Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_5.htm on line 2


п»ї

Ата-Журт алкагында
Ала-Тоону сагынган алтайлык кыз
"Аалам кыргыздарынын" жаңы санында кызыктуу макалалар арбын. Ай сайын жарык көрө турган бул басылмада дүйнөнүн ар тарабындагы кыргыздар, каада-салттар, үрп-адаттар тууралуу макалалар орун алган. Алтайдын ырчы кызы Ирина Кензина, кыргыз музыкасынын оош-кыйыштары, кол өнөрчүлүк, устачылык, белгилүү инсандар жөнүндөгү макалалар окурмандарды кайдыгер алтырбайт.

1 кило нандын баасы 26 сом
Үстүбүздөгү жылдын 5-7-октябрында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1 килограмм нандын баасы 26 сомдон жогору эместиги белгиленди. Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, реализаторлор нанга 1-2 сом гана кошушаары аныкталган. Буудай жана ундун баасы арзандаганына карабастан, нанга баанын төмөндөбөшү - салыктык төлөмдөрдүн жогорулашы, айлык акылардын көбөйтүлүшү, санитардык кызматтын өсүшүнөн улам болууда. Ал эми нан даярдоодо керектелүүчү негизги материалдар - туз, өсүмдүк майы, ачыткы жана башкалардын баасы мурдагыдай эле деңгээлде сакталып турат.

Баткенге куралчан топ басып кирди
Баткен облусуна Тажикстан менен чектешкен жагынан түн ичинде чек араны бузуп өткөн куралчан топ басып кирди. Алар кыргыз чек арачыларына куралдуу каршылык көрсөтүп, тоо таянып качып кетишкен. 14-октябрда кечки саат 23:00дө Баткен облусундагы Көк-Таш чек ара бекетинде ок атышуулар болду. Чек ара кызматынын маалымат катчысы Ж.Исакуновдун маалыматына караганда, куралдуу ондой киши Тажикстан аймагынан сүрүлүп качып келип, Кыргызстан чек арачыларына тушуккан. Ошол мезгилде Тажикстандын күч структуралары аларга каршы операция өткөрүп жаткан. Жергиликтүү кеңештин депутаты Т.Сейитов кол салып кирип келген куралчан топ бир ай мурда кошуна Тажикстандын Исфара районунда укук коргоо кызматкерлерин атып, карматпай жүргөн топ болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Шашылыш билдирүү
15-17-октябрда Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө температура 0дөн 1 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, ачык жаткан картошка жана кызылча үчүн коркунучтуу.

Өзбекстан толук көлөмдө газ бере баштады
Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын толук көлөмдө бере баштады. "Кыргызгаз" акционердик коомунун генералдык директору С.Айтикеевдин айтымында, республиканын түштүгүнө газ берүүнү жандандыруу тууралуу макулдашууга шаршембиде кол коюлду. Өзбек тарап вентилди кечээ күнү ачты. Кыргызстан Өзбекстанга 4,5 млн. доллар которгон, дагы 14,5 миллион карыз.

Бир тонна кумшекердин
дүң баасы 32 миң 300 сом
"Кайынды-Кант" ААКсынын Бишкектеги кампасында жалпы көлөмү 8 166,4 тонна, Оштогу кампада сатыкка чыгарыла турган 2 041,6 тонна кумшекердин дүңүнөн баасы тоннасына кошумча наркка салык жана сатуудан салыкты эсепке алуу менен 32 миң 300 сом деп белгиленди. Мында бир тонна кумшекерге баанын 190 сомго арзандашы чекене баанын жогору бойдон калышынан улам болгон.

Токтогулда жер көчтү
Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүндө жер көчүп, Чоң-Дөбө айылына барчу ички чарбалык жолду бөгөп калды. Жер көчкүнүн көлөмү 45 миң чарчы метр, узундугу 300, бийиктиги 3, кеңдиги 6 метр. Кара-Жыгач айылындагы үч үй-бүлөнүн сабиздери, картошкасы жана буудай эгини жер көчкү алдында калды. Бактыга жараша, жер көчкү эл конуштарынан алыс талаа жеринде болуп, өлүм-житим жок.

"Терезе" кинотасмасы гран-приге ээ болду
"Бир дүйнө Кыргызстан-2009" фестивалында кыргыз режиссерлору Фуркат Турсунов менен Гаухар Сыдыкованын "Терезе" кинотасмасы гран-приге ээ болду. Фильм бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстанда көрүүчүлөргө тартууланууда. Анда көмүр шахтасында иштеп акча таап ооруп жаткан энесин багууга мажбур болгон 10 жаштагы баланын тагдыры чагылдырылган. Фестивалга АКШдан, Сербиядан, Казакстандан, Монголиядан, Өзбекстандан, Финляндиядан, Тажикстандан келген авторлордун 16 эмгеги катышкан.

Бишкекте батирлер 2%га кымбаттаган
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкектеги батирлердин (квартира) орточо салыштырмалуу баасы 2 пайызга же чарчы метрине 18 долларга кымбаттаган. "Глобал Инвест" компаниясынын маалыматына ылайык, сентябрь айынын ичинде батир сатуу туурасындагы 386 билдирүүнү талдоого алганда борбордогу үйлөрдүн орточо баасы чарчы метрине 852 доллардан айланган. Бишкекте жалпысынан кыймылсыз мүлк рыногунда батирлерге 2%га чейин баа жогоруласа, жеке турак үйлөргө болгон баа 1%га чейин төмөндөгөн.

Мектептерде мыйзамсыз жыйымдар токтотулат
Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жалпы билим берүүчү мектептеринде мыйзамсыз жыйымдарды токтотууга багытталган буйрук чыгарды. Министр А.Мусаевдин демилгеси боюнча ведомстводо мектептердин администрацияларынын жана ата-энелер комитеттеринин ортосундагы өз ара мамилелерди укуктук жактан жөнгө салууга жарактуу зарыл ченемдик документти иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлдү. Буйрукка ылайык мектептер өзүнүн материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоо боюнча ата-энелердин жана юридикалык жактардын колдоосун кабыл алууга укуктуу экендиги, бирок мындай жардам ыктыярдуу негизде гана болууга тийиш экендиги аныкталды.





"Манас" эпосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди
"Манас" эпосу ЮНЕСКО аркылуу дүйнөлүк материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу чечим Абу-Даби шаарында 2-октябрда өз ишин аяктаган ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин 4-сессиясында кабыл алынгандыгын "Синьхуа" агенттиги маалымдады.

Чейнинин кызы Обамага
каршы уюм түздү
АКШнын мурдагы вице-президенти Дик Чейнинин кызы Элизабет Чейни АКШнын учурдагы президенти Барак Обаманын тышкы саясатына каршы туруу үчүн коомдук коммерциялык эмес уюм түздү. Бул туурасында жаңы түзүлгөн уюмдун расмий сайты билдирген. "Американы коопсуздукта сактайлы" уюму Ирак жана Ооганстанга карата кампаниялар, коргоо жаатына бюджеттик чыгымдар, Гуантанамодогу террористтерди кармоочу борборду жабуу планы жана террористтерди суракка алууда Борбордук иликтөө башкармалыгынын (ЦРУ) "өзгөчө" ыкмаларын колдонууну сынга алуу жаатында Обаманын саясатын "нейтралдаштырууну" пландаштырууда. Чейнинин кызы америкалыктарга негизги тышкы саясый көйгөйлөр жана аны Обама эмне үчүн туура эмес чечип жаткандыгы туурасында айтып берет.

Кишинёвдо граната жарылды
Кишинёвдун борбордук аянтында шаар күнүнө арналган концерт учурунда аскердик "РГ-42" гранатасы жардырылган. Кишинёвдун мэри Дорин Киртоакэнин айтуусунда, жарылуудан жабыркагандардын саны 26 адам, алардын төртөөнүн жаракаты оор. Бир топ адам тез жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага жатуудан баш тартышкан. "Жабыркагандардын жеңил жаракат алышы - граната көп убакыт ным жерде сакталып, өзүнүн сапатын жоготкондон улам" дейт эксперттер. Молдованын ички иштер министри Виктор Катан Кишинёвдун борборундагы жардыруу "чыныгы террористтик акт" болушу мүмкүн экендигин билдирген.

"Уйгурлар козголоңунун" каармандары жазаланат
Кытайдын Үрүмчү шаарында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда башталган этникалык массалык башаламандыкка катышкан дагы алты адам өлүм жазасына тартылды. Бул туурасында "Синьхуа" маалымат агенттиги билдирди. Мындан тышкары "уйгурлардын козголоңуна" катышы бар дагы үч адамга карата өмүр бою абакта отуруу өкүмү чыгарылды. Үрүмчүдөгү окуядан улам 197 адам курман болуп, 1700дөн ашыгы жаракат алган. Бул башаламандыкка байланыштуу 17 адам айыпталып, анын 12си өлүм жазасына тартылса, бешөө өмүр бою абакка алынат.

Элвис Преслинин чачы аукциондо сатылат
"Американын белгилүү ырчысы Элвис Преслинин бир тутам чачы 18-октябрда Чикаго шаарындагы Leslie Hindman акуцион үйүндө сатыкка коюлат",- деп маалымдады Ассошиэйтед Пресс агенттиги. Ошондой эле ырчынын кийимдери, майрамда жазган куттуктоолору жана анын жашоосу менен чыгармачылыгына байланыштуу буюмдар да сатылат. Буюмдар Элвис Преслинин жакын досу Гэри Пепперге таандык болгон. 1980-жылы Пеппер каза болгондон кийин аны ооруган учурда баккан аялга мураска калтырылган. Ал бул буюмдун баарын туура 30 жылдан кийин аукционго коюуну чечкен. Аукциондо эң баалуу деп эсептелип жаткан ырчынын бир тутам чачы божомолдор боюнча ал 1958-жылы аскер кызматына чакырылганда Пеппердин колуна тийген болушу мүмкүн. Мындай өзгөчө лоттун баштапкы баасы 8-12 миң доллар болот деп күтүлүүдө.

Мексикада A/H1N1
сасык тумоосу күчөөдө
Мексикада A/H1N1 сасык тумоосунун курмандыгы 255 адамга жетти, ал эми бул дартка кабылгандардын жалпы саны 39 миң 499 адамды түзгөн, деп маалымдады бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги. Маалыматка ылайык, курман болгондордун 49%ын аялдар, 51%ын эркектер түзгөн. A/H1N1 сасык тумоосунан курман болгондордун жаш курагы 20дан 54кө чейинкилер. Сасык тумоонун жаңы эпкини Мексикада акыркы алты күндөн бери кайрадан жанданууда. Алсак, 8-октябрдан 13-октябрга чейин 3 миң 96 адам бул сасык тумоону жуктургандыгы аныкталса, алардын ичинен жети учуру өлүмгө алып келген.

Кытайда товар жүгүртүүнүн
көлөмү кыскарууда
Кытайда товар жүгүртүүнүн кыскаруусу уланууда. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында тышкы сооданын көлөмү 10,1%га кыскарган. Муну менен катар экспорт 15,2%га, импорт 3,5%га төмөндөгөн. Жалпысынан 2009-жылдын жети айында былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу товар жүгүртүүнүн көлөмү 20,9%га төмөндөгөн. Кытай экспортунун көлөмүнүн кыскарышы дүйнөлүк экономиканын басаңдашы жана АКШ рыногунда суроо-талаптын кыскарышынан улам башталган. Азия өнүктүрүү банкы 2009-жылдын төртүнчү кварталында кытай экспортунун өсүшүн болжолдоодо.

Кореяда баллистикалык ракеталар учурулду
Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) борбору Пхеньянда дүйшөмбү күнү учурулган ракеталар баллистикалык экендиги такталып, мунун менен өлкө БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан киргизилген тыюу салууларды бузгандыгы айтылууда. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, КЭДРдын чыгыш жээгинен дүйшөмбү күнү 120-140 километр алыстыкка учурулган беш KN-02 ракеталары советтик баллистикалык ракетанын жаңыланган үлгүсү болуп эсептелет. Бул ракета Батышта SS21 деген аталыш менен белгилүү. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2006 жана 2009-жылдардагы Резолюциясы боюнча Кореяда баллистикалык ракетага байланыштуу бардык иш-аракетке тыюу салынган.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??