Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_6.htm on line 2


п»ї

 Китепкана

Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
Кечээ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов эл өкүлдөрүнүн жалпы кытайлык жыйынынын имаратында КЭРдин Мамкеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өркүндөтүү тууралуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен коммюникесине кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында КЭРдин Төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушканда КЭРдин Төрагасы Кыргызстандын Премьер-министринин КЭРдин Мамкеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушуусу жемиштүү жана ийгиликтүү болгондугун белгиледи.
Кыргызстандын Премьер-министринин расмий иш сапарынын жүрүшү тууралуу кенен-кесири маалымат менен гезиттин келерки санында толук тааныша аласыздар.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Ала-Тоо менен Анадолы ортосунда - жаңы авиакомпания
Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун катышуусу менен "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКнын (үлүшү 51%) жана Түркиянын "Реgаsus Hava Tasimasiligi A.S" компаниясынын (үлүшү 49%) ортосунда биргелешкен авиакомпанияны түзүү жөнүндө документтерге кол коюу аземи өттү.
Макулдашууга кыргыз тараптан "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКнын президенти Эгемберди Мырзабеков, түрк тараптан "Реgаsus Hava Tasimasiligi A.S" компаниясынын башкы директорунун орун басары Серхан Улга кол коюшту.
"Мезгилдин өзү транспорттук инфраструктураны тез өнүктүрүүнү бизден талап кылууда, ансыз азыркы учурдагы коомду жана экономиканы элестетүү мүмкүн эмес. Бул авиакомпания өлкөлөрүбүздүн ортосуна көпүрө болуп, ал эми эки компаниянын жемиштүү кызматташуусу Кыргызстандын жана Түркиянын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет деген ишенимдемин", - деди Ө.Бабанов аземге катышуучуларды куттуктоо учурунда.
Серхан Улга мырза бул биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу маселесинде колдоо көрсөткөнү үчүн Ө.Бабановго ыраазычылыгын айтып, эми лицензия алуу боюнча мыйзамдык процедураларды батыраак бүтүрүп, жакынкы арада авиакаттамды ачууга камданарын жана жаңы авиакомпаниянын тейлөө кызматынын сапаты жогорку деңгээлде болоорун билдирди.

Н.БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"




Динге байланыштуу мамлекеттик стратегия
КРнын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик КРнын Өкмөтүнүн "2009-2015-жылдар аралыгындагы дин чөйрөсүндөгү Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик саясатынын стратегиясы жөнүндөгү" токтомунун долбоорун коомчулуктун кеңири талкуусуна койду.
Бул документ КРнын Президентинин 2009-жылдын 18-февралындагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Стратегия дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүргүзүү, диндер аралык ынтымакты, түшүнүүчүлүктү бекемдөө, диний экстремизм менен фундаментализмге каршы туруу жана деструктивдик диний агымдардын ишмердигине бөгөт коюу маселелерин көздөйт.

С.ЭСЕНОВ

Улуттук оюндардын спартакиадасы -
Сузакта
Республикабызда спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча спартакиадаларды өткөрүү салтка айланууда.
V Спартакиаданын финалдык мелдештери Сузак районунун 90 жылдык мааракесине арналып, 17-23-октябрь күндөрү Сузак районунда өтө турган болду. Бул жөнүндө Премьер-министр Игорь Чудинов буйрукка кол койду.
Мелдештер элдик оюндардын көкбөрү, тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, эр эңиш, тыйын эңмей, кыз куумай түрлөрү боюнча өтмөкчү.
Бул иш чаралар элдик улуттук оюндарды өнүктүрүүгө, жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоого өбөлгө болору бышык.

С.ОРОЗОБЕКОВ

Илим мезгилден артта калбоосу керек
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кыргыз Улуттук илимдер академиясында болуп, анын институттарынын өлкөнүн эл чарбасы үчүн даярдаган жабдуулары, окумуштуулардын азыркы иштөө шарттары, келечекке карата пландары менен таанышты.

Алгач Өмүрбек Бабанов академиянын машина үйрөнүү институтунда болуп, андагы технопарк жана инновациялык жаңы иштеп чыгуулар менен таанышты. Институттун директорунун айтымында, алар азыркы убакта 30дан ашык аталыштагы баалары 15 миң доллардан 60 миң долларга чейинки чоң машиналарды чыгарууда. Алардын айрымдары, маселен гидрологиялык балка Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушунда ийгиликтүү колдонулууда. Биринчи вице-премьер-министр биотехнология жана автоматика жана маалыматтык технологиялар институттарында болуп, фитотехнологиялардын инновациялык борборундагы технологиялык линияны көрүп чыкты. Андан кийин академиянын башкы имаратындагы академияга кирген 24 институт тарабынан уюштурулган илимий экспозициялардын көргөзмөсү менен таанышты. Анда гидроэнергетика жана суу маселелери, инновациялык технологияларды өнүктүрүү институттары тарабынан даярдалгандар биринчи вице-премьер-министрдин өзгөчө кызыгуусун пайда кылды.
Жумушчу кыдыруусунун аягында биринчи вице-премьер-министр академиянын институттарынын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуп, анда Илимдер академиясын азыркы шарттарда инновациялык жактан өнүктүрүүнүн маселелери боюнча окумуштуулар менен кеңири пикир алмашты. "Динамикалуу өнүгүп жаткан дүйнө бизден дайыма тез, кээде ординардуу эмес чечимдерди кабыл алууну талап кылууда, - деди Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө. Биз дүйнөлүк илимий жетишкендиктерден артта калбообуз керек. Улуттук академияда түйүндүү маселелер көп. Алар: айлык акылардын аздыгы, институттардын материалдык-техникалык базаларынын начардыгы, изилдөөлөрдү каржылоого каражаттардын жетишсиздиги ж.б. Мындай абалдан чыгуу үчүн биргеликте жол издөөбүз керек".
Биринчи вице-премьер-министр кыйынчылыктарга карабастан, бир катар алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын да белгиледи. Алсак, ушул жылдын аягына карата жогорку технологиялардын паркын түзүү аяктаганы жатат. Эгерде окумуштуулар орто жана чакан энергетикага, альтернативдүү түрлөрдөгү энергияларды өндүрүүгө керектелүүчү технологияларды, жабдууларды даярдоону жолго коюшса, аларды Өкмөт сөзсүз колдоого алат. Азыркы илимге маркетингдик анализ жана сапаттуу менеджерлик да талап кылынат.

Бакай ЧИЛТЕГИН

Айыл чарба техникасынын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов өлкөбүздүн ишканаларында чыгарылган айыл чарба техникасынын тизмесин бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Бул документ ата мекендик айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө берүү үчүн айыл чарба техникасын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан көмөктөшүү, калк үчүн зарыл техниканы чыгарууга болгон кызыгууну жогорулатуу, өндүрүштүк потенциалды кеңейтүү, ошондой эле айыл чарбасынын машина-трактордук паркын кайра жабдуу боюнча курч проблеманы чечүү максатында кабыл алынды.
Өлкөбүздүн ишканаларында чыгарылуучу техниканын тизмесине резина дөңгөлөктүү тракторлордон, тоют жыйноочу комбайндардан баштап, мал сугаруучу установкалар менен сүт тартуучу машинелерге чейин 64 наамдагы айыл чарба техникалары киргизилген.

Р.ЖЕТИГЕНОВ

ИИМдин 85 жылдыгына карата Милдет. Намыс. Музыка.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюшулганына туптуура 85 жыл болот. Анын урматына кечээ ИИМдин имаратында салтанаттуу иш - чара өткөрүлдү.
Тактап айтсак, республикабыздын 7 облусунда тең ушул мааракеге арналып "Милдет. Намыс. Музыка" аттуу конкурс өткөрүлүп келген. Мына ошол облустук ички иштер башкармалыгынын мыкты деп табылган командалары бири-бири менен ат салышышты. Алар негизинен ИИМдин 85 жылдыгына карата атайын бир чыгарма жана Ата Мекенди сүйүү, коргоо сезимин ойготуучу концерттик номерлер менен кошо келген меймандардын көңүлүн көтөрүп интермедияларды да аткарышты.
Эли-журтубуздун тынч, бейкут жашоосу үчүн күн - түн дебей кам көрүп иштеп келе жаткан биздин милиция кызматкерлерибиздин 85 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 1- ноябрында чоң масштабда белгиленмекчи.

А. АРЗЫБАЕВА, А.АЛИЕВ (фото), "Кыргыз Туусу"














кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??