, 16.10.09 - 7-бет:
  Реформалар: ойлор, пикирлер, сунуштар

"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
Өткөн жумада Ош облусунун Кара-Суу районунун базасында өлкөнүн түштүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин "Жаңылануу багыты" идеологиясынын учурдагы тарыхый ролу, саясый мааниси жана аны өлкөнүн түштүгүндө турмушка ашыруунун социалдык шарттары" деген илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияда Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Карашев доклад жасап, анда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин "Жаңылануу багыты" идеологиясынын учурдагы тарыхый-саясый маанисине, социалдык ролуна илимий-теориялык, турмуштук-практикалык жогорку баа берип, анын тарыхый улуу идея экендигин айгинелей алды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери
боюнча Агенттиктин директору К.Осмоналиевдин доклады да кызыгуу менен угулуп, анда Президенттик "Жаңылануу багыты" идеологиясынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунда, пилоттук "Мады" айылдык округунда аткарылып жаткан идеологиялык, мыйзамдык багыттагы реформалык иштер кеңири иликтөөгө алынып айтылды.
Президенттик "Жаңылануу багыттын" усулунда Жогорку Кеңештин депутаттары А.Калмаматов менен И. Жунусовдун конференцияга парламенттик мыйзамдык реформанын бир багыты катары: "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, каада-салттарды жана коомдук салтанаттарды тартиптештирүү жөнүндө" мыйзам долбоордун элдик талкууга коюлуусу катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты. Катышуучулар мыйзам долбоорду кызуу колдошту жана маанилүү сунуштар менен толукташты.
Конференцияда каралган, кызуу талкууланган маселелер боюнча резолюция кабыл алынды.






Материалдык абалдын
оңолушу соттук иштердин сапатын жакшыртабы?
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусунун"
саясый баяндамачысы

14-октябрда Бишкекте "Кыргыз Республикасынын "Миңжылдыктын чакырыктары" астаналык программасынын эсеби. Соттук системанын реформасы: жетишкендиктер жана проблемалар" деген темада республиканын соттук системасынын жетекчилеринин, жергиликтүү сот органдарынын, Прокуратуранын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда кереге кеңеш өткөрүлдү. Ал ЮСАИДдин соттук реформага көмөктөшүү боюнча Долбоорунун техникалык колдоосунда Президенттик Админис-трация, Жогорку сот, КРнын судьялар кеңеши, сот иштери боюнча Улуттук кеңеш, соттук департамент тарабынан ишке ашырылды.
Президент тарабынан жарыяланган Жаңылануу багытына ылайык азыр өлкөбүздө соттук системаны жана Укук коргоо органдарын реформалоо боюнча активдүү аракеттер көрүлүүдө. Бул максатта жылдын башталышында атайын Концепциянын долбоору жарыяланган. Дол-боордун алкагында өткөн жылдан берки мезгилдин ичинде өлкөнүн соттук системасы функционалдык талдоодон өткөрүлүп, соттук иштерди кароонун процесстерин, соттордо иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү, алардын штаттарын оптималдаштыруу, соттук бийликтин борборлоштурулган органын аныктоо, чечимдерди аткарууну жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар киргизилди. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан "Судьялардын макамы жөнүндө", "Сот иштери
боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө", "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Банктар жана банктык ишкердүүлүк жөнүндө" сыяктуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна берилди.
КРнын Жогорку Сотунун тө-
райымы Жаңыл Алиеванын "...Жогорку сот жана жергиликтүү соттор: 2008-2009-жылдардагы реформалардын жыйынтыктары" деген баяндамасында Долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иштерде төмөндөгү төрт максатка жетишүүгө негизги басым жасалып жаткандыгы айтылды. Биринчиси, кадрларды башкарууну же судьяларды тандоону, соттук иштерди жүргүзүүнү жакшыртууга, судьяларды кызматтарынан бошотуу жана аларга тартиптик жаза берүүлөрдү объективдүү жана ачык, айкын жүргүзүүгө багытталган. Экинчиси, соттордун өз функцияларын көз карандысыз аткарууларын, алардын кесиптик жана квалификациялык даярдыктарын үзгүлтүксүз жогорулатып турууну камсыз кылууну көздөйт. Ал үчүн судьялар окутулууда, ошол эле мезгилде алардын иштерине көзөмөл да күчөтүлүүдө. Бул багытта өлкөнүн Судьялар кеңеши көп иштерди аткарууда, алдыда дагы көп милдеттер турат. Үчүнчүсү, коммерциялык укукту өнүктүрүү болуп саналат. Ал үчүн Жарандык процессуалдык Кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, коммерциялык чатактарды кароо жана коммерциялык иштер боюнча соттук чечимдерди мажбурлап аткартуу, мамлекеттик төлөмдөрдү өнүктүрүү жөнөкөйлөштүрүлдү. Төртүнчүсү, сотторду компьютерлештирүү. Бардык сотторду бир убакта компьютерлештирүүгө мүмкүнчүлүк жетишпейт. Ошондуктан биринчи кезекте Бишкек, Ош шаарларындагы, Чүй, Ош облустарындагы сотторду компьютерлештирүүнү аяктап, анан Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарындагы сотторду компьютерлештирүүгө киришүү милдет кылынып коюлууда.
КРнын соттук департаментинин директору Айбек Алыбаев, судьялар кеңешинин төрайымы Лариса Гутниченко соттук департаменттин Юстиция министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, соттук системага киргизилиши сотторду материалдык, техникалык жактан камсыз-доого, бирдиктүү маалыматтык борборду түзүүгө, иш кагаздарынын ыкчам жүгүртүлүүсүнө оң таасирин тийгизерин белгилешти. Мурда соттордун бюджети Өкмөт тарабынан аныкталган көзөмөлдүк суммага ылайык түзүлсө, же финансы министрлиги берген сан республикадагы сотторго пропорционалдуу бөлүштүрүлсө, азыр бюджет төмөндөн жогору түзүлүүдө. Же райондук, шаардык соттор өз сметаларын түзүп, облустук сотторго беришет, алар жалпылап судьялардын кеңешине жеткиришет, анан ал финансы министрлигине сунуш кылат. Мына ушундан улам быйыл өткөн жылга салыштырганда соттордун бюджети 60 пайызга көбөйгөн. "Биз өзүбүзгө берилген ыйгарымдарды эми гана өздөштүрүп жатабыз, - деди судьялар кеңешинин төрайымы Лариса Гутниченко. Ошондон улам кемчиликтер да болууда. Алсак, быйыл май айында жергиликтүү сотторго 2010-жылга карата сметаларын берүү жөнүндө сурансак, алардын көпчүлүгү сунуштарын убагында беришкен жок".
Кереге кеңештин жалпы бөлүгүндө негизинен системанын материалдык-техникалык шарттарына байланышкан маселелер талкууланып, ага жер-жерлерден келген өкүлдөр активдүү катышышты.
Ал эми экинчи,үчүнчү бөлүктөрүндө соттук системаны функционалдык анализден өткөрүүнүн негизги жыйынтыктары, сот иштери боюнча Улуттук Кеңештин ишин мындан ары жакшыртуунун чаралары, сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоонун концепциясындагы маселелер талкууланып, тийиштүү ойлор, сунуштар айтылды. Мында соттук системаны функционалдык анализден өткөрүүнүн жыйынтыктары кереге кеңештин катышуучуларынын өзгөчө кызыгууларын пайда кылды. Долбоордун алкагында аткарылган анализде соттук иштердин сапаттарын жакшыртуу үчүн
тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча 25 пункттан турган сунуш даярдалган.
Ал сунуштар боюнча келерки макалада сөз кылабыз.