Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_8.htm on line 2


п»ї

Мекен мейкиндигинде
Эмгеги элдин эсинде
Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинин мына бүгүнкүдөй жаркыраган абалга келиши үчүн кыйла мыкты адамдар кызмат кылышты. Ошолордун бири "Манас" эпосу музейинин эң алгачкы директору Зарлык Сулайманов болгон.

Жакында улуттук комплекстин "Манас" эпосу музейинин конференц - залында өткөрүлгөн дил маек ушул адамдын өмүрү жана жетекчилик жолуна арналды. Дил маекке Талас облусунун губернатору Б.Болотбеков, Кыргыз эл жазуучусу А.Стамов, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы С.Алтымышов, журналисттер жана маркумдун жубайы, уулдары, неберелери, урук-туугандары катышты.
Маркум менен КМУда бирге окуган, кийин жолдоштук бекем байланышта болгон Асанбек Стамов өзүнүн эскерүү сөзүндө Зарлык Сулаймановдун алпейим мүнөзү, ишкердик касиети туурасында айтып, "Хан Тейиш" романынын бир нускасын "Манас" эпосунун му-зейине тапшырды.
Маркумдун жубайы Наске өмүрлөшүнүн жөнөкөйлүгү, бөтөнчө ак ниеттиги жана ишкерлиги туурасында толкундануу менен айтып берди. Ал эми бир тууган бажасы Зарлык Сулаймановдун чыгармачылык жолун иликтеп Бишкек шаарындагы борбордук китепканаларда болуп гезиттерди, журналдарды барактап чыккан. Анын айтымында маркум көбүнчө гезиттерге идеологиялык ырларды жазып чыгарып турган. Облус губернатору Бейшенбек Болотбеков "Манас" эпосу турганда, Манастын күмбөзү турганда анын биринчи директору Зарлык Сулаймановдун эмгеги элдин эсинде сакталарын билдирди. Үй-бүлөсүнө, балдарына турмуштук ийгиликтерди каалады. Нарын мамлекеттик университетинин ректору Алмаз Акматалиев мурда жасалган жакшы иштерди улантуу туурасында оюн айтты: - Беш жыл мурда мен да студенттерди алып, ыйык жерге зыяратка келгем. Мына ошол толкунданган учур менин да жана ошол кездеги менин студенттеримдин да али эсинде. Ошону биз кубануу менен эскеребиз. Улутубуздун руханий ыйык жайына республикалык деңгээлде зыярат жасоо кайра жандандырылса эң жакшы болмок, - деди ректор.
Дил маекте "Манас" музейинин директору Калыбек Тынышов, музейдин илимий кызматкери Мударис Ибралиев маркумдун улуттук комплексти түптөө башатындагы баалуу эмгегине токтолушуп, ушул максаттагы иштер, изденүүлөр улантыларын белгилешти.
Козубек ИМАНКУЛОВ




  Ысык-Көл

Караколдо "Астма клубу" ачылды
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) базасында эң алгачкы "Астма клубу" ачылды.
Анын катышуучуларына Улуттук кардиология жа-на терапия борборунун координатору, медицина илиминин доктору Талант Сооронбаевдин берген маалыматтарына караганда, өпкө ооруларынын эң коркунучтуу дарттарына кирген бронхиалдык астма менен дүйнө жүзүндө 300 миллионго жакын, анын ичинде Кыргызстанда 12 миңден ашык киши ооруйт.
- Алдын-ала изилдөөлөр көрсөткөндөй, - дейт ал, - чыныгы көрсөткүч андан эки-үч эсе көп болушу толук мүмкүн. Анткени, ал дарт азыркы жашоо-турмуш шарттарынан улам тез жайылып, андан зыян болгондор да, майыптыкка кабылгандар да аз эмес. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтүнүн колдоосу менен өлкөнүн бардык облустарында ушундай клубдарды ачууну чечтик.
"Астма клубдун" демилгечилери бул ачылышта облустук ҮМБнын деректири Жаңыл Акуновага астма ооруларын алдын алуу, дарылоо үчүн атайын бөлмө бөлүп, иштөөгө кеңири шарт түзгөндүгү үчүн ыраазылыктарын билдиришип, өзүлөрү менен кошо ала келген баш-аягы 7 миң АКШ долларына барабар жабдууларды тапшырды. Мындай клубдар азыр Бишкек, Нарын жана Ош шаарларында ийгиликтүү иштеп, алардын үмүт-тилектерин ашыра аткара баштагандыгын билдиришти.

Кыш жакын, кыймыл начар
Облустун 70 жылдыгын белгилейбиз деп жүрүп, кышка жылдагыдай камылга эстен чыгып калганы облмамадминистрациянын кийинки жыйынында байкалды.
блкомчарба башкармалык башчысы Н.Лабутиндин билдирүүсүнө таянсак, керектелчү ташкөмүрдүн - 34, мазуттун 15 гана пайызы бар. Ал эми кары-картаң, майыптардын абалы бир топ начар. Көмүрдүн сатык тоннасы - 3-5 миң сомдон ашты. Электр энергиясы эми 1-октябрдан бери түнкү 12ден таңкы 5ке
чейин жаңылбай өчүрүлө баштады. Кыш быйыл жылдагыдан катуу болчудай.
Жээнбай ТҮРК




  Жалал-Абад

"Телтору" ат майданы оңдолууда
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына карата Сузак районунда атайы программа түзүлүп, иш чаралар аткарылууда. Мына ушул иш чаралардын алкагында "Телтору" ат майданын реконструкциялоого финансылык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 4 млн. сом бөлүнгөн. Сузак райондук мамлекеттик администрациясы да 2,5 млн. сом каражат бөлүп, ат майданы талапка ылайык болуп бүтүп жатат. Октябрь айынын аягында бул жерде чоң салтанат болуп, улуттук ат оюндар менен коштолот.

Салыктан качкан "Беш-Кербен"
Жалал-Абад облустук прокуратуранын берген маалыматы боюнча 2008-жылы ноябрь айында Сузак районунун "Беш-Кербен" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Сузак районунун Атабеков айыл округунун Мундуз айылынын тургуну 1962-жылы
туулган Жунусов Азимжан кошумча салыкты төлөөдөн баш тартып, жашырууга аракет кылган.
А.Жунусов Сузак районунун салык инспекциясынын жооптуу кызматкерлери менен макулдашып, 3199053 сом кошумча салыкты (НДС) жоюу максатында "Индина" жопкерчилиги чектелеген коомунан толтурулбаган счет-фактураларды алып, ага 19998321 сомдук материалдык баалуулуктар сатылып алынды деп толтуруп,3188717 сомдук кошумча салыкты жойгон. Натыйжада мамлекетке кошумча 3188717 сом түшпөй калган. Текшерүүнү облустук прокуратуранын тергөөчүсү У.Ибраим уулу жүргүзүүдө.

Кыйылган дарактын ордуна
Жалал-Абад облусундагы токой чарбаларында 6 миллиондон
ашуун баалуу-мөмөлүү дарактардын көчөттөрү, 30 түрдөн ашык ассортименттеги стандарттуу көчөттөр багылып, өстүрүлүп жатат. Мындан сырткары токой чарбаларында ийне жалбырактуу токой көчөттөрү өстүрүлүп, облустун район жана шаарларынын бош жаткан аянттарын декоративдик максатта жашылдандыруу үчүн, Тянь-Шань карагайынын уруктары себилип жана көгүлтүр карагайдын бутактарынан эгилип, көбөйтүлүп өстүрүлүп жатат. "Бул жумуш облустун аймагында эми гана колго алынып, жанылык катарында токой чарбалардын өндүрүшүндө ишке киргизилип жатат", - дешет токойчулар.
Адистердин айтымында акыркы мезгилде жергиликтүү жашаган калк көрүлгөн иш чараларга карабастан, токой дарактарын, айрыкча эң баалуу деп эсептелген жаңгак токойлорун мыйзамсыз массалык түрдө пайдалана баштады. Бул жер кыртышына терс таасирин тийгизип, жаратылышта өзгөрүүлөрдү алып келип, ушунун натыйжасында жер көчкү, сел, суу ташкындары болуп жатат.
Орозалы КАРАСАРТОВ




  Баткен

Баткенде жаңы айылдар пайда болот аткен районундагы Төрткүл суу сактагычында жыл сайын пайдаланылбай калып келген суу дагы 1,5 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет - деди Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабеков массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда.
Облус губернаторунун айтымында өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында курулган суу сактагычтын сыйымдуулугу 90 миллион метр кубга эсептелген. Учу кыйырына көз жетпеген өрүк, жүзүм бактарынын пайда болушу суу сактагычка түздөн туз байланыштуу. Суу сактагычтын курулушу менен Баткен районунда миңдеген жаңы жерлер өздөштүрүлүп, бир нече жаңы айылдар өсүп чыккан. Андан бери Баткен районунда жер аянттары үч-төрт эсеге кеңейтилди, аны менен кошо эле калктын санынын өсүшү да проблемаларды жаратпай койгон жок. Калкка турак жай салууга там арка бөлүп берүү үчүн жердин жетишсиздиги келип чыкты. Статистикалык маалыматтарга ылайык Баткен районунун борборунда 1999-жылы 10 миң калк болсо, бүгүнкү күндө 21 миңдин тегерегине чапчып барды. Орчундуу проблеманы чечүүнүн бирден-бир жолу - суу сактагычтагы топтолгон сууну толук пайдалануу. Себеби жыл сайын сугат мезгилинде суу сактагычтагы 60 млн. куб гана суу пайдаланылып, 30 млн. куб суу запаста калып келген. Эгер калган
суунун тең жарымын пайдалана турган болсок жаңыдан 1,5 миң гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул деген 6-7 миң калктын турак-жай маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүү дегендик.
Ал эми чет өлкөлүк донор уюмдарынын жардамысыз бул чоң долбоорду жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Себеби ондогон километр узундуктагы каналды кеңейтүү же жаңысын казуу иштери үчүн аз эмес акча керек болот. Бул боюнча эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу Корея өлкөсү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болууда. Эгер донор макул болуп калса Баткен районундагы өрүкзарлуу айылдардын саны дагы үч-төрткө көбөйөөрү реалдуу болуп калмакчы - деди М.Жумабеков.
Мамажан Бердишев





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??