, 20.10.09 - 10-бет:
  Адабият

Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
(Уландысы. Башталышы
гезиттин №77 санында)
йду берүүнүн жана сүрөттөп көрсөтүүнүн каймана түрү аркылуу өлкөнү башкаруучу өкүмдар жана андагы бийлик жүргүзүүчү мансап ээлеринин эл үчүн кылган кызматын жана ар түрдүү кесиптеги адамдардын образдарын ойдон чыгарылган каймана маанидеги мансап ээлеринин образдары аркылуу туюнтуу болуп саналат.
Бул туурасында акын дастандын бет ачарындагы түшүндүрмөлөрдө: "Бул китептин өзөгү - айрым өзгөрбөс, түбөлүктүү түшүнүктөрдөн турат: биринчиси - адилет, экинчиси - дөөлөт, үчүнчүсү - акыл, төртүнчүсү - каниет делип, алардын ар бирине түркчө өз аттары берилген; Адилетти - Күнтууду Элик атаган, бул өкүмдар; Дөөлөттүн аты - Айтолду, ал - увазир, Акылга - Акдилмиш деген ат берилген, ал увазирдин уулу, а Каниет болсо - Өткүрмүш аталып, анын иниси делген. Мына ушулардын ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр, суроо-жооптор аркылуу санжыра чечмеленет" - деп дастандын каймана түрдө жазылганын атайылап эле түшүндүрүп, баса белгилеп жазат.
"Кутадгу билиг" дастанында негизги бөлүмдөрдө бирдиктүү чиеленишкен татаал сюжет жок. Дастан негизинен мындайча сүрөттөлөт: Күнтууду Элик хан өлкөнү адилет, калыс башкаруусу менен атагы алыска тарайт. Күнтууду Элик жалгыз гана адилеттүүлүктүн символу болбостон анда адам турмушунда кездешүүчү түбөлүктүү дөөлөт, акыл, ынсап сыяктуу касиеттерге да ээ, илим-билимдүү, эмгекчил, чынчыл, калыс, акын өзү да баса белгилегендей "жеткен адилет" өкүмдар катары сыпатталат. Албетте, ар бир эле адам адилеттүү, дөөлөттүү, акылдуу, ынсаптуу ошону менен бирге илим-билимге да ээ болушу өтө зарыл.
Анткени, бул касиеттерге ээ болбогон адам толук кандуу адамдык абройго да ээ боло албайт.
Өлкөнү башкаруучу өкүмдарга эң башкысы адилет, калыс болуусу шарт. Ошону менен катар дөөлөттүү, ашкан акылдуу, билимдүү ынсаптуу да болушу өтө зарыл. Ансыз мыкты өкүмдар боло албайт. Эгерде мындай сапаттарга ээ болбогон адам өкүмдар болуп калса, анда өлкөнүн экономикасы өнүгө албайт, эл жапа чегери анык.
Ошондуктан Жусуп Баласагын өзүнүн "Кутадгу билиг" дастанында эң эле билгичтик менен айтып жаткан адилет, дөөлөт, акыл, ынсап жана илим-билим ар бир мансап ээлеринде, ал тургай ар бир жарандарда, коомдун бардык мүчөлөрүндө болушу өлкөнү дүркүрөп өнүгүүгө, элдин турмуштук жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылары айкын-ачык көрүнүш.
Күн тууду, Айтолду, Акдилмиш, Өткүрмүш
Кыскасы, акын Күнтууду Эликти ошондой сапаттарга ээ төгөрөгү төп келген өкүмдар катары сүрөттөгөн. Анын бийлиги адилет, калыс, гумандуу болгондуктан жалпы элге күн сыяктуу "нурун тегиз чачып турат".
Мына ошол Күнтууду Эликтин кабарын уккан Айтолду ат арытып, жол басып, издеп келип, ханга ак кызмат кылууну эңсеп өтүнөт. Күнтууду Элик хан Айтолдунун ар кандай иштерге жөндөмдүүлүгүн байкап, өзүнө увазирлик кызматка алат.
Айтолду - дөөлөттүн символу. Ишмердиги, акылы толгон айдай жетилип, чегине жетип, жаркырап толуп турган учуру. Албетте, дөөлөттүн ар дайым бөксөрбөй толуп гана турушу, ар бир адамдын дөөлөткө акылдуу, туура мамилесинен келип чыга турган иш.
Бирок, дөөлөт туруксуз. Бирде бар да, бирде жок. Өзүнүн Ханга, элге ак кызматын өтөп жүрүп, ден соолугу начарлап, катуу оорудан Айтолду көз жумат. Анын ордуна Айтолдунун уулу Акдилмиш увазир болот.
Акдилмиш - акылдын символу. Өлкөнү башкаруучу мансап ээлери эң ириде акылдуу, билимдүү болушу өтө зарыл.
Акылдуу, илим-билимдүү Акдилмиш увазирлик кызматка туруп, өлкөнүн күч-кубатын, элдин турмуш жыргалчылыгын дагы да арттырат. Ошол мезгилде Күнтууду Элик хан Акдилмиштин тууганы Өткүрмүштү кызмат кылууга хан сарайына чакыртат.
Өткүрмүш - ынсаптуулуктун символу. Ар бир эле өлкөнүн мансап ээлери, башкаруучулары болсун, же жөн эле катардагы жарандары болсун ынсаптуу болууга тийиш. Ансыз ал өлкөнүн байлыгы талоонго түшүшү мүмкүн. Ынсаптуулук адам баласынын эң мыкты сапаттарынын бири экенин Жусуп дастанында бир канча жолу баса белгилеп көрсөтөт.
Дүйнөдө мансап артынан түшпөгөн, карапайым, дервиштик турмушта жашаган Өткүрмүш Күнтууду Элик хандын сунушуна макул болбойт. Хан сарайда кызмат кылуудан баш тартат.
Мына ошол төрт символикалык каармандын сүйлөшүүлөрүнөн, айтыштарынан, полемикаларынан, суроо-жоопторунан келип, дастандын идеялык мазмуну терең социалдык-философиялык маанайда көркөм сүрөттөлүп берилет.
Мамлекетти башкаруучулар менен элдин мамилеси жылуу, ишеничтүү, өтмө катар демократиялуу, калыс болгон учурда мамлекет оңолуп, элдин турмушу жакшыраары айныгыс чындык болуп саналат. Мына ушул даанышмандык ой, асыл идея "Кутадгу билиг" дастанында толук түрдө жүзөгө ашкан жана жогору көркөмдүктө сүрөттөлгөн.
Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" дастанынын эң негизги идеялык концепциясын ушундайча түшүнгөнүбүз оң жана жөндүү болот.


Абдыкерим АБДЫРАЗАКОВ,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
профессору