Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_9.htm on line 2


п»ї

 Китепкана

"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор
Тарыхтын кара тактары деген сөз ак жеринен айыпталгандарга айтылганы белгилүү. Арийне, бул төгүн жерден чыккан сөз эмес экен. Анткени, ошол кара булут айланган каардуу жылдардын кээ бир барактарына үңүлүп карай турган болсок, адамдын азат бою тик турган окуялардын тизмегине күбө болосуң. Ошол апаат жылдар аралыгында Ата-Бейитте
ак жеринен атылгандардын бири агартуучу Осмонкул Алиев болгон.

Cаргайган сары баракка тарыхы чиеленишкен бул адамдын алакандын отундай эски сүрөтүнөн коюу чачы артка таралып, кара кашы, сурмалуу көзү менен бүгүнкү муундун ишин сынаакы карап тургандай. Анда эмесе өздүк иш кагазындагы документтердин шарттоосу менен Осмонкул Алиевдин өмүр жолуна серп салып көрөлү.
Осмонкул Алиев 1903-жылы Калинин районундагы Чолок-Арык айылында туулган. Он жашына чейин жарды дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланат. 1913-1916-жылдары орус-тузем мектебинен окуп билим алат. Андан аркы билимин улантууга 1916-жылкы каардуу Үркүн өз таасирин тийгизген. Октябрь революциясынын таңы аткан соң, 1917-1919-жылдары Сыр-Дарыя облусунун Аулета шаарындагы реалдуу окуу жайынан окуйт. Окуу деп чаңкап, билим үчүн умтулган айылдык жигит 16 жашка жетип-жетпей, 1919-жылдын январь айында Ташкент шаарындагы Кыргыз Агартуу институтуна кирет. Ошол жерден комсомолго мүчөлүккө өтүп, Ташкент
шаардык комсомол уюмунун ишине активдүү катыша баштайт. 1924-жылы январь айында инситутту бүтүрөт да, Сыр-Дарыя обком комсомолунун бөлүм башчысы болуп дайындалат. Партияга мүчөлүк баракчасында 1924-жылдын май айынан сентябрь айына чейин Сыр-Дарыя облусунда уездик элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген деп жазылат.
1924-жылдын октябрь айынан 1925-жылдын январына чейин Ташкент шаарында чыккан кыргыз элинин тунгуч гезити "Эркин-Тоонун" биринчи редактору болгон. 1925-1926-жылдары Пишпек шаарында ВЛКСМдин Кыргыз автономиялуу облусунун жооптуу катчысы болуп иштейт. Ошол эле жылдын мартынан июль айына чейин беш ай Кыргыз Автономиялуу облусунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап жатып, ВКП Кыргыз обкомунун бөлүм башчылыгына дайындалат. Ал эми 1926-1927-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы кыргыз өкүлчүлүгүнүн өкүлү болуп иштейт. Ушул кызматта иштеп туруп 1927-жылдын августунда Москвадагы Свердлов атындагы Коммунисттик Университетке өтөт. Аны 1930-жылдын август айында бүтөрү менен 27 жаш курагында Кыргыз АССРинин Агартуу Эл комиссарлыгына шайланат.
Осмонкул Алиевдин өздүк иш кагаздарында өзү жөнүндө жазгандары жокко эсе, ал эми турмуш жолунун башталышынан өмүрүнүн акырына чейинки ишмердигине сереп салсак, анын адамгерчилиги, билимдүүлүгү, ак ниеттүүлүгү, коюлган маселелер боюнча принципиалдуулугу, патриоттуулугу жана сергектиги даана көрүнөт. Мына ушундай сапаттарынын аркасы менен экинчи жолу элге билим берүү тармагынын жетекчилигине келет. Албетте, анын түйшүкчүл эмгегин ошол кездеги Кыргызстан Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахманов өтө жогору баалап, бир жакка иш сапарга чыкканда өз ордуна Осмонкул Алиевди коюп кетчү экен. Аны өз замандашы Зыяш Бектенов: "Юсуп бир жолу Иранга командировкага кетип, өз ордуна Осмонкул Алиевди калтырууга буйрук бергени али эсимде", - деп эскерет. (З.Бектенов "Замандаштарым жөнүндө эскерүү" Б; 1996).
Партия кайда жиберсе да, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтө билген О.Алиев 1932-жылдын январь айында ВКП Кыргыз обкомунун транспорт жана тейлөө иштери боюнча жооптуу катчылыгына дайындалат. Анын совет өкмөтүнүн ишине чексиз берилгендиги, чечкиндүүлүгү, элди ээрчитип кете турган мыкты сапаты, анын кызматтан - кызматка улам жогорулашы, партиянын ишенимине ээ болгону, кайсыл жерге жиберилбесин ошол жерде сырдана коомдук жетекчи катары замандаштарына таанылганы айрым жетекчилерге жакпай калат. Аны куугунтуктоо максатында жумурткадан кыр издешип, 1933-жылдын башында нан даярдоодогу ашыкча чыгымдар үчүн деген шылтоолор менен ВКП БКнын Орто Азия бюросунун, андан соң ВКП БКнын "катуу сөгүшүн" алат. Ушундан улам кызматынан четтетилип, 1933-жылдын март айында Ташкентке чакырылып, ВКП БК Орто Азия бюросунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалат. Бул Орто Азия бюросу 1934-жылдын октябрында жоюлган соң, декабрь айында Осмонкул Алиев кайрадан Кыргызстанга келип, Жерге жайгаштыруу комиссарлыгынын саясый секторунун башчысынын орун басары болуп дайындалат. Ал эми саясый секторлор саясый бөлүм болуп кайра түзүлгөн мезгилде Осмонкул Алиев 1935-1937-жылдары ВКП Ош райкомунун биринчи секретары болуп дайындалат.
Дал ушул жылдар аралыгында өтө кооптуу болуп, репрессиянын кара туманы акырындап каптап келе жаткан убак болчу. Четинен аппараттын кызматкерлери ыргыта чабылып, репрессиянын ооматы катуу жүрүп, арааны да ачыла баштаган. Ушундай өтө опурталдуу кыйын кезеңде Осмонкул Алиев кайрадан үчүнчү жолу 1937-жылдын январь айында Кыргыз ССРинин Эл агартуу комиссарлыгына шайланат. Бирок бул ишмердүүлүгү көпкө созулбай, ошол убактагы белдүү эл уулдарына мүнөздүү болгон "улутчул", "эл душманы" деген жарлыктар анын мойнуна да илинет. Ошентип, 1350098- номерлүү партиялык билетке кара көө жабылып, капаска түшөт.
Репрессия күчөп, Кыргызстандын бардык советтик, партиялык жетекчилери СТПнын делосу боюнча камакка алынган кезде 1937-жылдын августунда Кыргыз ССР НКВДсынын желдеттери тарабынан Осмонкул Алиев да Фрунзенин түрмөсүнө камалат. Социал-Туран партиясынын иши боюнча камалган адамдардын баарына мурдагы кызматына, өтөгөн эмгегине карап мамиле кылуу маселеси жоголгон. Камалган киши күнөөсүн мойнуна дароо албаса, аны мойнуна алдыруунун ыкмаларын органдын кызматкерлери жакшы өздөштүрүп алышкан. Мындай кыйноодогу сурактан Кыргызстанда эркиндикке айрым гана адамдар чыгышкан. Анткени, аларга мунапыс болгон эмес.
Ошентип, Осмонкул Алиев адам чыдагыс суракта 14 ай бою тергелип келди. Эптеп эле шылтоо табылбай, табылса томуктай нерсени тоодой көргөн "кара төрдүн" шаңдуу күзөтчүлөрү акыры ага "Социал-Туран партиясынын көрүнүктүү ишмери" деген сан-дырак күнөөнү мойнуна илиш-
кен. 1938-жылдын 5-ноябрында СССРдин жогорку сотунун аскер коллегиясынын көчмө сессиясынын жабык сот отуруму болгон. Анда төрагалыкты бригадалык аскер юристи Алексеев, мүчөлөрү - бригадалык аскер юристи Зайцев жана I даражадагы аскер юристи Болдырев, катчысы I даражадагы аскер юристи Батнер болушкан. Соттун бул курамы башка репрессияга дуушар болгондорго жана 1938-жылдын 5-8-ноябрында өлүм жазасына кеткендерге өкүм чыгарышкан.
… Жыйынды 23 саат 05 мүнөттө ачышат. Залда болгону соттор жана айыпталган адамдар болгон. Ал эми күбө болуучуларды сотко чакырышкан эмес. Сотторго адам тагдырын чечүү үчүн болгону 10-15 минут гана жетиштүү болгон. Ошол күнү Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Нуркул Кулназаров жана башкалар менен бирге Осмонкул Алиевге дагы акыркы сот өкүмү чыккан.
Сот: "Алиев Осмонкул эң жогорку жазага тартылып, атууга кетсин жана ага таандык жеке буюмдары, үй-мүлкү конфискациялансын"-деген өкүм чыгарат. Өкүм СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин 1-декабрь, 1934-жылкы токтомунун негизинде токтоосуз түрдө аткарылышы керек болгон. Андыктан өкүм ошол эле күнү аткарылган.
Бардыгыбызга маалым болгондой, репрессиянын курмандыктарынын көпчүлүгү 30-40 жаштагы күлгүндөй куракта болушкан. Андыктан каардуу репрессиянын капшабы 35 жаштагы Осмонкул Алиевдин өмүрүнө да балта чаап тынды. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, булардын бардыгы 1957-жылдары акталган.
1957-жылдын 9-августунда СССР Жогорку Сотунун аскер коллегиясы аныктама чыгарган. Анда "Осмонкул Алиевге тиешелүү СССРдин Жогорку Сотунун аскер коллегиясынын 1938-жылдын 5-ноябрындагы өкүмү жокко чыгарылсын жана кылмыш курамынын жоктугу үчүн ал жөнүндөгү иш токтотулсун" деп айтылган.
Чыркыраган чындыктын кечигип келгенин карачы!..
"Өтө жашырын. 1957-жылдын 29-ноябрындагы Кыргызстан КП БКнын бюросунун токтому:
Кыргызстан КП БКнын 1937-жылы 8-августта жолдош Алиев Осмонкулду КПССтин мүчөлүгүнөн чыгарган бюронун токтому жокко чыгарылсын жана Алиев Осмонкул (өлгөндөн кийин) партиялык жагынан акталсын. 1925-жылдан тартып КПССтин мүчөсү. Кыргызстан КП БКнын секретары В.Чуркин".
1991-жылдын жайында Бишкектин түштүк тарабында Чоң-Ташта атылган 137 адамдын сөөгү кайрадан Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган. Ата-Бейитке коюлган Осмонкул Алиевдин номуру 11.
Өтө көп кыйынчылыктар менен акталып, элге кайрылып берилген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Осмонкул Алиевдин тагдыры мына ушундай болгон. Андыктан үч жолу эл агартуу комиссары болгон эл уулунун элесин эскерип, анын таржымалындагы ачыла элек барактарды изилдөө жана чындыктын акырына даректүү маалыматтар менен жетүү коомчулук алдындагы кечиктирилгис милдеттерден.
Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ,
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик
архивинин кызматкери






Ойчул акын Барпыга арналды
Сузак районунун 90 жылдык мааракесине арналган иш чаралардын алкагында 9-октябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде улуу ойчул акын Барпы Алыкуловдун 125 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Элибизде көптөгөн төкмө акындар өткөн, алардын чыгаандары эки өнөрдү - артисттик менен акындыкты шайкеш алып жүрүшкөн. Эл алдында комуз чертип, ыр саптарын жагдайга жараша мукам үн менен кыраатын келтире айтышкандыктары аркылуу өзгөчөлөнүшкөн. Алардын артисттик таланттары көргөндөр менен кошо кетти, бирок эл оозунан жыйналып алынган поэтикалык жогорку деңгээлдеги, орошон ойлорду камтыган ырлары калды. Алар азыр да окурмандарды кызыктырат, таңдандырат, айрымдарынын им-провизация түрүндө жаралгандыгына ишене да албайсың, толгонуп, ойлонуп, кайра-кайра редакцияланып, анан кагазга түшүрүлгөндөй таасир калтырат. Тилекке каршы, азыркы төкмөчүлөрдүн көпчүлүгү жөнүндө антип айта албайсың. Айрымдары сахнада айтылып жатканда эле угуучуларды жүдөтсө, кагазга түшүрүлгөндөрүн окуганга болбой калат…
Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда Барпы Алыкулов колуна комуз кармабаган, азыркылардай комузда бир-эки күү кайрып, ара чолодо айта тургандарын ойлонуп, төрт сапты айткандан кийин кайра да күү кайрыбастан беттеп ырдагандарга таягына жөлөнө калып эле нөшөрлөтүп жооп кайтарган кара төкмөлөрдөн болгон экен. Нөшөр дегенде мындан он беш жыл мурда Жалал-Абадда Барпынын 110 жылдыгы белгиленген күн эске түшөт. Андай нөшөр облустун тарыхында ага чейин болбосо керек. Ошондо айрым билермандар "Барпы атабыздын арбагы чындап козголду окшойт" дегендей сөздөрдү айтышкан эле. Акынга арналган конференция райондун 90 жылдыгына байланышкан иш чаралардын алкагында өткөрүлүп жаткандан кийин ал сөздөрдү эскерип коюу да ашыктык кылбайт. Жөн жерден айтылбаса керек…
Барпы Алыкулов чыгаан төкмө, азырга чейин популярдуу обондуу ырлардын автору гана эмес, өмүр жана өлүм, жакшылык жана жамандык, өтмүш жана келечек, табийгат жана анын миң түрдүү кубулуштары жөнүндө көп ой жүгүрткөн философ акын да болуп саналат. Ага мисал катарында акындын "Айт, айт десе", "Аккан суу", "Күн", "Шамал", "Ажал", "Санат", "Терме", "Дүнүйө", "Ынтымак" сыяктуу ырларын көрсөтүүгө болот. Конференцияда ойчул акындын чыгармачылыгы жөнүндө бир нече адис окумуштуулар баяндамаларды жасашты, алардын ичинен адабиятчы Кадыркул Даутов, философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев жасаган баяндамалар жаңычылдыгы, мазмундуулугу жана аргументтеринин ишенимдүүлүгү, талдоолорунун тереңдиги менен айырмалангандыктарын белгилей кетүүбүз керек.
Бакай ЧИЛТЕГИН







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??