Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_4.htm on line 2


п»ї

Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
Ишкер чөйрө ишке тартылат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Шанхай кызматташтык уюмунун Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Игорь Чудинов өзүнүн сөзүнүн башында бул маанилүү жыйындын дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин уланып жаткан учурундагы татаал шарттарда өтүп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча акыркы алты жылдын ичинде гана Кыргызстан менен ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү беш эседен ашуунга өскөн. Тилекке каршы, дүйнөлүк финансы кризисинин кесепеттери өз ара соода жүгүртүүгө да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Мисалга алсак, үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырганда Кыргызстан менен ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү 25%га: Кытай менен 10%га, Казакстан жана Россия менен 30%га, Тажикстан менен 40%га жана Өзбекстан менен 5%га кыскарган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин салыштырмалуу салмагы 60%дан ашуунду түзгөн.
Игорь Чудинов Кытай тарабынын дүйнөлүк финансылык экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактык экономикасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгеге кол коюу жөнүндө сунушун колдой турушкандыгын билдирди. Мындан тышкары Кыргызстандын Өкмөт башчысы бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жыйындын катышуучуларына маалымдады.
Кыргыз Өкмөтү тарабынан инфляцияны ооздуктоо боюнча биринчи кезектеги иш чаралардын программасы кабыл алынган. Өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча масштабдуу иш чаралар жүргүзүлүп, 2014-жылга чейин соода-сатыкты өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыккан.
Игорь Чудинов жыйындын катышуучуларына билдиргендей, жогоруда көрүлгөн иш чаралар дүйнөлүк кризистин терс көрүнүштөрүн жоюуга кандайдыр бир деңгээлде көмөк көрсөтүп, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында өлкөбүздө аздап болсо да экономикалык жактан өсүү ыргагы байкалды. Мисалы, бул мезгилдин ичинде ички дүң жыйымдын өсүү ыргагы 2,9%ды түзгөн.
Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын программасын орундатуу боюнча иш чаралардын планын жүзөгө ашырууга зор маани берүүдө. Мунун жаңыртылган редакциясы өткөн жылы бекитилген.
Кыргызстандын Өкмөт башчысы аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары стимулдаштыруу жана сыйлоо, кредиттик ресурстарды бир кыйла натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин чарбалык субъектилерине финансылык жардам көрсөтүү максатында банктар аралык бирикме менен ШКУнун ишкердик кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү максатка ылайык деп эсептей тургандыгын билдирди.
"ШКУнун банктар аралык бирикмесинин жетектөөчү ролун күчөтүү зарыл. Бул үчүн ШКУнун ишкердик кеңеши мамлекеттик түзүмдөр менен бизнес шериктештердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү уюштурууда жана аны жөнгө коюуда өзүнө негизги милдеттерди алууга тийиш деп эсептейм. Бул үчүн Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун, Байкал экономикалык форумунун жана Сиань шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун трибуналарын пайдалануу практикасын уланта берүү максатка ылайыктуу", - деди Игорь Чудинов.
Өкмөт башчысы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири экендигине токтолду. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча ШКУнун борборун түзүү зарылчылыгы келип жетти. Кыргыз тарабы Ысык-Көлдө сактоочулардын эл аралык реабилитациялык борборун түзүүнүн жана суучулдар менен тоодо аман сактоочуларды даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылат. Анын айтымында, приоритеттүү милдеттердин бүтүндөй комплексин биргелешип чечүү туруктуу социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүнүн, ошондой эле аймакта коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуунун маанилүү факторлорунан болуп калмакчы.
Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Шанхай кызматташтык уюму өлкөлөрдү зор экономикалык, жаратылыш жана адам потенциалы, арбын жана келечектүү рынок шарты менен бириктирип тургандыгын кошумчалады. Анын айтымында ШКУнун колдо болгон мүмкүнчүлүктөрү менен атаандаштык артыкчылыктарын толук түрдө пайдалануу дүйнөлүк финансылык экономикалык кризисти биргелешип четтетүүдөгү негизги милдет жана маанилүү кадам болуп калмакчы.

Инвестиция тартуу
илинчексиз жүргүзүлөт
Премьер-министр Игорь Чудинов Бэйжинге жасаган иш сапарынын жүрүшүндө ШКУнун соода-өнөр жай форумунун ишине катышып, форумдун катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү.
Ал Кыргызстандын экономикасындагы иштин абалы жана жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат жөнүндө кеңири маалымат берди.
"Кыргызстан Кытайдын, Россиянын жана бай ресурстарга ээ Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда маанилүү геостратегиялык абалды ээлейт. Бул рынокторду пландуу түрдө өздөштүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачаары шексиз. Биз дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөлөрү менен соода-сатык боюнча өз ара байланышты улантып келүүдөбүз. Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргендиги белгилүү. Европа союзунун, АКШнын, Россиянын жана Казакстандын рынокторундагы бир кыйла жагымдуу режим Кыргызстанда сапаттуу товарларды өндүрүүгө жана аларды жогоруда аталган мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыгы анык", - деди Игорь Чудинов.
Кыргызстанда экономиканын бардык секторлору инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга эч чек койбойт. Өлкөбүздүн аймагында эркин экономикалык аймактар жайгашкан. Алар өндүрүштүк кубаттуулукту өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу орун гана болуп саналбастан, ошондой эле бир катар жеңилдиктерге да ээ. Алар салыктардан, ар кандай төлөмдөрдөн бошотулган. Эркин экономикалык аймактарда өндүрүлгөн продукциялар бажы төлөмдөрүнөн да бошотулган.
"Кыргызстанда бизнес чөйрөнү жакшыртуу максатында жаңы Салык кодекси кабыл алынды. Мунун натыйжасында салыктардын саны 16дан 9га чейин кыскартылды. Кошумча нарк салыгынын ставкасы 20%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Кыргызстандын фискалдык системасы бизнес жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу болушу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Белгилеп кетээрим, бул жаңы кодекс бизнес өкүлдөрү менен чет элдик инвесторлордун активдүү катышуусу менен иштелип чыкты. Эл аралык эксперттердин айтуусу боюнча азыр Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү тикелей салык болуп саналат", - деди Игорь Чудинов.
Кыргызстанда "жалгыз терезе" принциби боюнча документтерди толтуруу системасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Мунун натыйжасында бизнестин убактысы жана чыгымдары бир кыйла кыскартылды. Компанияларды каттоонун процедурасы бир кыйла жеңилдетилип, каттоонун мезгили 21 күндөн 4 жумуш күнүнө чейин кыскартылды.
Игорь Чудинов биргелешкен ири долбоорлор сыяктуу эле орто жана чакан инвестициялык долбоолорду жүзөгө ашырууга даяр экендиктерин билдирди. Кыргызстанда транспорттук коммуникациялар, электр энергетикасы, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү жана аны кайра иштетүү, туризм тармагы өз ара ыңгайлуу инвестициялык кызматташтыктын приоритеттүү тармактарынан.
Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын гидроэнергетикалык ресурстарынын 30%ына ээ. Учурда анын онунчу бөлүгү гана өздөштүрүлгөн. Өлкөдө 252 ири жана орточо дарыялар бар. Алардын кубаттуулугу 18,5 млн. кВт жана 160 млрд. кВт/с электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү.
Кыргызстанда ошондой эле кымбат баалуу металлдардын запастары арбын. Пайдалуу казып алынуучу кендердин бири бул - алтын. Алтын кендери республиканын бардык тараптарында бар экендиги аныкталган.
Өлкөнүн экономикасында агрардык сектор өзгөчө орунга ээ. Айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү жана айыл чарба техникасын өндүрүү чөйрөсүндө салык режимине жеңилдик берилген. Мисалы, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүчү ишканалар жана товардык-сервистик кооперативдер кошумча нарк салыгынан бошотулган. Өлкөбүздө сүт, бал, тери, жүндү кайра иштетүү, экологиялык жактан таза жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди иштеп чыгаруу боюнча долбоорлорду натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн көптөгөн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр бар.
Сөзүнүн акырында Игорь Чудинов буларга токтолду: "Өлкөбүздө туризм тармагында кызматташуу жана ыңгайлуу инвестиция тартуу үчүн зор резервдер бар. Жаратылышы жанга жагымдуу Ысык-Көл жана ден соолукту чыңдоочу жаңгак жемиштерине бай Арстанбап экологиялык туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу база болуп бере алат. Чет элдик инвесторлор биздин өлкө менен өз ара ыңгайлуу кызматташтыкты жолго коюучу приоритеттүү багыттардын булар болгону бир гана бөлүгү. Муну менен эле чектелип калбай, башка келечектүү тармактар боюнча да инвестициялык потенциалды өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттардын бар экендиги анык".
Өкмөт башчысы Игорь Чудинов бул өткөрүлгөн форум ШКУнун алкагында ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда өз ара байланышты жана ишенимди бекемдөөгө, кызматташтыктын жаңы формаларын табууга, өз ара ыңгайлуу контракттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгына ишенгендигин билдирди.

Биргелешкен
коммюникеге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюуга катышты.
Өкмөт башчылары 2010-жылдын бюджети жөнүндөгү документтерге, дүйнөлүк финансы кризиси менен күрөшүү боюнча биргелешкен ишмерчилик жөнүндө документтерге кол коюшту.
Мындан тышкары ШКУнун аймагында жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча билдирүүгө кол коюлду. Ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бажы органдарынын башчылары бажы кызматтарынын жооптуу кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу тармагындагы кызматташтыктын протоколуна да кол коюшту.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??