, 20.10.09 - 11-бет: Бабалардан калган из
Тогуз-Торо районундагы Саймалуу Таш петроглифтерин биздин заманга чейинки эки миң жылдыкка таандык дешип келишсе ушунун өзү эле элибиздин тарыхынын башаты кайда жатканын айтып турбайбы. Жакында Аксы районунда жаңы табылга болду. Ал тууралуу бир аз чегинүүдөн кийин сөз кылалы. Аксы районунда тарыхый жайлар арбын. Алардын бири Гүлстан айылында жайгашкан Кыргын мечит. Мына ушул мечитте болуп өткөн окуялардын уландысы катары каралып келген Тоскоол-Ата, Падыша-Ата, Шүдүгөр-Ата,Баба-Устун-Ата, Имам-Ата, Актайлак-Ата, Ой-Алма-Ата, Баба-Ата, Упа-Ата, Шарап-Ата, Кожо-Ата, Байбулак-Ата мазарларынын тарыхы да кызыктуу жана изилдөөнү талап кылат. Бул тарыхый мааниси бар жайлардан сырткары да Афлатун жайлоосуна бараткан жолдо Тулпар Туяк деген таш бетинде тулпардын изи бар,Тулпардын туягы кандайча ташка батып кетип, изи түшүп калганы бул табышмак. Жөн эле бирөө таш бетине оюп койгонбу десең, аттын таманынын быдырларына чейин түшкөн, демек кимдир бирөө аны иши жоктуктан оюп жасаган дегенге негиз жок. Ала-Бука районунун Көк-Таш деген жеринде Пайгамбардын кылычы кескен таш, Пайгамбардын изи түшкөн таштар бар. Бул издер жөн эле жаралып калбагандыгы
тууралуу айтмакчымын.Кимдир бирөө колу менен жасай турган иштер эмес.
Жакында кеңседе иштеп олтурсам:
- Сиз уккансызбы, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун аймагында Чаткалга аша турган ашуунун белинде байыркы жазуулары бар таштар табылыптыр, - деп калды Жалал-Абад облустук телевидениесинин оператору Нурболот Мамбеталиев.
- Ким айтты сага,- дедим.
- Менин досум Шекер Камчыбек уулунун атасы мындан бир топ жыл мурда тапкан экен, кийин уулун алып барып көрсөтүптүр. Башка эч ким ал таштын кайсыл жерде экендигин билбейт экен деди. Кийин ошол ташты билген жигит Шекер Камчыбек уулу өзү келип калды. Көрсө, ал таштар Падыша-Ата мамлекеттик токой коругунун Шар капчыгайынын белинде жайгашкан экен.
Сүрөттөрүн тартып келиптир. Ал сүрөттөрдө кызык, күндүн, жыландын, андан соң кандайдыр бир жерлердин карталарынын, көлдөрдүн элестери бар. Бул таштардын качан табылганын изилдеп көрсөк, 2005-жылы Кашка-Суу айылындагы мергенчилер да бул ташты мына ушул аймакка караштуу Үчкемпир Турдубаев атындагы орто мектептин тарых сабагынын мугалимдери барышып, каттоодон өткөрүп келишиптир.
Дагы бир кызык нерсе, бул Кашка-Суу айыл аймагынын Жайык участкасында тоо боорунда АЛЛА деген жазуусу бар таш бар.Бул ташты Падыша-Ата деген теле роликте дайыма берип келет. Демек муну Алланын керемети катары кароого да болот.
Саймалуу таштагы сүрөттөрдөн өзгөчөлөнүп мында адамдардын сүрөттөрүнүн, тамгалардын, жерлердин картасы сыяктуу нерселердин бар экендиги менен да таң калыштуу. Жаш илимпоз, мына ушул ташты тапкан жигит Шекер Камчыбек уулу илмий изилдөө жазып жатканы тууралуу айтты. Жыйынтыктап айтайын дегеним мындай уникалдуу табылганы илим изилдөө институттары колго алып ошол мен сөз кылып жаткан Шекер Камчыбек уулу менен биргеликте андагы петроглифтерди изилдеп чыгышса дагы бир тарыхый табылганын ээси болуп калат белек деген ой жүрөктө жашап келет.
Антип жатканымдын дагы бир себеби бар,бул сүрөттө жердин картасы бар экен. Кербен шаарында Кутман ава деген карыя бар болчу. Бир күнү ошол киши айтып калды, ушул Аксы жергесинде улуу кенч бар, анын картасы Падыша-Атанын тоолорунда аскага жашырылган, ким ошол картаны таап окуй алса ошол улуу кенчтин ээси болот дей берчү. Балким ошол Кутман ава айткан таш дал ушул Шар деген жердеги аскадан табылган мына ушул саймалуу ташка катылган сыр болушу мүмкүндүр, эми бул белгилерде кандай сыр бар аны изилдөө окумуштуулардын иши. Бир гана нерсе бул таштарды изилдөөдө жергиликтүү адамдарды катыштырып, жер сууларын кошуп изилдесе бир жаңылык чыгат деген ойдомун.
Абдымомун КАЛБАЕВ,
журналист, Аксы району




  Бабур

Базар-Коргондо
(Бир макаланын изи менен)
Бабурдун
Базар-Коргон баяндары
Тууган жер - Туу казыгым" деп Курбанбай акын айткандай, айылымдан алыстай албай атканым менен айтмакчы болгондорум деле ушул ойлорго келип кошулат. Жердештерим өзгөртүүгө үлгүрө элек (ушул боюнча өзгөрбөй турушун Кудайдан миң-миң мертебе тилээр элем) Топуракбел, Шайдан, Кең-Кол, Гава, Коргон деген жер аталыштары өз аттары менен турганынан улам О.Ибраимовдун "Бабур жана кыргыздар" аттуу макаласындагы ("Аалам кыргыздары" журналы, №7, 2009-ж., 12-13-б.) суроолуу сүйлөмдөргө жооп табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп атат: "...өзү айткандай, Кең-Кол тарапта качып бозуп жүрүп, түк эсинен кетпей калган бир эпизодду Бабур мындай сөздөр менен сүрөттөйт: "Күн чак түшкө караган маалда Гава тараптан Акмат Кушчу жана дагы төрт атчан киши көрүндү, бараткан багыты Аксы тарап экени көрүнүп эле турду...", - деп жазат китебинде Бабур. Ырас, падышасы кайсы Кең-Колду эсине алып, кайсы Карнонду (азыркы Кербен кыштагы эмеспи?) айтып жатканын так билүү азыр биз үчүн кыйын маселе..."
Макаладан келтирилген үзүндүдөгү О.Ибраимов Бабур качып-бозуп жүргөндө калкаланган Кең-Кол кайсы болду экен деп суроо салып, жооп издеп жаткан жер - бир райондун (Базар-Коргондун) малы батып жайлаган Кең-Кол жайлоосу болуп саналат. Анын ылдый түшө берген тегиз жеринде Рават деп аталган зор сарай болгон экен, элүүнчү жылдардын ортосунда бузулган дубалдары турчу. Илгери жолоочулар ошерге токтоп өтүшчү экен, Бишкек-Ош жолу салынганга чейинки Кетмен-Төбөдөн Жалал-Абад, Анжиянга каттаган негизги жол ошол Рават аркылуу өтчү. Кең-Колдон чыккан сууга Кызыл-Үңкүргө чейинки жолдо Аккоргон, Күмүш, Күрөбөстүн суулары кошулуп отуруп, Чарбакка келгенде Арстанбаптын суусуна кошулуу менен Кара-Үңкүр (Тентек) сайын түзүп, Базар-Коргон кыштагы аркылуу өтөт, жол да ошону бойлоп жүрүп отурат.
Бабур Мавреннахрды бирде алып, бирде колдон чыгарып жүргөндөгү же өзбек хандары - Шайбани, Убайдуллалар кууп чыккандагы бир учурда ушул Кең-Колго келип жан сактаган окшойт. Бул жерге келүүчү негизги үч жол бар, биринчисин жогоруда баяндап жаздык, экинчиси азыркы бөлүнүш боюнча Өзбекстандын Үч-Коргону тараптан Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата, Масысы аркылуу келип, Шайдан суусун өрдөп Кош-Таш, Кар-Арт жайлоолору аркылуу Кызыл-Үңкүргө түшүп, Кара-Үңкүр сайынын баш жагын бойлоп жүрүп жетет. Экинчиси Аксы тараптан азыркы Таш-Көмүр, Кара-Кол шаарлары аркылуу Көк-Бел жактан аккан Карасуу суусун бойлоп келет, же Үч-Терек жактан түшөт. Ушул үчүнчү жол менен келиши мүмкүн, эгер биринчи жол менен жүргөндө Гава аркылуу өтүп, кайра кайтканда Анжиянга кетчү туура жолду Акмат Кушчудан суратып отурмак эмес, өздөрү эле Базар-Коргон, Пахтабад аркылуу түздөп кирип кетишмек.
Төрт атчан менен Акмат Кушчу көрүнгөн Гава Арстанбап суусу менен Кең-Кол, Кызыл-Үңкүр суулары кошулган Чарбак менен Базар-Коргондун орто ченинде батыш тарабына жайгашкан бир кыштак - Кыргыз Гава, Сарт Гава деген эки бөлүктөн турат. Анда Сулайман пайгамбардын атасы азирети Дөүт пайгамбардын күмбөзү делген чар-тараптан келгендер сыйынган ыйык күмбөз бар. Убагында сопучулуктун (суфизидин) атасы саналган Кул Кожо Ахмат Йасавий да Арстанбапка каттаганда ушул Гава аркылуу өткөндүгүн 148-хикметиндеги эки бейтте мындайча жазган (Чоюн Өмүралиевдин котормосунда): "Кирке кийми жонунда, напси өлгөн боюнда, Каңгып Гава жолунда шайыгым Ахмат Йасавий". "Бакса Гава көрүнгөн, басса жерлер көрүнгөн, Байгамбар илими берилген шайыгым Ахмед Йасави". Мындагы "Каңгып Гава жолунда" деген сөз айкалышы комментариясыз эле түшүнүктүү, Гава жолунда баратканы белгилүү болуп атат. Ал эми "Бакса Гава көрүнгөн" деген сөз айкалышындагы "бакса" деген сөз " "карасаң" деген сөздүн түшүнүгүн берет ("Айланаңа карап бак"). Демек, Кожо Ахмат Йасавий Арстанбапка бараткан жол да Гава аркылуу өткөн. Мындай төтө жолдун болгондугуна бала кезимде күбө болгон жайым да бар. Анжияндан, Асекеден чыккан дербиштер атамын мечитине намаз окуп, биздикине бир түнөп алып анан ошол Гава аркылуу Кызыл-Үңкүргө өтүп, анан Кең-Колдогу Раватка эс алган соң, Шылдырактын даванынан ашып, Кетмен-Төбөгө кетишкендерин билчүмүн. Алардын Аса таяктары башынан-аягына чейин шалдыраган чагарактар болоор эле. Буга караганда Арстанбап менен Кең-Кол тарапка кеткен жолдордун баары мурда Гава аркылуу өтчү окшойт.
Макаланын автору "Кайсы Карнонду айтып атканын так билүү азыр биз үчүн кыйын маселе..." - деп атканына караганда "Бабурнамеде" "Карнон" деген географиялык ат бар шекилди. Бул сөз О.Ибраимов окуган англис тилине так эмес которулуп калышы да мүмкүн, туурасы "Коргон" чыгар, анткени - Бабурдун 1965-жылы өзбек тилинде жарык көргөн "Асарлар" деген китебинин баш сөзүндөгү (Авторлору: Сабохат Азимжанова менен Азиз Каюмов) Султан Ахмат, Шайбанихан, Убайдулла хандар менен болгон согуштарды көрсөткөн жерлерде "коргон" (бизче чеп) деген сөздөр көп колдонулганы маалым болот. Мисалы, Султан Ахмат Мурза Анжиянга жакындап калганда "Бабур тезинен кошундарын чогултуп, Коргондорду бекемдеди..." деп жазылат Баш сөздө (Бабур. Асарлар. Үч томдук. Диван. Ташкент, "Адабий" басмасы, 1965-ж., 6-бет). Дагы - 1510-жылы Шайбаниханга каршы Иран шахы Ысмайыл Сафавий согуш баштаганда "Шайбанихан Марв шаарынын коргонуна бекинди жана Мовронахрдан жардам күтүп атты. Ысмайыл Сафавий бул ахвалды көрүп, Марвдан аркага кайтты. Шайбани хан аны көрүп Коргондон чыкты" (аталган китептин 8-9-беттеринде) ж.б.
Эгер текст боюнча төрт атчанды карап турган Бабур ошол учурда Коргондо (Карнондо) турган болсо, ал Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылындагы (картага "Шыдыр" деген ат менен түшкөн) Амир Темирдин Коргону же Коргон-Жар деген жерде турган болот. Ал Амир Темирдин Коргону Гаванын түштүк батышынан орун алган. Аянты 5 гектарча бар, кыш менен эмес, жерден казылган топурактан дубал жасалган. Жергиликтүү эл Батыш жак дубалынын баш жагын Чоң-Дөбө деп аташат. Ушул Чоң-Дөбөнүн ичи үйдөй, эшиги Коргондун ич жагынан чыкчу деп айтышат. Аны текшерип көргөн киши болгон эмес. Узун-Дөбө деп аталган чыгыш капталы Үч-Колот деген чуңкур колоттун кырында турат, мурда ал жактан душман кире албаса керек. Чоң-Дөбөнүн сырт жагынан узундугу бир километрдей, чуңкурлугу 50-150 метрлик тереңдиктеги аңгек (жар) казылган.