры алардын колуна берилет. Калк ден соолукта болсо ооруган кишилер, майыптар аз болот. Демек, адамдардын ден соолукта болушу баарынан мурда экономикалык зор мааниге ээ. Мисалы, өнүгүп өскөн өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалы Швейцарияда 93%, Швецияда 72%, Германияда 40% менен өлчөнөт. Россияда бул көрсөткүч 28 пайызды түзөт. Медицинада жетишкендик жаатында дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлеген Россиядагы абал ушундай болсо, өлкөбүздө бул кырдаал кандай экенин айтпасак деле түшүнүктүү.
Балдарга кичине кезинен тарта эле өзүнүн ден соолугуна кам көрө билишти үйрөтүү алгач үй-бүлөдөн башталат. Өздүк ги-гиенаны сактоону, жугуштуу оорулардан сактанууну айтып үйрөтүү ата-эненин да милдети. Бирок, ата-энелер өздөрү муну жакшы билбесе, кайдан балдарына үйрөтө алышат. Себеби, бул жаатта түшүнүктөрү аз. Бир эле жөнөкөй мисал: койдун эхинококкоз болгон өпкөсүн итке беришип, иттен өздөрүнө жуктуруп алган учурлар көптөп саналат. Ошондой эле бруцёллездун жугуу жолдорун, ал өтүшүп кетсе тукумсуздукка алып барарын билишпейт. Же йод, темир жетишсиздиги балдардын акыл-эсине, өсүүсүнө өлчөөсүз терс таасир тийгизерин билгендер аз.
Өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүш үчүн ар бир
поликлиникада
атайын медициналык-социалдык бөлүмдөрдү же өзүнчө медициналык борборлорду ачуу турмуш талабы болуп баратканын моюнга алышыбыз керек. Тез өзгөрүлүп жаткан коомдо балдар да тез жетилүүдө. Ошондуктан өспүрүмдөрдүн ден соолугун караган борборлордо гинеколог, андролог, уролог, психолог, социалдык кызматкерлер иштеши керек. Муну менен бирге өспүрүмдөргө консультациялар алардын каалоосу боюнча жашыруун жана акысыз берилсе. Ошондо гана өспүрүмдөр ден соолугу боюнча кызыккан суроолоруна тартынбай жооп алганга, өз убагында дарыгерлерге көрүнгөнгө шарт түзүлөт. Дегеле сергек жашоо, ден соолугун жаштайынан сактай билүү өсүп келаткан муундар үчүн культ болуп калышына жетишүү ден соолук саясатынын башкы багыты болушу керек. Өз ден соолугуна өзү кам көрүүнүн зарылдыгын түшүндүрүү, агартуучулук иштерди күчөтүү да ийгилик алып келери талашсыз. Бүгүн бул саламаттык сактоо тармагында өксүк болуп турат.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"